В гостях у пушистых артистов. Театр кошек Куклачева представил специальную программу

Почти 10 домов по реновации строят и проектируют в Щукине

В МИД заявили о готовности России предпринять политические шаги по итогам расследования в «Крокусе»

Патриарх указал на попытки столкнуть представителей двух религий в России



World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Январь
2021

Новости за 07.01.2021

Azattyk.org 

Бишкектеги ыш маселеси өкмөт өкүлдөрү менен талкууланат

Бишкекте бүгүн, 8-январда активисттер, экологдор, адистер ыш маселесин чечүү жолдорун талкуулаганы жатышат.  «МувГрин» коомдук фонду билдиргендей, 15.00гө белгиленген бейформал талкууга премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков жана Бишкектин мэри Балбак Түлөбаев чакырылган.  Талкууну Кыргызстандын Жашылдар альянсы, мэриянын алдындагы экологиялык кеңеш уюштурган. Алар бийликке башкалаадагы абанын сапатын жакшыртуу боюнча сунуштарды берүүнү көздөп жатканын кабарлашты.  Дүйнөдөгү чоң... Читать дальше...

Azattyk.org 

Коронавирус 600дөн ашык журналисттин өмүрүн кыйды

Былтыркы жылдын тогуз айында коронавирус 59 мамлекетте 600дөн көп журналистин өмүрүн алды. Бул тууралуу 7-январда Женевада жайгашкан "Press Emblem Campaign" уюму билдирди. Каза болгон журналистердин жарымынан көбү Латын Америкасында катталган, андан кийин Азия турат. Уюм журналисттер коронавируска каршы вакцина алууда алдыңкы катарда болушу керек деп эсептейт. «Өз кесибине байланыштуу журналисттердин ар кандай окуяларды чагылдырганы үчүн вирус жуктуруп алуу тобокелчилиги жогору. Алардын айрымдарынын үйдөн чыкпай иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок»... Читать дальше...

Azattyk.org 

Пакистанда Кыргызстандын дипломдорун таанууну талап кылган акциялар өтүп жатат

Пакистандын баш калаасы Исламабадда жүздөгөн пакистандык дарыгерлер жана студенттер эки күн катары менен Өзбекстан менен Кыргызстанда алган дипломдорун таанууну талап кылган демонстрацияларга чыгып жатышат. Медициналык окуу жайлардын эки миңдей бүтүрүүчүлөрү жана студенттери 7-январда Пакистандын Медициналык комиссиясынын алдына чогулушту. Бир күн мурда аларды полиция таяктарды колдонуп, суу чачып тараткан. Ал эми митингчилер тартип коргоочуларга каршы таш ыргытышты. Айрым демонстранттар кармалып, кийин бошотулду. Читать дальше...

Azattyk.org 

Байден башкы прокурорлукка Гарлендди дайындайт

АКШнын шайланган президенти Жо Байден 7-январда Меррик Гарлендди Кошмо Штаттардын кийинки башкы прокурорлугуна дайындарын билдирди. Вашингтондогу федералдык сотунун судьясы Гарлендди 2016-жылы президент Барак Обама Жогорку соттогу бошогон орунган көрсөткөн. Бирок Сенаттагы республикачылар буга каршы чыгышкан. 68 жаштагы Гарленд бир да саясий партия менен байланышта эмес. 1993-жылы Юстиция министрлигинде башкы прокурордун жардамчысы болгон. Бул кызматта ал улуттук коопсуздук боюнча бир катар иштерди... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сардаба кырсыгын териштирген сот башталды

5-январда Ташкент шаардык сотунда Сардаба суу сактагычындагы кырсыктын себептерин териштирген сот отуруму өттү. Бул иште 17 киши шектүүлөрдүн катарында. Тергөө Сардабадагы апааттан мамлекет 4 миллион доллардан ашык чыгым тартканын аныктаган.

Azattyk.org 

Чолпон-Атада 20 жыл жабык турган оорукана оңдолду

Чолпон-Ата аймактык ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмү соңку 20 жылда ишке жарабай турган. Өткөн жайда пандемия күч алып, бейтаптардын саны көбөйгөндө жергиликтүү бийлик оорукананын короосуна чатыр тиккен. “Азаттыктын” атайын берүүсүнөн кийин коомчулукта катуу талкууга алынып, ошол эле күнү чатырлар алынган болчу. Андан кийин ооруканын имаратын оңдоп-түзөөгө республикалык бюджет 22 млн сом бөлгөн. Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду ооруканага жети миллион сомго жабдык алып берди.

