Посольство Греции: рассмотрение документов по шенгенской визе составляет 15 дней

Оборудование для АЭС поставят из Подмосковья в Бангладеш

Почтовые отделения Подмосковья изменят график работы в майские праздники

Почему умерла Лена Миро? Подробности трагедии

World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Январь
2021

Новости за 24.01.2021

Azattyk.org 

Былтыр өлүм-житим көп болду

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, 2020-жылы Кыргызстанда 40 миңден ашык адам жашоо менен кош айтышкан. Байкоочулар мындай көрсөткүч акыркы он жыл аралыгында катталбаганын белгилешүүдө. COVID-19 вирусунун кесепети 2020-жылы Кыргызстанда 40 001 адам көз жумган. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 6 684 адамга көп. 2019-жылы түрдүү себептер менен 33 317 адам көз жумган. 2018-жылы дүйнөдөн кайткан кыргызстандыктардын саны 33 миңден ашкан эмес. Мындай маалыматтар Мамлекеттик каттоо кызматынын сайтына жарыяланды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орус бийлиги АКШны ички ишине кийлигишип жатат деп айыптады

Орус бийлиги АКШны өлкөнүн ички иштерине кийлигишип жатат деп айыптады. Мындай билдирүү 23-январда Орусиянын бир нече шаарында өткөн нааразылык чараларды таратууга күч колдонулганын Европа Биримдиги жана АКШ сындаган соң таратылды. Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мамлекеттик “Россия” каналындагы маегинде өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин буга чейинки жүйөлөрүн кайталады. Анда Кремль АКШнын Орусиядагы элчилиги расмий сайтына акциялар өтчү жайлардын тизмесин жарыялап, демонстрацияларды уюштурууну колдоду деген сын айтылган.

Azattyk.org 

АКШ "Талибан" менен келишимдин аткарылышын кароону көздөйт

АКШ Ооганстандагы тынчтык орнотуу аракети боюнча "Талибан" кыймылы менен келишимди кайрадан карап чыгууну көздөйт. Анда талиб согушкерлери келишимдин алкагындагы милдеттенмелерин канчалык аткарып жатканы каралат. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Ооганстандын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хамдулла Мохиб менен сүйлөшкөн учурда белгилүү болду.  2020-жылдын февраль айында кол коюлган келишимге ылайык, 2021-жылдын май айына чейин АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетиши керек. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кытайда коронавирусту жайылтпоо үчүн жаңы чаралар көрүлүүдө

Кытай коронавирус инфекциясын жайылтпоо үчүн жаңы чечимдерди кабыл алса, Бразилия жана Норвегиянын бийлиги мутацияланган түрүн токтотуу үчүн чектөөлөрдү киргизди. Бээжинден анча алыс эмес Нангун шаарында 2600 орундуу процедуралык бөлмөлөр ачылды. Буга чейин аймактан вирусту чыгарбоо үчүн бир катар чектөөлөр киргизилген. Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясы акыркы суткада Хебей провинциясында дагы 24 адам адам вирус жугузганын кабарлады. Бул аймак баш калаа Бээжинге жакын жайгашкан үчүн абдан катуу көңүл бурулууда. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жакында дайындалган "ЭЕ/АҮ" ж.б. АКШ каржылаган медиа компанияларынын жетекчилери кызматтан алынды

АКШнын эл аралык телерадиоберүүсүн көзөмөлдөө милдетин алган АКШнын Дүйнөлүк Медиа Агенттигинин (USAGM) башчысынын милдетин аткаруучу Келу Чао (Kelu Chao) жакында дайындалган Эркин Европа / Азаттык үналгысынын президенти Тед Липиенди жана АКШ өкмөтү тарабынан каржыланган дагы эки эл аралык телерадиокомпаниянын (“Эркин Азия” радиосу менен Жакынкы Чыгыш үчүн берүүлөр тармагынын) директорлорун 22-январда кечке жуук кызматтан бошотту. USAGM мекемесинин мурдагы башчысы аларды бул кызматка бир ай мурун гана дайындаган. Читать дальше...

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Абдыкеримов: кыргыздын менталитети спорттук ийгиликтерди жаратууда чоң роль ойнойт

"Чемпион" футболдук академиянын жетекчиси, машыктыруучу Эр-Улан Абдыкеримов Кыргызстан чет элдик футболдук академиялардан керектүү моделди алса болорун айтты.

