Шашылыш билдирүү: 24-27-июль күндөрү аба ырайы ченемден тыш ысыйт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 38…40°, Талас облусунун өрөөнүндө 37…39° чейин болот. Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 24-июлда күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39; Талас жергесинде түнкүсүн 13…18... Читать дальше...
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 20-июлда Чаңгыр-Таш жана Достук айылдарында жүргөн селдин кесепетинен 446 үй жабыркаган, анын ичинен 118 турак жай толугу менен суу алдында калган. Өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиянын чечимине ылайык, 46 үй жашоого жараксыз деп табылган. Учурда тазалоо жана келтирилген зыянды аныктоо иштери жүрүп жатат. Андан тышкары дамба жарылып, оорукана, мектеп жана бала бакча суу астында калган. 22-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чаңгыр-Таш айылына барып... Читать дальше...
Мындай уникалдуу дүйнө биринчилигинде 17 өлкөдөн келген мушкерлер спорттун төрт түрү боюнча күч сынашат.
Президент Садыр Жапаров 23-июлда Бишкек шаарындагы Bishkek Park соода борборунда ачылган эмдөө түйүнүндө коронавируска каршы кытайдын Sinopharm вакцинасын алды.
Президент Садыр Жапаров 23-июлда Бишкек шаарындагы Bishkek Park соода борборунда ачылган эмдөө түйүнүндө коронавируска каршы кытайдын Sinopharm вакцинасын алды. Өлкө башчысы андан кийин элге кайрылып, элди эмдөөдөн өтүүгө чакырып, вакцинацияга байланыштуу жалган маалыматтарга ишенбөө керектигин айтты. “Социалдык түйүндөрдө элге кайрылып “бул вакцина туура эмес. Элге зыян алып келет” дегендерге ишенбегиле. Аксакалдарга да кайрылам, элди антип адаштырбаңыздар. Вакцинаны эч ким кыйнап алдыртпайт. Ар бир адамдын жеке каалоосу менен болот”... Читать дальше...
Дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери Клим Тё жана коомдук ишмер Эркин Асрандиевдин демилгеси менен Кыргызстан профессионалдык бокс федерациясы ачылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Орзубек Назаров маалымдады. Анын айтымында, федерациянын максаты өлкөдө профессионалдык боксту өнүктүрүү, эл аралык деңгээлге алып чыгуу жана кыргызстандык мушкерлердин кызыкчылыгын, укугун коргоо болуп саналат. “Биздин өлкө совет учурунда бокс мектеби менен таанылган. Азыр дагы... Читать дальше...
Кыргызстанда 2021-жылдын алгачкы алты айында 3400дөй жол кырсыгы катталып, андан 329 киши каза болду. Дагы 5000 адам жаракат алды. Бул тууралуу 23-июлда “Биринчи радионун” эфиринде жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын штабынын жетекчиси Өткүрбек Умаров билдирди. “Жол кырсыктарынын 84% айдоочулардын күнөөсүнөн болуп жатат. Алардын ичинен бир жыл тажрыйбасы бар айдоочулардын күнөөсүнөн болгон кырсыктар жыл сайын 500дөн ашат”. Кыргызстанда кан жолдордо акыркы күндөрү автокырсыктар көбөйдү. Читать дальше...
“Кумтөр Голд” ишканасынын алтын ылгаган фабрикасы 23-июлдан тартып 30-июлга чейин ишин токтотту. Фабриканын менеджери Нурдин Үсөнов бул жыл сайын өткөрүлүүчү пландалган оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу экенин билдирди. Ага ылайык, үч тегирмендин ички сегменттеринде футеровкалар алмаштырылат, ошондой эле, ширетүү жана башка оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ишкана бул аралыкта кенде тоо жумуштары кадимки тартипте улана берерин билдирди. Жогорку Кеңеш май айында “Кумтөр Голдго” үч айга убактылуу сырттан башкаруу киргизген. Читать дальше...
XXXII жайкы Олимпиада оюндары жапон башкалаасында 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Паралимпиада оюндары 24-августта башталып, 5-сентябрда жыйынтыкталмакчы.
“Электр станциялары” ишканасы учурда Токтогул суу сактагычында 11 миллиард 630 миллион куб метр суу топтолгонун кабарлады. Суунун көлөмү ушул айдан тартып көбөйө баштаган. Март айынын аягында Токтогулда суунун көлөмү 8 миллиард куб метрге чейин азайган. Аталган суу сактагычка 19,5 миллиард куб метрге чейин суу батат. 2007-2008-жылдары "Токтогулдагы" суу 7-8 миллиард куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Суу 6 миллиард куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертип келишет.
