Орусия полициясы жана Башкы прокуратура жекшембиде, 31-январда, убактылуу абактагы А.Навальныйды колдоп көчөгө чыкпагыла деп калайыкты эскертти. Бир нече ондогон шаарларда нааразылык жыйындары уюштурулаары күтүлүүдө. Жыйын алдындагы эскертүү Орусиянын полициясы абакта кармалып жаткан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колдоо иретинде 31-январда өлкөнүн ар кыл шаарларында нааразылык жыйындарга чыгууга беленденгендерге “көчөгө чыкпагыла” деп алдын-ала эскертти. Орусия бийликтери жекшембиде... Читать дальше...
Таанымал сынчы Кеңешбек Асаналиевдин атасы Асаналы Тердикбай уулу баштан кечирген азаптуу тагдырдын көлөкөсү уулуна да тийген. Бекташ Шамшиевдин блогу.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин эски досу, ишкер Аркадий Ротенберг «Mash» аттуу телеграм-каналга маек куруп, өзү Орусиянын түштүгүндөгү Геленжик шаарына жакын токой арасындагы «хан сарайдын» кожоюну экендигин айтты. Дал ушул ак сарай оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный жетектеген Жемкорлукка каршы күрөш фондунун атайын иликтөөсүнүн мерчеми болгон. Ротенбергдин айтымында, ал сөз кылынган ак сарайдын «пайдасын көрүүчү» болуп саналат. Бул долбоордо мурда көп насыя берүүчүлөр болгонун да ал белгиледи. Читать дальше...
КЭРдин Гонконг аймагынын Адилет министри 30-январда расмий Бээжиндин турумуна ылайык келген билдирүү жасады жана Улуу Британия өзүнүн мурдагы отордук аймагынын азыркы тапта кандайча башкарылып жаткандыгы маселеси боюнча эч кандай көзөмөл жүргүзүүгө же башка укуктук макамга ээ эмес, деп таасын белгиледи. Гонконг аймагынын Адилет министри Тереза Чеңг өзүнүн жарыялаган блогунда Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Гонконгдогу мурдагы комиссары Ше Феңгдин 1997-жылы Гонконг Кытайга толук кайтарылгандан... Читать дальше...
Түркия менен Орусия биргелешип түзгөн байкоо чордону Тоолуу Карабак аймагындагы Армения менен Азербайжандын ортосундагы ок атышууларды токтотуу жүрүмүнө байкоо жүргүзө баштады. 30-январда бул чордонду салтанаттуу ачуу аземи өткөрүлдү. Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов жана Түркия менен Орусиянын коргоо министрлеринин орун басарлары биргелешкен чордонду ачуу аземине катышты. Түркиянын коргоо министринин орун басары Хулуси Акар 29-январда бул чордон тууралуу айтып, анда Түркиянын бир генералы жана 38 офицер жайгашаарын айткан. Читать дальше...
Алай районунда киши колдуу болгон 31 жаштагы милициянын лейтенанты Нурланбек Эркуловдун сөөгү жерге берилди. Ушул айдын башында Ош облусундагы милиция кызматкерин жарадар кылган дагы бир окуя катталган.
Президенттин маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов ири суммадагы пара талап кылууга шек саналып кармалды. Анаркуловдун жакындары анын кармалышы боюнча азырынча комментарий бере элек. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча айыпталып, атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына камалган. Анаркуловдун кармалышы боюнча УКМКнын маалыматында мындай деп айтылат. «УКМКнын Коррупция менен күрөш кызматы тарабынан президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн... Читать дальше...
Кыргызстандын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов өрт коопсуздугун сактоо чаралары боюнча кеңешмеде өлкөдөгү турак жай курулуштарынын 65% ашууну өрт коопсуздугуна байланыштуу эрежелерди сактабай салынып жатканын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Мамытканов бул үчүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын калкты маалымдоо ишин сынга алды. “Бардык нускамалар эскирген, аларды эч ким окубайт. Аларды электрондук вариантка өткөрүп... Читать дальше...
