Мы в Telegram
Добавить новость

Чехия объявила в розыск якобы причастного ко взрывам во Врбетице россиянина

Суд заключил под стражу водителя влетевшего в Троицкий мост Петербурга Porsche

Посольство Болгарии в РФ отреагировало на слухи о невыдаче шенгенских виз россиянам

«У нас бабичник»: Гузеева улетела на малую родину без мужа и дочери

World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Эгемендиктин башаты - тазалык менен тынчтык

Эгемендиктин башаты - тазалык менен тынчтык

"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Ырысбай Абдыраимовдон келген материалды сунуштайбыз.

Кыргызстанды дүйнөдөгү ондогон өлкөлөр жана эл аралык уюмдар эркин өлкө катары тааныгандыгына нечен жыл өткөнүнө карабай, ал толук эркиндикке жетише элек.

1991-жылдын 31-августунан бүгүнкү күнгө дейре деле каз-каз басып, тай-тайлаган учуру. Ошо күнү төрөлгөн уул-кыздарыбыз Алыкулдун “боз ат минген” отуз жашына толуп, беш манжадай баары болбосо да, алардын арасындагылар мыкты билим, тарбия-таалимди алып, үй-бүлө куруп, татынакай балдарын жетелеп, кадыресе ордо бузуп, тоо томкорор күчтүү, кубаттуу, сымбаттуу, кишилик өз укук-милдеттерин жакшы билген адамдарына айланды.

Ага салыштырганда мамлекетибиз толук эмес, жарым-жартылай эркин, али да бутуна толук тура элек, “жардамды дагы кимден алсам экен” деп эки жагын элеңдеп караган, өзү гана эмес бүткүл тармактары аксап, көйгөйү башындагы чачынан көп, укук-урку жакшы сакталганы менен диний жүрүм-турум күчөп, саясий да, экономикалык жактан да тыш дүйнөгө көз каранды болуп келатат.

Мындан он жыл мурун жалалабаддык укук коргоочу Валерий Улеев: “Кыргыз өлкөсү али мамлекет боло элек (Киргизия – не состоявшийся республика)” дегенде, “бара-бара көз каранды эмес өлкө болот” дегенбиз. Бирок, турмуш чындыгы эмнегедир анын туура баа бергенин айкындап атат.

Ооба, экономикалык бакубаттуулукту орнотуу үчүн ишкерлерге укмуштуудай жеңилдиктер, аны өркүндөтүүгө мыйзамдык жакшы камкордуктар көрүлгөнү менен алтындын, Менделеевдин мезгилдик системасындагы андан башка дагы түстүү металлдардын күкүмдөрү республикалык казынага себеленгени менен тоо-кен өндүрүшүнөн башка өнөр жай, айыл чарба, курулуш, кайра иштетүү жана башка тармактардын илээлеп иштеши маданий чөйрөдөгү акыбалдагыдай эч кимди алымсындырбайт.

Кумтөр кени эми мурдагыдай, адегенде иштей баштаган жылы 67%, кийинки жылдары 33-32%, анан былтыркы жылы 26% үлүшүн мамлекетибизге калтыргандай болбой, келишимдер кайрадан түзүлүп, өндүрүлгөн алтын толугу менен мекенибизге өтүп, дүйнөлүк рынокко андан башка да өнүмдөрдү улам жаңылап чыгарып турса гана, дүйнөлүк валюталар өлкө капчыгына күн тийгенде ээриген мөңгүнүн суусундай чубуруп, агып келер. Ошондо анан тышкы карыз жоюлуп, элдин эмгек акысы менен пенсия, жөлөк пулу көбөйүп, дүйнөлүк мейкиндиктегидей жаңы курулуштар козу карындай жайнап, калкыбыздын жашоо-турмушу май көл, сүт көлгө айланаар.

