Расмий маалыматтарга караганда, Кабулдун ар кайсы тарабында болгон жардыруулардан эки полиция кызматкери мүрт кетип, беш адам жарадар болду. Полициянын өкүлү Фирдоус Фарамарц билдиргендей, 27-январда эки полиция кызматкери алардын автоунааларына коюлган бомба жарылып кеткендиктен каза болушкан. Жардыруулар үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өз мойнуна ала элек. Соңку айларда Кабулда таңкы убактарда ушундай окуялар көп катталууда. Полиция билдиргендей, 26-январда ушундай эле бомба жарылып бир жайкын тургун көз жумган.
Москвада оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын батиринде тинтүү жүрдү. Бул тууралуу Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун директору Иван Жданов билдирди. "Эшикти сындыра башташты. Батирде Олег Навальный бар. Кайсы иштин алкагында жана эмненин негизинде келишкенин билбейм",-деп жазды ал. "Baza телеграм-каналынын" жазышынча, Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүлөрү санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузганы боюнча мурда козголгон кылмыш иштин алкагында тинтүү жүргүзүп жатышат. Читать дальше...
Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шек саналып кармалды. «Белизгейт» окуясы боюнча кармалган атайын кызматтын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев эки айга камалды. Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны 100 миллиондон ашты. Бул деген Жердеги калктын 1,3% түзөт.
Ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы чечиле элек. Ал 2020-жылдын октябрь айындагы окуялар үчүн айыпталып, 26-январда камалган. Ушуну менен президенттик шайлоого катышкан экинчи талапкер камакка алынды. Курсан Асанов Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталууда. Ал азыр Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу изоляторунда кармалып турат. Бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева бышыктады. Читать дальше...
Жогорку сот мурдагы юстиция министри Аида Салянованын Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу ишин кайра карап, аны беш жылга соттогон мурдагы чечимди күчүндө калтырды. Салянова Жогорку соттун чечимин “мыйзамсыз” жана “өч алуу” деп баалады. Салянованын ишин караган соттук коллегиянын мүчөсү, Жогорку соттун судьясы Нурмамбет Эшалиев өкүмдү окуп берди. «Адвокат Жакупбекова 2017-жылдын 10-апрелинде Ленин райондук соту тарабынан чыгарылган чечимди жокко чыгаруу боюнча Жогорку сотко өтүнүч келтирген. Читать дальше...
27-январда Мамлекеттик Дума Өзөктүк куралды көзөмөлдөө тууралуу келишимди беш жылга узартууну жактырды. Бир күн мурда АКШ менен Орусия лидерлери телефон аркылуу сүйлөшүп, келишимди узартууну макулдашкан. 2010-жылы кол коюлган жана ушул айда мөөнөтү аяктай турган «Жаңы СТАРТ (Стратегиялык куралдарды кыскартуу келишими)» деп аталган келишимге ылайык тараптар алыс аралыкка учуучу ракеталардын өзөктүк дүрмөттөрүн ар бири 1 550 даанадан ашырбоого тийиш. Ал 1994-жылы күчүнө кирген СТАРТ келишиминин ордуна түзүлгөн болчу. Читать дальше...
Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү 27-январдагы жыйында Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жактырды. Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев брифингде Баш мыйзамдын жаңы долбоору дагы эки-үч күн каралгандан кийин Жогорку Кеңешке жибериле турганын билдирди. Анын айтымында, жаңы долбоорду кеңешменин 67 мүчөсү колдоп кол коюп берди. Долбоордун акыркы варианты Жогорку Кеңешке түшкөндөн кийин парламент аны референдумга алып чыгуу боюнча демилге көтөрүшү күтүлүп жатат. Баш мыйзамдын жаңы долбооруна ылайык... Читать дальше...
Мамагенттик ата мекендик спортчулар эл аралык ири мелдештерге мыкты даярдык көрүүсү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп жатканы айтылууда.
Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев “Кумтөр Голд” компаниясына кошумча жер бөлүп берүүдө мыйзам бузганы үчүн айыпталып, камакка алынды. Атайын кызматтын шек саноосу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тараткан маалыматка ылайык, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда «Кумтөр Голд» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго мыйзам бузуу менен кол койгон деп шек саналып жатат. Читать дальше...
