Вопросы цифровой гигиены обсудили в аппарате омбудсмена Подмосковья Фаевской

В Азове сняли оцепление на улице Московской

На востоке Москвы произошел сильный пожар на стройке

ЦППК назначит дополнительные остановки поездам на Вербное Воскресенье и Пасху



World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Январь
2021

Новости за 14.01.2021

Azattyk.org 

Муфтият: Бир жылда имамдар 15 миңден ашык нике кыйды

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын бирдиктүү шарияттык нике каттоо журналына 2020-жылы 15 119 үй-бүлө катталды. Муфтияттын басма сөз кызматы 15-январда билдиргендей, журналга каттоодо имамдарга нике кыйыла турган түгөйлөрдүн паспортун талап кылуу талабы коюлат.  Документке ылайык, 18 жашка толгон жарандарга гана шарияттын негизинде нике кыйылат.  Нике каттоо журналын киргизүү тууралуу муфтий Максатбек ажы Токтомушев сунуш кылып, 2019-жылдын июнунда ишке киргизилген. Журнал муфтиятка... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте “Адамдын эмгектен улуу тиреги жок” деген көргөзмө уюштурулууда

Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада бүгүн, 15-январда  “Адамдын эмгектен улуу тиреги жок” аттуу китеп-сүрөт көргөзмө жана чыгармачылык кече өткөнү жатат.   Саат 14.00гө белгиленген иш-чара филология илимдеринин доктору, академик Абдылдажан Акматалиевдин 65 жылдык мааракесине арналган. Бул тууралуу Улуттук китепкананын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, китеп-сүрөт көргөзмөдө Акматалиевдин китептери, эмгектери, ал жөнүндө жазылган макалалар, гезит-журналга чыккан материалдар жана сүрөттөр коюлат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте абанын булганышы кайрадан кооптуу чектен ашты

Дүйнөнүн чоң шаарларындагы абанын сапатын иликтеген «World Air Quality» уюму орноткон жабдыктар Бишкекте абанын булганышы кооптуу чектен кайрадан ашканын көрсөтүүдө. Аталган уюмдун сайтындагы маалыматка караганда, 15-январга караган түнү баш калаада абанын сапатынын индекси (AQI) 419 болду. Шаар четиндеги Орок айылында 449, Новопокровкада 402ден ашты. Абанын булганышы боюнча Бишкек азыр Ооганстандын борбору Кабул шаарынан кийинки экинчи орунда турат. Өткөн аптада Бишкектин тегерегинде индекс 1000ге жеткен. Читать дальше...

Azattyk.org 

Адвокат Алмазбек Атамбаев дарыланууга муктаж экенин айтууда

Бир нече кылмыш иши боюнча айыпталган мурдагы президент  Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу дарыланууга муктаж. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Анын айтымында, мурдагы президенттин омурткасынан эки грыжа табылгандыктан, ал көпкө чейин отура албайт.  Мындан тышкары жүрөк жана башка оорулардан жабыркайт. Жоошев Атамбаевге операция талап кылынабы же жокпу, дарыгерлер аныктоого тийиш экенин, бирок анын саламаттыгын жакшыртуу үчүн толук кандуу дарылоодон өтүшү керектигин кошумчалады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальныйды камай турганын билдирди

Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды сот жыйынына чейин эле кармоо үчүн бардык чараларды көрө турганын 14-январда билдирди. Мындан бир нече күн мурда Навальныйга федералдык издөө жарыяланган. Андан көп өтпөй 44 жаштагы Навальный ушул жума соңунда Германиядан Орусияга кайтарын айткан. 12-январда Орусиянын Федералдык Жаза аткаруу кызматы Москвадагы Симоновский райондук сотуна Навальныйга карата шартуу сот жазасын реалдуу жазага алмаштыруу боюнча доо арызы менен кайрылды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ноокатта эрте нике үчүн молдо шарттуу соттолду

Ош облусунда 16 жаштагы кызга нике кыйган молдо үч жылга шарттуу соттолду. Облустук соттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, райондук сот нике кыйган жаранды үч жылга эркинен ажыратып, кайра мунапыстын негизинде жазадан бошоткон. Мыйзамда жана муфтияттын жобосунда жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салынганына карабай, молдолордун мындай ишке барган учурлары катталып келет. Бирок имамдар соттолуп, жазага тартылган учурлар сейрек. Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылында 16 жаштагы секелек... Читать дальше...

