Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сел агызып кеткен беш жашар баланын сөөгү табылды. Маалыматты Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Эламан Кочкорбаев ырастады. Куткаруучулар бүгүн, 17-июлда саат 15:30дар чамасында Кара-Суу дарыясы менен Нарын дарыясынын кесилишинде жаш баланын сөөгүн табышкан. Кочкорбаев маркумдун сөөгүн үй-бүлөсүнө берүү үчүн алып кетишкенин кошумчалады. Аксыда 12-июлда кечинде нөшөрдөн улам кокту-колоттон сел түшүп, сегиз кишини агызып кеткен. Алты адамдын сөөгү ошол эле күнү табылган. Читать дальше...
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, акыркы суткада 26 010 адам коронавируска каршы эмделди. Анын 2 397си вакцинанын экинчи дозасын алды. Жалпы өлкө боюнча коронавируска каршы вакцинанын 2-дозасын 93 723 адам алса, биринчи дозасын 202 302 киши алды. Кыргызстанга 11-июлда Кытайдан 1 млн. 250 миң доза Sinopharm вакцинасы келди. Ошондон тарта өлкөдө массалык эмдөө жүрүп, 82 771 адам вакцина алды. Кыргызстан Кытайдан сырткары Орусиядан да Sputnik-V вакцинаcын алган. Читать дальше...
17-июлда Жалал-Абаддын Сузак районундагы Барпы айылында "Аалым Чубак ажы Жалилов" атындагы мечит ачылды. Мечиттин курулушун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев туугандары менен чогуу каржылаган. Ал бул тууралуу мечиттин ачылышында сүйлөп жатып билдирди: “Бул мечитти дагы "канча каражатка же кимден алган акчага курду" деп сөз кылышат. Алла Тааланын алдында күбөлүк берип, айтып келем. Ушул мечитти жана бардык жашоомду бешене терим менен жашап келе жатам. Читать дальше...
Дүйнөлүк бир катар басылмалар бул аптада ооган маселесинин Борбор Азиядагы жаңырыгына, орус президенти Путиндин жаңы коопсуздук стратегиясына, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарынын ишине байланыштуу жаңы мыйзамга көңүл бурушту. Ооганстандагы кырдаал дүйнөлүк маалымат каражаттарынын көңүл борборунда турат. Британиядагы The Guardian гезити 15-июлда “Ооганстандын коңшулары жарандык согуштун алдын алуу аракетин күчөттү” деген макаласын жарыялады. Анда “Талибан” кыймылынын улам бир ооган районун ээлеп... Читать дальше...
"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Жазгүл Урманбетовадан келген материалды сунуштайбыз. Эгемендүүлүк алгандан бери 30 жыл өттү. Кыргызстан дагы эле чек ара маселесине чекит коё элек. Мындан катардагы жарандар жапа чегип жатканы өкүндүрөт. Алтындан да кымбат өмүрлөр, болгондо да жаш балдар окко учканы зээнди кейитет. Азыр башкы милдет - маселени биротоло жоюу. Чечүү жолдорун ар кайсы деңгээлде, анын ичинде эл аралык эксперттик коомдун арасынан издөө зарыл. Учурдагы... Читать дальше...
Олимпиада оюндары 23-июлда башталат. Мамлекеттик спорт агенттиги кыргызстандык спортчулар толугу менен даяр экенин маалымдады.
Ысык-Көл облусунда быйыл 3 миң уйду жасалма жол менен уруктандыруу пландалууда. Бул аймакта сут тармагынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат. Мындай жол менен алынган уйларды багып, музоолорун караган көлдүк фермер Венера Сейдинова бир уйдан күнүнө 30 литрден кем эмес сүт алат.
Балкаш көлүнүн соолуп жатканы NASAны тынчсыздандырды. Коронавирусту жуктуруп алууга ийкемдүү гендик үлгү аныкталды. Жаңы тил үйрөнүп жатканда колго жазуу алда канча натыйжалуу. Бул тууралуу “Азаттыктын” “Илим жаңылыктарында” айтып беребиз. Балкаш көлү Арал деңизинин тагдырын кайталайбы? NASA агенттиги аянты боюнча дүйнөдө 15-орунда турган Казакстандын чыгышындагы Балкаш көлүнүн соолуп баратканына тынчсыздануусун билдирди. Бул маалыматты дүйнөдөгү суулардын абалына байкоо салган Circle of Blue уюму жарыялады. Читать дальше...
Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу тобунун кезектеги жолугушуусу өттү. 12-17-июлда Бишкекте болгон жолугушуунун соңунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду. Тараптардын кийинки жолугушуусу Тажикстанда өтөт. Өкмөттүн маалымат кызматы жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү маанайда өткөнүн кабарлады. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Читать дальше...
18-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Жалал-Абад облустарында күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Ош, Баткен облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын катуу жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34; Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35; Ысык-Көл облусунунда түнкүсүн 10…15... Читать дальше...
Дүйнө, анын ичинде Кыргызстан COVID-19 пандемиясынан кандай сабак алышы керек? Болочоктогу жаңы пандемиялардын кантип алдын алуу зарыл? Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева курамына кирген эл аралык комиссия бул багытта атайын баяндама даярдап жатат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европадагы регионалдык бюросу тарабынан түзүлгөн Ден-соолук жана туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча жалпы европалык комиссияга бир катар мамлекеттердин экс-президенттери, мурдагы өкмөт башчылары жана эл аралык эксперттер кирет. Читать дальше...
Чакан бизнес пандемия коштогон бир жарым жылдын жарымын чыгаша менен ишин жүргүздү. "Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу чакан ишкердиктин абалы тууралуу баарлаштык.
Азербайжандан 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы гуманитардык жардам катары берилди. Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, вакцина бүгүнкү оор эпидемиологиялык кырдаалда көрсөтүлгөн колдоо болуп саналат. Азербайжан былтыр апрель айында да Кыргызстанга коронавирустан коргонуу үчүн 64 тонна медициналык жана антисептикалык каражатты гумжардам катары берген. ТИМдин маалымдашынча, бул вакцина министр Руслан Казакбаевдин Бакуга жасаган расмий сапары учурунда түзүлгөн макулдашууга ылайык алып келинди. Читать дальше...
АКШ президенти Жо Байден соцтармактар, анын ичинде "Фейсбук" коронавируска каршы эмдөө боюнча жалган маалыматтарды жайгаштырып, "элге зыянын тийгизип жатат" деп айыптады. Байден 16-июлда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, оору эмделбегендер арасында гана тарап жатканын айткан. АКШнын Саламаттык сактоо министрлиги вирус акыркы убактарда эмделбеген кишилер арасында көп тарап жатканын маалымдаган эле. "Фейсбук" өз кезегинде Байдендин сөзүн жокко чыгарып, COVID-19 тууралуу жалган маалыматтарга каршы жоболор киргизилгенин... Читать дальше...
Батыш Европанын айрым аймактары, өзгөчө Германия менен Бельгиянын чек арасы суу ташкынынан катуу жабыркады. Германияда кеминде 133, Бельгияда 20 адам каза болгону кабарланды. Европанын батышындагы бир нече мамлекетте эки-үч күн катары менен тынбай жааган жамгырдан улам дарыялар нугунан чыгып, калктуу конуштарды каптады. Жолдор бузулуп, айрым аймактарга каттамдар токтоду. Интернет жана мобилдик байланыш үзүлгөн. Куткаруучулар эл жашаган жерлерге кайыктар жана тик учак менен жетүүгө аракеттенип жатышат. Читать дальше...
Бул жолу биз Бишкектеги сүрөтчүлөр шаарчасына жана ага жанаша турган Сүрөтчүлөр фондунун короосуна баш бактык. Акактаткан аптапка карабай сүрөтчүлөр өнөрканасында иш кызуу. Эски имарат, эптеп кураштырылган тепкичтер менен басып, кулпу илинген эшиктерди аралап сүрөтчүлөрдүн өнөрканасына киресиң. Бул короого киргенде башка дүйнөгө түшүп калгандай болосуң. Сүрөтчүлөр сырттагы чачылган короо, кунары качкан эски имараттар менен деле иши жок. Жаңы келген коногуна чай сунуп, ар бири сүрөттөрүн көрсөтө кудуңдап жаш балача сүйүнүп жүрүшөт. Читать дальше...
Америкалык аял туулган күнүндө UFC офисине плакат көтөрүп келип, экс-чемпион менен бирге сүрөткө түшүүнү сураган.
