Америка Кошмо Штаттары орус бийлигинин чечимине байланыштуу Москва, Владивосток жана Екатеринбургдагы дипломатиялык миссияларда иштеген 182 кызматкерин кыскартууга мажбур экенин билдирди. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин билдирүүсүндө айтылат. Орус өкмөтүнүн буйругуна ылайык, АКШ элчилигине Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн жарандары менен эмгек келишимин түзүүгө тыюу салынган. Мындай чектөө апрель айында Орусиянын президенти Владимир Путиндин жарлыгы менен киргизилген. Читать дальше...
«Сегиз айдан кийин өзүмө келдим». Орусияда мажбур дарылоого жөнөтүлгөн активисттер, ал жерде көргөн азап-тозок тууралуу "Настоящее время" каналынын кабарчысы Ольга Бешлейге айтып беришти.
Өзбек жарандарынын кыргыз-өзбек чек арасында мыйзамсыз текшерүүгө жана чек арачылардын опузасына кабылып жатабыз деген билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы 31-июлда билдирди. Маалыматка караганда, социалдык тармактарда тарап жаткан кайрылуулардын негизинде тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында айтылгандар тастыкталган эмес. Чек ара кызматы 2021-жылдын июнь айындагы буйрукка ылайык, кыргызстандык жана чет өлкөлүк жарандар... Читать дальше...
Каракол шаарындагы суу киргенден улам көчүрүлгөн 27 үй-бүлөнүн тургундары өз үйлөрүнө кайтты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 30-июль күнү саат 04:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен, Каракол суусунун деңгээли көтөрүлүп, жакын жайгашкан турак жайларды каптап кетүү коркунучу пайда болгон. Сел "Ривер парк" эс алуучу жайын каптаган. Жөө адамдар өткөн көпүрө авариялык абалга кептелип, бир үйдүн сарайынын дубалы урап калган. Бул парк 2017-жылы ачылган, ага 100 миң доллар кеткени айтылган. Читать дальше...
Кыргызстанда азык-түлүктүн, башка товарлардын жана тейлөө кызматынын баасы өткөн жылдын декабрына салыштырганда 10,5% өстү. Бул ЕАЭБ ичиндеги эң жогорку көрсөткүч. Министрлер кабинети алакан жайып, Кыргызстан импортко көз каранды экенин айтуудан тажабайт. Ал эми эксперттер менен экономисттер Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигиндеги аяк-башы ачык, бекем корголбогон өлкөгө айланышынын бир топ себептерин белгилеп жатышат. Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин ырасташынча, Кыргызстанда... Читать дальше...
Кыргызстандын аймагында 1-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын Ош, Баткен, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз, 30…35; Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36; Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 7…13, күндүз 24…29; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15 градуска чейин жогорулайт. Читать дальше...
Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында кыргызстандык оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков 6-орунду ээледи. Ал бүгүн, 31-июлда 96 килограмм салмакта күч сынашты. Булкуп көтөрүүдө 166, түртүп көтөрүүдө 208 килограмм салмакты көтөрүп, жалпы 374 килограмм салмакты багындырды. Бул салмакта он спортчу байге үчүн ат салышты. 1-орунду Катардын спортчусу Элбах Фарес Ибрахим алды. Ал 402 килограмм салмакты көтөрүү менен Олимпиаданын рекордун да жаңыртты. Спортчу булкуп көтөрүүдө 177 килограмм... Читать дальше...
Кыргызстандык спортчу түртүп көтөрүүдө 200, андан соң 208 килограммды көтөрдү. Үчүнчү аракетинде 216 килограммды көтөрө албай калды.
Токиодо Олимпиада оюндары уланууда. Дүйнө эли күтүп, толкунданып, байкоо салып турган ири спорттук иш-чарада күлкүлүү жана кызыктуу учурлар болбой койбойт.
Тажикстан спорттун бокс, дзюдо, сууда сүзүү жана жеңил атлетика түрү боюнча лицензия алган. Беттешке чыкканда баары биринчи этаптан эле өтпөй калган.
Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы 30-июлда кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кадамжай" бекетинен мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган өзбекстандык үч адамды кармады. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Өзбекстандын 1999-1995-2001-жылы туулган жарандары коронавирус жок деген ПЧР-тесттин жыйынтыгы жок чек арадан өтүүгө аракет кылган. Мындан улам алардын чек арадан өтүүсүнө уруксат берилген эмес. Алар жаңжал уюштуруп, милициянын талабына баш ийбегени кабарланды. Читать дальше...
Сузак районунун Чаңгыр-Таш жана Достук айылдарында селден үй-жайы жабыркагандар чатырларда күн кечирүүдө. Бул тууралуу "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы билдирди. 20-июлдагы селдин кесепетинен 446 үй жабыркаган, анын ичинен 118 турак жай толугу менен суу алдында калса, 67си жашоого кооптуу деп табылган. Селден үйсүз калгандарга 24 чатыр тигилген. Анда азыр 27 үй-бүлө жашап жатат. Алардын көпчүлүгү жаш балдар. 22-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чаңгыр-Таш айылына барып кеткен. Читать дальше...
Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада 1-августта күч сынаша турган кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Айпери Медет кызынын алгачкы атаандаштары белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргызстандын олимпиадалык командасынын пресс-атташеси Кабыл Макешов билдирди. Эки балбандын тең атаандашы - казакстандыктар. Жоламан Шаршенбеков алгачкы күрөшүн Мейрамбек Айнагулов менен өткөрөт. Казак балбаны Мейрамбек Айнагулов 27 жашта. Олимпиадага алгачкы ирет катышууда. Дүйнө чемпионаттарынын күмүш (2017) жана коло (2019) медаль байге ээси. Читать дальше...
Адвокат Таалайгүл Токтакунова президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевдин абалы оор бойдон экенин билдирди. Анын айтымында, коронавирус Нарымбаевдин башка дагы ооруларын козгоп, учурда жүрөгү ооруп жатат. Токтакунова коронавирус жугузуп, Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагынан Бишкектеги "Бикард" жеке клиникасына которулган Нарымбаевдин абалы оор экенин буга чейин билдирген. Аны жеке клиникадан мамлекеттик оорукананын "кызыл зонасына" которуу өтүнүчү канааттандырылган эмес. Читать дальше...
31-июлда Токиодогу Олимп оюндарында оор атлетика боюнча мелдештер уланууда. Бүгүн, оор салмактагы спортчулардын мелдештери өтөт. Кыргызстандык оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков да өз күчүн сынайт. Расулбеков 96 килограммга чейинки салмакта "А" тайпасында мелдешке катышат. Бул салмактагы мелдештер Бишкек убактысы боюнча 16:50дө башталат. Бүгүн, эртең менен 96 килограммга чейинки салмакта "Б" тайпасындагы мелдештер аяктады. Ага беш спортчу катышып, кубалык Олфидес Саез Вера эң мыкты жыйынтык көрсөттү. Читать дальше...
Оор атлетика боюнча Кыргызстандын командасы 1934-жылдан бери ар кыл мелдештерге катышып келет. Кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан Каныбек Осмоналиев дүйнө чемпионатында 4 жолу алтын байгелүү болгон. Москвадагы олимпиадалык оюндарда чемпион аталган.
Жалал-Абад облусунда июль айында болгон бир канча сел тогуз кишинин өмүрүн алды. 500дөй үйдүн ичин жана короо жайын суу басты. Сузакта учурда 27 бүлө жаш балдары менен чатырларда күн кечирип келүүдө. Арасында кош бойлуу аялдар да бар.
Шевченко бул сыйлыкка биринчи жолу былтыр көрсөтүлгөн. Быйыл дагы "Жылдын мушкер айымы" номинациясында бир катар белгилүү спортчулар менен ат салышат.
“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу Кыргызстандын акыйкатчысы, генерал-лейтенант Токон Мамытов болду.
Мостер трассада бараткан спортчуларын ар кандай сөздөр менен колдоп-сүрөп жатып, эмоцияга берилип кеткенин айткан.
“Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу Кыргызстандын акыйкатчысы, генерал-лейтенант Токон Мамытов болду. Ал маегинде Улуттук коопсуздук комитетинин демократиялык уюмдарга мамилеси, жетекчилерди алмаштыруунун себеби жана генералдар Асанкулов, Бакаев, Бакиевдин кызматтык орду жана башка маселелер тууралуу айтып берди.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун (UWW) рейтингинде 62 килограмм салмакта биринчи орунда турган Айсулуу Тыныбекованын Токио Олимпиадасындагы атаандаштары кимдер? Алардын айрымдары менен таанышып алыңыз.
Кыргыз балбандары алгачкы күчүн коңшу Казакстандан барган спортчулар менен сынай турган болду. Айперинин каршылашы 2016-жылкы Олимпиададан коло медаль уткан.
Беларусттук “Киберпартизан” анонимдүү тобу Беларусиянын паспорт системасын бузуп киргенин жарыялады. Хакерлердин колуна миллиондогон беларустардын анын ичинде күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин, президент Александр Лукашенкого жакын адамдар, коопсуздук комитетинин кызматкерлери жана Евросоюздагы чалгынчылар жөнүндө жашыруун маалыматтар түшкөн. Хакерлер “Телеграм” каналга айрым маалыматтарды бөлүштү. Анда Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Лидия Ермошина, республикалык кеңештин төрайымы Наталья Качанова... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров убактысын саясий куугунтукка коротпой турганын билдирди. “Мен убактымды куугунтукка эмес, өнүгүүгө жана бүткүл кыргыздарды бириктирүүгө, чогултууга жумшашым керек”, - деп айтылат Жапаровдун "Фейсбуктагы" баракчасына жазылган билдирүүдө. Садыр Жапаров иш жүзүндө бийлик башына келгенине 10 ай болду. Ал ушул жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоодо 79,2% добуш менен биринчи турда президент болуп шайланган. Ал бийликке келген 2020-жылдын октябрь айынан бери мурдагы... Читать дальше...