Казакстанда айрым бейөкмөт уюмдар бийликтин кысымына кабылды. Алардын көпчүлүгү адам укугун коргоо менен алектенгендер. Буга чейин 2 бейөкмөт уюм айып пул тартып, бирөөнүн ишмердиги убактылуу токтогон. Ал эми 25-январда Казакстандын салык кызматы дагы 2 бейөкмөт уюмдун ишин токтотту.
Кыргызстандагы жаштардын күрдөөлдүү турмушу алардын жарандык турумун билдирүүсүнө тоскоолдук жаратышы керекпи? Жалаң гана саясат менен чектелүү туурабы? Адил Какенов өзүнүн блогунда дал ушул көйгөйгө карата жеке пикирин билдирет.
Мекен темасындагы ажайып ырларын өзгөчө мукам үн менен ырдап жүргөн таанымал ырчы Султан Каримов катуу ооруп калыптыр деген кабар ар бир мекендешибизди кабатыр кылып, анын тезирээк айыгып кетүүсүн тилеп турган учурубуз. Тагдырга не деп болот, кечээ эле сахнада булбулдай сайрап жүргөн элдик инсан бүгүн мамлекеттин, жалпы коомчулуктун жардамына муктаж болуп олтурат. Жазуучу М.Каримовдун блогу. Өлкөнүн намысын маданият, музыка, көркөм өнөр жагынан коргогон инсандарга бийлик тарабынан буга чейин жасалып келген мамиле абдан ойлондурат. Читать дальше...
Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча иштеп жаткан конституциялык кеңешме бүгүн, 26-январда Бишкекте кезектеги жыйынга чогулат. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, талкуу Улуттук илимдер академиясында болот. Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев 22-январда учурда кыргыз тилинде жазылган долбоор орусчага которулуп жатканын билдирген. Баш мыйзамдын жаңы долбоору акыркы баскычта талкууланып жатканын, ал иштелип бүтөрү менен парламентке жиберилерин айткан. Конституциялык... Читать дальше...
Кыргызстанда мурдагы вице-премьер-министрлер Аида Исмаилова жана Алтынай Өмүрбекова 26-январда суракка чакырылды. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) билдиргендей, Исмаилова 09:30га, Өмүрбекова 15:00гө Финполго чакырылган. Маалыматты Алтынай Өмүрбекова да "Азаттыкка" ырастап, чакыруу коронавирус илдетине өкмөттүн даярдыгынын чабалдыгы боюнча ишке байланыштуу экенин айтты. Финполиция 2020-жылдын октябрында коронавирус пандемиясы учурундагы гуманитардык... Читать дальше...
Коронавирус пандемиясы маалында дүйнөдөгү өзгөчө бай он кишинин байлыгы андан ары көбөйүп, ал эми 500 миллиондой адам жакырчылыкка кептелип, кедей-кембагалдар каржылык мүшкүлгө ого бетер белчесинен батты.
Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды бошотууну талап кылган кийинки нааразылык акциялары 31-январда өтөт. Бул тууралуу Навальныйдын аймактык штабдан түйүнүнүн башчысы Леонид Волков билдирди. Ал мындай Орусиянын бардык аймактарында өтчү акция 2-февралдагы Алексей Навальныйдын сотунун алдында пландалганын билдирди. «Сот жакындаганда биздин талап дагы катуураак угулат. Ал эми Москвадагылар 2-февралда сотко да албетте келишибиз керек», - деди Волков. Алексей Навальный 17-январда Берлинден... Читать дальше...
Британияда, Түштүк Африкада жана Бразилияда чыккан коронавирустун жаңы түрлөрү саламаттык сактоо тармагындагы адистерди чочутуп турган чагы. Вирустун Британияда чыккан түрүнөн өлүм-житим көбүрөөк болушу мүмкүн экени кабарланды. Евробиримдиктин бир катар мамлекеттери коронавирусту ооздуктоо иштерин катаалдатышты. Буга британ өкмөтүнүн өткөн аптанын соңунда жасаган билдирүүсү түрткү болду. Жума күнү Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавирустун Лондондо жайылган жаңы түрүнөн өлүм-житим көп болушу мүмкүн экенин билдирген... Читать дальше...
