АКШнын 46-президенти Жо Байдендин ант берип кызматка киришүүсүнө дүйнө өлкөлөрүнүн көпчүлүк жетекчилери өз турумдарын билдиришти. Жо Байден кызматка киришкен соң Европа өлкөлөрүнүн лидерлери Вашингтон менен мамилени жакшыртууга үмүттөнүп жатышат. Бакыт Асановдун сереби. АКШнын буга чейинки президенти Доналд Трамптын европалык лидерлер менен соода алакаларынан баштап, коргоо тармагына кеткен чыгымдарга чейинки маселелер боюнча кайым айтышкан учурлары көп болгон. Байден Европа өлкөлөрү менен мамилени жакшыртып... Читать дальше...
АКШнын 46-президенти Жо Байден жана вице-президент Камала Харрис 20-январда салтанаттуу түрдө ант берип, кызматка расмий киришти. Сүрөт баян.
АКШнын салттуу өнөктөштөрү Жо Байденге чоң үмүт артып, анын келиши менен ортодогу мамилелердин оң жакка өзгөрөрүнө ишенишет. Мындай пикири менен Кыргызстандын Вашингтондогу мурдагы элчиси Кадыр Токтогулов бөлүштү. Анын пикиринде, жаңы адимнистрация адам укуктары маселелерине көбүрөк көңүл бурат.
Кремль АКШ менен өзөктүк куралдарды көзөмөлдөө жаатындагы СТАРТ келишиминин мөөнөтүн узартуу боюнча өз турумун кайрадан баса белгиледи жана АКШнын жаңы президенти Жо Байдендин өкмөтүнүн өзөктүк курал боюнча бул эки мамлекеттин ортосунда сакталып калган акыркы ири келишим боюнча макулдашууга жетишүү үчүн убада кылган аракеттерин кубаттай тургандыгын билдирди. 2010-жылы кол коюлган жана кийинки айдын мөөнөтү аяктаган “Жаңы СТАРТ (Стратегиялык куралдарды кыскартуу келишими)” деп аталган келишим... Читать дальше...
20-январда президенттик кызматка киришкен Жо Байден тарабынан Мамлекеттик катчы кызматына талапкер катары былтыр эле сунушталган Энтони Блейк жаңы өкмөт Иран менен узак мөөнөттүк жана кубаттуураак өзөктүк келишим түзүүнү жактай тургандыгын айтты. Алдыдагы төрт жылдагы тышкы саясатка карата багыттоочу пикирин айтып жатып, Блейк мырза көз ачып-жумгуча эле Тегеран менен жаңы келишим түзүү да мүмкүн эместигин белгиледи. Дал ушундай маанайын АКШнын чалгын кызматтарынын башчылыгына талапкер болуп жаткан Эврил Хэйнс айым да билдирген болчу. Читать дальше...
Россиялык мушкер казакстандык атаандашы Сергей Морозовду муунтуу ыкмасы менен жеңип алды. Беттеш 2-раундда соңуна чыкты.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2021-жылдын 10-январында Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча өткөн референдумдун (бүткүл элдик добуш берүү) расмий жыйынтыгынын протоколун бекитти. Анда 1 млн. 136 миң 155 шайлоочу (81,49%) «президенттик республика» башкаруу системасына добуш берген. «Парламенттик республика» вариантын колдогондордун саны – 152 081 (10,91%) болду. «Баарына каршы» 62 265 (4,47%) жаран добуш берди. Жалпы добуш берүү үчүн 3 млн. 563 миң 574 жаран катталып, 10-январда 1 млн. Читать дальше...
Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишел Кошмо Штаттар менен Евробиримдикти трансатлантикалык карым-катнашта жаңы пайдубал курууга чакырды. 20-январда Мишел АКШнын жаңы эле ант берген президенти Жо Байденди Брүсселдеги болочок саммитке катышууга чакырды. Евробиримдик менен Кошмо Штаттар – дүйнөдөгү эң ири соода шериктери жана алар өз ара маданий, тарыхый, ишкердик, коопсуздук тармактарындагы тыгыз кызматташтыкты өөрчүтүп келишет. Бирок АКШнын жаңы эле кызматтан кеткен президенти Дональд Трамп Улуу... Читать дальше...
