КР Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго
723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Шамшат көчөсүнүн тургуну Тешебаева Патмахондан
АЧЫК КАТ
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Ош шаардык сотунун судьясы К.Истамкуловдун 04.03.2021 ж. окуму (Иш № УД 174/21-06, жазык иши №03-052-2020-000434) менен өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер Музаффар жана Ибрагим Сидиковдор бошотулган. Сидиков Музаффар жана Сидиков Ибрагим КР КЖК 268 бер. 1 бөл., 253 бер. 2 бөл.... Читать дальше...
Будапештте өткөн дүйнө чемпионатында алтын алган спортчулардан сырткары дагы бир балбан коло медалга татыды.
Өткөн жумада селдин кесепетинен Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарында 70ке жакын үй жараксыз болуп, 550дөн ашык турак жайга топон суу кирген. Ай башынан бери селден он адам каза болду. Бир топ социалдык обьектилер, жол, таза суу куурлары жабыркады. Аталган облустарда кооптуу аймактарда миңден ашык үй-бүлө жашап жатат. 19-20-июль күндөрү жаан көп жаап, Баткен, Жалал-Абад облустарында сел жүрүп эки адам каза болуп, турак жайлар жана социалдык обьектилерди, жол, таза суу куурлары кум-шагылга толду. Читать дальше...
Кечээ Лас-Вегаста UFC on ESPN 27 шоусу өтүп, негизги беттешке уюмдун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Ти Жей Диллашоу менен Кори Сэндхаген чыкты.
Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Коммунисттик партиянын тизмеси менен Мамлекеттик Думага ат салышууну көздөгөн саясатчы Павел Грудининди талапкер катары каттоодон баш тарты. 24-июлда БШК Грудининдин чет өлкөлүк активдерге ээлик кылары тууралуу прокуратуранын маалыматына таянып, талапкерлер тизмесинен чыгарылганын жарыялады. 61 жаштагы ишкер 2018-жылдагы президенттик шайлоого катышып, Владимир Путинден кийинки экинчи орунду ээлеген. Анда ал шайлоочулардын 12% жакынынын добушун алган эле. ... Читать дальше...
Орусиянын президенти Владимир Путин досу, ишкер Юрий Ковальчукка IV даражадагы “Мекен алдындагы кызматы үчүн” орденин ыйгарды. Бул тууралуу жарлык укуктук маалыматтар порталында жарыяланды. Forbes журналынын эсеби боюнча 3 миллиард доллардан ашык байлыгы бар Ковальчук жарлыкта “коомдук ишмер” катары көрсөтүлгөн. Ал сыйлыкты Орусия аннексиялап алган Крымда социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга салым кошкону үчүн алганы көрсөтүлгөн. Ишкер жарым аралдагы шарап заводдоруна жана бир нече туристтик обьектиге ээлик кылат. Читать дальше...
Токиодо жайкы Олимп оюндарынын экинчи күнү уланууда. 25-июлда спорттун 10 түрү боюнча 18 алтын медаль ойнотулду. Алардын арасында спорттун олимпиадалык түрү катары жаңыдан таанылган серфинг жана скейтбординг боюнча да мелдештер башталды. Серфинг боюнча жарыш аба ырайынын шарты ыңгайлуу болсо өтөт. Ал эми скейтборд боюнча алгачкы олимпиадалык медалдар ыйгарылат. Мындан сырткары дүйнөдөгү таанымал спортчулар катышкан аялдар арасында теннис, гимнастика жана баскетбол боюнча мелдештер башталууда. Пандемиядан... Читать дальше...
Мелдеш Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылындагы пляжда өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын 120 спортчусу катышты.
Ооганстандагы укук коргоочулар Кандагар провинциясындагы чабуулдардан соңку апталарда эле 33 жайкын тургун набыт болгонун кабарлашууда. Алардын арасында активисттер, уруулардын аксакалдары жана журналисттер бар. Ооганстандын Адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссиясы чабуулдар талибдер көзөмөлдөгөн да, өкмөттүк күчтөрдүн колундагы аймактарда да болгонун билдирди. Комиссиянын расмий өкүлү Забиулла Фарханг “Азаттыктын” ооган кызматына “Биз чогулткан маалымат боюнча, 24-июндан 6-июлга чейин... Читать дальше...