Тажикстанга качып өткөн ооган кыргыздарына медициналык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен Кыргызстан эл аралык "Чек арасыз дарыгерлер" уюмуна кайрылмакчы. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова 16-июлдагы жыйында Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) тапшырма берди. Жыйында берилген маалыматтарга караганда, учурда ТИМ Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар комиссариаты жана Тажикстандын бийлиги менен ооган кыргыздарын Кыргызстанга өткөрүү маселесин сүйлөшүп жатат. Жылдыз Бакашова... Читать дальше...
Түркмөнстан Кытайдын Шинжаңдагы, Гонконгдогу жана Тибеттеги катаал саясатын ачык колдоп чыкты. Азыркы учурда андан башка Борбор Азия өлкөлөрү деле Шинжаңда басмырланган казак, уйгур жана кыргыздардын укугун коргоого батынбай, Бээжиндин катаал мамилесин анын “ички иши” деп чечмелөө менен чектелип келүүдө. Бул өлкөлөрдүн Бээжинге үн ката албаган саясатынын сырын саясат талдоочулар алардын Кытайдан каржы-экономикалык көз карандылыгы менен байланыштырат. БУУнун Адам укугу боюнча кеңешинин 14-июлда... Читать дальше...
Түркия Иран менен чектеш чек ара бекеттерине 20 миңден ашык чек ара кызматкери жайгаштырылганын жергиликтүү Hürriyet басылмасы жазып чыкты. Маалыматка караганда, Иран аркылуу Түркияга мыйзамсыз кирип жаткан ооганстандык качкындарды токтотуу жана көзөмөлдөө максатында Түркиянын ички иштер министрлиги күчөтүлгөн режимде иштөөгө өткөн. Расмий Анкаранын мындай кадамга барганына ушул аптада соцтармактарда тараган видео себеп болгону айтылууда. Анда Түркиянын Иран менен чектеш Ван аймагында миңдеген... Читать дальше...
"Азаттык" радиосунун "Бийлик сырлары" берүүсүнүн бул жолку коногу Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ишенбай Кадырбеков болду. Ал коммунисттик доордогу кадрларга болгон мамиле, саясатка келишинин себеби, бийликке кантип оппозиция болгону, “Кумтөр” келишиминин кесепети, Бакиевдин бийликке келишинин мыйзамдуулугу, түрмөдөгү “каралардын” таасири ж.б. жөнүндө кенен кеп кылат. Маекти уюштурган Бакыт Орунбеков. - Ишенбай мырза, 1992-жылы ошол кездеги президент Акаевдин сизди Кыргызстандын курулуш-архитектура... Читать дальше...
"Азаттык" радиосунун "Бийлик сырлары" берүүсүнүн бул жолку коногу Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ишенбай Кадырбеков болду. Маекти уюштурган Бакыт Орунбеков.
Министрлер кабинети "Мегаком" бренди менен белгилүү "Альфа Телеком" компаниясын, Кепилдик фондунун, "Керемет" банктын жана Евразиялык сактык банкынын акцияларын сатууну сунуштап жатат. Өлкөдөгү ири байланыш операторлорунун бири “Мегаком” компаниясын сатууга буга чейин бир канча жолу аракет болгон. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду “Менчиктештирүү–2020-2022” деген программанын алкагында 25 мамлекеттик мүлктү сатыкка чыгарган. Жакында бул программага "Мегаком" бренди менен белгилүү "Альфа Телеком" мамлекеттик компаниясын (100% акциясын)... Читать дальше...
Август айында Кыргызстандагы мектептерге онлайн каттоо аягына чыгат. Быйылкы окуу жылы аралыктан башталабы же балдар мектепке барабы, азырынча белгисиз. Эки жыл онлайн окуунун түйшүгүн тарткан ата-энелердин айрымдары балдарын менчик мектептерге берүүнү да караштырууда. Бирок окуу акысы, билим сапатына түйшөлгөндөр да жок эмес. Билим берүү жана илим министрлиги 2021-2022-окуу жылында окуу кандай тартипте башталары тууралуу азырынча чечим чыгара элек. Бул чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу болот. Читать дальше...
Киргизбаева командасы менен чемпионаттагы 10 турда 16 упай топтоп, мелдештик жадыбалда үчүнчү сапта келе жатат.