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Палатасы мурдагы президент Дональд Трампка карата импичменттин беренелерин Сенатка бүгүн жөнөтөт. Мурдагы президентке ушул жылдын 6-январында тарапташтарын Капитолийге чабуул коюуга шыкактаган деген айып коюлууда. 13-январда демократтар көзөмөл кылган Өкүлдөр Палатасынын көпчүлүк мүчөлөрү Трамптын импичменти үчүн добуш беришкен. Эми Сенатта бул маселе өтүш үчүн Республикалык партиянын кеминде 17 мүчөсү демократтардын бул сунушун колдошу керек. Дональд Трамп АКШнын тарыхында... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин регламентине өзгөртүү киргизүү боюнча парламенттин үч депутаты сунуш кылган мыйзам долбоору юристтердин сынына кабылды. Коомдук талкууга коюлган документке ылайык, айрым долбоорлорду Жогорку Кеңеш дароо эле үч окууда кабыл алса болот жана ал элдин талкуусуна да чыгарылбайт. Авторлор муну Кыргызстанда жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин ага мыйзамдарды шайкеш келтирүү аракети менен түшүндүрүштү. Юристтердин кабатырлыгы Юристтер коомчулугу «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам... Читать дальше...
25-январда Саламаттык сактоо министрлигинин алдына коронавирустан жакындары каза болгондор пикетке чыгышты. Алар башкы пульмонолог Талантбек Сооронбаев менен министрдин орун басары Мадамин Каратаевдин кызматтан кетишин талап кылышты. Ал эми Сооронбаев менен Каратев алардын дооматын четке кагууда.
25-январда Ысык-Көлдө «Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутатынын» Мектеби өз ишин баштады. Бул Мектепте билим алганы өлкөнүн булуң-бурчунан келген кыз-келиндер 11-апрелде өтчү жергиликтүү шайлоодо багын сынап көрүшөт. 50 кыз-келин Мектепке катышуу үчүн өткөрүлгөн конкурста тандалып алынган. Мектептин максаты – жигердүү аялдардын, анын ичинде кыз-келиндердин элеттик муниципалитеттердеги жергиликтүү кеңештерге депутат болуп шайлануу укугун ишке ашырууга көмөктөшүү. 27 жаштагы... Читать дальше...
Башкы прокуратура 10-январдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев «Белизгейт» фактысы боюнча камалганын билдирди. Мекеменин 25-январдагы маалыматында УКМК менен Аскер прокуратурасынын биргелешкен иликтөөсүндө Сегизбаевдин күнөөлүү экени боюнча далилдер табылганы айтылат. Ал Жазык кодексинин 320-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") негизинде кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганы жазылган. Учурда сотко... Читать дальше...
23-январдан тартып Кыргызстанга учак менен келгендерден коронавирустан таза экенин тастыктаган тест талап кылына баштады.
Чуу жараткан Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупцияга байланыштуу иш Жогорку сотто кайра каралып жатат. Бул ишке айыпталып, 15 жылга кесилген мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун адвокаттары ал акталышы керектигин билдирүүдө. Учурда Сапар Исаков кайда экени белгисиз. Жогорку сотто Бишкек ЖЭБи боюнча иш жаңы ачылган жагдайлар 25-январда каралмак. Бирок тараптар айрым документтер менен таанышып чыгышы үчүн отурум 1-февралга жылдырылды. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов жагдайды мындайча түшүндүрдү. Читать дальше...
Башкы прокуратурасы президенттик шайлоодо талапкер болгон УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев "Белизгейт" фактысы боюнча кармалып, камакка алынганын билдирди. Жакындары коронавирустан каза болгондор Саламаттык сактоо министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыгышты. Беларуста өткөн дем алыштардагы бийликке каршы акциялардын жүрүшүндө 160дай адам кармалды.
Орусиянын президенти Владимир Путин Коррупцияга каршы күрөш фонду жарыялаган иликтөөдө айтылган Геленжектеги «хан сарай» ага таандык эмес экенин билдирди. Бул тууралуу Путин 25-январда студенттер менен онлайн жолугушуунун жүрүшүндө жарыялады. Анда орус президенти Кара деңиздин жээгиндеги объект ага жана анын жакындарына эч тиешеси жок экенин айтты. Ал эми иликтөөнү болсо «компиляция» (аниме-фильм) деп атады. Өткөндө оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөш фонду... Читать дальше...
