Мы в Telegram
Добавить новость

«Россети Московский регион» встретили День Победы на «Рубеже обороны Москвы»

В Израиле сотни людей провели акцию «Бессмертный полк»

Депутат Мособлдумы Барсуков поздравил ветерана и труженицу тыла с Днем Победы

Bloomberg рассказал о вероятном преемнике Тима Кука на посту главы Apple



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

TI: Кыргызстан жемкорлук желесинен чыга элек

TI: Кыргызстан жемкорлук желесинен чыга элек

Дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээлин изилдеген «Transparency International» эл аралык уюму жарыялаган жаңы баяндамага ылайык, Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 124-орунду ээледи. Бул Кыргызстан дагы деле коррупция күч алган мамлекеттердин катарында дегенди билдирет.

«Transparency International» эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 100 баллдын ичинен 31 балл алып, бул жылы да коррупция күч алган мамлекеттердин катарына кирди.

Аталган уюмдун адистеринин баамында, Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөш акыркы жылдары жетиштүү деңгээлде жүргөн эмес. Анткени уюмдун өткөн жылдагы баяндамасында Кыргызстан 30 балл алган.

«Кыргызстандагы коррупциянын деңгээли акыркы жылдары жакшырган жок. Ошол эле убакта артка да кетпеди. Бийликке ким келбесин бул жаатта аёосуз күрөш жүрө турганы айтылат. Бирок анын жыйынтыгы байкала элек. Биздин иликтөө улуттук антикоррупциялык системаны баалоого багытталды. Натыйжада Кыргызстан коррупция күч алган мамлекеттердин катарына кирди», - деди «Transparency International» эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Айгүл Акматжанова.

Уюм ириде бийликти бөлүштүрүү системасын бекемдөөгө, бюджетти бөлүштүрүүдө жеке байланыштарды токтотууга чакырды.

Саясий партиялардын каржыланышын көзөмөлдөөгө, шайлоо процессинин тазалыгын камсыз кылууга жана жарандарга, активисттерге, журналисттерге көбүрөөк эркиндик берүү ж.б. жемкорлукка каршы сунуштарды берди.

Уюмдун коррупция боюнча индекси 1995-жылдан бери эксперттерди, ишкерлерди, өкмөттүк эмес уюмдарды сурамжылоо аркылуу түзүлүп келет. Кайсы өлкөнүн баллы көп болсо, ал жерде жемкорлук аз деп эсептелет.

Иликтөөгө ылайык, эң жогорку көрсөткүчкө ээ болуп, 88 балл алган өлкөлөр – Дания жана Жаңы Зеландия. Ал эми 85 баллды Финляндия, Сингапур, Швеция жана Швейцария өлкөлөрү алды.

Коңшу республикалардан Казакстан 34 балл алып, 113-орундан 94-орунга көтөрүлдү.

Өзбекстан да позициясын жакшыртып 26 балл алса, Тажикстандыкы былтыркыдай эле 25 балл бойдон турат.

Кыргызстандын көрсөткүчү 2015-2020-жылдар аралыгында 28ден 31 баллга жогорулады. 2019-жылы Кыргызстан 126-орунда болчу.

Айгүл Акматжанова Кыргызстан коррупциянын азабынан өнүгө албай жатканын белгиледи.

«Бийликтин бардык бутактары, акыйкатчы, жалпыга маалымдоо каражаттары коррупцияга каршы күрөш системасын түзүшөт. Эгер аталган институттар жакшы иштесе, анда туруктуу өнүгүү болмок. Элдин турмушу жакшырмак. Ал эми сөз болуп жаткан бир-эки институтта коррупция орун алса, башкаларга да кедергисин тийгизет. Ошентип коррупцияга каршы күрөш тактап айтканда, экономикалык өсүш болбойт».

2020-жылдын октябрь айындагы тополоңдо бийликти колуна алган Садыр Жапаров 21-октябрда бир айлык экономикалык мунапыс жарыялаган. Ал бул өнөктүктү бюджетти толтуруу, өлкөдөн чыгып кеткен мыйзамсыз капиталды, офшордук эсептердеги акчаны кайра кайтаруу менен түшүндүргөн.

Жапаров укук коргоо органдары менен кызматташып, акчаны экономикага кайтаргандарга административдик жана экономикалык кечирим берилерин айткан. Ал мурдагы жетекчилерге, ири ишканалардын акцияларына рейдерлик жол менен мыйзамсыз ээ болуп алган аткаминерлерге, салыктарды төлөбөй качып жүргөн жарандарга, кирешесин аз көрсөткөн ишкерлерге кайрылган.

Кыргызстанда өткөн үч айда Финансы министрлигинин борбордук казыналыгына караштуу атайын эсепке коррупцияга каршы өнөктүктүн жана экономикалык мунапыстын алкагында түшкөн акчанын өлчөмү 1 млрд. 555 млн. сомду түздү.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупциялык жана кызматтык кылмыштарды ачуунун натыйжасында эки айда 2 млрд. 700 млн. сом мамлекетке келтирилген зыян өндүрүлгөнүн жана мындан ары коррупционерлер уурдаган акча түгөнмөйүнчө анын өлчөмү 3 млрд. сомго чыгарын жарыялаган.

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов коррупцияга каршы күрөш тегиз жүрүшү керек деп эсептейт.