АКШнын экс-президенттери Билл Клинтон, Жорд Буш жана Барак Обама 46-президент Жо Байдендин инаугурациясына жубайлары менен келишти.
“Күлкү кербени” түрмөгүнүн бул жолку юмордук шиңгили АКШнын 20-январда кызматтан кеткен президенти Д.Трамп, ордуна келген Байден ж.б. тууралуу америкалыктардын соңку азилдеринен куралды.
Коронавирус пандемиясы күчөп турган кездеги жоготууларды жана сырттан келген гумжардамдын бөлүштүрүлүшүн иликтеген мекеме аралык комиссиясынын корунтундусун талкуулаш үчүн Коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизүү сунушталды. Бул демилге кыргыз өкмөтүнүн 20-январда өткөн жыйынында көтөрүлгөнүн анын басма сөз кызматы билдирди. Жыйында өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков мекеме аралык жумушчу комиссиянын иши тууралуу маалымат укту. Комиссиянын жыйынтыгында... Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы 20-январда «Кыргыз Республикасынын мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоосунун жыйынтыгы жөнүндө» протоколду бекитти. Башкача айтканда добуш берүүнүн расмий жыйынтыктыгын чыгарды. Расмий жыйынтыкка ылайык, Кыргызстандын президенти болуп Садыр Жапаров шайланды. Жапаров 1 млн. 105 миң 248 (79,20%) шайлоочунун добушун алып жеңишке жетти. Экинчи орунда Адахан Мадумаров 94 741 (6,79%) шайлоочунун добушун алган. Андан кийинки орундарда Бабыржан Төлбаев 32 979 (2,36%)... Читать дальше...
Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекет жана өкмөт башчылары Жо Байдендин АКШнын президенти кызматына кирип жаткандыгына байланыштуу өз пикирлерин ортого салууда.
АКШнын 45-президенти Дональд Трамп жубайы Мелания менен Ак Үйдөн чыгып, тик учак менен учуп кетти.
Кыргызстан дүйнөнүн көп өлкөлөрү колдонуп жаткан «Pfizer/BionTech» вакцинасын алуудан баш тартты. Буга вакцинанын аз өлчөмдө сунушталганы жана сактоо шартынын жоктугу себеп болду. Коронавируска каршы эмдөөдө эмне себептен көп өлкөлөр колдонгон вакцинаны алуунун башка жолдору сунушталган жок? Өлкөдө эмдөө качан башталышы мүмкүн? Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда жергиликтүү (Вашингтондогу) убакыт боюнча саат 12.00дө Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант бермекчи. Муну менен 78 жаштагы карыя саясатчы өлкөнүн тарыхындагы эң улгайган мамлекет башчы болуп калат. Акыркы 152 жылдын ичинде биринчи жолу өлкөнүн кызматтан кетип жаткан президенти ант берүү аземине катышпайт. Инаугурация аземине мурдагы президенттер Жорж Буш, Билл Клинтон жана Барак Обама катышмакчы. Читать дальше...
Депутат Акылбек Жапаров эмгек мигранттарын Москвага поездге салып жөнөтүүнү сунуш кылды. Эл өкүлүнүн эсебинде, учурда өлкөдө жумушсуздардын саны жарым миллион болду. Аялын өлтүрүп, өзу уу ичип алды деп шектелген 45 жаштагы эркек ооруканада каза болду. Парламент "Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш жөнүндө" мыйзам долбоорун экинчи окууда карады. Вашингтондо АКШнын 46-президенти Жо Байдендин инаугурациясы өтөт.
