6-январда Жогорку сот мурдагы юстиция министри, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу ишин кайрадан караганы турат. Буга жаңы ачылган жагдайлар боюнча Салянованын адвокаттары берген арыз себеп болду. Буга чейин өлкөнүн башкы соту экс-башкы прокурорду бул иш боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан болчу. Октябрдагы бийлик алмашуудан соң “саясий жүйөсү бар” делген иштер боюнча кандай чечим кабыл алынат? Бакыт Асанов жооп издеди.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими болуп Жыргалбек Шакиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы 5-январда кабарлады. «Бийкомпакт» ишканасынын директорунун орун басары деген Жыргалбек Шакиев 41 жашта. Ал былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон. Аксы районунун мурдагы акими Эсеналы Ормоналиев... Читать дальше...
Кыргызстандын Коомдук телерадиокорпорациясы (КТРК) президенттик шайлоого талапкерлердин дебатынын үчүнчү күнүндөгү видеону "Youtube" хостингине 4-январда кайра жүктөдү. Азыр видеонун толук версиясы КТРКнын аталган хостингдеги баракчасында турат. 30-декабрда КТРКда өткөн талапкерлердин кезектеги дебатына президенттикке талапкерлер Бабыржан Төлбаев, Курсан Асанов, Равшан Жээнбеков, Улукбек Кочкоров, Жеңишбек Байгуттиев жана Абдил Сегизбаев катышкан. Дебат учурунда Сегизбаев дагы бир талапкер Садыр Жапаровду кескин сындаган. Читать дальше...
Глобалдык абанын тазалыгын иликтеген уюм 4-январга караган түнү Бишкектин абасы эң балганган шаарлардын башына чыкты. Дүйнөдө ушундай көк түтүн каптаган шаарлар көйгөйдү кантип чечим жатышат?
Тажикстанда 87 жаштагы карыя камактагы оппозициялык саясатчылардын үй-бүлөлөрүнө материалдык колдоо көрсөткөнү үчүн беш жылга эркинен ажыратылды. Дониер Набиевдин жакындары 4-январда "Азаттыктын" тажик кызматына кабарлашкандай, өкүм 29-декабрда чыккан. Алардын айтымында, Душанбе шаарынын соту Набиевди тыюу салынган «Тажикстандын Ислам кайра жаралуу» партиясынын камалган мүчөлөрүнүн туугандарына жардам бергендиги үчүн күнөөлүү деп тапты. Соттогу булак карыяга өкүм чыкканын тастыктады, бирок документтер сыр кармалганын айтып... Читать дальше...
"Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Анын ордун Айсулуу Мамашева кайра ээледи. Кыргызстанга кандай башкаруу системасы керек? Дебатта эки системанын артыкчылыктары жана кемчиликтери тизмектелди. Өзбекстанда насвай сатууга тыюу салынабы? Коңшу өлкөнүн өкмөтү насвай элдин ден соолугун бузуп, экономикага залакасын тийгизип жатканын белгиледи.
Эки апта мурун Бишкекте каза болгон жоокердин ата-энеси анын асынып алганына ишенбей, акыйкаттык издеп жатышат. 22 жаштагы Бексултан Адылбек уулу Бишкектеги №702 аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан. Ушул эле аскердик бөлүктө ага чейин дагы бир жоокер асынып алган. Ушул тапта Аскер прокуратурасы Бишкекте бир жылда эки жоокер каза болгон аскердик бөлүктү текшерип жатат.
6-январда Жогорку сот мурдагы юстиция министри, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу ишин кайрадан караганы турат.
Кыргызстанда 10-январда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоонун шарапаты менен башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтөт.
Ош шаардык соту 2020-жылдын 22-октябрдагы өкүмү менен Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимовду үй камагынан чыгарып, айыпка жыкканын 5-январда кабарлады. Маалыматка караганда, шаардык сот мурдагы аким Матраимовду «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 220 миң сом айыпка жыккан. Ош шаардык сотунун басма сөз кызматы эки ай мурдагы чечим тууралуу убагында маалымат берилбегенин аны өздөрү да кеч тактаганы менен түшүндүрдү. Былтыр 9-октябрда Ош шаардык... Читать дальше...
Британия үчүнчү ирет толук карантинге жабылды. Германияда коронавируска чалдыккандар жана бул илдеттен каза болгондор көбөйүп жатканына байланыштуу чектөөлөр узартылганы турат.
Мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого байланыштуу шайлоочулардын тизмеси толук такталды. Натыйжада добуш берүүчүлөрдүн саны соңку парламенттик шайлоого караганда 40 миң адамга көбөйдү. Жалпы саны 3,5 миллиондон ашты.
Түштүк Корея Ормуз кысыгында кармалган кемесин бошотууну талкуулаш үчүн Иранга өкмөттүк делегациясын жөнөткөнү жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы 5-январда Сеулдагы басма сөз жыйынында билдирди. Мурунку күнү Тегеран Иран революциясынын сакчылары корпусунун деңиз күчтөрү Түштүк Кореянын туусу астында сүзүп жүргөн мунай танкеринин 20 кишиден турган экипажын кармаганын маалымдаган. Кабарга караганда, «MT Hankuk Chemi» деген кеме «мунай менен деңизди булгаган» деген себеп менен токтотулган. Читать дальше...
Вашингтон шаарында президент Доналд Трамптын тарапташтарынын митингинде коомдук коопсуздук камсыз кылууга Улуттук гвардия да тартылат. Трамптын тарапташтары Конгресс президенттик шайлоонун жыйынтыгын расмий бекитип жаткан маалда нааразылык акциясына чыгарын жарыялашкан. 14-декабрда Шайлоочулар коллегиясы добуш берүүдө Жо Байден утканын ырастаганы менен президент жеңилгенин дагы эле мойнуна албай келет. Трамп дүйшөмбүдө президенттик кызматта калууга «болгон күчү менен кармашарын» билдирди. Ал... Читать дальше...