"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Болотбек Таштаналиевден келген материалды сунуштайбыз. Эгемендүүлүк дегенде алды менен көз алдыбызга Кыргызстандын 5 млрд. долларга чукул карызы, 30 жыл аралыгында талкаланган завод-фабрикалар, бүлүнгөн айыл чарбасы, ишпалдасы чыккан билим берүү, саламаттык сактоо системасы, өлкөнү жакырчылыктын сазына белчесинен батырган коррупция элестейт. Кол жоолуктай алмашкан конституциялар, коррупциянын “корбашысына” айланган экс-президенттер... Читать дальше...
Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев 23-июлда брифингде билдирди. “Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен бейтап эмнеден каза болгону аныкталат”. Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда 21-июлда 46 жаштагы бейтап ажал тапкан. Маркум аялдын жакындары ал 19-июлда Sputnik-V вакцинасын алгандан кийин кечинде абалы начарлап кетип ооруканага түшкөнүн, ал жакта эки күндөн кийин көз жумганын айтып чыгышкан. Читать дальше...
“Бир дүйнө – Кыргызстан” уюму кыргыз бийлигин укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишине байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча комитетинин сунуштарын аткарууга чакырды. “Бир дүйнө – Кыргызстан” тараткан маалыматка ылайык, БУУнун адам укуктары боюнча комитети 2016-жылы Аскаровдун ишинде адилеттүү соттук териштирүүгө, абакта ар-намысын коргоого укуктуу экенин билдирген. Ошондой эле аны абактан бошотууну жана айыптоо өкүмүн жокко чыгарууну сунуштаган. 23-июлда Human Rights... Читать дальше...
Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 23-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан дагы 10 бейтап көз жумду. Бишкекте беш, Чүй, Талас облустарында экиден, Жалал-Абадда бир киши каза болду. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2 227 адамга жетти. Вирус соңку бир суткада дагы 1 127 кишиден аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 678 бейтап. Читать дальше...
Pegasus тыңчылык программасы тууралуу маалыматтын ачыкка чыгышы дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө чоң талкууга жем таштады. Израилдик компанияга таандык бул программа миңдеген адамдарды, анын ичинде жүздөгөн саясатчылар менен журналисттерди бутага алганы белгилүү болду.
Жогорку Кеңеш “Министрлер кабинети” жөнүндө мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга артка кайтарды. Парламенттеги талкуу жүрүшүндө көптөгөн депутаттар документти сынга алып, президент жана өкмөт мүчөлөрүнө кеңири укуктар менен өзгөчө артыкчылык берилгенин белгилешти. Жогорку Кеңеш 22-июлдагы жыйынында президент Садыр Жапаров сунуштаган төрт мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн артка кайтарды. Алар: “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”... Читать дальше...
Жогорку Кеңеш 22-июлдагы жыйынында “Министрлер кабинети жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоорун карады. Анда документ тууралуу юстиция министри Асел Чынбаева баяндама жасады. Талкууда бир катар депутаттар документ чийки экенин айтып сынга алышты. Айрым беренелердин негизинде парламенттин ролу төмөндөгөнүн айыпташты. Натыйжада бул мыйзам долбооруна кошумча дагы үч мыйзам долбоору (“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат... Читать дальше...
22-июль күнү кечинде Бишкек - Нарын - Торугарт автожолунун Нур айылындагы бөлүгүндө “Хонда Степвагон” жана “Мицубиси Паджеро” үлгүсүндөгү машиналар кагылышып алты киши мүрт кетти. Чүй облустук милициясы төртөө кырсык болгон жерден үзүлгөнүн, экөө 23-июлда эртең менен аймактык ооруканада жан бергенин билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жаракат алган дагы үч кишинин абалы оор экенин кабарлады. Кыргызстанда кан жолдордо акыркы күндөрү автокырсыктар көбөйдү. 21-июлда эле Ысык-Көл облусунун... Читать дальше...
Орусиянын Борбордук аскердик округунун авиациясы Өзбекстан менен Ооганстандын чек арасындагы машыгууларга катышат. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, ага Кыргызстандын Кант шаарындагы орус аскердик базасынан Су-25СМ учактары жөнөтүлөт. Алар жашыруун базаларды аныктап, жок кылуу жана аба соккуларынан коргонуу машыгууларын аткарат. Өзбекстандын расмий маалыматына ылайык, биргелешкен аскердик иш-чара Термез полигонунда 30-июлдан 10-августка чейин өтөт. Ага 1500 жоокер, 200гө жакын техника катышат. Читать дальше...
Улуттук ат оюну боюнча мелдеш республиканын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналып, ага жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн командалары да катышат.