«Facebook» компаниясы жалган маалымат таратты деген жүйө менен жапкан кыргызстандык аккаунттар жана баракчалар «Media Center» медиа мекемеси менен байланышы болгонун жарыялады. Ал мекеме экс-президент Сооронбай Жээнбековдун депутат иниси Асылбек Жээнбеков спикер болуп турган кезинде анын басма сөз катчысы болгон Нуркан Керимбаевге таандык. Экс-спикердин жакыны иштеткен сайт менен фейктердин байланышы «Facebook» Кыргызстанда жалган маалымат тараткан жүздөгөн аккаунттарды жапканын маалымдаган баяндама таратты. Читать дальше...
Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин төрагалыгына Фижи аралынын өкүлү Нажат Шамим Хан шайланды. Тынч океандагы архипелагдын Женевадагы элчиси Хан кеңештин 47 мүчөсүнүн 29унун добушун алды. Эми бир жыл бою Улуттар Уюмунун адам укуктары жаатындагы органын жетектейт. Британияда билим алган Нажат Шамим Хан өз өлкөсүндө судья болуп эмгектенген. Аны менен бирге БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин төрагалыгына Өзбекстан жана Бахрейндин элчилери ат салышкан. Бир катар укук коргоо... Читать дальше...
Орусия «Ачык асман» боюнча келишимден чыгуу жараянын баштады. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Анда расмий Москва буга себеп катары АКШнын былтыркы келишимден чыгуу боюнча чечимине шилтеме берген. Орусия Кошмо Штаттар «Ачык асман» келишиминен «ойдон чыгарылган шылтоону» бетке кармап чыгып кеткенин билдирген. Москва ошондон кийин бул долбоорду колдоо үчүн сунуштарды башка мамлекеттер колдобогонун билдирүүдө. АКШ 2020-жылдын ноябрь айында 18 жылдан бери күчүндө болуп келген... Читать дальше...
Нидерланддардын Марк Рютте жетектеген өкмөтү кызматтан кетти. Буга балдары үчүн мыйзамсыз түрдө жөлөкпул алып жүргөн деп айыпталган миңдеген ата-энелерге байланыштуу жаңжал себеп болду. Бул маселени иликтеген парламенттик комиссия өкмөттүн маалыматы туура эмес экенин жана ата-энелер мыйзам бузбаганын аныктаган. Комиссия өкмөттүн күнөөсүнөн улам миңдеген жарандар мурда алган жөлөкпулдун акчасын кайрадан мамлекетке төлөп бергенин, алардын айрымдары бул кырдаалдан улам кыйынчылыкка туш болгонун иликтеп чыкты. Читать дальше...
Ирандын Куралдуу күчтөрү баллистикалык ракеталарды колдонуу менен сыноолорду өткөрдү. Бул АКШ менен өзөктүк программанын алкагында пикир келишпестик күчөп турган учурга туш келди. Машыгуунун алкагында 15-январда Ирандын мамлекеттик телеканалдары Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскерлери бир нече баллистикалык ракета учурганын кабарлашты. Тегеран кийинки күндөрү аскердик даярдыгын күчөттү. Буга өлкө бийлигинин АКШ менен мамилеси начарлап, чыңалуу күчөп кеткени себеп болду. Ушул аптанын... Читать дальше...
2017-жылы 16-январда «Гонконг–Бишкек-Стамбул» багытындагы түркиялык компанияга таандык учак “Манас” аэропортунун жанындагы Дача СУ айылына кулап түшкөн. Кырсыктан 39 адам көз жумган, анын төртөө экипаждын мүчөсү болгон. Окуядан кийин айылды көчүрүү маселеси айтыла баштаган. Дача СУнун жашоочуларынын айтымында, төрт жыл мурдагы кырсык менен чогуу өкмөттүн убадалары дагы унутула баштады.
Улуттук демократиялык институту (NDI) уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) менен кызматташтыгын токтотту. Президенттик шайлоого байланыштуу дебаттарды каржылаган америкалык мекеме буга саясий беттештер бейтарап өткөрүлбөгөнүн жүйө келтирди. КТРКнын жетекчилигинин позициясы башкача. Каттан чыккан кабар Эл аралык мамилелердин Улуттук демократиялык институтунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү (NDI – УДИ) менен КТРКнын ортосундагы келишпестиги социалдык тармакка жарыяланган каттан улам белгилүү болду. Читать дальше...