Azattyk.org 

УКМК талапкерлердин биринин жубайы алдамчылык боюнча шек саналып жатканын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 7-январда тараткан маалыматта президенттикке талапкерлердин биринин жубайына карата сотко чейинки териштирүү иши башталганы айтылат. Анда шектүүнүн аты-жөнү жана кайсы талапкердин жубайы экени ачык жазылган эмес. Жазык кодексинин 204-беренесинин негизинде А.О деген жарандын арызынын негизинде У.К инициалындагы кыргызстандыкка карата сотко чейинки териштирүү иши башталып, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганы белгиленген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Конгресс Жо Байдендин жеңишин бекитти

Демократ Жо Байден 20-январда Кошмо Штаттардын 46-президенти катары ант бермекчи. Конгресстин кош палатасы 7-январга караган түнү президенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Сессия президент Дональд Трамптын жаалданган тарапташтары Капитолийге кирип барганда үзгүлтүккө учураган.

Azattyk.org 

Талпынган талапкерлер, айтылган убадалар

Кыргызстанда 17 талапкер президенттик кызмат үчүн ат салышууда. Алар үгүт иштери маалында ар кандай убадаларды берип, шайлоо алдындагы программалары менен тааныштырып жатат. Практика көрсөткөндөй, талапкерлер берген убадасын толук аткарбайт. “Политмер” интернет сайтынын маалыматы боюнча, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков 113 убада берген. Кийин алардын 17% пайызы гана ишке ашкан. “Азаттык” талапкерлердин убадаларынын урунттуу учурларына токтолот.

Azattyk.org 

Матраимовдордун адвокаты судья болду

Президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун 6-январдагы жарлыгынын негизинде жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды. Алардын арасында Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн жана Ысмайыл Матраимов атындагы фонддун адвокаты Лейла Байдаева да бар.

Azattyk.org 

«Весна»: Беларуста саясий мүдөө менен 103 киши камалды

Беларуста Александр Лукашенконун режимине каршы толкундоолордун башталганы соттор «саясий мүдөө менен козголгон» 103 иш боюнча өкүм чыгарышкан. Бул тууралуу «Весна» укук коргоо борбору билдирди.  Жалпысынан толкундоолорго байланыштуу 650 кылмыш иши ачылган. 6-январда Минск соту Беларус оппозициясынын координациялык кеңешинин мүчөсү Мария Колесникованын камоо мөөнөтүн эки айга узартты. Беларус бийлиги аны «Интернетти жана маалымат каражаттарын колдонуу менен улуттук коопсуздукка зыян келтирүүгө... Читать дальше...




Azattyk.org 

Православдар Исанын туулган күнүн белгилешүүдө

Дүйнөнүн бир катар мамлекеттериндеги, анын ичинде Кыргызстандагы православдар 7-январда Исанын туулган күнү (Рождество) майрамын белгилеп жатышат. Кыргызстанда христиан дининин православ багытын туткандардын саны болжолдуу 500 миңге жакын экени айтылып келет.

Azattyk.org 

COVID-19: Алматыда эпидемиологиялык кырдаал чыңалып турат

Казакстандын Алматы шаарынын башкы санитардык дарыгери 7-январда билдиргендей, калаадагы кырдаал чыңалып турат. Жандарбек Бекшин соңку алты күндө шаарда коронавирус 700дөн көп адамдан аныкталганын билдирди. Ал январь айында кырдаал мындан да жаман болушу мүмкүн экенин, коронавирус 4,5 миң адамдан аныкталышы ыктымал экенин эскертти. Бекшин алматылыктарды адамдар көп топтолгон жерлерден оолак болууга жана беткап кийип жүрүүгө чакырды. Расмий маалыматтарга караганда, Казакстанда пандемия башталганы 160 миңдей адам коронавируска чалдыккан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Рождестводогу үмүттүн шамы

Дүйнөнүн бир катар мамлекеттериндеги, анын ичинде Кыргызстандагы православдар 7-январда Исанын туулган күнү (Рождество) майрамын белгилеп жатышат. Кыргызстанда христиан дининин православ багытын туткандардын саны болжолдуу 500 миңге жакын экени айтылып келет.

Azattyk.org 

Өмүрбек Бабанов УКМКга суракка чакырылды

Мурдагы премьер-министр, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылды. Бул тууралуу атайын кызмат 7-январда маалымдады. Расмий кабарга ылайык, Бабанов УКМК жүргүзгөн сотко чейинки бир нече териштирүүнүн алкагында фигурант катары өтүүдө. «Белгиленген кылмыш иштерин иликтөөнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтар туруктуу негизде коомчулукка маалымдалып турат», деп билдирди УКМК. Кайсы кылмыш иштери экени тууралуу сөз болуп жатканы ачык айтылган жок. Читать дальше...

