Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда курман болгон аскер Хуснидин Хажиевдин сөөгү алып келинди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы билдирди. 27 жаштагы сержант Хуснидин Хажиевдин сөөгүн Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасынын жана Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү кыргыз-тажик чек арасындагы "Кайрагач-авто жол" (КР) көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу алып келишкен. Тажик аскер кызматкерлери кармап кеткен экинчи жоокерди кайтарып алуу үчүн... Читать дальше...
Москва соту Pussy Riot тобунун мүчөсү, активист Анна Кузьминыхты кармады. Бул тууралуу активист "Медиазона" басылмасына кабарлаган. Маалыматка ылайык, Кузьминых эмне негиз менен кармалганы белгисиз. Активист 1-июлда тергөө абагынан бошотулган. Анда милиция суракка "өз убагында келбей койду" деген негизде 15 суткага камаган. Соңку апталарда Pussy Riot тобунун башка мүчөлөрү да кармалды. Люся Штейн, Мария Алехина жана Вероника Никульшина "милициянын буйругуна баш ийген жок" деп кармалса, Александр... Читать дальше...
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосундагы ок атышуудан улам бир кыргыз жоокери каза болду. Ош шаарында добуш сатып алуу шектелген алты киши кармалды. "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Москвада билдирүү жасап, алар Борбор Азия мамлекеттерине коркунуч жаратпай турганын жарыялады.
Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин “президентти жамандап жаткандар "кара тизмеге" алынып жатканы" тууралуу сөзү коомчулуктун сынына кабылды. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары муну сөз эркиндигине басым катары баалашты. Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев 8-июлда маалымат жыйынын өткөрүп, анда мамлекетти башкарып жаткандарды далилсиз жамандагандар кайсы бир күнү жоопко тартыларын эскертти. Ал Кыргызстанда “саясий экстремизм” биринчи планга чыгып, коом радикалдашып баратканын айтты. Читать дальше...
3500 метр бийиктиктеги көл, 26 чакырым жөө жүрүш, чатырдагы түн, чыйрыктырган суук. "Азаттык+" бул ирет Кочкордогу Көл-Үкөк жана Көл-Төр көлдөрүн көрсөтөт.
"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды учурда Анкарадагы Терроризмге каршы бөлүмдө кармалып турат. Бул тууралуу анын адвокаты жана күйөө баласы Халил Ибрахим Йылмаз “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Адвокаттын айтымында, учурда Инанды менен жолугуу мүмкүнчүлүгү боло элек. “Азырынча Орхан Инанды менен жолуктуруша элек. Чектөөлөр бар деп жатышат. Ага козголгон кылмыш ишинде “жашыруун” деген гриф бар экенин айтышууда. Кийим-кечесин гана бере алдык”, - деди Йылмаз. Адвокат Инандынын... Читать дальше...
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана башка жогорку кызмат адамдарынын "Кумтөр" боюнча кылмыш иши тууралуу кеңири маалымат таратты. Атайын кызматтын билдиришинче, мекемелер аралык тергөө тобу Кыргызстан менен канадалык инвесторлордун “Кумтөр” долбоору боюнча келишимдерди түзүүнүн жагдайларын аныктоо боюнча иликтөө жүргүзгөн. УКМК тергөөдө топтолгон далилдерине таянып, Кумтөр кенин иштетүүдө келишимдерди жана ар кандай толуктоолорду... Читать дальше...
Талибан кыймылы Борбор Азия мамлекеттерине коркунуч туудурбай турганын Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 9-июлда билдирди. Бул тууралуу Москвада Талибан кыймылынын өкүлдөрү менен орус бийлигинин расмий адамдарынын бейшембиде өткөн сүйлөшүүсүндө айтылган. Талибдер Ооганстанда бир катар аймактарды, анын ичинде Тажикстан менен чектеш провинцияларды да ээлеп алды. Мындан улам миңден ашуун ооган аскерлери Тажикстандын аймагына кире качканга аргасыз болушкан. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүгө ылайык... Читать дальше...
Орхан Инанды Анкара шаардык полициясына өткөрүлүп берилип, тергөө изоляторунда 11-июлга чейин калтырылды. Бул тууралуу Түркиянын "Демирөрен" маалымат агенттиги билдирди. Түркиянын жергиликтүү ЖМКлары 53 жаштагы Орхан Инандынын тергөөсү 8-июлда башталганын, адвокаты карындашынын күйөөсү Халил Ибрахим Йылмаз экенин жазышууда. Бирок Инандыга кайсыл берене боюнча айып тагылганы так айтыла элек. Буга чейин "Анадолу" маалымат агенттиги Инандыга "Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени" үчүн айып тагылганын жазган. Читать дальше...
Ооганстандын түндүгүндөгү уездердин көпчүлүгүн талиптер басып алгандан кийин миңдей киши Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автоном облусуна качып өттү. Облус бийлигинин маалыматына караганда, качкындарга башкалка берилип, тамак-аш менен камсыздап жатышат.
Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы атышуууда мерт болгон кыргызстандык жоокердин сөөгү Тажикстан аркылуу жеткирилет. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы билдирди. Анда атышуу шарты катаал, жолу татаал тоолуу аймакта орун алгандыктан 27 жаштагы сержант Хуснидин Хажиев сөөгү коңшу өлкө аркылуу алынып келери, ал Кыргызстандын аймагында окко учканы белгиленген. Чек ара кызматы Тажикстан дагы бир жоокерин кармап кеткенин билдирген. Учурда аны кайтарууга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү уланып жатат. Читать дальше...
