Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлдагы маалымат жыйында "Кумтөр ишине" байланыштуу мурдагы президенттер Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаевге иш козголгонун жана Аскар Акаевге издөө жарыяланганын билдирди. “Тергөөнүн жыйынтыгында Бакиевге иш козгодук, Атамбаевге иш козгоп атабыз, Акаевге издөө жарыяладык. Жээнбековго азырынча эч нерсе жок. Эгерде бир нерсе чыга турган болсо, аны дагы жоопко тартабыз”. Ташиев "Кумтөр ишине" байланыштуу камалгандардын кылмыш ишинде мамлекетке чыгым 1 млрд. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы күрөш кызматы жоюлгандан кийин анын функциясы мекеменин Өзгөчө маанилүү иштер башкы башкармалыгына ( 6-башкы башкармалык) берилди. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Өткөн айда президент Садыр Жапаров Антикоррупциялык кызматты жойгон жана бул кадамды паракорчулукту ооздуктоодогу чечкиндүү кадам, бизнести колдоо аракети катары сыпаттаган. Жапаров өзүнө караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши түзүлөрүн билдирип, ага кайрылган... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр ишине байланыштуу камалгандардын кылмыш ишинде мамлекетке чыгым 1 млрд. сом деп эсептелгенин билдирди. “Кумтөр долбоору боюнча келишимде мамлекет 1 млрд. сом зыян тарткан. 2012-жылы өлкөнүн кызмат адамдары Узакбаев, Зулпукаров, Жээнбеков, Пирматов, Бабанов канадалык “Центера Голд” компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып ушундай чыгым келтиришкен”. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлда маалымат жыйында билдиргендей... Читать дальше...
Түркмөн бийлиги 18 жаштан жогорку курактагы жарандарды милдеттүү түрдө коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрөт. Мындай чечим тууралуу Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат каражаттары 7-июлда билдиришти. Бирок анда жарандарга кайсы вакцина сайылары так айтылган жок. Өлкө бийлиги өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандар бар экенин пандемия башталгандан бери четке кагып келет. Расмий түрдө бул өлкөдө бир да адам COVID-19га чалдыккан эмес. Ошентсе да Түркмөнстанда санитардык эрежелер күчөтүлгөн. "Азаттыктын"... Читать дальше...
"Азаттык" радиосунун Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган онлайн сынагына Төлөгөн Козубеков аттуу мекендешибизден келген блогду сунуштайбыз. XIX кылымда жашап өткөн орустун белгилүү акыны Н.А.Некрасовдун “Орусияда кимге жашоо жакшы?” деген чыгармасын билесиздер. Чыгармада автор жети каарманын бүткүл Орусиянын губернияларын кыдыртып, кайсы жерде, кимдерге жашоо жакшы экенин сурамжылатат эмеспи. Соңунда борбор шаар Санкт-Петербургга бет алып келаткан жеринен автор чыгармасынын аягына чыга албай калат. Читать дальше...
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кезектеги маалымат жыйынын өткөрүп жатат. Анда ал чек ара, коопсуздук, коррупция тууралуу айтууда. Өндүрүлгөн акча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлда өткөргөн маалымат жыйында коррупция, мыйзамсыз баюу жана кызматтык кылмыш боюнча 304 кылмыш иши козголуп, мамлекеттик казынага жалпы 6 млрд. сом өндүрүлгөнүн билдирди. Ал айрым мурдагы аткаминерлердин канча төккөнүн санап берди. “Жогорку Кеңештин депутаты Аманкулов 50 млн. Читать дальше...
Хижаб темасы коңшу өлкөдө көп жылдан бери түрдүү талкууларды жаратып келет.
Совет доорунда интернационализм ураанына жамынган оолукмалар иш жүзүндө орусташтыруу саясатын жүргүзгөн эле. Эми исламды бетке кармаган айрым обу жок фанаттар кыргыз рухун арапташтыруу эпкинине кабылтып койгонун билбей жатат. Кыргызды Кудай тааныбай калабы? Кечээ жакында бир таанышым балдары жөнүндө сөз кылып жатканда такыр башка ысымды кошуп айтты. "Ал ким?" - десем, экинчи уулум кыргызча атын китептегиге тууралап алмаштырып алган дейт. - Кудай кантип эле өзү жараткан элдердин тилин түшүнбөй... Читать дальше...
"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Кожобаев Табыштан келген макаланы сунуштайбыз. Эгемендикке ээ болгон отуз жыл аралыгындагы тарыхый окуялар жана ушул жылдардагы мамлекетибиздеги жашоо (өнүгүү нугу деп айта албайм) көз карандысыздыкты бекемдей албагандыгын ачык эле айтышыбыз керек. Бирок кайсыл бир чет өлкөлүк маалыматтарда көрсөтүлгөндөй мамлекеттүүлүгүбүз олку-солку абалда эмес. Кыргызстан мамлекет катары жок болбойт! Себеби, бүгүнкү күндөгү ааламдашуу, цивилизациянын... Читать дальше...
Атабек Азисбеков 2019-жылы Дүйнө чемпионатында бешинчи орунду камсыздап, өлкөдө биринчилерден болуп Токио оюндарына лицензия алууга жетишкен.
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев соңку маегинде Кыргызстанга баасын берип, өлкөдө демократия болушу үчүн экономиканы өнүктүрүү зарыл экенин айтты. "Демократия курабыз деген коңшу өлкөдө 30 жылда эч нерсе жасалбады" дейт Назарбаев. Назарбаевдин мындай баасы Кыргызстан парламенттик башкаруудан күчтүү президенттик системага өткөн учурга туура келди. 1990-жылдардын башында “Борбор Азиядагы демократиянын аралчасы” аталып, үч жолу күч менен бийликти алмаштырган өлкөдө демократия... Читать дальше...
Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта чыгымга учураган ишкерлер үчүн кенемте төлөп берүү маселеси көтөрүлдү. Министрлер кабинетинин ишкерлерге өзүнчө каражат каралбайт, башка жабыркаган жарандар менен бирдей эле сумма берилет дегени ишкерлерди нааразы кылууда. Мырзабек Абдикарим уулу чек арадагы жаңжалда чыгымга учураган ишкерлердин бири. 29-апрелде кечке жуук Тажикстан менен чек арадагы Арка айылында анын жер семирткич жана эмерек саткан дүкөнү өрттөлгөн. Ал үй-бүлөлүк бизнеси 16 млн. Читать дальше...
Оюн Лондондогу Уэмбли стадионунда өтүп, жеңүүчү 15 мүнөттөн берилген кошумча эки бөлүктөн (жалпы 30 мүнөт) соң аныкталды.