КР Президенти С.Н. Жапаровго
723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан
АРЫЗ
Биз Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаровдун мыйзамсыз, коррупциялык схемалары жөнүндө мамлекеттик органдарга 2017 жылдан бери көптөгөн арыздар менен кайрылганбыз. Ошол арыздарыбызды текшеруу үчүн мурда Ош шаары жана Ош областы УКМК башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Ал арыздарыбыз боюнча тергөөчү Теңирберди Борубаев бизден түшүнүк кат албай... Читать дальше...
АКШдагы Пенсилвания штатынын университетинин профессору Темирлан Молдогазиев "Азаттык" менен болгон маегинде АКШдагы соңку саясий окуяларга байланыштуу өз байкоолору менен бөлүштү. Ал ошондой эле Кыргызстандагы саясий жүрүм жаатында жарандарга өз милдетин так сезип, туура чечим чыгарууга кеңеш берди. - 6-январда Вашингтондо жаалданган топ конгрессмендер отурган Капитолийдин имаратын курчап алып, чабуул болду. Бул окуяны дүйнө өлкөлөрү ар кандай баалап жатышат. Ал эми америкалыктар өздөрү, сиздин кесиптештериңиз эмне деп жатышат? Читать дальше...
Бишкекте бүгүн, 12-январда белгилүү кинорежиссёр, драматург, коомдук жана мамлекеттик ишмер Болот Шамшиевди эскерүү кечеси өтөт. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндөгү иш-чара Шамшиевдин туулган күнүнө карата уюштурулуп жатат. Саат 14.00гө белгиленген иш-чарага маркумдун санаалаштары, кесиптештери жана күйөрмандары чакырылган. Уюштуруучулар пандемияга байланыштуу орундар чектелүү экенин айтып, беткап кийүүгө, социалдык аралыкты сактоого катышуучуларды чакырууда. Читать дальше...
Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, таланттуу обончу, композитор Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата, бүгүн 12-январда атайын иш-чара уюштурулат. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрындагы эскерүү кечеси концерт менен коштолот. Кече коронавируска байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык абалды эске алуу менен чакан форматта өткөрүлмөкчү. Рыспай Абдыкадыровдун көзү тирүү болсо бүгүн 80 жашка толмок. Ал... Читать дальше...
Бийлик коронавирус бар экенин четке кагып келген Түркмөнстанда белгилүү композитор Режеп Режепов ушул вирустан улам каза болду. Бул тууралуу Режеповдун агасы Рахмет Режепов «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Маркум композитор 76 жашта болчу. Режеповдун чыгармалары Советтер Союзунда тартылган бир нече фильмде колдонулган. Түркмөнстан - COVID-19 өз аймагында бар экенин четке каккан БУУнун жападан-жалгыз мүчөсү. Былтыр августта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өлкөдө өпкө кагынынан каза болгондор көбөйгөнүнө тынчсыздануусун билдирип... Читать дальше...
Ош шаарында телефон саткан дүкөндү тоноого шектүү катары Өзбекстандын төрт жараны кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады. Маалыматта кармалгандар 8-январь күнү дүкөндөн жалпы суммасы 500 миң сомдук уюлдук телефонду карактап кеткени айтылат. «Аларга тинтүү жүргүзгөндө дүкөнгө тиешелүү телефондор, андан сырткары бүктөмө бычак, "ПМ" үлгүсүндөгү номуру өчүрүлгөн тапанча табылды», - деди Ош шаардык милициянын басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов. Читать дальше...
Кыргызстанда 10-январда өткөн шайлоого эл аралык байкоочулар баа берип жатышат. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун байкоочулар миссиясы (ЕККУ) Кыргызстанда өткөн шайлоого баа берип, талапкерлерге бирдей атаандаштык түзүлбөй калганын жана журналисттерге басым жасалганын белгилешүүдө. Талапкерлердин атаандаштык мүмкүнчүлүгү Кыргызстандагы президенттик жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган шайлоого Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу... Читать дальше...
АКШнын шайланган президенти Жо Байден Борбордук чалгын башкармалыгына жетекчи кылып Уильям Бернсти дайындайт. 11-январда бул жөнүндө жарыялап жатып "Бернс эл аралык аренада көп жылдык тажрыйбасы бар, үлгүлүү дипломат. Ал биздин өлкөнүн жана жарандарыбыздын коопсуздугу үчүн иштеп келди"-деди. 30 жылдан ашык дипломатиялык кызматта иштеген Бернс Барак Обама президент кезинде мамлекеттик катчынын орун басарлыгын аркалаган. Ал эми ага чейин 2005-2008-жылдары АКШнын Орусиядагы элчиси болгон. Уильям... Читать дальше...
Президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныган жана ага каршы чыккан талапкерлердин пикирлери. Алдын ала жыйынтыктар боюнча алдыга чыккан талапкер Садыр Жапаров Бишкектин борборунда чогулган элге келип сүйлөдү. Ал атаандаштарын кызматташууга чакырды. Казакстанда 10-январдагы парламенттик шайлоодо ондогон активист кармалды. Шайлоонун алгачкы жыйынты боюнча бийликтеги “Нур Отан” партиясы 71% жакын добуш топтоду.
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн башчысы, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидиновду УКМКнын Оштогу башкармалыгы кылмышка шектүү катары 11-январда кармаганы кабарланды. Маалыматты Сайпидиновду жакшы билгендер жана күч органдарындагы булактар «Азаттыкка» ырасташты. Шектүү атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалым болду. Сайпидиновдун кармалып, эки күнгө камакка алынганын жергиликтүү сайттар да жазып чыгышты. Читать дальше...
Эмне үчүн Жогорку Кеңештин айтылуу “Алтын комиссиясынын” мүчөсү, мурдагы депутат, генерал Бейше Молдогазиев 1995-жылы Кыргыз парламентине кайра шайлана албай калган? Маселе – жөнөкөй атаандаштыктан алда канча терең жана анын жемкорлукка каршы күрөшүнө барып такалат.
Грузиядагы бийликчил «Грузин кыялы» партисынын лидери, миллиардер Бидзина Иванишвили саясаттан кетерин жарыялады. Грузиянын эң бай адамы 11-январда тараткан билдирүүсүндө "саясаттагы өз миссиясы аткарылганын" белгилеп, саясаттан биротоло кетүүнү чечкенин билдирген. «Мен партиянын төрагалыгын тапшырып, партиянын катарынан кетүүнү чечтим»,-деп айтылат билдирүүдө. Бирок грузин оппозициясынын өкүлдөрү миллиардердин бул билдирүүсүнө ишенбей турушат. Алар Иванишвилинин «кезектеги амалы» катар санап... Читать дальше...
Москванын четиндеги Новорижск шоссесинде жүк ташыган автоунаа жоокерлерди ташып бараткан автобустар менен кагылышты. Баштапкы маалыматка караганда, жол кырсыгынан төрт адам каза таап, дагы 20дан ашыгы жарадар болду. Жабыркагандарды баары - жоокерлер. Айдоочу транспортту башкара албай калып, күү менен автобустарды урган. Учурда чоң машиненин айдоочусу кармалып, тергөө иштери башталды.
10-январдагы президенттик шайлоо Кыргызстандын тарыхындагы эң көп талапкер катышкан, бирок ошол эле учурда жарандардын активдүүлүгү эң төмөн болгон шайлоо болуп калды.
Ысык-Көлдө балык уулоого чыгып, чөгүп кеткен 38 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-январда билдиргендей, куткаруучулар бир күндөн кийин табылган сөөктү туугандарына өткөрүп беришти. Каза тапкан киши Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылынын тургуну. Ал шериги менен 10-январда балык кармоо үчүн чыгып, кайыгы кырсыктагандан кийин дайынсыз болуп жаткан. Шеригин жергиликтүү тургундар куткарып калышкан.
Мамлекеттик башкаруунун түрүн аныктоо боюнча референдумда добуш бергендердин 81% президенттик башкарууну колдоду. Ага ылайык, шайланган президент Садыр Жапаров алдыдагы эки айда конституциялык реформа жүрүп, мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизиле турганын жарыялады. Юристтер менен саясатчылар арасында азыркы Баш мыйзам боюнча шайланган президенттин жаңы Конституция боюнча мөөнөтү көбөйүп, ыйгарым укуктары кеңейгенде конституциялык түзүлүштүн принциптерине ылайык кайра шайлоо өткөрүү маселеси көтөрүлдү. Читать дальше...
Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум коронавирус пандемиясына карабай, жалпысынан жакшы өткөнүн билдирди. Элчилик бул тууралуу билдирүүсүн 11-январда таратып, кыргызстандыктар шайлоого кызуу катышканын белгиледи. Билдирүүдө ошондой эле бир катар эл аралык уюмдардын, анын ичинде Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) байкоочулар миссиясынын байкоосу жөнүндө кеп болгон. Читать дальше...