«Биз угуп жаткан убадалар келечектин маселеси. Бирок азыр кош стандарттуулук орун алууда. Мына кечээ жакында эле коррупцияга шек саналып мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кармалды деп анын мүлктөрүн жарыялашты. Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалып, кайра кое берилген. Анын мүлктөрү жарыяланган эмес. Коррупцияга шек саналгандардын баарына бирдей мамиле болгондо гана эл бийликке ишенет. Жаңы президенттин алгачкы 100 күнү деген бар. Биз жыйынтыкты ошол убакыт ичинде күтөбүз. Анын кийинки иштери да ошого көз каранды болот».

Токтакунов сөз кылган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кызматта турган кезинде жасаган коррупциялык иштери боюнча күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке 2 млрд. сом төгүп берген. Сот аны үй камагына чыгарган.

Садыр Жапаров 28-январда президенттик кызматка киришүү аземинде “жемкорлукка каршы күрөшүү - негизги максатым” деп белгиледи.

 

«Менин президенттик жылдарым — экономиканы калыбына келтирүүнүн жана ыкчам өнүктүрүүнүн, ишкердүүлүктү, экономикалык жаратмандыкты туш тараптан колдоонун, элдин жашоо стандартынын кескин жогорулашынын жылдары болууга тийиш. Ал үчүн коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюлуп, калың журттун коомдогу акыйкаттуулукка ишеними калыбына келтирилиши шарт, эрки күчтүүлөр менен шыктууларга экономикалык эркиндик берилип, социалдык жактан алсыздардын катмары коргоого алынып, жаратмандык потенциалы ачылууга, чет элдик инвесторлорго колдоо көрсөтүлүп, Кыргызстанга болгон ишенимдин жана урматтоонун рейтинги артууга тийиш».

Коомдук ишмер Тойгонбек Калматов жаңы бийликке эл үмүт артып тургандыктан, ага иштөөгө убакыт жана мүмкүнчүлүк берүү керектигин белгиледи. 

«Жаңы бийлик коррупцияга каршы системалык күрөш жүргүзөт деп ишенип туралы. Укук коргоо органдары бул жаатта иш алып барып жатканда тоскоол болбойлу. Кимдир бирөөнү камаса, он чакты кишини чогултуп алып митинг кылбайлы. Бардыгы мыйзамдуу болсун. Эгер сотто акталса, анда чыксын. Андай болбосо өзү азабын тартсын».

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков буларга токтолду.

«Коррупция менен күрөшүү үчүн саясий эрк болушу керек. Эл кимдин паракор экенин эң жакшы билет. Мыйзам бирдей иштебей жатат. Көзөмөл органдары жемкорлордун киттери эмес, биттери менен күрөшүп жатат. Миллиондоп зыян келтиргендерди эмес, 2000 сом жеген майда-барат аткаминерлерди жооп тартышат. Жөргөмүштүн жөтөлгөнүн билген УКМК чыныгы паракор ким экенин билбей калмак беле?».

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2018-жылдан бери коррупциялык иштерден мамлекет тарткан зыяндын көлөмү 10 млрд. 424 млн. 379 миң сомго жеткен.

Жалпысынан 2018-2020-жылдар аралыгында коррупция боюнча 940 кылмыш иши козголду. Анын 410у «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», 104ү «Пара талап кылуу», «Пара алуу» жана 35и «Коррупция» беренелери менен козголгон.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Вступить в закрытый клуб и изменить свою жизнь

В столице игровой аппарат придавил двухлетнего ребенка

Аналитик Бакланова рассказала о культурах, которым не страшны заморозки

В Ульяновске разыграли «Кубок военной разведки»

Музыкальные новости

В рубрике «Я - артист цирка Бурятии» Саян Дондоков - Театр и дети, Культура и Россия, национальный проект

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» ПРАВИТ МИРОМ?! Раскрыт реальный смысл Мавзолея на Красной площади России в Москве.

Игорь Маковский: оперативный Штаб «Россети Центр» осуществляет усиленный контроль за работой электросетевого комплекса

Президент Путин 9 мая заявил, что Запад пытается исказить правду о Второй мировой войне

Новости России

Три немецких танка Leopard и два американских Abrams уничтожили бойцы ВС России за минувшую неделю - Минобороны

Вильфанд: температура в Москве вернется к норме 15 мая

Россия готова увеличить квоты для студентов из Гвинеи-Бисау

Сильнейший геомагнитный шторм накроет Землю

Экология в России и мире

Откровение артиста госцирка Бурятии Саяна Дондокова - Театр и дети, Культура и Россия, интервью

Яркое лето с Angsana Velavaru

Мини-конференция по продвижению дизайнеров DesignBlogFest 2024

В рубрике «Я - артист цирка Бурятии» Саян Дондоков - Театр и дети, Культура и Россия, национальный проект

Спорт в России и мире

Потапова проиграла Остапенко во втором круге турнира WTA 1000

Саснович вышла в основную сетку турнира WTA-1000 в Риме

Саснович вышла в третий раунд турнира WTA-1000 в Риме

Касаткина обыграла Марию и вышла в третий круг турнира WTA-1000 в Риме

Moscow.media

Создание цифровых «копий» умерших близких стало популярно в Китае

Театр и дети, Культура и Россия: интервью артиста госцирка Бурятии Саяна Дондокова

Работники Московско-Курского транспортной прокуратуры приняли участие в торжественном мероприятии, посвященном празднованию Дня Победы

Россияне рассказали, как планируют отпуск и где проводят длинные выходные











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Костромичей приглашают в Галич на городской полумарафон «Галичское Заозерье»

Россия готова увеличить квоты для студентов из Гвинеи-Бисау

«Ведомости»: хабаровский губернатор Дегтярев может стать министром спорта

Волонтёры сопровождали парады Победы в регионах России