Якутияда полиция кызматкерлери ОМОН күчтөрү менен биргеликте шаман Александр Габышевди кармап, психоневрологиялык диспансерге жеткиришти. Бул тууралуу "Азаттыктын" “Сибирь. Реалии” кызматына укук коргоочу Алексей Прянишников билдирди. Маалыматтарга караганда шаманды анын туугандарынын үйүнөн кармашкан. Соңку убакта коопсуздук күчтөрү Габышевдин артынан аңдып жүрүшкөн. Ушул айдын башында ал мурда үзгүлтүккө учураган Кремлге болгон жөө жүрүшүн улантарын билдирген. Габышев 2019-жылдын март айында... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев эки айга камакка алынды. Бүгүн, 27-январда анын бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, сотко чейинки териштирүү үчүн 25-мартка чейин атайын кызматтын тергөө абагында кармалмай болду. 26-январда Башкы прокуратура УКМК менен Аскер прокуратурасынын биргелешкен иликтөөсүндө Сегизбаевдин күнөөлүү экени тууралуу далилдер табылганын маалымдаган. Ал Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде кармалып... Читать дальше...
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасында жайгашкан «Кызыл-Бел» бажы өткөрмө постунун жетекчисин жеке ишкердин арыз менен кайрылуусунан улам кармады. Бажы постунун (М.Т.) жетекчиси кызмат абалынан пайдаланып, бажы көзөмөлүнөн өткөндөрдөн акча өндүрдү деп айыпталууда. Бул факт Жазык кодексинин 326-беренеси менен пара өндүрүүгө байланыштуу Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Бажы... Читать дальше...
Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош шаарындагы бөлүмү күбө катары 27-январга суракка чакырганын «Азаттык» радиосуна билдирди: «Өзүн УКМКданбыз деп тааныштырып, 2-3 күндөн бери чалып жатышат. Айылда элем, бүгүн да байланышты. Айылдан азыр келдим, эми барам». Журналисттин айтымында, аны мекеме Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) Ош облустук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Айбек Токоевдин иши боюнча күбө катары чакырган. Читать дальше...
Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская Александр Лукашенконун бийлигине чекит коюу үчүн жардам берүүдө АКШ менен Евробиримдикти “күчтүү жана эрктүү болууга” чакырды. 27-январда Евробиримдикке мүчө айрым мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен өткөн онлайн-жыйында Тихановская шаркетти Лукашенкого жана анын тарапташтарына санкциянын төртүнчү бөлүгүн киргизүүнү тездетүүгө чакырды. Ал ошондой эле адам укуктарынын бузулушун эл аралык иликтөөгө, күнөөлүүлөрдү террористтерге теңөөгө үндөдү. Читать дальше...
27-январда Ош шаарынын мэриясынын алдына ишкер менен соттошуп жаткан жарандар пикетке чыгышты. Нуркул Шырдаков аттуу ишкер 1998-жылы Мамлекеттик мүлк фондунан сатып алгам деген жер тилкесине байланыштуу 33 үй-бүлөнү сотко берген. Ишкер менен жарандардын ортосундагы талаштуу жердин жалпы аянты 2,4 гектарды түзөт. Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык филиалы билдиргендей, Ош шаардык мамлекеттик администрациясы 2,4 гектар жер боюнча Нуркул Шырдаковго 1998-жылы токтом чыгарып берген. Бирок ишкер ал жерди учурунда каттаткан эмес. Читать дальше...
Башкы прокурор, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Курманкул Зулушев жаңы өзгөртүүлөргө ылайык бюджеттин аткарылышы боюнча паламентке финансы министри отчет берерин айтты: «Парламенттик башкаруу болгондо премьер-министр бюджеттин аткарылышы жана башка маселелер боюнча парламентке отчёт берет. Азыр окусаңыздар финансы министри бюджеттин аткарылышы жана башка бардык иштер боюнча парламентке отчёт берет. Эгерде парламент канааттандырарлык эмес деп чечсе, президент ошол артка тарткан министр боюнча жеке чечим кабыл алат. Читать дальше...
28-январда президенттин инаугурациясы учурунда Бишкектин көчөлөрүндө автоунаанын кыймылы чектелбейт, кортеж өткөн убакта гана жол кесилиштеринде кыймыл бир нече секундага токтойт. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы 27-январда билдиргендей, бул күнү Бишкек милициясы коомдук коопсуздукту камсыз кылыш үчүн күчөтүлгөн режимде иштейт. Жалпысынан 2,5 миңден ашык милиция кызматкери тартылат. Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы филармонияда өтөт. Читать дальше...