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Бороновду суракка чакырды. Бул маалыматты мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур «Азаттыкка» ырастады. Анын айтымында экс-премьер-министр 12-январда күбө катары суралат. Финансы полициясы азырынча сурактын чоо-жайын ачыкка чыгарган жок. Өткөн жылы октябрь айында Финполиция коронавирус пандемиясы учурундагы гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул иштин... Читать дальше...
Ош шаарында мектептердин 14-январдан тартып толук иштешине уруксат берилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» мэрия кабарлады. Мындай чечимди Ош шаарындагы Жарандык коргонуу штабы чыгарган. Буга чейин 1-класстан 4-класска чейин жана 11-класс окуп келген. «Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери, дарыгерлер санитардык талаптарды көзөмөлдөйт. 11-январдан тартып мамлекеттик бала бакчалардын жогору жаштагы жана мектепке даярдоочу тайпаларынын иштешине уруксат берилди», - деди Ош шаарынын... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы Жогорку соттун дагы бир судьясынын үстүнөн мыйзамсыз баюу боюнча иликтөө баштады. 11-январда таратылган расмий кабарга ылайык, соттор коллегиясынын жарандык жана экономикалык иштер боюнча судьясы Б.Д.С. кылмышка байланыштуу шек саналууда. Айрым маалымат булактары судьянын аты-жөнү Дилфуза Боронбаева экенин жазып жатышат. Сот тутумунун кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз баюу фактыларын аныктоо жана документтештирүү... Читать дальше...
Кыргызстанда саясий туруктуулуктун бузулушуна жана бийликтин алмашуусуна жеткирген октябрь окуяларынан соң үч айдан кийин өткөн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо бир тур менен жыйынтыкталды. 10-январдагы шайлоонун жыйынтыгы бийлик алмашуудан кийин экономикалык жана саясий белгисиздик өкүм сүрүп турган өлкөгө туруктуулук алып келеби? «Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү» ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Ажыкулов - октябрдагы кризиске себепчи болгон парламенттик шайлоого катышкан талапкерлердин бири. Читать дальше...
Президенттик шайлоодо арбын добуш алган Садыр Жапаров шайлоого өзү менен кошо ат салышкан атаандаштарынын саясий салмагын, кадыр-баркын, тажрыйбасын жогору баалайт. Мындай пикирин ал бүгүн, 11-январда Бишкектин Ала-Тоо аянтында шайлоочуларынын алдында сүйлөп жатып билдирди: «Президенттикке аттанган менден башка да талапкерлердин саясатта салмагы, кадыр-баркы, тажрыйбасы бар. Алар да эл урматына ээ болгон инсандар. Алардын да өлкөбүздү өнүктүрсөм, Кыргызстаныбызды кубаттуу мамлекетке айлантсам деген ыйык тилектери бар. Читать дальше...
Эмне үчүн аялдардын таламын талашып, зомбулукка каршы турган эркек активисттер аз? “Адам укуктары” деген жалпы түшүнүктөн аялдардын укугун бөлүп кароонун зарылчылыгы эмнеде? “Аялзат” подкастында журналист Санжар Эралиев менен укук коргоочу Эржан Сулайман ушул маселени талдашат.
Садыр Жапаровдун алдында Кыргызстанды эл аралык милдеттенмелердин негизинде, анын ичинде адам укуктарынын принциптерин сактоо менен жетектөө жоопкерчилиги турат. Бул тууралуу «Human Rights Watch» эл аралык уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева «Азаттыкка» билдирди. «Шайлоого чейинки окуялар, анын ичинде бийлик өлкөнүн Конституциясын көз жаздымда калтыруу менен тез арада президенттик шайлоого багыт алганы бир топ тынчсыздануу жаратат. Жапаров мырзада өлкөдөгү бийликти ишке ашыруу... Читать дальше...
Эл аралык байкоочулар Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоо жакшы деңгээлде болгонуна карабай, талапкерлер үчүн бирдей шарттар түзүлбөгөндүгү шайлоону начарлатты деген пикирин билдиришти. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Парламенттик Ассамблеясынын өкүлдөрү 11-январда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, талапкерлерге каржылык жана үгүт иштеринде бирдей мүмкүнчүлүк түзүлбөгөнүн белгилешти. «Акыркы айлар Кыргызстан эли үчүн кайгылуу болуп, саясаттагы башаламандык менен коштолду... Читать дальше...