Ооганстандын батышындагы Герат вилайетинде талиптер өкмөттүк коопсуздук күчтөрүнө кол салып, 12 жоокерди өлтүрүштү. Расмий бийликтер бул кол салуу ичтен болгон, деп мүнөздөштү. Герат полициясынын басма сөз өкүлү Абдул Ахад Вализаде бул кол салуу 15-январда кечкурун болгонун жана аны бери дегенде эки талип тыңчысы жоокерлердин катарына кирип алып жүзөгө ашырышканын айтты. Кол салгандар набыт болгондордун курал-жарактарын алып качышкан. Вализаденин айтымында, эми жоочулар кол салган аймак кайрадан өкмөттүк көзөмөлгө өттү. Читать дальше...
АКШнын шайланган президенти Жо Байден 2015-жылы Иран менен өзөктүк долбоор жаатындагы сүйлөшүүлөрдө өлкөнүн башкы өкүлү болгон дипломат Венди Шермандын талапкерлигин АКШнын Мамлекеттик департаментиндеги экинчи ири жетекчилик кызматка – Мамкатчынын орун басарлыгына сунуштады. Ал эми ардагер дипломат Виктория Нуланд айым Мамкатчынын саясий иштер боюнча орун басары болуп, өлкө тышкы иштер мпекемесинде үчүнчү ири кызмат ордун ээлемекчи. Нуланд айым 2014-жылы Украинанын жемкорлукка баткан президенти... Читать дальше...
Кубаныч Абдисалам уулу тажикстандык Жагонгир Саиджамалов менен кармашкан. Беттеш мелдештин жогорку кардына коюлган болчу.
Казакстандын борбор шаары Нур-Султан COVID-19 илдетинин жайылышынын тездиги боюнча өзгөчө кооптуу делген “кызыл аймакка” киргизилди. Өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги борбор шаардан башка Акмоло, Кустанай облустары да “кызыл аймакка” киргизилгендигин маалымдады. 15-январда Нур-Султандын саламаттык сактоо мекемеси катаал карантиндик тартипти киргизүү жөнүндө чечим кылды. Бул тартип келээрки аптада күчүнө кирмекчи. Ага ылайык, соода түйүндөрү күндүзгү 10:00–20:00 аралыгында гана иштейт, дем алыш күндөрү жабылат. Читать дальше...
Германиянын азыркы канцлери Ангела Меркелдин Христиан-Демократиялык Биримдиги (ХДБ) партиясынын курултайына Беларус оппозициясынын лидери, 2020-жылы 9-августта Александр Лукашенкого каршы атаандаш талапкер болуп чыккан Светлана Тихановская да конок катары чакырылып, анда чыгып сүйлөдү. ХДБнын Берлинде онлайн өткөрүлгөн эки күндүк курултайында оболу Австриянын премьер-министи Себастьян Курц куттук сөз айтты. Андан соң чыгып сүйлөгөн Светлана Тихановская немис саясатчыларына Лукашенконун режими... Читать дальше...
Германиянын азыркы канцлери Ангела Меркелдин Христиан-Демократиялык Биримдиги (ХДБ) партиясынын төрагалыгына 16-январда Армин Лашет (Armin Laschet) шайланды. 59 жаштагы Лашет өлкөнүн калк жыш жайгашкан Түндүк Рейн – Вестфалия аймагынын премьер-министри болуп иштеп келген. Анын негизги атаандашы – бир кезде Ангела Меркел менен да өкмөт башчылыкка атаандашып чыккан консерватордук көз караштагы саясатчы Фридрих Мерц (Friedrich Merz) болду. Ал бир учурда ХДБ партиясынын бундестагдагы фракциясын жетектеп турган. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов коррупцияга шек саналып эки айга камакка алынды. Ага карата Жазык кодексинин 319-беренеси (Коррупция) менен сотко чейинки териштирүү башталды. Эрежесиз мушташтарга катышып жүргөн Төрөкулов коомчулукта “Душка” деген каймана ат менен таанымал. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) парламент депутаты Дүйшөн Төрөкуловду кармаган видео таратты. Тасмадан эл өкүлүнүн колуна кишен салынып, куралчан аскерлер учактан түшүрүп жатканын көрүүгө болот. Атайын кызматтын маалыматына ылайык... Читать дальше...