Москва бийлиги 27-январдан тартып коронавирус боюнча чектөөлөрдү жеңилдетти. Ага ылайык, барлар, ресторандар жана түнкү клубдар толугу менен ачылат, чоң ишканалардын жумушчулары кеңсеге барып иштесе болот. Москванын мэри Сергей Собянин «коронавирустун жайылышы боюнча кырдаал жакшырганын» өз блогунда жазды. Орусия ушу тапта коронавируска чалдыккандардын саны боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. 26-январда 20 миңге чукул адамдан инфекция табылды. Каза болгондордун жалпы саны 70 миңден ашты. Серепчилер... Читать дальше...
28-январда шайланган президент Садыр Жапаров ант берип, кызматка расмий киришет. Президенттик аппарат президент кызматка отурары менен кол коюла турган он чакты жарлык даяр экенин билдирди. Садыр Жапаров ишин эмнеден баштайт? Садыр Жапаров кызматка киришери менен кол койчу онго жакын жарлык даяр турганын президенттик аппараттан кабарлашты. Аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жарлыктар кайсы тармакка тиешелүү экени жана эмнени камтырын тактаган эмес. Президенттин басма сөз катчысы Галина... Читать дальше...
Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү тууралуу маселе Конституциялык кеңешмеде кайрадан көтөрүлдү. 27-январда кеңешменин секция башчылары катышкан пленардык жыйында «Кыргыз жолу» коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев зордук-зомбулук күчөгөнүн, өлүм жазасын убактылуу болсо да киргизүүнү эл талап кылып жатканын айтты. Сунуш добушка коюлуп, жыйынга катышкан 40ка жакын адамдын арасынан экөө гана колдоо көрсөткөнүн кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев айтты: «Ким өлүм жазасы кирсин дегендер кол көтөрүп койгула. Читать дальше...
Кыргызстандык кинорежиссёр Ибадылла Ажибаевдин «Мугалим» аттуу даректүү тасмасы Түркиянын Анкара шаарында өткөн фестивалда баш байгени жеңип алды. Сыйлык тапшыруу аземи 27-январда Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө өттү. Бишкектик документалист Ибадылла Аджибаев тасмада Нарын облусунун тоолуу Кең-Суу айылында жашап, иштеген мугалим Токтожума Стаханов жөнүндө айтып берет. Каарман кичинекей кыштактагы мектептин 12 окуучусу үчүн шаардагы жашоосунан жана университеттеги абройлуу ишинен баш тарткан. Читать дальше...
Былтыр пандемияга байланыштуу көптөгөн эл аралык турнирлер жылдырылып жана аймактардагы иш-чаралар токтотулганы белгиленди.
Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 100 миллион адамдан ашты. Бул жалпы калктын дээрлик 1,3 пайызын түзөт.
27-январда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында парламенттин VI чакырылышын таркатууну талап кылган пикет өттү. Анын катышуучулары «Жоголчу, кеңеш!», «Чимкириктер кетсин!», «Парламент тарасын» деген жазууларды кармап турушту. Чакан топтун катышуусундагы акцияны уюштурган жарандык активист Мирлан Орозбаев «азыркы Жогорку Кеңештин конституциялык реформа жасаганга укугу жок» деп билдирди: «Бийлик булардын колу менен Конституцияны же мыйзамдарды кабыл алдырып алайын деши ыктымал. Биз күтүп турабыз, ушунча күттүк, дагы үч ай чыдайбыз. Читать дальше...
4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин келип чыккан 5-6-октябрдагы башаламандыктарда Ала-Тоо аянтында жарадар болгон 80ден ашуун адам экс-президент Сооронбай Жээнбековду жоопко тартууну өтүнүп Башкы прокуратурага арыз менен кайрылышты. Кайрылууда: "5-октябрдагы тынчтык митингине чыккандарга карата күч колдонулду, желим октор атылып, көздөн жаш агызуучу газ чачылды. Ондогон адамдар денесинен оор жаракат алып, 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу көз жумду. Биздин оюбузча тынч элге карата күч колдонуу буйругун ошол кезде армияны... Читать дальше...