Azattyk.org 

Орусиянын Тергөө комитети ишембидеги акциялар боюнча бир нече кылмыш ишин козгоду

Орусиянын Тергөө комитети Москвада 23-январда камактагы оппозиционер Алексей Навальныйды колдоп чыккан акциялар боюнча бир нече кылмыш ишин козгоду. Мекеменин маалыматына караганда, иштер бийлик өкүлүнө карата күч колдонууга, ээнбаштыкка, мүлктү атайылап талкалоого байланыштуу беренелердин негизинде тергеле баштады. Күч түзүмдөрүнүн ишине байкоо жүргүзүүчү «ОВД-Инфо» тобу бул күнү 3430 адамды полиция кармап кеткенин маалымдады. Навальныйдын бошотулушун талап кылган акциялар ишемби күнү Орусиянын бир нече шаарында өткөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика Кайратова операция болду, абалы канааттандырарлык

Ысык-Көлдө жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика Кайратова Бишкекке жеткирилип, операция болду, абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу 24-январда “Азаттык” радиосуна Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун басма сөз кызматкери Назгүл Курамаева билдирди. Анын айтымында, ырчы оорукананын реанимациясына кечээ, 23-январда түшкөн, бүгүн мекеменин жетекчиси Сабырбек Жумабеков чукул операция жасады: “Азыр ал наркоздон чыгууда. Омурткасы жабыркаптыр, азыр калыбына келди. Балтыры да жабыркаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Айтматовдун бүтпөй калган чыгармасы

Чыңгыз Айтматовдун "Кайрылып куштар келгенче” аңгемесинде кыргыз тарыхынын эң эле оор учуру сүрөттөлгөн. Катаал жоо айланы кетирип, калктын шаштысын алып турган калтыс кездеги жашоо-тирдик, улуу сөздүн жаралышы, улуттук рух көркөм иликтөөгө алынган. Бул ирет даркан сүрөткердин адабий таберигине кайрылуунун ыңгайы келип турат.  Мезгилдүү басылмаларга жарыяланган маектеринин биринде Чыңгыз Айтматов тарыхый темага кайрылып, көлөмдүү чыгарма жазып жатканын ырастаган жайы бар. Негедир андай чыгарма жазылбады. Читать дальше...

Azattyk.org 

ИИМ: Мончодо баланы зордуктаган киши жакын арада кармалат

Кыргызстанда милиция мончодогу зордуктоо фактысын териштире баштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 24-январда "Азаттык" радиосуна билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы бул тууралуу "Баланы зордуктаган шектүүнү издөө иштери жүрүп жатат. Ички иштер органдарына шектүүнү кармоо үчүн багыттамалар берилди. Ички иштер министрлиги ал жакын арада кармалат деп ишенимдүү түрдө билдирет" деп маалымдады. Окуянын күбөлөр чөнтөк телефонго тартып алган видеосу бул күндөрү социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатат. Читать дальше...




Azattyk.org 

Кытай: Шахтада камалып калган кенчилердин жарымы куткарылды

Кытайда эки апта мурда алтын шахтасында болгон авариядан кийин жер алдында камалып калган 22 кенчинин 11и куткарылды. Бүгүн, 24-январда “Синхуа” агенттиги кабарлагандай, алар ооруканага жеткирилди. Кырсык 11-январда Шандун провинциясында катталган. Жарылуу болгон учурда шахтанын ичинде 22 жумушчу бар болчу. Куткаруучулар алардын 12си менен байланышка чыга алган, кийин бирөө көз жумган. Калган 10 кенчинин тагдыры белгисиз бойдон калууда. (RK)

Azattyk.org 

Бишкекте кезектеги "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык маршы өттү

Бүгүн, 24-январда Бишкекте кезектеги "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык маршы болуп өттү. Уюштуруучулар "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, акцияга отуздай адам катышты. Алар Темир жол вокзалынын алдына чогулуп, жүрүшүн адаттагыдай эле Ала-Тоо аянтынан жыйынтыкташты. Акцияда Кыргызстанда коррупциянын жоюлушу, мыйзамдуулуктун орношу тууралуу талаптар коюлуп, Орусиядагы соңку митингдерди колдогон ураандар да айтылды. "Баштан башта" кыймылы демилге кылган "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык марштары 2020-жылдын... Читать дальше...

