Украинада парламенттин (Жогорку Раданын) депутаттарынын санын азыркы 450 кишиден 300 кишиге чейин кыскаруу алгылыктуу. Бул тууралуу президент Владимир Зеленский 29-январда билдирди. “Айтмакчы, эми депутаттар 300 эле болсун деген сунуш өтүүсү үчүн 300 добуш керек болот”, – деди Зеленский. Видео тасма. В.Зеленский референдум тууралуу. (4:29 мүнөттөн; украинче). “Фейсбук”. 29.1.2021. “Жалпы украин референдуму аркылуу элдик бийлик тууралуу” мыйзам, Зеленскийдин оюнча, Украинанын бардык жарандарына... Читать дальше...
Орусияда жекшембиге белгиленген нааразылык жыйынынын ирегесинде оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын айрым жөкөрлөрүнө кысым күчөдү. 29-январда Москвадагы Тверской соту “санитардык иш” делген окуя боюнча кармалгандардын бардыгын үй камагына кесип, тергөөчүлөрдүн талабын канааттандырды. Бул иш 23-январдагы өлкөдөгү Навальныйды колдогон массалык нааразылык жыйындардан соң ачылган. Жемкорлукту изилдөө максатында Навальный негиздеген кордун юристи Любовь Соболь, оппозициячыл саясатчынын бир тууганы Олег Навальный... Читать дальше...
Төлөгөн Карыкеев – сүрөтчү, сатирик, юморчу, жазуучу, айтор, көп өнөрлүү талант. Кыл калем ээлеринен жөн калемди кармап, жумшак юморду, курч сатираны сөз жана чийме аркылуу келиштире берген саналуу таланттардын бири – Төкөбүз ("Кимбайке"). Бекташ Шамшиевдин блогу.
Орусиянын президенти Владимир Путин 29-январда Стратегиялык чабуул куралдарын анан ары чектөө жана кыскартуу тууралуу АКШ менен Орусиянын ортосундагы жаңы келишимди дагы 5 жылга узартуу тууралуу мыйзамга кол койду. Бул мыйзам Орусиянны Мамлекеттик думасы тарабынан 27-январда кабыл алынган жана ошол эле күнү Орусиянын парламентинин жогорку үйү – Федерация Кеңеши тарабынан жактырылган. Бул келишимди узартуу «Орусиянын улуттук кызыкчылыктарына төп келет жана Орусия менен АКШнын өз ара стратегиялык... Читать дальше...
Чемпионаттын биринчи күнүндө 57, 65, 74, 86 жана 97 килограмм салмактагы спортчулар килемге чыгышкан.
Казакстандын Актөбө облусундагы Башенкөл кенин иштеткен «АМК-Мунай» мунай компаниясынын 60ка жакын жумушчусу иш таштады. Алар маянаны 100% көтөрүүнү талап кылууда. Өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылган жумушчулар учурда 67 миң теңгени түзгөн маянаны 150 миңге теңгеге чейин көтөрүүнү талап кылышты. «Айлыкты көтөрүү - биздин жалгыз талабыбыз. Майрам күндөрү, түнкү күзөттө иштеген учурда мыйзамда көрсөтүлгөндөй төлөнбөйт», деп айтылат кайрылууда. Жумушчулар буга чейин тиешелүү органдарга... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаровдун алгачкы кадамдары өлкөнүн өнүгүү ыргагын токтоткон тоскоолдуктарды жоюуга багытталган кечиктирилгис чаралардан турары белгиленди. Бул үчүн мамлекет башчы системалуу коррупциянын тамырын кыркууга, араңжан экономиканы жандантууга жана бул үчүн ишкерлер менен инвесторлорго жеңилдик берип, жагымдуу шарттарды түзө турган жаңы мамлекеттик саясаттын концепциясын иштеп чыгууга багытталган жарлыктарга кол койгону дайын болду. Саясат талдоочулар жаңы президенттен коомчулуктун күткөнү көп... Читать дальше...
Европа Биримдиги коронавируска каршы «Pfizer/BioNTech» вакцинасын Британияга экспорттоого чек коюшу мүмкүн. Мындай чечим Британиянын Европа өлкөлөрүнө COVID-19 вирусуна каршы дагы бир «AstraZeneсa» вакцинасын жеткирүүдө милдеттенмелерин аткарбаганы үчүн кабыл алынышы ыктымал. Бул тууралуу Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишелдин расмий катына шилтеме берип британиялык «The Independent» гезити жазып чыкты. Басылманын маалыматы боюнча, Британияга карата чара көрүү тууралуу демилге менен Еврокеңешке Австрия, Чехия, Дания жана Грекия кайрылган. Читать дальше...