Azattyk.org 

COVID-19: Токиодо өзгөчө кырдаал жарыяланды

Жапон өкмөтү Токио жана анын тегерек-четиндеги аймактарга бир айга өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Бийлик мындай жол коронавирустун жайылышын ооздуктоону көздөп жатат. 7-январда жарыяланган жаңы режимге ылайык, ресторан-барлар кечки саат сегизден кийин жабылат. Өкмөт ошондой эле жарандарды зарыл себеби жок көчөгө чыкпай турууга, ал эми ишканаларды мүмкүн болушунча кызматкерлерин үйдөн иштетүүгө чакырды. Жапонияда пандемия башталганы коронавирустан 3700тен көп адам каза болду. Анткен менен... Читать дальше...

Azattyk.org 

«Улуттук электр станциялары»: Токтогул суу сактагычында 11 млрд. 927 млн. кубметр суу бар

Бул тууралуу «Улуттук электр станциялары» мамлекеттик ишканасынын өкүлү Жолдошбек Байызбеков бүгүн, 7-январда басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымсында жыл сайын электр энергиясын пайдалануу да күчөп жатат. «Акыркы күндөрү бир суткада 73 млн. кВт/сааттан ашуун электр энергиясы колдонулууда. Бул - максималдуу керектөө. Учурда Токтогул ГЭСинде бардык генераторлор иштеп жатат. Токтогул суу сактагычында 11 млрд. 927 млн. кубметр суу бар». Байызбековдун айтымында, президенттик шайлоого катышып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ооганстанда адам өмүрүн алган чабуулдар уланып жатат

Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясындагы чабуулдан беш киши мүрт кетти. Аймактын губернатору Абдул Наби Эльхамдын айтымында, кол салуу кандай ыкма менен жасалганы белгисиз. Көз жумгандардын арасында аялдар жана балдар бар экени кабарланды. Коңшу Орузган провинциясында 7-январда аскер базасынын жанында жасалган жанкечтинин жардыруусунан коопсуздук күчтөрүнүн алты кызматкери набыт болду. Кундуз провинциясында ушундай эле базага коюлган чабуулдан коопсуздук күчтөрүнүн алты кызматкери жан таслим болуп... Читать дальше...

Azattyk.org 

COVID-19: Кытайда чектөөлөр күчөтүлдү

Кытайдын Хэбей провинциясында 51 адамдан коронавирус табылганына байланыштуу бийлик 7-январда чектөөлөрдү күчөттү. Провинцияга кирип-чыгуу чектелди. Жергиликтүү бийлик айдоочулардан жапырт анализ алып, шаардын башкы темир жол бекетин жапты. Жалпысынан Кытайда коронавируска чалдыккандардын саны 63 кишиге жетти. Бул 30-июлдан берки эң жогорку көрсөткүч. Коронавирус алгач тараган Кытайда бул илдеттен каза болгондордун жалпы саны 4600дөн ашат. Мексикада соңку бир суткада коронавирус миңден көп адамдын өмүрүн алды. Читать дальше...

Azattyk.org 

«Замандаш» партиясынын лидери алмашты

2018-жылдан бери партияны жетектеп келе жаткан Жеңиш Молдокматов лидерликтен кетти. Бул тууралуу Молдокматов өзү «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында «Замандаш» партиясын мындан ары Аскарбек Өмүракунов жетектейт. «Замандаш» партиясы - элибиздин жүрөгүнөн түнөк тапкан, тарыхы таза, өз багыты бар партия, - деди Жеңиш Молдокматов. - Мухтарбек Өмүракунов башында туруп, эл назарына алынган, калктын купулуна толгон. Ушундай партияны жетектеп кетүү, жетекчи катары партиянын кадырын көтөрүү мен үчүн чоң жоопкерчилик болду. Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ Конгрессинин жыйынында Байдендин жеңиши биротоло тастыкталды

Конгресттин 7-январга караган түнү өткөн биргелешкен жыйынында шайлоочулар коллегиясынын добуштары саналып, демократ Жо Байден былтыр 3-ноябрда өткөн шайлоодо азыркы президент Дональд Трампты утканы расмий бекитилди. Бул шайлоо жараянындагы соңку кадам. Байден шайлоочулар коллегиясынын 306, ал эми Трамп 232 добушуна ээ болду. Эми 20-январда 78 жаштагы Жо Байдендин инаугурациясы өтүп, президенттикке расмий киришет. Ал АКШ тарыхындагы эң улгайган мамлекет башчы болуп калат. АКШ Сенатынын биргелешкен... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сүрмө топко тартылган спортчулар

Кыргызстанда спортчулар криминалдын ордун басууга аракет кылып жатканы айтылууда. Спортчулар кылмыш дүйнөсүнө аралашкан учурлар Кыргызстанда байма-бай катталып турат. Жакында эле опузалап акча талап кылуу үчүн шектүү катары белгилүү балбан кармалганы айтылды.