Анткиче, атайын кызмат, прокуратура, эсеп палатасы текшере келгенде ай сайын ар кайсы эгемендик тийгенден бери эдиреңдеп, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип, ар бир чет элдик долбоор тургай, тышкы жардамдардан да сугуна салган мурдагы өкмөт башчылар, депутаттар, мамлекеттик ири чиновниктер өкмөт баккан мекеме-уюмдардан укмуштуудай мамлекеттин байлыгын оңго, солго сологондор чыга калып жатпайбы! Кээ бир экс-президенттер менен өкмөт башчылар мамлекеттин тынчтыгын ойлоодон мурда былтыр октябрда будуң-чаң салып, өнүгүүгө бут тосуп атпайбы! Үч ирет төңкөрүш өлкөнүн эгемендигин чыңдаган жок.

Көрсө, ач көздүк, арам тамактык ошо жогору тараптан башталыптыр, анан төмөн жакка көздөй таркалыптыр. Демек, республикабыздагы кайсы гана мекеме-ишкананы теске албасын, ар биринен өөнөмөй-уурдамай, өз көмөчүнө күл тартмай оркоюп чыга берет турбайбы! Таза иштөө деген аң-сезим - тартиби жок байыркы заманга тете болуп калган окшойт. Тапкан пайдасынан “мен мынча киреше алдым. Ошонун тиешелүү салыгын өз убагында төлөйүн” деп, өз колу менен напаканы мамлекетке төккөндөрдүн бардыгына күмөнүбүз чоң. Ар кимиси салыгын жашырып, күн сайын миллион сом киреше алганы менен бир айына 10-15 миң сом гана салык төлөгөндөр эл ичинде айтылып жүрөт. Тоо-кен өндүрүшү гана мамлекеттик казынанын 5-6 пайызын араң толуктаса, андан башка тармактар элдир-селдир иштесе, көмүскө экономика чокуга жетип, ар ким салыгын жашырса, анан кантип өлкө экономикасы кемтик болбой, мамлекетибиз кантип экономикалык жактан көз каранды эмес болуп калат?

Саясий жактан да толугу менен эгемен өлкө боло элегибизди, өзүбүздү коргоону да мамлекет өзү чече албай, совет доорундагыдай Москва билип, Москва териштирип атат. Акыркы президенттик шайлоону айтпаганда 2021-жылдын январына чейинки элдик добуш берүү – шайлоо утурлаган сайын көпчүлүк аткаминерлер ал жакка чуркап турушканы буга күбө. Демек, мындай болгон соң, эмне үчүн Орусия менен биргелешкен ишканалар ачылбайт? Кур дегенде иши токтоп калган завод-фабрикаларды кайра оңдоп, иштетүүгө неге болбосун? Нарын дарыясынын ар бир буулган мойногуна гидро түйүн, тоолордо аркырап-шаркырап аккан дарыяларга чакан ГЭСтер курулса...

Мамлекеттин өз алдынчалыгы али да болсо, тынчсыздандырган суроо бойдон кала берүүдө. Кенедей да өз пайдасын ойлобой, күндүр-түндүр ак жана так иштеген адамдар мамлекеттүүлүктү өркүндөтөт. Чет өлкөдөн терең билим-тажрыйба алган уул-кыздарыбыз мамлекеттик иштерге тартылып, өкмөт кечээкидей бир министрликтерди башка министрликтерге кошуп, министрлерди гана алмаштырып тим болбой, тырмагынын учунан чачынын учуна дейре изилденип, бышып-жетилген азаматтарды кызматка коюп, (азыр эл мурдагыдай башкарууга муктаж эмес).

Жапайы капитализмдин күргүштөп кирип келүүсү менен ар бир адам өндүрүмдүү иштесе гана ойдогудай жашаарын мыкты билип калды. Ошондуктан чиновниктерди отуз пайыз эмес, 70 пайызга дейре жоюп, мамлекеттик күзөтчүлөрдү кыскартып( мисалы колхоздоштуруу жаңы башталып, басмачылар баш көтөргөн жылдары деле Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы Жусуп Абдрахманов өлкөнүн булуң-бурчун ат араба менен өзү жалгыз, коштоочуларсыз кыдырып жүргөн экен. Менимче, азыркы күндө деле Президент, Министрлер Кабинетинин башчысы, Жогорку Кеңештин төрагасына коштоочулардын, күзөтчүлөрдүн кереги жок. Өз элинде жүргөн бийлик ээлери эл менен аралашып, сүйлөшүп, кеңешип кызмат өтөөсүнө жол ачык го!

