АКШнын Конгрессинин Өкүлдөр үйү президент Доналд Трампка импичмент жарыялоо тууралуу резолюция долбоорун колдоп добуш берди. 13-январдагы талкуу палатада көпчүлүктү түзгөн демократтардын демилгеси менен өттү, чечимди бир нече республикачы конгрессмендер да колдоп беришти. Бул резолюция долбоорун колдоо үчүн зарыл болгон 218 добуштан көбүрөөк - 232 добуш берилди, 197 ага каршы берилди. Эми бул чечимдин негизинде АКШ Сенаты президент Трамптын ишин соттук териштирүүгө алышы керек. Айыптоону Сенаттын кеминде 67 мүчөсү колдошу керек... Читать дальше...
Бүгүн, 14-январда Бишкектеги «Супара» интерактивдүү музейинин расмий ачылышы болот. «Супара» этнокомплексинин администрациясы билдиргендей, музейде кыргыз маданиятынын сейрек кездешүүчү экспонаттары, түрдүү тиричилик шаймандары, жасалгалары, ошондой эле кол өнөрчүлүктү жана тиричиликти чагылдырган миниатюралар орун алган. Музейди ачууну «Супаранын» негиздөөчүсү Таабалды Эгембердиев көзү тирүү кезинде максат кылып, бирок ишке ашкан эмес. Анын максатын жакындары жүзөгө ашырган. «Шоро» компаниясынын негиздөөчүсү... Читать дальше...
Эл аралык «чHuman Rights Watch«» (HRW) укук коргоо уюму жаңы шайланган президент Жо Байденди АКШнын адам укуктары жаатында өзүнө алган милдеттенмелерин күчөтүүгө чакырды. Президент Дональд Трамп өз өлкөсүндөгү жана дүйнөдөгү адам укуктары үчүн «өтө начар» болду, деп белгиледи уюмдун аткаруучу директору Кеннет Рот жылдык баяндамасынын кириш сөзүндө. Укук коргоочулар 100гө жакын өлкөдөгү абалга байкоо жүргүзгөн. 13-январда жарык көргөн баяндаманын авторлору 2020-жылы Кытай өкмөтүнүн авторитардык табияты «даана байкалды» деп эсептешет. Читать дальше...
Кыштын узун түнүндө окуп коюңуз. “Азаттыктын” окурмандарына өзүм билген спорттун түрү – снукер тууралуу айтып берүүнү эп көрдүм. Анан калса адамдын жашоосу жалаң саясаттан турбайт эмеспи. Мен бильярд спортун жакшы билип, аз-маз аралаша баштаганыма итапкан убакыт болду. Бишкек, облустук көптөгөн шаарларда да бильярд залдары бир топ. Демек, бул оюнду бизде эркектердин көпчүлүгү ойнойт десек болот. Бильярд оюну ичинен көп түрлөргө бөлүнөт. Мына ошолордун бири снукер. Бильярд да, снукер да кий деп аталган таякча менен ойнолот. Читать дальше...
Түркиянын Соода министрлигине караштуу Атаандаштык кеңеши өз ыктыяры менен «Фейсбук» жана «WhatsApp» тиркемелеринин жаңы саясатына каршы арыз жазып, тергөө ишин баштатканын кабарлады. 4-январда «WhatsApp» колдонуучуларына 8-февралга чейин «Жаңыртылган купуялык саясатын» кабыл алуу же четке кагуу мүмкүнчүлүгүн берди. Жаңы саясаттын алкагында «Facebook» жана «WhatsApp» тиркемелери өз маалыматтарын бириктирет. Муну менен «Фейсбуктун» жарнамалары «WhatsApp» аркылуу тарай баштайт. Жаңы эрежелерге... Читать дальше...
Орусиянын президенти Владимир Путин эмки жумада коронавирустан жапырт эмдөө ишин баштоо, бардык орусиялыктарды ал программага камтуу тапшырмасын берди. Президент 13-январда өкмөттүн онлайн жыйынында жергиликтүү препаратты «дүйнө боюнча эң мыкты» деп атап, «Sputnik V» вакцинасын чыгарууну көбөйтүү үчүн инфраструктураны даяр кармоо зарылдыгын белгиледи. COVID-19 илдети жуккан адамдардын саны жагынан Орусия дүйнөдө 4-орунда турат. Кеңири эмдөө вакцинанын клиникалык сыноосунун үчүнчү баскычы аяктай электе эле өткөн айда башталган. Читать дальше...
