Москвада коронавирустан улам белгилүү кинорежиссер Владимир Меньшов каза болду. Ал 81 жашта болчу. Июндун аягында кинорежиссер СOVID-19 вирусун жугузуп, дарылынып жатканы кабарланган. Владимир Меньшов "Сүйүү жана көгүчкөндөр" ("Любовь и голуби"), "Ширли-мырли" жана "Москва көз жашка ишенбейт" ("Москва слезам не верит") сыяктуу фильмдерди тарткан. "Москва көз жашка ишенбейт" фильми 1981-жылы "Чет тилдеги эң мыкты тасма" номинациясында "Оскар" сыйлыгына татыган. Меньшов актер катары 120дан ашык тасмага тартылган. Читать дальше...
Казакстанда соңку эки күн катары менен коронавирус жугузгандардын саны рекорддук чекке жетти. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги 5-июлда 3 031 адамдан вирус аныкталганын кабарлады. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. 4-июлда болсо 3 003 адамдан СOVID-19 вирусу табылган эле. Жекшембиде өлкө боюнча 25 киши коронавирустан жана эки адам “ковид сымал пневмониянын” кесепетинен көз жумду. Мындай рекорддук көрсөткүч дүйнөдө вирустун “дельта” түрү тарап жаткан учурга туш келди. Учурда Казакстандын баш калаасы Нур-Султан... Читать дальше...
Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Кубанычбек Өмүралиевге карата сын-пикирлер айтылды. Депутат Шайлообек Атазов тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевге элчинин жоопкерчилигин кароо керектигин айтты. "Анкарада бир топ маданий иш чаралар болот. Ага кыргызстандык элчи катышпайт экен. Түркия бийлиги уюштурган иш чараларга барбай жатат. Элчинин жоопкерчилигин кароо зарыл. Читать дальше...
Орусиялык хакердик топ ишке ашырды деген чабуулдан жабыр тарткан компаниялардын саны такталууда. Киберкоопсуздук боюнча эксперттердин маалыматы боюнча, 2-июлдун кечинде башталган хакердик чабуулдан кеминде 17 өлкөдөгү миңдеген колдонуучулар зыянга учурады. Чабуул Kaseya программалык камсыздоосун колдонгондорго жасалган. Аны REvil деген топ жасады деп шектелүүдө. Киберкылмышкерлер чабуулдун алдында 45 миңден 5 миллион долларга чейин акча талап кылган. Америкалык Kaseya компаниясынын директору... Читать дальше...
Ourworldindata.org сайты дүйнөдөгү коронавируска каршы эмдөөнүн картасын чыгарды. Ага ылайык, Кыргызстан 160-орунда турат. Аталган сайт өлкөдө 29-мартта эмдөө өнөктүгү башталгандан бери 173 700 адам эмделгенин көрсөтүп жатат. Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 120 миңден ашуун киши вакцинанын эки дозасын тең алганын кабарлаган. Дүйнөдө жалпы үч миллиарддан ашуун адам эмделди. 344 миллиондон ашуун атуулу эмделген Индия биринчи орунга чыкты. Экинчи орунда АКШ турат, бул өлкөдө 329 миллион киши эмделди. Читать дальше...
Кыргызстан мусулмандарынын жаңы шайланган муфтийи Замир кары Ракиев “Азаттыкка” маек куруп, дин, каада-салт, саясат, каржы, диний агартуучулук, радикалдашуу маселелери тууралуу суроолорго жооп берди.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги 5-июлга карата коронавирустан тогуз адам каза болгонун кабарлады. Көз жумгандардын үчөө Бишкекте, Ысык-Көлдө эки киши, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында бирден адам. 2020-жылдын март айынан бери 2046 киши оорунун курмандыгы болду. Бир суткада 1 437 адамда вирус жаңы аныкталды. Алардын басымдуусу - 924 киши Бишкекте. 2020-жылдын март айынан бери жалпы ооругандар 132 070 деп эсептелди. Ооруканада 4 126 адам, үйүндө 11 589 киши дарыланууда. Читать дальше...
Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин бөгөт чарасын кароону 13-июлга жылдырды. Буга айыпталуучунун адвокаттарынын процессти жылдырып туруу жөнүндөгү арызы себеп болду. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Салиевди 16-июнда камаган жана ага “мыйзамсыз баюу” беренеси менен айып койгон. Ал күнөөсүн мойнуна алган эмес. Райондук сот Салиевди 16-августка чейин тергөө абагында калтырган. УКМК Салиев Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда кызмат абалынан пайдаланып... Читать дальше...
"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Лидия Ибраевадан келген материалды сунуштайбыз. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата жарыяланган сынак тууралуу окуп алып абдан сүйүндүм. Мен үчүн сынакка катышуу чоң жоопкерчилик. Өзүм орус тилдүү мектепте 9-класста окуйм. Биздин үй-бүлөдө дайыма тамак ичүү убагында, эс алуу маалында ар кимибиз тартынбастан бири-бирибиздин өз ойлорубузду, алдыга койгон максаттарыбызды талкуулап, кеңешип турабыз. Мен сынакка катышуу тууралуу оюмду бир тууган байкеме айттым. Читать дальше...
"Азаттык" радиосунун YouTube каналы "алтын баскычты" алды. YouTube порталындагы Azattyk каналында журналисттер бир катар кызыктуу видео баяндарды, иликтөөлөрдү жарыялап келишет. Алардын арасында коомчулуктун кызыгуусун жараткан "Көрүстөндөгү коррупция", "Бажыдагы миллиондор", "Бандиттер байырлаган Ош" сыяктуу бир топ иликтөөлөр бар. Ошондой эле, көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун тапкан даректүү видео баяндарды "Данисте" түрмөгү сунуштап келет. "Азаттыктын" YouTube каналынан иш күндөрү күн сайын чыгуучу... Читать дальше...
2021-жылдагы дүйнөнүн мыкты командасын аныктаган мелдеш 12-сентябрдан 3-октябрга чейин Литвада өтөт. Ага 24 курама команда катышат.