Azattyk.org 

Месерич: Шайлоо өнөктүгү бир адамдын айланасында болду

Эл аралык байкоочулардын көзү менен Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана референдум кандай өттү? Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча кеңсесинин байкоочулар миссиясынын жетекчиси Тамаш Месерич “Азаттыкка” маек курду.

Azattyk.org 

Ош милициясы Өзгөндөгү соода түйүндөрүн кылмыштуу топтор басып алды деген маалыматты төгүндөдү

Өзгөн шаарындагы базарда «соода түйүндөрүн «каралар» басып алууга аракет кылып жатат» деген тасманы Ош облустук милициясы төгүндөп, окуя иликтенип жатканын жана кылмыштуу топтордун аралашуусу такталбаганын «Азаттыкка» билдирди. МаалыматӨзгөн райондук ички иштер башкармалыгына 14-январь күнү келип түшкөн. Тергөө тобу барган учурда эки ишкер өз ара кайым айтышканы маалым болгон. Бул факт Жоруктар кодексинин 119-беренеси («Майда бейбаштык») менен тергелүүдө. «Эч кандай башка маселе болгон эмес.... Читать дальше...

Azattyk.org 

«Фейсбук» кыргыз фейктеринин бир тобун «кырды»

“Facebook” компаниясы 12-январда жарыялаган баяндамасында Кыргызстанда жалган маалыматтарды таркаткан жүздөгөн аккаунттарды жапканын билдирди. Компания түшүндүргөндөй, медиа-консталтингдерде мурда-кийин иштегендерге байланышы бар, өлкөнүн ички аудиториясына багытталган “Facebook” социалдык тармагындагы 193 аккаунт, 246 баракча, 50 тайпа жана “Инстаграмдагы” 30 аккаунтту камтыган түйүн жок кылынды. Бир же андан көп баракчага 85 миңдей аккаунт катталган. 39 миңдей аккаунт группалардын жок дегенде бирине кошулган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Премьер-министрликти тапшыруу жөнүндө талап

Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенге чейин премьер-министрдин ыйгарым укуктарын тапшырышына байланыштуу талаш келип чыкты.  «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Баш мыйзамдын талабы боюнча Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенге чейин премьер-министрлик ыйгарым укуктарын тапшырып бериши керек экенин жарыялады. Текебаев эгерде Садыр Жапаров өкмөт башчылыкты өткөрүп бербей туруп президенттикке ант берсе, анда Баш мыйзам бузула турганын эскертти. Бирок өкмөттүн басма... Читать дальше...




Azattyk.org 

AI Тоолуу Карабак чатагындагы карапайым тургундардын өлүмүн иликтөөгө чакырды

«Эл аралык мунапыс» (AI) уюму Армения менен Азербайжанды Тоолуу Карабактагы кагылышуулар маалында калк жыш жайгашкан райондордо куралдын иретсиз колдонулушун иликтөөгө чакырды. Лондондо жайгашкан уюм 13-январда жарыялаган отчётунда тараптар эл аралык гуманитардык укук нормаларын бузуп, ошондон улам ондогон адамдар каза болуп, жүздөгөн карапайым кишилер жарадар болгонун жазган. Баяндамада далилдердин бар экенине карабастан, эки тарап тең калк жыш жайгашкан райондорду туш келди аткылабаганын жана... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Райым миллиондун" өкүл баласы миллионду кайдан тапты?

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун өкүл баласы, Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов казынага 1 миллион сом төлөп, үй камагына чыкты. Студенттер Интернет аркылуу Садыр Жапаровго кайрылып, контракт акысын азайтууну суранып жатышат. Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун эксперттери коронавирустун кайдан чыкканын иликтөө үчүн Кытайга келишти. COVID-19 вирусу алгачкы жолу былтыр жыл этегинде Ухань шаарында катталган.

Azattyk.org 

Индонезияда байыркы сүрөт табылганы кабарланды

Археологдор Индонезиядагы үңкүрлөрдүн биринин дубалынан 45 500 жыл мурда тартылган сүрөттү табышканын билдиришти. 13-январда «Science Advances» журналында жарыяланган макалада жазылгандай, Сулавеси аралынын алыскы өрөөнүндө табылган сүрөттө жапайы чочко тартылган. «Бул сүрөттү тарткан адамдар заманбап болушкан жана аларда биздикиндей эле сүрөт тартуу жабдыктары болгон», - дейт Австралиядагы Гриффит университетинин илимпозу Максим Оберт. Бул сүрөт - адам тапкан эң байыркы искусство эмес. Түштүк... Читать дальше...