Бир нече жыл мурун Канагат достору менен чогуу Бишкекте Футбол академиясын ачууга белсенишет. "Башта машыктыруучулардын маянасы жол киресин да жапчу эмес. Анда топтордо болгону 2-3 бала гана машыкчу", — деп эскерет ишкер.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-январда өткөн президенттик шайлоо менен референдумдагы добуштарды кол менен да эсептеп бүттү. 16-январдагы расмий кабарга ылайык, кол менен эсептөөдө шайлоого жана референдумга берилген добуштардын пайызы теңелип, 39,33% түздү. Ал эми добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү үкөктөрдүн берген маалыматында шайлоого добуш бергендер 39,34%, ал эми референдумга добуш бергендер 39,24% түзгөн. Президенттикке ат салышкан 17 талапкердин ичинен Садыр Жапаров 79,20% добушка ээ болду. Читать дальше...
АКШда жаңы шайланган президент Жо Байдендин инаугурациясынын алдында ыктымалдуу демонстрациялардан улам коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө. ФБР онлайн чаттардагы куралдуу каршылыкка үндөгөн чакырыктарга байланыштуу башаламандык болушу ыктымалдыгын эскертти. Бийлик Вашингтондо 6-январда болгондой мөөнөтү аяктап бараткан президент Дональд Трамптын тарапташтары Капитолийди ээлеп алгандай окуялар орун албашы үчүн коопсуздукка көңүл бурууда. Ондон ашуун штаттын губернаторлору Улуттук гвардияны жергиликтүү... Читать дальше...
Өзбекстандын өкмөтү мамлекетте калктын саны 34,5 миллиондон ашканын жарыялады. Расмий эсеп 2021-жылдын 1-январына карата чыгарылганын өлкөнүн статистика комитети билдирди. Расмий кабарга ылайык, элдин саны бир жыл мурдагыдан 653 миң кишиге көбөйдү. Башкача айтканда, ай сайын 54 миңден кошулган. Өзбекстан Борбор Азиядагы калкы эң жыш жайгашкан мамлекет болуп саналат. Кыргызстандын түштүк аймагы менен чектеш.
Мелдеш Сочи шаарында өтөт. Кыргызстандык эки мушкердин тең беттеши турнирдин жогорку кардына коюлган.
Тарых илимдеринин кандидаты Абдумиталип Мурзакметов бир канча жылдан бери кыргыздын уят жана сөгүнгөн сөздөрүн топтоп, талдап жүрөт. Илимпоз уят сөздөр да тилдин байлыгы деп эсепейт. Ал "Ачык Time" подкастында кызыктуу маалыматтарды айтып берди.
Тарых илимдеринин кандидаты Абдумиталип Мурзакметов бир канча жылдан бери кыргыздын уят жана сөгүнгөн сөздөрүн топтоп, талдап жүрөт. Илимпоз уят сөздөр да тилдин байлыгы деп эсепейт. Ал "Ачык Time" подкастында кызыктуу маалыматтарды айтып берди.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Оштун Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов тергөө аяктаганга чейин кызматтан алынганын билдирди. Ош шаардык соту 14-январда ушундай чечим чыгарган. Шаардык соттун 15-январдагы чечими менен Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаев да тергөө аяктаганга чейин кызматтан алынды. Экөө тең мектеп курулушуна сарпталган каражатты ашыкча көрсөтүп, сапатсыз курулушту кабыл алган деп шек саналууда. Тургунбаев 6-январда, Сайпидинов 11-январда кармалган. Читать дальше...