26-январда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -5...-10, күндүз +2...+7, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9...-14, күндүз -2...+3, Талас жергесинде түнкүсүн -10...-15, күндүз -1...+4, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -7...-12, күндүз -3...+2, Нарын облусунда түнкүсүн -17...-22, күндүз -2...-7. Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25...-30, күндүз -10...-15° болот. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев УКМКда жети сааттан бери сурак берип жатканы жөнүндө кабар “Фейсбуктагы” баракчасында жарыяланды. Анда Сегизбаевдин күбө катары сурак берүүгө атайын кызматтын чакыруу кагазы тиркелген. УКМКнын маалымат кызматы фактыны тактап маалымат берерин билдирди. 24.kg жана kaktus.media сайттары «Белизгейт» чатагы боюнча козголгон кылмыш ишинде Сегизбаев шектүү катары өтүп жатканын жеке булактарына таянып жазды. «Азаттыктын»... Читать дальше...
Индонезиянын бийлиги мунай аткезчилиги менен алектенди деген шек менен Иранга жана Панамага таандык эки танкерди кармады. Бул тууралуу өлкөнүн Деңиз коопсуздугу боюнча агенттиги кабарлады. Кемелер Понтианак шаарындагы деңиздин жээгинде кармалган. Анда танкерлер кайсы өлкөгө таандык экенин көрсөткөн системасын өчүрүп, радио чалууга жооп берген эмес. Кемелерде экипаждын 61 мүчөсү болгон. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Саид Хатибзаде Индонезиянын бийлигинен окуя боюнча түшүндүрмө талап кылды. Читать дальше...
Улуттук статистика комитети 2019-жылы жалпы ооруган калктын динамикасын чыгарып, дарыгерге кайрылган 1,5 миллионго жакын жарандын 57% аялдар, 43% эркектер болгонун аныктады. Ооруган аялдардын 80% заара-жыныс жолунун дарттары менен катталган. Мындан тышкары эндокриндик система, тамактануунун бузулушу, зат алмашуунун начарлоосу 67,9%, шишик оорулары 67,1%, кан жана иммундук системанын бузулушу 61,7% деп эсептелген. Эркектер жана аялдар арасында шишик ооруларынын өнүгүшү да айырмаланып турат - эркектер... Читать дальше...
«Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы «Эти Бакыр Терексай» кенинде абал жөнгө салынганын кабарлады. 25-январда Терек-Сайдагы суу жана дарыя толук көзөмөлгө алынып, жергиликтүү элдин арасында түшүндүрүү иштери жүрдү. Абалды иликтөө эми мамлекеттик тармак аралык комиссияга берилди. Ага Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен Жалал-Абад облустунун жетекчилигинин өкүлдөрү кирет. Читать дальше...
«Атам кытай мыйзамдарына ишенчү, аларга анын кереги жок экен». Казактар, кыргыздар «кайра тарбия лагерлери», камактагы жакындары жөнүндө. Автор - Алина Жетигенова. Макаланын түп нускасы Настоящее время сайтында жарыяланган. «Атам кошунабызга Бээжинге арыз жазууга жардам берген» «Бүгүн атамды эскерип, кайгыга батып отурам. Кытайдын «кайра тарбия лагеринде» каза болду. Күйүтүбүздү апам же бир туугандарым менен да бөлүшө албайм, алардын тирүүсүн же өлүүсүн билбейм. Байкуштарымды көзүн жалдыратып кайра лагерге айдап кетишти бекен... Читать дальше...
Баткендин миңден ашык киши жашаган Зарташ айылында кыш сайын таза суу көйгөйгө айланат. Арыктан суу ичкен элеттиктер таң заардан суу камдап алышы керек, антпесе кошуна айылдын малы сууга түшүп, ичкенге жарабай калат. Суунун айынан кошуна айыл тургундары менен пикир келишпестиктер да болуп турат.
Улуттук статистика комитети 2019-жылдагы аялдарга карата жасалган кылмыштардын жыйынтыгын чыгарды. Комитет 2020-жылга карата катталган кылмыш иштери азыркы тапта такталып, изилденип жатканын «Азаттыкка» маалымдады. 2019-жылы 4,4 миң кылмыш жасалып, 2018-жылга салыштырмалуу 14% көбөйгөн. 2018-жылга салыштырмалуу адам уурдоо 2,3 эсе, зордуктоо 2,1 эсе, киши сатуу эки эсе көбөйгөн. 2019-жылы аялдарды мажбурлап никеге тургузууга байланыштуу 24 кылмыш иши козголуп, диний ырым-жырымдар менен нике жашына... Читать дальше...