Абанын булганышын ченеген эл аралык уюмдардын көрсөткүчүндө Бишкек шаары сап башынан түшө элек. Мэрия калааны каптаган түтүндөн арылуунун жолу катары Бишкек жылуулук электр борборун газга өткөрүү жана Кара-Кече көмүрүн колдонууга тыюу салууну сунуштап жатат. Бирок ЖЭБдин жетекчилиги электр борбордун түтүнү абанын булганышынын негизги себеби дегенге кошулбайт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө түрдүү мүнөздөгү мыйзам бузуу фактылары боюнча талапкерлерден, байкоочулардан кайрылуулар түшүп жатканын билдирди. Кайрылууларга БШК, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги менен чогуу түзүлгөн Ыкчам чара көрүүчү координациялык топ өз учурунда карап, тиешелүү баа берип жатат. Ыкчам топту координациялоочу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун журналисттерге билдиргени... Читать дальше...
Президенттикке ат салышып жаткан талапкерлердин айрымдары шайлоочулардын добушун сатып алып, аларга кысым көрсөтүп, административдик ресурс колдонуп жатышат. Бул тууралуу 5-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында «Жалпы иш» коомдук фондунун өкүлдөрү билдиришти. Фонддун координатору Арсланбек Өмүрзаковдун айтымында, 25-октябрдан 28-декабрга чейин байкоо жүргүзүлүп, 53 мыйзам бузуу катталды. «Шайлоочулардын добушун сатып алуу, андан тышкары басым жасалып жатканы тууралуу арыздар келип түшүүдө», - деди ал. Читать дальше...
Орусия менен Казакстан ОПЕК+тун жолугушуусунда мунай өндүрүүнү көбөйтүүнү көздөгөнүн билдиришти. Калган мүчө-мамлекеттер коронавирустун жаңы штаммына байланыштуу күйүүчү майды керектөө кандай болору белгисиз деп камтама болгон ойлорун ортого салышты. Жыйын 5-январда уланууда. ОПЕК жана ОПЕК+ картелине кирген мунай өндүрүүчүлөр декабрда өткөн жыйында январда суткасына 500 миң баррел мунай казуу тууралуу макулдашкан. 4-январдагы кездешүүдө Орусия жана Казакстан февралда көлөмдү көбөйтүүнү сунуш кылышты... Читать дальше...
Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков менен маек.
АКШнын Вашингтон шаарында кызматтык мөөнөтү бүтүп бараткан президент Дональд Трамптын тарапташтарынын митинги учурунда коомдук коопсуздук камсыздоого Улуттук гвардия да тартылат.
Британияда пандемия башталгандан бери үчүнчү жолу карантин киргизилди. Премьер-министр Борис Жонсон жаңы чектөөлөр бери дегенде февралдын ортосуна чейин сакталып турарын билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, ооруканаларга мурда болуп көрбөгөндөй күч келүүдө, медициналык жайлар COVID-19 илдетине кабылгандарга толуп калды. Рождество жана Жаңы жыл майрамдары алдында чектөөчү чаралар ансыз да күчөтүлгөн. Өткөн жылдын этегинде өлкөдө коронавирустун жаңы, тез жуккан штаммы аныкталып, адистерди ого бетер тынчсыздандырууда. Читать дальше...
Ош облустук милициясы Кара-Суу районуна караштуу Киров айылында шайлоого байланыштуу эч кандай коркутуп-үркүтүү болгон эмес деп эсептейт. Мекеменин басма сөз кызматы 5-январда кабарлагандай, милициянын ыкчам тергөө тобу айыл башчыдан жана жергиликтүү тургундардан түшүнүк кат алган. «Алар айылга эч кандай спортчу балдар барбаганын, «президенттикке талапкер Садыр Жапаров шайлоодон өтүшү керек, өтпөй калса күч колдонулат» деген маалымат жалган экенин жана айылда шайлоо боюнча коркутуп-үркүтүү болбогонун билдиришкен. Читать дальше...
Билим берүү жана илим министрлигине жаңы келген Алмаз Бейшеналиев мугалимдердин кагаз иштерин 40% чейин кыскартып жатканын билдирди. Жаңы жетекчи билим берүү тармагындагы реформа, пандемия шартында окуу, мектепке акча чогултуу сыяктуу актуалдуу суроолорго жооп берди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева тергөөчүнүн чакырууларын тоготпой жатат деп эсептейт. Бул тууралуу 5-январда УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. Атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов «Азаттыкка» билдиргендей, күбө катары суракка чакырылып жатканы тууралуу кагаз Калиеванын өз колуна 30-декабрда тапшырылган. «Бирок ошол эле күнү Калиева өзү жана адвокаты жактоочу бош эместигине байланыштуу тергөө иш-аракеттерин 4-январга... Читать дальше...
АКШнын президенти Дональд Трамптын Жоржия штатынын катчысы Брэд Раффенспергер менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө айткан сөздөрү айрым республикачалардын сынына кабылып, демократтар иликтөө жүргүзүүнү талап кылышууда. Тасманын стенограммасын «The Washington Post» гезити өткөн дем алыштарда сайтына жарыялаган. Президент анда шайлоонун жыйынтыгын өзгөртүш үчүн жетиштүү добуш «табууну» талап кылган. Штатта Трамптын атаандашы Жо Байден жеңген. Кээ бир республикачылар муну демократияга каршы келген кадам катары сыпатташты. Читать дальше...