Матраимовдордун үй-бүлөсү менен маалымат каражаттарына байланыштуу чыр кайрадан күн тартибине чыкты. Бул жолу «Супер ТВ» медиасынын журналисти ага Райымбек Матраимов тууралуу маселе көтөрбөө жөнүндө эскертүү берилгенин айтууда. Бирок Матраимовдор журналисттин айтканын четке кагууда. Бул журналисттердин ишмердигине байланышкан алардын биринчи чыры эмес. Матраимовдордун үй-бүлөсү менен журналисттерге байланышкан башка бир иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралууда. «Матраимовдон башка маселе... Читать дальше...
Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская 22-январда БУУнун Коопсуздук кеңешинде кайрылуу жасайт. Саясатчынын басма сөз кызматы "Телеграмм" каналына жазганына караганда, сөзүндө ал кармалган, куугунтукталган митингчилер менен журналисттердин маселесине токтолмокчу. Тихановская “Александр Лукашенко режиминин кылмыштарын териштирүү үчүн эл аралык иликтөө жүргүзүү маселесин козгойт. Ал Коопсуздук кеңешин Беларустагы кризиске байланыштуу атайын сессия өткөрүүгө үндөйт”. Былтыр 9-августтагы... Читать дальше...
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, аялдар бир суткалык убактысынын төрт саат 30 мүнөткө жакынын (19%) үй тиричилигине арнашат. Ал эми эркектер бир сааттан ашык (6,5%) убактысын коротушат. Ошондой эле аялдар балдарына жумасына эки саат, эркектер бир саат убакыт бөлөт. Кыргызстанда 2019-жылы эркектердин орточо эмгек акысы 18 724 сомду, ал эми аялдардыкы 14 421 сомду түздү. Эркектердин жумушка орношуу (72%) деңгээли аялдардыкына (43%) караганда жогору. Аялдар өлкөдө негизинен кызмат көрсөтүү... Читать дальше...
Адистердин эсеби боюнча, Кыргызстанга жыл сайын аткезчилик жол менен 5 млрд. сомго бааланган дары келип турат. Андай сапаты белгисиз дарылар ири базарларда, дарыканаларда сатылып жатат. Сиз дагы колдонуп жатышыңыз толук мүмкүн. “Азаттыктын” атайын иликтөөсүАдистердин эсеби боюнча, Кыргызстанга жыл сайын аткезчилик жол менен беш млрд. сомго бааланган дары-дармек келип турат. Андай сапаты белгисиз дарылар ири базарларда, дарыканаларда сатылып жатат. Аларды сиз дагы колдонуп жатышыңыз толук мүмкүн. “Азаттык” мыйзамсыз сатылып жаткан дары-дармек... Читать дальше...
Коронавирус күчөп турган 2020-жылдын июнь, июль айларында «кызыл зонада» иштеп, вирус жугузуп алган айрым дарыгерлер өкмөт убада берген 200 миң сомдук кенемтени ала албай жатышат. Алардын документтери алынбай кайра кайтарылгандыктан сотко арызданууга даярданышууда. Ал арада өкмөт январь айынан тартып оору жуккандарга бир ирет төлөнчү кенемтенин суммасын 75 миң сом деп белгиледи. Эркайым Качкынбек кызы 2020-жылдын июнь айынын соңунда Бишкектеги №2 төрөт үйүндө кызыл зонага кирип, коронавирус жугузуп алган. Читать дальше...
“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнүн коногу Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, академик Алтай Бөрүбаев болду. Маекте ал советтик бийликтин курмандыгы болгон бир тууган иниси Абай Бөрүбаевдин тагдыры, Жогорку Кеңештин спикери болушунун себептери, Акаевдин үй-бүлөсү менен болгон мамилеси, кадр дайындоодогу Майрам Акаеванын ролу, Үзөңгү-Кууш маселеси ж.б. суроолорго жооп берет.
Дүйнөлүк уюмда Кыргызстандан жалпысынан 17 калыс бар. Алардын алтоосу футбол калысы, сегизи жардамчы (каптал калысы) жана үч калыс футзалдан.