Башкаруу уюмдары менен Жогорку Кеңешти каржылоону жана алардын жеңилдиктерин жок кылып, маяналарын элдики менен тең кылып, облус-райондорду жоюп, айыл өкмөт-президенттик администрацияны гана калтырса) электрондук башкарууга өтүүсүнө, шайлоо-референдумдар электрондук добуш берүүлөр аркылуу жүрүүсүнө 2019-жылкы эсеп боюнча эл колундагы 9 миллиондон ашык мобиль телефондор, интернет желеси мүмкүндүк берет.

Андан эки жылдан бери элде зымсыз телефондор ого бетер көбөйүп, интернет ого бетер күчөгөн убак, азыр. Кай жакты караба, телефон тиктегендерди көрөсүң. Мамлекеттүүлүктү эл өркүндөтүп, эгемендүүлүктү калк торолтот. Саясатчылардын ар бири бийлик алууну гана көздөбөй, баш аламандык кылбай, шайлоолорду таза, өлкөнүн өнүгүүсү менен тынч өткөрүүнү унутпай, өлкөгө саясий да, маданий-экономикалык да жактан көз каранды эмес болуусуна умтулушканда, ар бир адам, мамлекеттик ар бир кызматкер таза, маңдай тери менен ак иштегенде гана Кыргызстан чыныгы эгемен болот.

Ырысбай АБДЫРАИМОВ, журналист

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Армией России впервые уничтожен НАТОвский гибрид FrankenSAM (ВИДЕО)

Вильфанд спрогнозировал сохранение низких температур в Москве в ближайшие дни

Посольство Болгарии в РФ отреагировало на слухи о невыдаче шенгенских виз россиянам

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» и все правительства могут отменить либо собрать все налоги!

Музыкальные новости

В связи с «желтым» уровнем в Крыму и Севастополе не выполнили приказ Шойгу

Голы Конате и Бериши принесли «Ахмату» победу над «Крыльями Советов» в РПЛ

К.ВАЛИЕВА, 23 КИТАЙЦА, WADA помогают раскрыть сеть секретных преступных отделов. Дело Скрипалей можно дополнить с пользой.

Состоялся релиз стратегии Warbits+ в App Store и Google Play

Новости России

Синоптики спрогнозировали до +9 и облачность в Московском регионе 11 мая

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» и все правительства могут отменить либо собрать все налоги!

«У нас бабичник»: Гузеева улетела на малую родину без мужа и дочери

Спортклуб «КПРФ» стал победителем командного чемпионата России в Сочи, а петербургская «СШ по шахматам и шашкам» финишировала седьмой

Экология в России и мире

Одна из целей неофашистского Азербайджана - уничтожение Христианства

Первый лазертаг на Самуи

Яркое лето с Angsana Velavaru

Откровение артиста госцирка Бурятии Саяна Дондокова - Театр и дети, Культура и Россия, интервью

Спорт в России и мире

Энди Роддик: «У меня было несколько типов рака кожи с тех пор, как я завершил карьеру»

Саснович вышла в третий раунд турнира WTA-1000 в Риме

Азаренко вышла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Риме

Хачанов победил Шевченко во втором круге турнира ATP в Риме

Moscow.media

Более 350 сотрудников Главного управления Росгвардии по городу Москве приняли участие в патриотическом флешмобе

Не заметила натянутый трос и получила черепно-мозговую травму

Откровение артиста госцирка Бурятии Саяна Дондокова - Театр и дети, Культура и Россия, интервью

Военные следователи возложили цветы к Мемориалу героической обороны Севастополя 1941-1942 годов











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Вильфанд: температура воздуха в России оказалась ниже нормы во всех регионах, кроме Сибири

Спасатель объяснил, была ли у погибших пассажиров возможность эвакуироваться из затонувшего автобуса

Александр Бастрыкин отреагировал на ситуацию с лекарствами для орловских льготников

Чехия объявила в розыск якобы причастного ко взрывам во Врбетице россиянина