Европарламент Евробиримдиктин мүчөлөрүн Кытайдагы адам укуктарынын бузулушунан улам 2022-жылдагы Бээжиндеги кышкы Олимп оюндарын бойкоттоого чакырган резолюция кабыл алды. Милдеттүү түрдө аткарууга жатпаган документти парламенттин 578 депутаты колдосо, 29 депутат “каршы”, 73ү “калыс” деген добуш берди. Резолюцияда Кытай Гонконг, Шинжаң-Уйгур автоном району, Тибет жана Ички Монголияда адам укуктары жаатындагы абалды оңдобосо, ЕБдин институттарын жана мүчө өлкөлөрдү Олимп оюндарына чакыруусун кабыл албоого чакырды. Читать дальше...
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Сербиянын Евробиримдикке мүчө болуу саясатын колдорун жарыялады. Ал Белградга сапарынын жүрүшүндө Сербияны Евробиримдикке кошумча "жаңы дем" болот деп билдирди. 8-июлда Сербиянын президенти Александр Вучич менен жолугушкан соң венгр премьери Евробиримдик жаңы мүчөлөр менен кеңейбесе өнүкпөй, таркап кетүү коркунучу бар экенин кошумчалады. “Мен Сербиянын Евробиримдикке мүчө болушун колдойм, бул өлкөнүн артында Батыш Балканы турат”, - деди Орбан. Сербия Батыш... Читать дальше...
Алгачкы кыргыз мамлекети, гунндар менен кыргыздардын жакындыгы, Улуу кыргыз каганаты жана анын тарыхы, Кокон жана кыргыздар, орус колониализми, совет доору, эгемендик мезгилдеги тарых жөнүндө китеп жарык көрдү. Китеп орус тилинде жазылган. Анын аталышы - "Кыргыз мамлекетинин байыркыдан ушул күнгө чейинки жалпы тарыхы". Автор Осмонакун Ибраимов китеп азыр 100 нускада басылганын, жакында дагы миң нуска менен чыгарын билдирди. “Эгемендиктин 30 жылдыгына карата чыгып калсын деп үч жыл эмгектендим эле... Читать дальше...
"Биринчи кезекте адам бол, андан соң өз улутуңдун татыктуу өкүлүсүң. Шарль Монтескье (1689-1755), француз философу Улут маселесин ой келди кеп кылчулар арбыды. Жоопкерчилиги жок андайлар тил учуна эмне келсе жазат, сүйлөйт. Муну соцтармактардан күнү куру эмес көрүүгө болот. Учурда “Сапат” билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инандынын айланасындагы анын жарандыгы туурасында түрдүүчө жазышууда. Эң кокую, оозунан от бүрккөн ашкере улутчул маанайдагы пикирлер арбын экендиги кейитет. Болгондо... Читать дальше...
11-июлда Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерине кайрадан шайлоо өтөт. Үгүт өнөктүгү мурдагыдай өтө кызуу жүрбөгөнү менен добуш сатып алуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттер тууралуу маалыматтар байма-бай чыгууда.
Эстафета эң алгач Матида шаарында өтөт. 23-июлда Олимп оту Токионун борборуна, Олимпиаданын ачылышы өтүүчү жайга жеткирилет.
Коронавирус Кыргызстанда эки миңден ашык адамдын өмүрүн алды. Абалы абдан оор бейтаптарды ооруканалардагы жандандыруу бөлүмдөрү карайт. Өлүм менен тикелей күрөшкөн реаниматолог-дарыгер менен медайым пандемиянын оор шарттары, ажалга моюн сунган адамдардын акыркы каалоо тилектери тууралуу айтып беришти.
Мындан 105 жыл илгери Түркстандагы жана Сибирдин айрым жерлеринде 19 жаштан 43 жашка чейинки эркектерди оорук ишине тартуу боюнча орус падышасынын жарлыгынан кийин Борбор Азияда жана казак талааларында көтөрүлүш башталды. Ал Орусиянын оторчул аскерлери тарабынан ырайымсыздык менен басылып, жазалоочу аскерлерден качкан кыргыздар менен казактар Кытайга жер оодарып кетүүгө аргасыз болгон. Орто Азиядагы көтөрүлүштүн себеби эмне? Жазалоочу аскерлердин колунан канча киши набыт болгон? Эмне үчүн бул теманы... Читать дальше...
Москвада эки жумадан бери мыйзамдуу иштеген мигранттар эмдөөдөн өтүп жатат. Шаарда эки эмдөө пункту ачылган, Сахарово айылында жана "Садовод" базарында. Бул эки пункт күнүнө 2 миңге чейин чет элдик мигранттарды эмдөөгө даяр. Ал үчүн паспорт, патент же туруктуу жашоого уруксат жана 1300 рубль (18 доллар) керек. Деген менен эмдөөгө келгендер узун кезек күтүүгө аргасыз экенин айтышууда.
UFC уюмунун экс-чемпиону Конор Макгрегор атаандашы Дастин Порьени көз караштар таймашында тээп сала жаздады. Окуянын видеосун промоушен өзүнүн Youtube каналына чыгарды.
Ошто шайлоо өнөктүгүнүн акыркы эки күнүндө добуш сатып алууга шек саналып төрт киши сурак берүүдө. Алардын экөө депутаттыкка талапкер болсо, экөө үгүт ишин жүргүзгөндөр. Байкоочулар мурдагы шайлоолордо мыйзам бузгандар жазаланбаганы үчүн бул нерсе кайталанып жатат деген пикирде. Ал арада Ош шаарынын мурдагы мэри Мелисбек Мырзакматов административдик ресурс колдонуу тыйылбаганын айтып чыкты. Ош, Бишкек жана Токмок шаарларында шайлоо жакындаган сайын партиялар активдешип, добуш алууга жандалбас кылууда. Читать дальше...