Нарындын Кочкор районунда 23 жаштагы аялдын өлүмүнө шек саналып 25 жаштагы эркек кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, жаш келин менен анын өлүмүнө шектүү тааныш болгон. Адам өлүмүнө жеткирген окуя эмнеден улам чыкканы белгисиз. Укук коргоо органдары кылмыштын чоо-жайын териштирип жатат. Ушул жылдын 23-январында Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө саат 21:30 чамасында Кочкор районунун Теңдик айылынын тургуну Чоң Кара-Кужур өрөөнүнүн Тынай-Булак кыштоосундагы сарайда адамдын сөөгү жатканы тууралуу маалымат берген. Читать дальше...
Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ишине байланыштуу сотко чакырылды. Ошто милиция кызматкери киши колдуу болду. Пентагон “Талибан” өзүнө алган милдеттенмесин толук аткарбай атат”, - деп эскертти.
Президенттин инаугурациясынан кийин жаңы өкмөттү шайлоо күн тартибине чыкты. Парламенттеги көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка талапкер тууралуу расмий сүйлөшүүлөрдү баштай элек. Буга чейин Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов парламенттеги коалиция өкмөт башчылыкка талапкерди президенттин инаугурациясынан кийин көрсөтө турганын айткан болчу. Коалициядагы «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Марлен Маматалиев өкмөт башчылыкка талапкер жаңы президенттин пикирин... Читать дальше...
“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнүн коногу “легендарлуу парламенттин” депутаты, академик Жамин Акималиев болду. Биздин каарман совет заманындагы кыргыз кадрларын даярдоо, колдоонун жолдору, депутаттарды шайлоодогу бийликтин кийлигишүүсү, мамлекет жетекчилери Хрущев, Усубалиев, Акаев менен жолугушуулары, мамилеси, айтылуу “алтын маселесинин” тагдыры, легендарлуу парламенттин коомдогу орду ж.б. маселелер жөнүндө кеп кылат.
Орусиянын Тергөө комитети оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын аймактык штабдарынын башчысы Леонид Волковго издөө жарыялады. Волковго карата «Уруксатсыз нааразылык акциясына жашы жете электерди чакыруу» деген берене боюнча сыртынан айып коюлду. Ага Волковдун өспүрүмдөрдү акцияга чыгууга чакырган тасмасы негиз болгону кабарланды. Оппозициячыл активист учурда чет өлкөдө жүрөт. Леонид Волков бул кылмыш ишине жазуучу Жорж Оруэлл китебинен үзүндү келтирип, какшыктап жооп кайтарды. Орусияда... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев менен анын жакындарына карата сотко чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) басма сөз борбору маалымдады. Мекеме кабарлагандай, Финансы полициясына германиялык инвестордун ири суммадагы акчага байланыштуу алдамчылык фактысы тууралуу арызы келип түшкөнү себеп болгон. Арызда депутат менен анын туугандары чет элдик инвестордун ишенимине кирип 1 миллион АКШ долларына бааланган жабдууну алып... Читать дальше...
АКШнын Коргоо министрлиги «Талибан» Ооганстанга тынчтык орнотуу келишиминдеги милдеттенмелерин аткарбай, «Аль-Каида» менен алака-катышын үзбөй жатканын эскертти. Мунун алдында Вашингтон Дональд Трамп президент болуп турган кезинде кол коюлган бул келишим кайра каралып чыгышы мүмкүн экенин маалымдаган. Кабул менен талибдер 19 жылга чукулдаган согуштуу токтотуш үчүн былтыр сентябрдан бери Катарда көзмө-көз сүйлөшүп жатат, бирок андан азырынча майнап чыга элек. Пентагондун басма сөз өкүлү Жон... Читать дальше...
Дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээлин изилдеген «Transparency International» эл аралык уюму жарыялаган жаңы баяндамага ылайык, Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 124-орунду ээледи. Бул Кыргызстан дагы деле коррупция күч алган мамлекеттердин катарында дегенди билдирет. «Transparency International» эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 100 баллдын ичинен 31 балл алып, бул жылы да коррупция күч алган мамлекеттердин катарына кирди. Аталган уюмдун адистеринин баамында... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-январда алгачкы беш жарлыгына кол койду. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, биринчи жарлык элдин руханий өнүгүүсү жана дене тарбиясы тууралуу. Кийинки жарлыктар кадр саясатына, ишкерлердин менчигин жана инвесторлорду коргоого, миграциялык абалды жакшыртууга жана тоо-кен тармагын реформалоого багытталган. Кыргызстанда 2020-жылдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийин бийлик чукул алмашкан. 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, ага 17 талапкер катышкан. Читать дальше...
Кыргызстандын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит ишкерлерге карата кысым болуп жатканына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Ишкерлердин укугун коргоочу омбудсмен 29-январда билдирүү таратып, кайсы бир экономикалык мыйзам бузуу боюнча шек саналып жаткан ишканалардын жеке маалыматы ачык жарыяланганы мыйзамга каршы келерин, Жазык-процессуалдык кодекс сотко чейинки териштирүүнүн маалыматтарын жарыялоого тыюу саларын белгиледи. Ошону менен катар ал соттун мыйзамдуу чечими чыкмайынча кимдир-бирөөнү... Читать дальше...
Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Элвира Сурабалдиева 29-январда Бишкектеги №1 тергөө абагына барып, анда иштеген кызматкерлер жана камактагылар менен жолугуп, абактагы эпидемиологиялык кырдаалды көрдү. Сурабалдиева имараттын ички абалы, инфратүзүмү эскиргенин белгилеп, бул жайда камактагы жарандар менен кызматкерлер үчүн оор кырдаал түзүлгөнүн айтты. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирүү таратып, абакта коронавируска каршы катуу санитардык чаралар көрүлүп жатканын маалымдады. Сурабалдиева: «Камералардын абалы абдан начар. Читать дальше...
Рамис Рыскулов менен кыргыз поэзиясынын өзүнчө бир доору жыйынтыкталып, кайталангыс көркөм дүйнөсү экинчи өмүргө баш бакты.
Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын мурдагы жетекчиси Ислам Шералиев өзүнө карата чыккан сот өкүмүн жокко чыгарып, актоо тууралуу өтүнүч менен Жогорку сотко кайрылды. Бул тууралуу «Кыйноого каршы коалиция» уюму кабарлады. Уюмдун маалыматына караганда, 2016-жылы шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайында камакта отурган бир адам кыйноого кабылганын айтып, Шералиевди айыптаган. Прокуратура анын арызынын негизинде Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык... Читать дальше...
2021-жылы кыргызстандык атлеттер спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, олимпиадалык эмес жана улуттук спорттун түрлөрү боюнча жалпысынан 300дөй мелдешке катышат.
Эсеп палатасы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун 2017-2018-жылдардагы чыгымдарын, «Кумтөр» компаниясы берген каражаттын эсебин териштирип чыкты. Анын негизинде Палата өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы толук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фондду башкаруу боюнча дирекция түзүү укугуна баа берүүнү сунуш кылып Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу Эсеп палатасы маалымат таратты. Маалыматка караганда текшерүү учурунда фонддун каражаттарын башкаруу дирекциясынын башчысы бөлүштүрөрү, ага мындай укукту өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү ыйгарганы... Читать дальше...
СOVID-19 вирусунун чыгышын иликтеген эл аралык эксперттер тобу Кытайдын Ухань шаарында ишин баштады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өкүлдөрү Кытайда эки апталык карантинден соң 28-январда Ухандагы ооруканага барып, кытайлык окумуштуулар менен жолукту. Эми алдыдагы эки жума ичинде адистер 2019-жылы коронавирус алгач жолу аныкталган бул шаардагы базарга, ооруканаларга, лабораторияларга барышат. АКШ, Австралия, Германия, Жапония, Британия, Орусия, Нидерлландар, Катар жана Вьетнам өңдүү... Читать дальше...
Бишкек шаарындагы №64 мектеп-гимназияда тарых сабагынын мугалими окуучуга жыныстык ыдык көрсөткөн деген шек менен кармалды. Бул факт боюнча тиешелүү райондун ички иштер бөлүмү Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 165-беренеси («Уятсыз иш-аракеттер») менен сотко чейинки териштирүү ишин ачты. Шектүү мугалим кармалып, убактылуу камакка алынды. Башкы прокуратура тараткан маалыматка ылайык 2020-жылдын 13-январында №64 мектепке мугалим болуп кирген жаран 1995-1997-жылдары... Читать дальше...