Британия жана Канада уйгурлардын күчүн колдонуу менен жасалган делген Кытай товарларын импорттого тыюу салышты. Расмий Бээжин бул чечимди сынга алып, Кытай өз улуттук кызыкчылыктарын коргоо үчүн чара көрөрүн билдирди. БУУдагы кайым айтышуу Британиялык министр Жеймс Клеверли 12-январда Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде жасаган билдирүүсүндө Кытайдын уйгурларга болгон мамилесин сынга алды. Ал террорчулукка каршы күрөш айрым учурда мамлекет бийлигинен чукул чараларды кабыл алууну талап кыларын... Читать дальше...
Эстониянын премьер-министри Юри Ратас коррупциялык жаңжалдын фонунда кызматынан кетүүнү чечти. Бул тууралуу өкмөт башчы 13-январда "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Алдыңкы күнү коопсуздук полициясы Ратас жетектеген борборчул партиянын баш катчысы Михаил Корб, финансы министринин кеңешчиси Керсти Крахт, бизнесмен Хиллар Тедер жана аты аталбаган дагы эки киши кылмышка шек саналып жатканын билдирген. Полиция Тедер менен Корб ишкер партияга 1 миллион евро берет деп макулдашкан деп эсептейт. Ал... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Алтуха» каймана ат менен таанымал кримтөбөл Алтынбек Ибраимов кармалганын 13-январда билдирди. Атайын кызмат кармоо операциясы тууралуу видео жарыялады. Мекеменин маалыматында кримтөбөл уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында кармалганы, анын кылмыш дүйнөсүндө негизги орду бар экени айтылат. УКМКнын билдирүүсүндө, Ибраимовго карата Жазык кодексинин 98-беренесинин негизинде териштирүү жүрүп жатат. Ал азыр атайын... Читать дальше...
Ысык-Көлдө күйөөсү кызганычтан улам, аялын муунтуп өлтүрүп, өзү уу ичип алган. Ош облусунда белгисиз адамдын огунан эки милиция кызматкери жарадар болду. Орусиялык оппозиционер, Коррупция менен күрөшүү фондунун жетекчиси Алексей Навальный 17-январда Москвага кайтып баратканын билдирди.
Быйылкы кышта Бишкек бир канча апта дүйнөдөгү ыш каптаган эң кир шаарлардын алдыңкы сабында турду. Абадагы уулуу заттарды толук аныктаган иликтөө жүргүзүлө элек.
Кыргызстан Кытайга жана Перс булуңундагы өлкөлөргө эт экспорттоого аракеттенүүдө. Эттин көлөмүн чыгарыш үчүн малды башка өлкөлөрдөн сатып алуу шарты каралууда. Эгер бул демилге ишке ашса Кыргызстандан Кытайга бир күндө кеминде 60 тонна эт жеткирет. Айыл чарба жана тамак-аш өнөр жай министри Тилек Токтогазиев 12-январда өкмөттүн журналисттер үчүн уюштурулган брифингинде Кыргызстан айыл чарба азыктарын, чийки затты кайра иштетип сатуучу хаб болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин айтты. Токтогазиевдин маалыматы... Читать дальше...
“Азаттыктын” 2х1 форматындагы эксклюзив маегинин кезектеги коногу “Реформа” партиясынын лидери, президенттикке талапкер Клара Сооронкулова болду. Журналисттер менен маекте саясатчы 10-январдагы президенттик кезексиз шайлоонун оош-кыйыштары, алган сабактары, келаткан бийликке көз карашы, мындан аркы саясий ишмердиги жана байлыгы тууралуу айтып берди.
Коррупцияга шек саналып жаткан Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев бюджетке 2,5 млн. сом төгүп үй камагына чыкты. Пара менен кармалган Түштүк-Батыш бажысынын бажы тариздештирүү тобунун башкы инспектору мамлекетке 100 миң доллар кайтарып бергени дайын болду. Бишкек-Ош жолундагы коррупциялык схемага байланыштуу шек саналып кармалган Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев күнөөсүн мойнуна алды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы... Читать дальше...
Ысык-Көлдө төрт баланын апасы, 40 жаштагы аял каза болду. Келиндин туугандары ал үй- бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болуп, күйөөсүнүн колунан ажал тапканын айтышууда. Маркумдун күйөөсү азыр Түп райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүндө. Дарыгерлердин айтымында, ал уулуу зат ичип алган.
Ош шаардык соту 13-январда Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун бөгөт чарасын жабык карап, аны үй камагына чыгарды. Отурумга журналисттер киргизилген жок. «Соттун чечими менен Мунарбек Сайпидинов үй камагына чыгарылды. Ал эч жакка кетпейт. Сайпидинов өзүнө коюлуп жаткан айыптарды мойнуна алган жок. Азырынча шек гана, расмий түрдө айып коюла элек. Алдыда дагы эки айлык тергөө бар», - деди адвокаты Динара Турдумаматова. Мунарбек Сайпидинов Жазык кодексинин 320-беренеси... Читать дальше...