Azattyk.org 

Можахеддер өлтүргөн кыргыз мугалим

Аты-жөнү да, өӊү-түсү да тажикке окшош болгону менен каны-жаны нукура кыргыз Гафуржан Хоркашовдун чынчыл инсан, таанымал педагог, чыныгы коммунист экенин Тажикстандын Жерге-Тал райондук гезитинде 1984-1988-жылдары иштеп жүргөнүмдө билип калган жайым бар. Ал Дүйшөмбү шаарындагы Мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөндөн кийин Жерге-Тал районундагы мектептерде кыргыз жана тажик тилдеринде географиядан сабак берген. Мектеп деректири, элге билим берүү бөлүмүндө усулдук кабинет башчысы, мугалимдердин кесиптик кошуунунун төрагасы болуп иштеген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Эркебаев: Жапаровду ачык, түз кеңеш берип колдошубуз керек

Жаңы шайланып келаткан президент Садыр Жапаров бийликке келгенде кандай жагдайларды эске алышы керек, кандай кемчиликтерден арылып, кайсы ишке маани бериши керек? Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев “Азаттыкка” ушул маселелердин айланасында ойлору жана кеп-кеңеши менен бөлүштү.

Azattyk.org 

АКШ Кытайдын Шинжаң аймагында өндүрүлгөн пахта менен помидорду импорттоого тыюу салынарын билдирди

АКШнын Бажы жана чек ара кызматы 13-январда билдиргендей, Шинжаңдан алынып келген пахта жана помидорлор Кошмо Штаттардын бардык портторунан кармалат. Расмий бийликтин айтымында, буга Шинжаңда мажбурланган жумушчу күчүнүн колдонулушу себеп болду. «АКШнын Ички иштер министрлиги мажбурланган жумушчу күчүн пайдалануу менен жасалган товарлардын өлкөгө алынып келишине бөгөт коет. Ошондой эле биз кытайлыктардан лагерлерди жаап, адам укуктарын бузууну токтотушун талап кылабыз», - деп билдирди Ички иштер... Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМКнын инсультка жеткирген сурагы

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жубайы Күлнара Үсөнканова атайын кызматка суракка келгенде өзүн жаман сезип, ооруканага жаткырылды. Үсөнканованын жакындары ал инсульт алганын, жандандыруу бөлүмүндө жатканын кабарлашууда.  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлагандай, Күлнара Үсөнканова 11-январда суракка келип, ошол жерде өзүн жаман сезген. УКМКнын Аскердик медициналык кызматынын дарыгерлери анын абалын карап, медициналык текшерүүдөн өтүүнү сунуш кылышкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Пара талап кылган деп шек саналган милиционер кармалды

Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери К. Н. Э 20 миң сом пара талап кылган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта кабарлангандай, ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) менен ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан 14-январда кармалды. (ZKo)

Azattyk.org 

Ноокатта 16 жаштагы кызга нике кыйган молдо жазадан бошотулду

Ош облусунун Ноокат районунда 16 жаштагы кызга нике кыйган деп айыпталган молдону райондук сот үч жылга эркинен ажыратып, мунапыстын негизинде жазадан бошотту. Бул тууралуу маалымат Сот актылары жана отурумдары сайтына жарыяланды. Документке ылайык, окуя 2018-жылдын 20-октябрь күнү Ноокат районунун Жандама айылында болгон. 35 жаштагы молдо 16 жаштагы кыз менен 20 жаштагы жигитке нике кыйган, алардын паспортторун караган эмес, нике кыйганы тууралуу маалыматты каттоо китепчесине жазбай койгон. ... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкектеги мектептердин мугалимдери медициналык кароодон өтүшөт

18-январда мектептерде салттуу окутуу жанданганга чейин мугалимдердин баары медициналык текшерүүдөн өтөт. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. Ага ылайык, эгер дарыгерлер мугалимдерден коронавирустун белгилерин байкаса, алар ПЧР тест тапшырууга жиберилет. Ушундай эле текшерүүдөн бала бакчалардын тарбиячылары, мугалимдери жана бала кароочулары да өтөт. Мындан тышкары окуу башталганда күн сайын балдардын жана мугалимдердин дене табы текшерилип турат. ... Читать дальше...

