Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская Александр Лукашенконун бийлигине чекит коюу үчүн жардам берүүдө АКШ менен Евробиримдикти “күчтүү жана эрктүү болууга” чакырды.
27-январда Евробиримдикке мүчө айрым мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен өткөн онлайн-жыйында Тихановская шаркетти Лукашенкого жана анын тарапташтарына санкциянын төртүнчү бөлүгүн киргизүүнү тездетүүгө чакырды. Ал ошондой эле адам укуктарынын бузулушун эл аралык иликтөөгө, күнөөлүүлөрдү террористтерге теңөөгө үндөдү.
Беларустагы толкундоолор былтыр августтагы президенттик шайлоодон кийин башталган. Анда 1994-жылдан бери мамлекетти башкарып келаткан Александр Лукашенко кайрадан жеңгенине нааразы болгон оппозиция өкүлдөрү жана алардын тарапташтары нааразылыкка чыгышкан. Тартип коргоочулар демонстранттарды күч менен тарткатышкан. Бир нече адам каза болгон. Тихановская баш болгон бир катар оппозициячылар өлкөдөн чыгып кетишкен.
Лукашенко адам укуктарынын бузулганын четке кагып, оппозиция менен сүйлөшүүгө жана жаңы шайлоо өткөрүүгө макул болбой келет.
Евробиримдик, АКШ, Канада жана башка мамлекеттер 66 жаштагы Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери катары таануудан баш тартышкан.