Ушул күндөрү дүйнөдө алгачкы ирет адамга жасалма жүрөк имплантталды. Кытайдагы Тибет тоолорунан алынган мөңгү муздарынан 15 000 жыл мурунку вирустар табылды. Уйку учурунда мээ эмнелерди ойлонору белгилүү болду. “Азаттыкта” илимдеги акыркы жаңылыктардын топтому.
Токио Олимп оюндарынын экинчи күнүндө медалдардын саны боюнча Кытай биринчи сапка чыкты. 25-июлга карата кытайлык спортчулар 5 алтын, 1 күмүш, 3 коло байгесин утушту. Экинчи сапка Жапониянын курамасы чыкты. Бул өлкө спортчулары эки күндө 4 алтын, 1 күмүш байгеге ээ болушту. АКШ курамасынын спортчулары 2 алтын, 2 күмүш, 4 коло байгеси менен үчүнчү орунду ээледи. Казакстандык эки спортчу Олимпиаданын эки коло байгесин утту. Медалдар топтому боюнча Казакстан 27-орунга чыкты. Токио Олимп оюндарынын алгачкы алтын байгеси да Кытайга кетти. Читать дальше...
Жапониянын The Mainichi маалымат агентиги Эл аралык олимпиада комитети Олимп оюндарынын ачылыш аземинде айрым спортчулардын беткапсыз катышканына көңүл буруп, санитардык эрежелерди сактоого чакырганын жазды. Комитет өкүлдөрүнүн 24-июлда берген маалымат жыйынында Олимп оюндарынын аткаруучу директору Кристоф Дуби беткап тагынбагандарга чара көрүлөрүн эскертти. Басылма олимп оюндарынын ачылыш аземинде Кыргызстан, Тажикстан жана Пакистандын делегация мүчөлөрү беткап тагынбай чыкканын белгилеген. Читать дальше...
Европанын бир нече шаарында ишембиде коронавируска каршы эмдөөнүн эрежелерине нааразы болгон он миңдеген адамдар көчөгө чыкты. Францияда акцияга 160 миңдей киши катышты. Алар ресторан жана башка коомдук жайларга атайын уруксат менен киргизүүнү милдеттендирген мыйзам долбооруна каршы болушууда. Демонстранттар бардык медициналык кызматкерлерди милдеттүү түрдө эмдөөдөн өткөрүүгө дагы каршылык билдирип жатышат. Негизинен акциялар тынч өттү. Парижде чогулгандардын бири күч кызматкерине отургуч ыргытып... Читать дальше...
Кыргызстандык спортчу Роман Петров бүгүн, 25-июлда Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында фехтования боюнча мелдешке чыкты. Спортчу алгачкы беттешинде жеңишке жеткени менен экинчи таймашында жапониялык атаандашына жеңилип, мелдештен четтеп калды. Спортчу мелдешти 1/32 финалдан баштап, алгачкы беттешинде түштүк кореялык Сегеон Маны 15:7 эсебинде жеңди. Кийинки баскычта жапониялык спортчу, Азия оюндарынын жана Азиянын чемпиону Ямада Масару менен күч сынашып, 13:15 эсебинде жеңилди. Фехтования... Читать дальше...
Ооганстандагы талибдер өлкөнүн түндүк тарабына жылып, улам бир аймакты алганы памирлик кыргыздардын тагдыры күн тартибине чыкты.
Бокс федерациясынын эл аралык даражадагы калысы Иса Кунасов бокс боюнча калыстардын мектеби коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу өнүгүү жолуна түшө баштаганын айтты.
Машыктыруучунун айтымында, япониялык атаандашы дүйнөлүк рейтингде үчүнчү орунда турган күчтүү спортчу.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун мигранттарды жапырт депортация кылып жатат деген билдирүүсүн төгүндөдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. “Орусиянын аймагында камактан бошотулган, улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жок адамдарды кошпогондо, кыргызстандыктарды массалык түрдө депортациялоо жана чыгаруу фактысы катталган эмес”, - деп айтылат билдирүүдө. Элчиликтин маалыматына ылайык... Читать дальше...
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 25-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан дагы 11 бейтап көз жумду. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары 2249 адамга жетти. Вирус соңку бир суткада дагы 995 кишиден аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 542. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 157 147 адамга жетти. Читать дальше...