Azattyk.org 

Алайкууга бир метрдей кар жаады

14-январга караган түнү Алайкуу өрөөнүндө калың кар жаады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир күн мурдагы маалыматка таянып, кардын калыңдыгы 70 см экенин билдирди. Жергиликтүү тургундар Ой-Тал айыл өкмөтүндө кар бир метрге, Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагында 70-80 сантиметрге жеткенин кабарлашты.  Расмий маалыматка ылайык, түндө шамалдан улам Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда кар күрткүсү пайда болгон. Жол жабылып, тазалоо иштерине №26 жол тейлөө ишканасынан алты техника тартылган. Кар көчкү... Читать дальше...

Azattyk.org 

ДССУ: Вакцина менен кошо эле вирустун жаңы типтери пайда болуп жатат

Акыркы жылы коронавируска каршы вакциналар иштелип чыкты. Ошол эле учурда вирустун өзгөргөн, күч алган жаңы типтери пайда болуп жатат. Бул маалыматты Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Европадагы аймактык бюросунун жетекчиси Ханс Клюге бүгүн, 14-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, былтыр аймакта 26 миллиондон ашуун адам коронавируска чалдыкса, жыл башынан берки бир эле жумада 1,8 млн. адам COVID-19 вирусун жугузганы белгилүү болду. Ханс Клюге оору азая баштаган... Читать дальше...

Azattyk.org 

Италияда мафияга байланышкан ири сот жараяны башталды

«Ндрангета» деп аталган мафиялык топтун үстүнөн башталган сот жараяны соңку 30 жылдагы эң ири процесс болуп калганы турат. Ага ылайык, 355 адамдын үстүнөн козголгон сот ишине 900дөн көп күбө, 400 адвокат тартылды. Эң негизги фигурант - кландардын биринин башчысы, «Аке» деген ысым менен таанымал 66 жаштагы Луижи Манкузо. Соттолуучуларга баңгизатты мыйзамсыз соодалоо, киши өлтүрүү, уурулук, каржылык махинация, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу сыяктуу ондогон айыптар коюлуп жатат. Мафияга... Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Ru24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Ru24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Ru24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Свыше 4,6 тыс. человек получили новые квартиры в Измайлове по программе реновации

Тайный бизнес Ильича

Форум для частных инвесторов “II Ярмарка эмитентов” пройдёт 18 мая в Москве

На месте будущей школы в подмосковном ЖК «Люберцы» заложили капсулу времени

Музыкальные новости

Суд рассмотрит 25 апреля протокол на Ивлееву за дискредитацию ВС России

Предложения АИРР поддержала комиссия Госсовета

Звезды шоу-бизнеса Эвелина Бледанс, Костя Дзю, Катя Лель, Катя Гордон примут участие в церемонии награждения премии «PERSONO года 2024»

SHOT: Россиянке изуродовали лицо во время неудачной блефаропластики в Азербайджане

Новости России

На активы и счета Тимура Иванова, его жены и детей наложили арест

Москвичи смогут бесплатно парковаться во время майских праздников

Четыре поезда экспресса «Рязань – Москва» отремонтировали

На месте будущей школы в подмосковном ЖК «Люберцы» заложили капсулу времени

Экология в России и мире

Всероссийский субботник пройдет на территории сервисного локомотивного депо «Москва-Сортировочная» 27 апреля!

Российскую туристку запугали опасностями в Узбекистане, но она все же решила проверить и поехала

Самые нежные образы на эту весну

585*ЗОЛОТОЙ» дарит украшения за установку мобильного приложения

Спорт в России и мире

Мирра Андреева замыкает год // 16-летняя российская теннисистка успешно стартовала на крупном турнире WTA в Мадриде

Пятая ракетка мира Пегула не выступит на турнире WTA 1000 в Мадриде

Камбэком обернулся матч вундеркинда из России перед стартом Еленой Рыбакиной в Мадриде

Соболенко: я предпочитаю смотреть мужской теннис, а не женский

Moscow.media

Япония потребовала от Google исправить ограничения в рекламе

Дубненского отдела вневедомственной охраны Главного управления Росгвардии по Московской области, который тренирует юных тхэквондистов.

Разработчик гиперконвергентной платформы vStack и «Системный софт» подписали соглашение о партнерстве

Директор Благотворительного Фонда «Провидение» Елена Осипова стала финалистом премии «Россия - страна возможностей»











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Свыше 4,6 тыс. человек получили новые квартиры в Измайлове по программе реновации

Четыре поезда экспресса «Рязань – Москва» отремонтировали

Форум для частных инвесторов “II Ярмарка эмитентов” пройдёт 18 мая в Москве

Мужчина из приложения для знакомств убил москвичку и закопал ее тело на даче