10-январдагы президенттик шайлоодо жана референдумда жарандар кандай добуш беришти? Мурдагы шайлоолордогу көрсөткүчтөр менен окшоштук, айырмачылыктар барбы? “Азаттыктын” түшүндүрмө видеосун көрүңүз.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев грыжадан, жүрөк жана башка оорулардан жабыркап, дарыланууга муктаж. Адвокаттар аны абактан чыгарууну соттон өтүнүштү. Кримтөбөл Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобунун дагы бир мүчөсү кармалды. Таанымал ырчы Самара Каримованы Оштогу музыкалык окуу жайдын жамааты кабыл албай жатат.
Дүйнөдө коронавирустун улам каза болгондор 2 миллион адамга чамалап калган учурда вируска каршы эмдөөнүн мааниси артып баратат. Жон Хопкинс университетинин санагы боюнча, 14-январга карата дүйнөдө коронавирустан каза болгондор 1 миллион 996 миң адамдан ашты. Учурда Жаңы жыл жана Рождество майрамдарынан соң вирус жугузгандар көбөйүп жатат. Германиянын саламаттык сактоо агенттиги 15-январда өлкөдө дагы 22 миңден ашык адам вирус жугузганы аныкталып, жалпысынан бул оору жуккандар эки миллиондон ашканын билдирди. Читать дальше...
АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден коронавирус пандемиясынын кесепетин жоюуга багытталган планын жарыялады. Ал 20-январда ант берип кызматка расмий киришет. Кошмо Штаттар өпкөнү сезгенткен илдет жуккан жана андан көз жумган адамдардын саны жагынан дүйнөдө биринчи орунда турат. Жо Байден баасы 1,9 триллион долларга бааланган планын ант берип, кызматка расмий киришкен күндөн тартып ишке ашырууга убада берди. Ал бейшембиде Делавер штатында сүйлөп жатып, Кошмо Штаттар пандемия шартында чукул жардамга муктаж экенин айтты. Читать дальше...
Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматы 12-январда Исфана шаарынан Бишкекке «Мерседес-Бенц Спринтер» кичи автоунаасында жүргүнчү катары жөнөгөн адамды кармаган. Тинтүү учурунда анын жанынан өзгөчө жыты бар, желим баштыкка оролгон 1 кг 600 граммдан ашуун күрөң түстөгү зат - нашаа алынган. Шектүү Ош облусунун Кара-Суу районунун 32 жаштагы тургуну Н. А. болуп чыккан. Баңгизат Жазык кодексинин 267-беренеси («Баңгизат каражаттарын, психотроптук... Читать дальше...
Дүйшөн Жуманазаров кыз-келиндер күрөшү боюнча бир нече эл аралык мелдештердин байге ээлери Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызынын биринчи машыктыруучусу. Мээримдин атасы. Бул балбан кыздар жакында эле Сербияда өткөн Дүйнө кубогунда алтын жана коло байге алып келишти. Машыктыруучу сегиз жылдан бери Таластын ар кайсы айылындагы кыздарды топтоп, таптап жүрөт. Балбан кыздарды өз үйүндө жашатып, кыздардын мелдештерин каржылайт. Тогуз кыздын атасы спортчу кыздар кабылган стереотиптерди жеңип, колдоо көрсөткүсү келет.
Караколдогу чаңгы базасында өспүрүмдүн өлүмүнүн чоо-жайы иликтенүүдө. Казакстандык 13 жаштагы өспүрүм 10-январда эс алууга барганда каза тапкан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чек арадан мыйзамсыз өтүү үчүн кызмат адамына пара берип жаткан жеринен чет өлкөлүк эки жаранды Мамлекеттик чек ара кызматы менен чогуу кармады. Алар мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында кармалышты. Азырынча кармалгандар кайсы өлкөнүн жараны экени жашыруун. Иликтөө иштеринин натыйжасында кармалган адамдардын бири Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерине К.А. аттуу жергиликтүү тургунду ортомчу кылып... Читать дальше...
Бул тууралуу «Клооп» өзүнүн сайтына 15-январда жазды. Маалыматка караганда, «Клооптун» байкоочулары 10-январдагы шайлоодо 1500дөн ашуун мыйзам бузуу фактыларын катташкан. «1500 мыйзам бузуунун 400дөн ашууну - добуштардын купуялыгы бузулушуна байланыштуу. Мында участкалык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү добуш берүү кабинасынын жанына туруп алган же шайлоочу үчүн өздөрү бюллетенди үкөккө таштаган учурлар көп катталды. Андан кийин добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү үкөктөрдүн иши үзгүлтүккө учураган 357 учуру катталган. Читать дальше...