Azattyk.org 

25-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

25-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.​ Абанын температурасы: Чүй жергесинде түнкүсүн -7...-12, күндүз -1…-6; Талас облусунда түнкүсүн -8...-13, күндүз 0…-5; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…-6; Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10; Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -24…-29, күндүз -7…-12 градус болот. Читать дальше...

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Нурмагомедов Макгрегор Порьеден жеңилгенден кийин үн катты

Спортчулар UFC 257 мелдешинин башкы беттешинде кезиккен. Америкалык мушкер кармаштын экинчи раундунда бир катар соккулары менен таамай тийип, атаандашын техникалык нокаутка түшүрдү.

Azattyk.org 

Баткен: Эки айдан бери дайынсыз болуп жаткан аялдын сөөгү табылды

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 45 жаштагы тургуну Мактым Кожонова үйүнөн 2020-жылдын 23-ноябрында кечинде чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Бир айга жакын уланган издөө иштерине милициядан, куткаруучулардан жана айылдаштарынан 200дөн ашык адам тартылган.  Бүгүн, 24-январда анын сөөгү өзү жашаган короого жакын жерден, жапайы бадалдардын арасынан табылганын «Азаттык» радиосуна жакындары билдиришти. Укук тартибин коргоо кызматкерлери окуя болгон жерди изилдеп, сөөктү атайын экспертизадан өткөрүү үчүн алып кетишти. Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ Кытайды Тайванга басымын токтотууга чакырды

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кытайды Тайванга карата басымын токтотууга чакырды. Мекеменин расмий өкүлү Нед Прайстын 24-январдагы билдирүүсүндө “Биз Пекинди Тайванга аскердик, дипломатиялык жана экономикалык басым жасоону токтотуп, анын ордуна демократиялык жол аркылуу шайланган өкүлдөрү менен конструктивдүү диалог баштоого чакырабыз” деп айтылды. Андан бир аз мурдараак Тайван бийлиги Кытайдын сегиз бомбалоочу жана төрт тик учагы түштүк-чыгыштагы белги коюлган аймагына киргенин маалымдаган.... Читать дальше...

Azattyk.org 

«Кыргызалтын»: Терек-Сайдагы кырдаалдын кесепети ыкчам жоюлду

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы “Эти Бакыр Терек-Сай” ишканасында түзүлгөн кырдаалдын кесепети ыкчам жоюлду, жергиликтүү элдин жашоосуна жана айлана-чөйрөгө коркунуч жок. Бул тууралуу 24-январда “Кыргызалтын” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, окуяга байланыштуу “Кыргызалтындын” жетекчилигинен жана тийиштүү адистерден турган ыкчам штаб түзүлгөн. Сууну сордуруп алуучу насос оңдолуп, тоонун боорунда калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Кырдаал жөнгө салынып, ишкананын көзөмөлүндө турат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Коронавирус дагы 104 адамдан табылды, эки өлүм катталды

Кыргызстандын коронавируска каршы республикалык ыкчам штабынын бүгүнкү, 24-январдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен эки киши каза болду. Алар экөө тең Бишкек шаарынын тургундары болчу. Жалпысынан көз жумгандардын саны 1400 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 104 адамдан табылды. Алардын эң көбү Чүй (43) облусунда жана Бишкек шаарында (35). Оору жуккандардын жалпы саны 83 900 кишиге жетти. Бир күндө 155 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 676 адам жатат, дагы 967 бейтап үйдөн дарыланууда. Читать дальше...

Sputnik Кыргызстан (sport) 

UFC уюмунда өзбекстандык мушкер кубаттуу муштуму менен атаандашын "бийлетти". Видео

Махмуд Мурадов атаандашы Эндрю Санчезди ээк тушка бир коюп, ал термелип, кулабай араң калды. Өзбекстандык мушкер тизе менен дагы бир ирет тээп чабуулду улантканда калыс беттешти токтотту.

Azattyk.org 

Кыргызстан менен БУУнун адам укуктары боюнча кызматташтыгы талкууланды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча кеңсеси Кыргызстанга адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого көмөктөшөт. Бул маселе 23-январда Бишкекте вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Элвира Сурабалдиеванын аталган уюмдун Борбор Азия боюнча аймактык бөлүмүнүн башчысы Ришард Коменда менен жолугушуусунда талкууланды. Кыргыз өкмөтүнө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңешти жана адам укуктары жаатында иштеген башка да мамлекеттик органдарды күчтөндүрүү, жаштар үчүн аймактык борбор ачуу... Читать дальше...