17-январда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыш тараптан жел согуп турат. Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн -17...-22, күндүз -2...-7, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5...-10, күндүз +4...+9, Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз +8...+13, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...+2, күндүз +10...+15, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...+1, күндүз +8...+13, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -23...-28, күндүз -4...-9°. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалганын билдирди. Анын үстүнөн Жазык кодексинин 319-беренеси (Коррупция) менен сотко чейинки териштирүү башталды. Расмий маалыматка ылайык, Төрөкулов 15-январда Ош шаарында колго түшкөн. Кайсыл ишке шек саналып жатканы тууралуу азырынча маалымдала элек. Анын шериги катары Чүйдөн Жантай Шаменов да кол түшкөн. Алар Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Читать дальше...
Нарын облустук ички иштер башкармалыгы Ак-Талаа райондук администрациясына мас абалында кирип барган жаран тапанча менен акимди коркутканын кабарлады. Окуя 12-январда болгон. Акимдин иш бөлмөсүнө кирип барып, опузалаган киши жергиликтүү 42 жаштагы тургун экени аныкталды. Анын жанынан пневматикалык тапанча табылган. Куралдын ээси ким экендигин тастыктаган документ болгон эмес. Аким Сейтек Кулубаев "Азаттыкка" билдиргендей, опузалаган адам алгач райондук администрациянын имаратында жайгашкан Аймактык шайлоо комиссиясынын адистерин издеген. Читать дальше...
Германиянын Гидрография жана кеме куруу федералдык кызматы Орусиянын “Түндүк агым-2” газ куурун курууга уруксатты май айынын аягына чейин узартты. Ага ылайык, газ куурун куруп жаткан компания ишке дароо киришсе болот. Буга чейин "Bloomberg" басылмасы АКШнын Орусияга санкция салганына карабай орусиялык компания газ куурунун бир бутагын июнь айына чейин курууга ниеттенип жатканын жазган. “Түндүк агым-2” газ кууру менен орус газын Украинанын аймагына кирбей туруп, Балтика деңизинин түбү аркылуу Германияга жеткирүү каралган. Читать дальше...
15-январда кечинде Ооганстандын Герат провинциясында "Талибан" кыймылынын жоочулары чек ара тозотуна кол салып, бери дегенде 13 полиция кызматкери набыт болду. ТАСС агенттиги кабарлагандай, Герат полициясынын өкүлү жергиликтүү телеканалга кол салууну кыймылдын тыңчылары уюштурганын билдирген. Алар өлтүрүлгөн полиция кызматкерлеринин куралдарын да алып кеткен. Чабуул АКШнын Коргоо министрлиги жума күнү Ооганстан менен Ирактагы америкалык аскерлердин саны эки жарым миңге чейин кыскартыларын жарыялагандан бир нече саат өткөндөн кийин болду. Читать дальше...
Москва прокуратурасы Внуково аэропортунда 17-январда массалык иш-чараларды уюштуруу мыйзамсыз экенин эскертти. Ал күнү аталган аэропортко оппозиционер саясатчы Алексей Навальный Германиядан учуп келери пландалган. Тарапташтары аны тосуп алуу иш-чарасын уюштуруп жатканы, эки миңдей киши катышары кабарланган. Ошондой эле Навальныйга каршылар деле аэропортко барат деген маалыматтар бар. Прокуратура 17-январда аэропортто массалык иш-чара уюштурбоого чакырды, бирок кеп кайсыл иш-чара тууралуу экени айтылган жок. Читать дальше...
Спорттук иш-чараны Украинанын Бокс федерациясы уюштуруп, дүйнөлүк аренада көзгө көрүнгөн мыкты мушкерлерди гана чакырган.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 16-январда 93 миллион 816 миңден ашты. Оорудан көз жумгандардын саны 2 миллион 8 миңден көп. Каза тапкандардын басымдуу бөлүгү АКШда - дээрлик 390 миң. Андан кийин Бразилия - 207 миң, Индия - 150 миңден ашат. Коронавирустун жаңы штаммы жайылып жаткандыктан Франция 16-январдан тартып бүткүл өлкө боюнча коменданттык саат киргизүүдө. 2021-жылдын башынан тартып АКШ жана Европа Биримдигинин... Читать дальше...