Амантур Исраил уулу Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жашайт. Мурда Орусияда миграцияда жүргөн жигит, азыр өзү жасап алган станок менен күнүнө миңдей самын чыгарат. Амантур самын экологиялык жактан таза экенин айтканы менен үй шартында жасалган самынга кандай заттар кошуларын сыр бойдон калтырууну эп көрдү.
Абакта каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) иликтөөсү аяктай элек. Бул тууралуу укук коргоочунун адвокаты Валерьян Вахитов “Азаттык” радиосуна кабарлады. Вахитов тергөөнүн купуялыгы жөнүндө тилкат жазып бергендиктен иликтөөнүн чоо-жайын айта албай турганын билдирди. 2010-жылдагы июнь коогасында жапырт башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 69 жаштагы Азимжан... Читать дальше...
Кыргызстандык кинорежиссер Ибадылла Ажибаевдин "Мугалим" аттуу даректүү тасмасы Түркиянын Анкара шаарында өткөн фестивалда баш байгени жеңип алды. Анда Жумгалдын Кең-Суу айылындагы өз үйүн мектепке айланткан мугалим тууралуу баяндалат. Сыйлык тапшыруу аземи 27-январда Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө өттү. Соңку учурда кыргызстандык режиссерлор тарткан бир нече фильм эл аралык сыйлыктарга татыды.
Нарындын Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында орто мектепте иштеп кеткен эки мугалим жумуштан кыскартылганы үчүн тийиштүү кенемтесин ала албай жатканын айтып, Акыйкатчы институтуна кайрылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Эки мугалим мектепте сабак берүү сааты жетиштүү болбогону үчүн 2020-жылдын сентябрь айында жумуштан кыскарган. Бирок мыйзамда көрсөтүлгөн кенемте каражатын алышкан эмес. Акыйкатчы институту мугалимдердин Эмгек кодесиндеги укуктары бузулган деп таап, Билим... Читать дальше...
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 10 жаштан 19 жашка чейин өспүрүм курак болуп эсептелет. Бул маалда адамдын денеси өзгөрүп, акыл-эси, ой жүгүртүүсү өзгөрөт. Заманбап медицинадагы орчундуу проблемалардын бири – жаштардын тукум улоочу ден соолугун сактап калуу. Себеби, жаш муундар турмуш курууга чейинки үй-бүлөнү пландоо сыяктуу түшүнүктөрдөн кабарсыз калгандыктан жыныстык жашоону эрте баштоо, өнөктөштөрүн тез-тез алмаштыруу өңдүү көрүнүштөр орун алып, бойдон алдыруу көп катталууда. Читать дальше...
Кыргызстандын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Равшанбек Сабиров Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча өкүлү Петер Буриан менен жолугушуу учурунда Бишкекте “Европа Биримдиги – Борбор Азия” экономикалык форумунун катчылыгын түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Эки тараптын жолугушуусу 30-январда өттү. Сабировдун айтымында, катчылык жылына форумду өткөрүүгө даярдык көрүү, чөлкөмгө пайдалуу долбоорлорду тандоо жана даярдоо менен алектенет. Вице-премьер-министрдин... Читать дальше...
Иран бийликтери 30-январда белуч (белуж) тегиндеги кишини ирандык коопсуздук кызматкерлерин өлтүргөн деген доо боюнча дарга асты. БУУнун бул кишиге жана башка өлүм жазасын күтүп жаткан кишилерге ырайым берүү тууралуу өтүнүчү четке кагылды. Иран сотунун интернет барагында Жавид Дехган 5 жыл мурда өлкөнүн Систан-Белучистан аймагында Иран Ислам ыңкылабынын сакчылары кошуунунун 2 өкүлүн өлтүрүп салган деген айып менен дарга асылгандыгы тууралуу маалымат жарыяланды. Жавид Дехганды иран бийликтери... Читать дальше...