Azattyk.org 

«Спортчу кыздар коомдун сынын жеңип чыгышат»

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, Кыргызстандын көп жолку чемпиону Гүлшанай Сатарова - үй-бүлө менен спорт тизгинин тең кармап бараткан спортчу айымдардын бири. Азия оюндарынын күмүш байгесинин ээси, бир нече эл аралык мелдештин жеңүүчүсү Сатарова турмушка чыккандан кийин да спортту таштабаган аз гана кыз-келиндердин катарында турат. Ал 2019-жылы Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өтүп жаткан эл аралык Гран-при жарышында 800 метр аралыкка чуркап алтын байге алган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Британия коронавирус көп жайылган өлкөдөн баргандарды 10 күн карантинде кармаганы жатат

Улуу Британиянын өкмөтү коронавирус көп жайылган өлкөлөрдөн барган бардык адамдарды 10 күн карантинде кармоо тууралуу чечим кабыл алганы жатат. Daily Mail басылмасы билдиргендей, министрлер кабинети азыр мындай өлкөлөрдөн баргандарды өзүнчө мейманканага жайгаштыруу боюнча план түзүүдө. Чечим дүйшөмбүдө кабыл алынат. Ошону менен катар британ өкмөтү локдаун тууралуу мыйзамдардын мөөнөтүн узартып, жергиликтүү бийликке 17-июлга чейин ресторан-дүкөн жана башка коомдук жайларды убактылуу жабууга укук берди. Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Ru24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Ru24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Ru24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Посольство Греции: рассмотрение документов по шенгенской визе составляет 15 дней

Кто навредил торговым отношениям России и Китая

Почти 130 новых локомотивов закупили РЖД в I квартале 2024 года

СОТРУДНИКИ СПЕЦПОДРАЗДЕЛЕНИЯ РОСГВАРДИИ ПРИСТУПИЛИ К ПАТРУЛИРОВАНИЮ МОСКВЫ-РЕКИ

Музыкальные новости

Дистрибьюция Музыки. Дистрибьюция Музыки в России. Дистрибьюция музыки в вк. Яндекс музыка дистрибьюция. Цифровая дистрибьюция музыка. Дистрибьюция музыки под ключ.

Расплата за расточительство! ФК «Оренбург» на домашнем поле уступил ФК «Динамо» (Москва) – 1:2

Концерт "Настроение - весна!"

«Мистер Икс». Состав исполнителей

Новости России

Собутыльник пытался убить знакомого в магазине на юге Москвы

Корпуса по программе реновации введут в эксплуатацию в 2025 году в районе Богородское

«Карма ее настигла». В США умерла скандально известная блогер Лена Миро

VK запускает набор в амбассадорскую программу для молодежи

Экология в России и мире

Она видит ложь: ТВ-3 начал съемки сериала «Лиса» с Олесей Фаттаховой

МФК «Динамо Пушкино» вошел в топ-8 команд Всероссийского футбольного турнира «Кубок Казани»

Финалист шоу “Голос” Сергей АРУТЮНОВ прямо при выезде со своего сольного концерта в Кремле cлучайно сбил девушку. А ей оказалась солистка группы Демо.

Всероссийский субботник пройдет на территории сервисного локомотивного депо «Москва-Сортировочная» 27 апреля!

Спорт в России и мире

Легенда тенниса рассказал, готов ли он опять стать тренером Джоковича

П’ять українок отримали суперниць в основі турніру WTA 1000 в Мадриді: результат жеребкування

Теннисистка Касаткина заявила, что скучает по России, но пока не может приехать

Вторая ракетка Казахстана опустилась в чемпионской гонке WTA

Moscow.media

Япония потребовала от Google исправить ограничения в рекламе

Лавров: "США и НАТО одержимы победой над Россией". Комментарии чехов

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Более 11000 поездок совершили пользователи каршеринга BelkaCar по Подмосковью за пять месяцев











Топ новостей на этот час

Rss.plus






«В первую очередь желаю здоровья»: Янковский оценил поступки Кологривого

Корпуса по программе реновации введут в эксплуатацию в 2025 году в районе Богородское

Документальный фильм об охотнице из ХМАО получил приз фестиваля «Золотой ворон»

Оборудование для АЭС поставят из Подмосковья в Бангладеш