Ички иштер министринин мурдагы орун басары, президенттикке талапкер болгон Курсан Асановдун жубайы Күлнара Үсөнканова суракка келгенде ооруп калып, ооруканага жаткырылды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлагандай, ал 11-январда суракка келип ошол жерде ооруп калган. УКМКнын Аскердик медициналык кызматынын дарыгерлери анын абалын карап, медициналык текшерүүдөн өтүүнү сунуш кылышкан. Үсөнканова «Юрфа» диагностикалык борборунда текшерилип, адистер стационардык дарыланууну сунуш кылышкан. Читать дальше...
Кыргызстандын президенттик кызматына талапкерлигин койгон Клара Сооронкулова 10-январдагы шайлоо жараянындагы маселелерди укуктук негизде талашып, сотко кайрылат. Бул тууралуу ал «Азаттыктагы» маегинде айтты: «Шайлоонун жыйынтыгын моралдык жактан тааныганыбыз менен укуктук жактан көп мыйзам бузулду. Көп нерселерге Борбордук шайлоо комиссиясы көз жуумп койду. Талапкерлер көрсөтүлгөндө, катталганда мыйзамдар одоно бузулду. Ушул маселелерди көтөрө беребиз. Шайлоонун жыйынтыгы чыкканда сотко кайрылабыз, жыйынтыгын укуктук негизде талашабыз». Читать дальше...
Президенттик шайлоодо атаандаштарынан арбын добуш алган талапкер Садыр Жапаров учурда өзүнүн атын сатып, ар кайсы жерлерде пара талап кылып, бизнесин сурап жаткан адамдар пайда болгону тууралуу маалымат түшүп жатканын билдирди. Ал бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, «Садыр Жапаровдун өкүл баласымын, жардамчысымын, кеңешчисимин» деп ар кайсы жерлерге барып, опуза менен пара талап кылып, бизнесин сурап жаткандар боюнча маалыматтар келип жатат. «Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери! Читать дальше...
Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный ушул дем алышта Орусияга кайтарын билдирди.
Тажикстанда 80 жаштагы карыя жети жылга түрмөгө кесилди. Тергөөчүлөр Дониер Набиев экстремисттер менен байланышта болгонун айтышат. Иш жабык каралып, бир топко чейин өкүм тууралуу маалымат ачыкка чыкпай жатты. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Набиев «үчүнчү өлкөлөр аркылуу кээ бир мамлекеттердин атайын кызматтары бөлгөн акча каражаттарды алып, экстремисттик идеяларды таратуу, ошондой адабият сатып алуу, жаштарды жихадчы топторго тартуу үчүн короткон». Набиевдин адвокаты жогорку сотко апелляция бергенин... Читать дальше...
Ирандын Куралдуу күчтөрү Оман кысыгында машыгуу өткөрүп жатышат. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттары 13-январда кабарлашты. Эки күндүк машыгууга Ирандын эң чоң согуштук кемеси катары сыпатталган «Макран» жана ракета атуучу «Зере» кемеси катышууда. Бул аскердик иш-чара АКШ менен Ирандын ортосундагы тиреш курчуп турган кезде уюштурулуп жатат. 2018-жылы америкалык президент Дональд Трамп Тегерандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимден чыгып, санкциялар кайрадан киргизиле баштагандан... Читать дальше...
Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, айрым маалымат каражаттарына Жапаровдун инаугурациясы шашылыш өткөрүлөрү тууралуу жазылган кабарлар чындыкка дал келбейт. «Бул туура эмес маалымат. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгаргандан кийин гана инаугурацияга даярдык көрүлө баштайт», - деди Галина Байтерек. Анын айтымында, инаугурация өткөрүш үчүн атайын уюштуруу тобу иштейт, азырынча топ да түзүлө элек. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин бир тууганы, жемкорлукка байланыштуу шек саналып декабрда кармалган бажы кызматкери мамлекетке 100 миң доллар төлөп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы 29-декабрда Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын бажы тариздештирүү тобунун башкы инспекторун 1000 доллар пара алып жаткан жеринен кармаганын кабарлаган. Ал Кыргызстандын аймагы аркылуу жүк ташуучу... Читать дальше...
Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын коррупция боюнча шек саналып жатканына байланышкан маселени Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясы качан карай турганы белгисиз. Бул тууралуу Тартип комиссиясынын басма сөз катчысы Назира Сагыналиева билдирди. Башкы прокуратуранын Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага тиешелүү сунушун кароо максатындагы Тартип комиссиясынын 5-январга белгиленген жыйыны өтпөй калган. Буга Калиеванын саламаттыгына байланыштуу кийинкиге жылдыруу тууралуу өтүнүчү негиз болгон. Читать дальше...