31-январда көпчүлүк аймакта күн ачык болот. Жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Таласта түнкүсүн -3...-8, күндүз 10…16, Чүй облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 10…16 Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -5…+3, күндүз 11…16; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6; Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -2…-7; Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -29 градуска чейин түшөт, күндүз -6…-11 Бишкек шаарында күн ачык болот. Читать дальше...
Коронавирустун Түштүк Африкада чыккан түрү илипоздорду кооптондурууда. Себеби, азыркы вакциналардын көбү бул мутацияланган вируска туруштук бере албасы аныкталды.
Москва бийлиги 31-январда жети метростанция жабыларын билдирди. Шаар бийлигинин бул кадамына жекшембиде камактагы оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдоо акциясы өтөрү тууралуу чакырыктар себеп болду. Маалыматка ылайык, саат таңкы сегизден баштап "Александровский сад", "Охотный ряд", "Театральная", "Площадь Революции", "Кузнецкий мост", "Лубянка" жана "Китай-город" метролору иштебейт. Жергиликтүү бийлик жалпыга маалымдоо каражаттары, Интернеттеги жапырт мыйзамсыз акцияга чыгуу чакырыктарынан... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров өзү менен бирге түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, маселесин чечтирип алгысы келгендерге алданбоого жана бул тууралуу атайын органдарга кабар берүүгө чакырды. Жапаров бул тууралуу “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Мамлекет башчы 6-октябрдан бери миңдеген жарандар менен сүрөткө түшкөнүн айтып, алардын көпчүлүгүн тааныбай турганын билдирген. “Айтайын дегеним, мени менен түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, кызмат орундарын же башка бир маселесин чечүү максатында колдонуп жүргөндөрдүн бети ачылып жатат”, - деп жазды Жапаров. Читать дальше...
Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Кыргызстандагы соңку саясий өзгөрүүлөр жана президент Садыр Жапаров менен жолугушуусу тууралуу "Азаттыкка" маек курду.
Кызматка жаңы киришкен президент Садыр Жапаров ант берүү аземинде Кыргызстандын энергетика системасына өзгөчө басым жасап, бул тармактын абалын катастрофалык деп баалады. Президент катары алгачкы кайрылуусунда ал Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтерин, Жогорку Нарын каскады сыяктуу ири долбоорлорду тезирээк ишке ашырыш керек экенин айтты. Анын бул сөзү ансыз да жылдар бою топтолуп калган энергетика тармагындагы маселелерди кайрадан көтөрүп, электр жарыгына болгон тарифтердин өлчөмүн күн тартибине чыгарды. Читать дальше...
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 29-январдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен эки адам каза тапты. 76 кишиге вирус жукканы маалым болду. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1411 кишиге жетти. Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 84 453 адам болду. Андан айыгып чыккандардын саны 80 781. Стационарда 598 бейтап дарыланууда... Читать дальше...
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриштин 28-январда уюмдун 2021-жылдагы артыкчылыктуу багыттарын айтып берген брифингде Кыргызстандын туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева жыйырма беш мамлекет мүчө болгон Тоолуу өлкөлөр тобунун атынан сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева өз сөзүндө коронавирус пандемиясында экосистеманы коргоо жана тоолуу өлкөлөр дуушар болгон көйгөлөргө көңүл бурууга чакырды. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) президенттин аппаратынын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы (А.Н.С.) ири суммадагы пара талап кылууга шектелип кармалганын кабарлады. “А.Н.С. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, материалдык жактан баюу үчүн мамлекеттик кызматтын жетекчилигине талапкерлердин биринен маселесин оң жагына чечип берүү үчүн ири суммадагы каражат талап кылган” деп айтылат УКМК тараткан маалыматта. Маалыматка караганда факт Жазык кодексинин 326-беренеси (“Пара... Читать дальше...
Режиссёрдун айтымында, азыркы тапта сериалдын 40 пайызы тартылып бүтүп калды. Көрүүчүлөрдүн назарына март айларында сунушталары күтүлүүдө.