Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогу 12-декабрда башталып, Мээрим Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмакта финалда чехиялык Адела Ханзликованы 8:2 эсебинде жеңген.
Киев менен Кишинёв өз ара алакаларды жандантууну макулдашты. Эки өлкөнүн мамилеси Молдовада орусиячыл саясатчы Игорь Додон президент болуп турганда салкындап кеткен эле. 12-январда Киевге расмий сапар менен барган Молдованын жаңы президенти Майя Санду Украина менен кошуналык, достук мамилени чыңдоого ынтызар экенин айтты. Санду өткөн айда ант берип кызматка расмий киришкен. Бул анын мамлекет башчы катары чет өлкөдөгү алгачкы расмий сапары болуп калды. Санду украин президенти Владимир Зеленский... Читать дальше...
Ош шаардык сотунда бүгүн, 13-январда Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун бөгөт чарасы каралууда. Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча сотко чейинки башталган териштирүү ишинин алкагында 11-январда кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлаган. Маалыматта Савай айылындагы орто мектепке салынган спорт залдын курулушунун суммасы 1 млн. Читать дальше...
Орусиялык оппозиционер, Коррупция менен күрөш фондунун жетекчиси Алексей Навальный Орусияга кайтып баратканын соцтармактар аркылуу билдирди. Германияга ага кол салуу болгондугу үчүн эс-учун жоготкон абалда жеткирилгенин, мекенине кайтуу же кайтпоо маселеси эч качан турбаганын айткан саясатчы 17-январга Москвага билет алганын кошумчалады. Навальный былтыр августта Томск-Москва учагында бараткан жеринен өзүн жаман сезип, Омск шаарында ооруканага жеткирилип, ошол жактан Берлиндеги клиникага которулган. Читать дальше...
Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 13-январга белгиленген териштирүүгө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев келген жок. Сотко анын жүрөк оорусу жана омурткасында дарты бар экендиги тууралуу №47 абактан медициналык тастыктама жиберилген. Буга байланыштуу Алмазбек Атамбаев айыпталып жаткан үч иш боюнча соттук отурум болгон жок. Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев мындан ары Атамбаевдин ишин өзүнчө бөлүп кароо тууралуу өтүнүч сотко берилерин «Азаттыкка» билдирди: «Мыйзам боюнча айыпталып жаткан адам саламаттыгына байланыштуу сотко катыша албаса... Читать дальше...
14-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу аймактарына кар жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат. Абанын температурасы: Баткен облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз +5...+10, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -2...-7, күндүз +5...+10, Талас жергесинде түнкүсүн -8...-13, күндүз +5...+10... Читать дальше...
Бириккен Араб Эмираттарынын жана Кыргызстандын Улуттук кызыл ай коомунун өнөктөштүк долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунда ата-энесинен ажыраган 82 балага жалпы суммасы үч млн. сомдук жардам берилди. Ата-энесинен ажыраган балдардын тизмесин уюмга облустук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тактап берген. Маалыматка ылайык, акчалай көмөк чыныгы муктаж балдарга жетишин камсыз кылуу максатында каражаттар ар бир балага банк эсеби аркылуу которулган. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматына караганда... Читать дальше...
АКШнын вице-президенти Майк Пенс Конституциянын 25-түзөтүүсүнө таянып, президент Дональд Трампты кызматынан кетирүү жараянын баштабай турганын билдирди. «Андай аракет өлкөбүздүн кызыкчылыгына, Конституцияга төп келет деп эсептебейм», деп айтылат Пенстин Өкүлдөр Палатасынын спикери Нэнси Пелосиге жазган катында. Вице-президент Трампты ыйгарым укуктарынын аягына сегиз күн калганда кызматтан кетирүү тууралуу чакырыктарды «саясий оюн» деп атады. Ал мыйзам чыгаруучуларды «коомго ого бетер жик салышы мүмкүн болгон аракеттерден карманууга» үндөдү. Читать дальше...
Коронавирус пандемиясына байланыштуу сырттан келген жардам тегиз бөлүштүрүлдүбү? Эл арасында айтылган жардамды таркатуудагы коррупциялык иштерге байланыштуу сөздөр канчалык чындыкка жакын? Мурдагы өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги канчалык? Ушул жана башка өңүттөгү суроолорго саламаттык сактоо боюнча эксперт Айбар Султангазиев жооп берди. - Буга чейин мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана анын тушунда иштеген саламаттык сактоо тармагына тиешеси бар адамдар суракка чакырылды эле.... Читать дальше...
