АКШнын шайланган президенти Жо Байден Борбордук чалгын башкармалыгына жетекчи кылып Уильям Бернсти дайындайт. 11-январда бул жөнүндө жарыялап жатып "Бернс эл аралык аренада көп жылдык тажрыйбасы бар, үлгүлүү дипломат. Ал биздин өлкөнүн жана жарандарыбыздын коопсуздугу үчүн иштеп келди"-деди.
30 жылдан ашык дипломатиялык кызматта иштеген Бернс Барак Обама президент кезинде мамлекеттик катчынын орун басарлыгын аркалаган. Ал эми ага чейин 2005-2008-жылдары АКШнын Орусиядагы элчиси болгон. Уильям Бернс 1990-жылдардын башында да Москвадагы элчиликте иштеген.
2015-жылы эс алууга чыккан Бернс кадыр-барктуу бейөкмөт уюмдардын бири болгон Карнеги фондунун президенти болуп иштеп жаткан.
ЦРУнун болочок башчысы Орусия жана Жакынкы Чыгыш боюнча адис катары белгилүү. Ал орус тилин билет. Анын Орусияда бир нече мемуары жарыяланган.