Azattyk.org 

«Twitter» жана «Facebook» Трамптын аккаунттарын убактылуу жаап салышты

«Твиттер» жана «Фейсбук» социалдык тармактары АКШнын президенти Дональд Трамптын аккаунттарын убактылуу жаап салышты. Буга 6-январда жасалган Трамптын чакырыктарынан кийин анын тарапташтарынын Капитолийге (АКШ Конгрессинин имаратына) кирип барышы түрткү болду. Ал учурда Конгресстин эки палатасынын биргелешкен жыйыны өтүп жаткан. Анда 2020-жылы 3-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы бекитилмек. Тасма. Трамптын тарапташтары Капитолийге кирип барышты. 06.1.2021. 6-январда «Твиттер»... Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткенде аңчылыкка барган адам ок тийип көз жумду

Баткенде аңчылыка чыккан адам кокусунан атылган октон каза тапты. Маалыматка караганда, 3-январда Баткен районунун Газ айылынын жети тургуну эс алуу үчүн тоого аңчылыка барышкан. Кайра айылга келип, машинеден куралды түшүрүп жатып кокусунан атылып кеткен. Натыйжада айылдын 37 жаштагы тургуну ошол жерде каза болгон. Милиция муну тастыктады. Окуя Кылмыштар менен жоруктардын реестирине катталып, тергөө башталган. Бир адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. (JsA)

Azattyk.org 

Бекматов дебатка катышпаган талапкерге байланыштуу эскертүүнүн чоо-жайын түшүндүрдү

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов президенттик кызматка талапкерлердин 6-январдагы теледебатында айтылган эскертүүнүн чоо-жайын түшүндүрдү. «Буга чейин оозеки айтып жүргөнбүз. КТРК жана башка акысыз эфир убактысын берип жаткан тараптар аны эске албай жаткандыктан, кат жөнөтүп эскертүү катары айттык. Мыйзамдын нормасын түшүндүрдүк»,- деди Бекматов. Ал дебаттын экинчи айлампасында ушундай эскертүү берүүнү БШКнын жетекчилиги чечкен соң билдирүү жөнөтүлгөнүн кошумчалады. Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Ru24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Ru24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Ru24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Нарышкин обсудил с министром госбезопасности Ли Чхан Дэ сотрудничество РФ и КНДР

В Подмосковье с 1 апреля можно будет сдать старые шины и выиграть приз

Хазин: Путин разорвал договор с могущественной группировкой внутри России

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге: «Доставка почтой обеспечитдоступность  медпрепаратов в отдаленных поселениях» 

Музыкальные новости

Консультации, Составление Договоров, Присутствие Продюсера при заключении договоров и переговорах. Лекции. Переговоры. Встречи и Обсуждения.

Выставка художников-любителей открылась в Национальном музее

“Интерстрой” предлагает апартаменты в тихом районе Алушты

«Единая Россия»: Вопросы для «Диктанта Победы» составят ведущие историки

Новости России

Хазин: Путин разорвал договор с могущественной группировкой внутри России

Сергей Обухов – «Независимой газете»: При наличии политической воли, возможно все, а пока «живем по поговорке – «пока гром не грянет, мужик не перекрестится»

В Подмосковье с 1 апреля можно будет сдать старые шины и выиграть приз

Пресняков назвал дураками попытавшихся нарушить единство России терактом

Экология в России и мире

США включили ряд российских блокчейн-платформ в список SDN

"Яндекс.Маркет" начнет выпускать одежду под своими брендами

Грязная азербайджанская пропаганда на трагедии россиян

Консультации, Составление Договоров, Присутствие Продюсера при заключении договоров и переговорах. Лекции. Переговоры. Встречи и Обсуждения.

Спорт в России и мире

Теннисистка Касаткина отреагировала на высказывания Винер о россиянах

Эшли Барти посетила третий этап Формулы-1 в Австралии

Хачанов: хочу вернуться в топ-10 ATP

«Бомж» Дарья передает всем привет»: Касаткина ответила на слова Винер

Moscow.media

Проект развития малой авиации в Сибири оценили в 8 млрд рублей

Система управления доступом RooX UIDM совместима с ОС Astra Linux

BelkaCar запускает уникальный партнерский сервис корпоративного каршеринга в Набережных Челнах

Система управления доступом RooX UIDM совместима с ОС Astra Linux











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Mash: полиция в Москве приехала на ложный вызов в бывшую квартиру рэпера Гуфа

Нарышкин обсудил с министром госбезопасности Ли Чхан Дэ сотрудничество РФ и КНДР

Собянин назвал важнейшие проекты социальной поддержки москвичей

Два автомобиля столкнулись в Новой Москве