Түндүк Корея Пхеньянда өткөн аскердик парадда суу алдындагы кемелер үчүн жасалган баллистикалык ракетаны эл алдында алып чыкты. Мамлекеттик маалымат каражаттары бул ракетаны «дүйнөдөгү эң кубаттуу курал-жарак» катары мүнөздөштү. «Reuters» агенттиги түндүк кореялык маалымат каражаттары жарыялаган кадрларга таянып, «Пуккыксон-5» ракетасы жөнүндө сөз болуп жатышы мүмкүн экенин жазып чыкты. Бул былтыркы парадда көрсөтүлгөн курал-жарактын жаңыртылган версиясы. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын катышкан... Читать дальше...
15-январь күнү түшкө жуук Кадамжай районунун аймагында №5 карьер тилкесинде жайгашкан көмүр шахтасында белгисиз себептерден улам жарылуу болуп, топурак кулаган. Натыйжада көмүр казып жаткан бир адап топурак алдында калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына ылайык топурак алдында калган адам Ош облусунун Ноокат районунун Додон айылынын тургуну экени аныкталды. Окуя болгон жерге ӨКМдин мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунан тогуз куткаруучу жиберилди. Учурда издөө иштери жүрүп жатат. Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын тоолуу райондорундагы жолдордо кар көчкү түшүп, кар күрткүсү болорун эскертүүдө. Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, тайгак жолдо коопсуздукту сакташ үчүн автоунаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбоого тийиш. 16-январда өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1... Читать дальше...
АКШнын шайланган президенти Жо Байден коронавирус пандемиясынын кесепетин жоюуга багытталган планын жарыялады. 20-январда ант берип кызматка киришкени жаткан Байдендин планына ылайык, экономиканы сактоого дээрлик эки триллион долларга жакын акча жумшалат. Анын алкагында коронавируска каршы эмдөө, тест жүргүзүү өңдүү чараларга 400 миллиард доллар берилет. Ошондой эле социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйүп, жардамга муктаждарга 1400 доллардан берилет. Жумушунан айрылган адамдар ушул жылдын сентябрь айына... Читать дальше...
Маданият министрлиги мамлекеттик маданий мекемелерде фонограмма менен концерт берүүгө тыюу салууну сунуштады. Демилге маданий чөйрөдө ар кандай талкууланып, айрымдар бул сапаттуу музыканы өнүктүүгө аракет, күйөрмандын укугун коргоо десе, айрымдар чыгармачылыкты чектөө катары баалап жана андай кадамга барууга азырынча техникалык мүмкүнчүлүк жок экенин эске салышты.
Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасы Мажилистин жаңы чакырылышы ишин баштады. Жетинчи чакырылыштагы парламенттин алгачкы сессиясында президент Касым-Жомарт Токаев сөз сүйлөдү. Анда президент өлкөдө парламентке өтүү босогосун жети пайыздан беш пайызга төмөндөтүү, сот системасын реформасын аягына чыгаруу сыяктуу билдирүүлөрдү жасады. Жыйындын жүрүшүндө Мажилистин спикерлигине Нурлан Нигматулин кайрадан шайланды. Буга чейин анын талапкерлигин Казакстандын мурдагы президенти, «Нур-Отан» партиясынын... Читать дальше...
Индонезиянын Сулавести аралындагы жер титирөөдөн 34 киши каза болуп, 50дөн ашуун адам жабыркады. АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматы боюнча, силкинүүнүн күчү 6,2 баллга чейин жеткен. Таңга маал болгон бул окуядан улам миңдеген адамдар үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. Өлкө бийлигинин маалыматы боюнча, зилзаладан улам жер көчүп, 60дан ашык үйдү, эки мейманкананы, провинциянын губернаторунун кеңсесин басып калган. Жергиликтүү метеорологиялык агенттик жер кайра силкиниши мүмкүн экенин эскертүүдө. Читать дальше...
Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматтын (Финпол) Сокулук жана Москва райондорундагы бөлүмдөрүнүн кызматкерлери коронавирустун жоктугун билдирген ПЦР тесттердин жасалма корутундусун даярдап жүргөн кылмыш тобун аныктады. Бул факт бирдиктүү реестрге Кылмыш кодексинин 359-беренеси ("Документтерди жасоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылган. Финполдун басма сөз катчысы Анастасия Пискурдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, мындай жасалма корутундулар 1-2 сааттын ичинде берилген... Читать дальше...
Пандемияга байланыштуу быйыл чет элдик туристтердин жоктугунан Ысык-Көлдөгү мейманкана бизнеси артка кетти. Кышкы туризмге ылайыкташкан ишкерлер да мурдагыдай эл жоктугун, бир нече мейманкана жабылууга мажбур болуп жатканын айтышууда. 80 миң калк жашаган Каракол шаарында эле 80ден ашык мейманкана бар, демек атаандаштык да күч.