Кыргызстандын президенттик кызматына талапкерлигин койгон Клара Сооронкулова үгүт маалында каржылык жана коопсуздук маселелеринен улам аймактарга чыгып эл менен жолугуша албаганын билдирди. Бул тууралуу ал «Азаттыктын» «2х1» программасында айтты: «Соцтармактагы баракчаларыма да жарыялап турдум, ар кандай опуза болду. Коркутуу онлайндан оффлайнга да өттү. Көчөдө баратсаң деле, таксиге түшсөң деле таанып калгандар «сен баланчага каршы чыгып атасың» деп атырылгандар болду. Ошол себептен биз корктук. Читать дальше...
АКШда шейшембиде бир күндө COVID-19 илдетинен 4500 киши өлдү. Бийлик эмдөө иштерин күчөтүп жаңы эрежелерди киргизүүдө. 26-январдан тартып өлкөгө аба жолдору менен келген кишилер, анын ичинде АКШ жарандары коронавирус жок деген тестти же оорудан айыккан деген кагазды көргөзүүгө тийиш. Дүйнөдө коронавирус 2 миллиондой кишинин өмүрүн алган болсо, алардын 380 миңи АКШга туура келет. Жонс Хопкинс университетинин маалыматына караганда, шейшембиде коронавирус дагы 235 миң кишиден аныкталды. Вирус козгогон... Читать дальше...
Беттешке чыгуучу Умар Нурмагомедов жеңилбес чемпион Хабиб Нурмагомедовдун жакын тууганы болот.
Талаа ээлери эки гол киргизип биринчи бөлүктө алдыга чыккан. Коноктор тыныгуудан кийин эсепти теңеп, беттеш 2:2 болуп жыйынтыкталган.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 13-январда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон иштер боюнча сот уланат. Атамбаевдин адвокаттары билдиришкендей, сотко мурдагы мамлекет башчы өзү катышканы жатат. Атамбаевге карата үч кылмыш иши ноябрдан бери бириктирилип каралууда. Алардын бири Кой-Таш окуясы, экинчиси Кой-Таштагы жер тилкеси менен байланыштуу. Үчүнчүсү Атамбаевге жана мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге карата козголгон Бишкек ЖЭБиндеги жемкорлук, «Терек» сурма кениндеги коррупция... Читать дальше...
Германиянын бийликтери «даркнет» ("кара онлайн базар") деп шарттуу аталган мыйзамсыз интернет соода тармагына каршы эл аралык тергөө иш-аракетинин алкагында дүйнөдөгү мыйзамсыз болгон эң ири онлайн базар жайы саналган интернет барагын жаап салды. Бул «DarkMarket” деп аталган интернет барагы интернет байланышынан ажыратылды жана Украина менен Молдовада жайгашкан 20дан ашуун сервер полиция тарабынан колго түшүрүлдү. Бул тууралуу “Европол” 12-январда маалым кылды. Колго түшүрүлгөн маалымат кампалары... Читать дальше...
АКШнын президенти Доналд Трамп 12-январда калайыкты тынч жана сабырдуу болууга чакырды. Ал 6-январдагы өзүн колдогон калайык тобунун Капитолийге жасаган чабуулу үчүн өзү эч кандай жоопкер эместиги тууралуу пикирин да билдирди. Техас штатынын Аламо шаарында 12-январда чыгып сүйлөп, Трамп: “Эми улутубуз үчүн айыгуу маалы келди, эми тынчтык жана сабырдуулук кезеңи келди”, – деп айтты. Ал мындай сөзүн АКШ Конгрессинин Өкүлдөр үйүндө өзүнө каршы демократтар сунуштап жаткан резолюция долбоорунун добушка коюлушу ыктымал болгон учурда айтты. Читать дальше...
Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө интернет соодасы аркылуу коронавируска каршы вакцина катары жалган дарыларды сатуу аракеттери күчөдү. Адатта, мыйзамсыз түрдө тезирээк эмделгенге шашкандар шылуундардын кылтагына оңой жана ыктыярдуу илинишет. Өткөн айдын соңунда Европа Биримдигинде жалган вакцина сунуштаган шылуун интернет соодагерлери чыккандыгы тууралуу санааркаткан кабарлар айтылса, 12-январда Орусияда да ушундай алдамчылар пайда болгону эскертилди. Интернет тармактарында коронавируска каршы... Читать дальше...