Азери бийлиги израилдик компаниянын тыңчылык программасын колдонуп, саясатчылардын, журналисттердин жана укук коргоочулардын жеке турмушун аңдып, аны шантаж катары пайдаланганы аныкталды.
Ооганстандан Тажикстанга кире качкан 345 этникалык кыргыз кайра артка кайтарылды. Тажикстандын "Ховар" агенттиги алардын коопсуздугуна ооган өкмөтү кепилдик бергенден кийин көчүрүлгөнүн жазды.
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги өлкөнүн жогорку окуу жайларында окуган тажикстандык студенттер куугунтукталды деген маалыматты четке какты. Ага чейин Тажикстандын Билим берүү министрлиги студенттерди мекенине алып кетүү аракети жүрүп жатканын билдирген. Тажикстандын билим берүү министри Махмадюсуф Имомзода өткөн жумада маалымат жыйын куруп, Кыргызстанда билим алган тажикстандык студенттерди алып кетүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Министрдин айтымында, кыргыз-тажик чек арасындагы... Читать дальше...
Уста Маратбек Берикбаев музыкалык аспаптарды жасайт жана оңдоп-түзөйт. Анын колунан чыккан аспаптар Европа мамлекеттерине чейин тараган. Ал улуттук музыкалык аспаптардан сырткары, жок болуп бара жаткан классикалык музыкага керектүү аспаптарды жасаса болот деп эсептейт.
Нарындын Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну Сарыгул Кубанычбек уулу алты жыл Орусияда миграцияда жүрүп келгенден кийин айылына чакан тигүү цехин ачты. Учурда ал айылдаштарына жумуш орундарын түзүп берип, өндүрүштөн чыккан калдыктарды кайра иштетип, гүл челектерди жасап жатат.
Ооганстандан Тажикстанга кире качкан 345 этникалык кыргыз мал-жандыгы менен 17-18-июль күндөрү кайра өздөрү туруктуу жашаган Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Андемин айылына кайтарылды. Тажик бийлиги ооган өкмөтү этникалык кыргыздардын жеке коопсуздугуна кепилдик бергенин билдирди. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги оогандык кыргыздарга байланыштуу өтүнүчтөргө Тажикстандан жооп болбогонун маалымдады. Ондогон ооган кыргыздары “Талибан” кыймылынан кооптонуп, Тажикстанга жер которгонуна төрт... Читать дальше...