Өзбекстанда насыбай сатууга тыюу салуу сунушталып жатат. Мындай чара Алкоголь жана тамеки рыногун тескөө агенттигинин мыйзам долбоорунда каралган. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, документ министрлер кабинетинин кароосуна берилди. Министрлик колго жасалган насыбай чегүү калктын саламаттыгына, өлкө экономикасына зыян тийгизип жатканын белгиледи. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, өзбекстандык 13-15 жаштагы өспүрүмдөрдүн 6% насыбай чегет. Кыргызстанда бул көрсөткүч 5,1%... Читать дальше...
Бишкек шаарынын коррупцияга шектелип кармалган мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуровдун бөгөт чарасы аныкталды. Бул тууралуу 5-январда «Азаттыкка» Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Амантуров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында 28-февралга чейин камакта болот. Атайын кызматтын 30-декабрдагы маалыматына караганда, ал мэрия менен «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын ортосундагы коррупциялык схемага тиешеси бар деп шек саналууда. Читать дальше...
Сүттүн сапатын милдеттүү түрдө текшерүүнү Ветеринария жана фитосанитардык инспекция сунуш кылып жатат. Мекеменин ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Мира Искембаева бул тууралуу 5-январда басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, ишкерликти текшерүүгө мораторий киргизилгенден бери сүттүн сапатын текшерүү да азайган. «Бүгүнкү күнү биз арыз боюнча гана тиешелүү бир дарекке барып, текшерүүгө укугубуз бар. Негизи эрежеге ылайык, жок дегенде квартал сайын чийки сүттү текшерип туруш керек», - деди Искембаева. Читать дальше...
6-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй дубанында түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8; Талас жергесинде түнкүсүн -14...-16, күндүз 0…-5; Баткен облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3; Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12... Читать дальше...
«Кылым шамы» укук коргоо борборунда жетекчилик алмашты. Бул тууралуу «Азаттыкка» борбордун негиздөөчүсү, укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди. Анын айтымында, борбордун жамааты жетекчилик кызматка Гүлшайыр Абдирасулованы тандады. ««Кылым шамы» түптөлгөндөн бери акча албай жанымда жүргөн өзүмдүн кызым Гүлшайыр абдан жакшы такшалып калган, - деп түшүндүрдү ал. - Октябрь айында жыйын өткөрүп: «Баарыңар катышсаңар болот. Бирок мен уюмду сырттан эч кимге калтырбайм. Фонддун негиздөөчүсү катары «Кылым шамынын» түпкүлүгүн... Читать дальше...
Мамлекеттик салык кызматынын 5-январдагы маалыматы боюнча, Кыргызстанга ЕАЭБ аймагынан алып кирилүүчү товарларды каттаган «Бирдиктүү пост» автоматтык системасы 1-январдан тартып ишке кирди. Азырынча система кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттеринде иштеп жатат. «Бирдиктүү пост» - салык төлөмдөрүн фискалдаштыруучу «СМАРТ салым» долбоорунун бир бөлүгү. Система ЕАЭБге кирген мамлекеттердин товар алмашуусун тескеп, аткезчиликке жол бербөө максатында түзүлгөн. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда... Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев фракциянын лидерлигинен кетти. Анын ордуна депутат Айсулуу Мамашева фракция лидери, анын орун басарлыгына фракция мүчөсү, депутат Наталья Никитенко шайланды. Мындай чечим фракциянын 5-январдагы кезексиз жыйынында кабыл алынды. Фракциянын басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйында ошондой эле депутат Клара Самат «Ата Мекен» фракциясынан чыгарылды. "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2015-жылкы шайлоого өз партиясынын тизмесин баштап келип шайданып... Читать дальше...
Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагында Кыргызстан өзүнө алган милдеттенмеге ылайык, өлкөгө «евро 4», «евро 5» стандартынан төмөнкү күйүүчү майларды импорттой албайт. Буга байланыштуу 2020-жылдын август айынан бери Кыргызстанда аталган стандарттагы күйүүчү май сатылып жатат. Бул тууралуу Мунай сатуучулар ассоциациясынын президенти Канат Эшатов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, жогорку сапаттагы күйүүчү майдын сатылып жатышы анын баасына таасир эткен эмес. «Баалар доллардын кымбатташына байланыштуу көтөрүлдү. Читать дальше...
Кыргызстанда жашы жете электерге жыныстык кордук көрсөткөндөрдүн тек-жайы, сүрөтү топтолгон маалымат базасын түзүү боюнча сунуштар айтыла баштады.
Кыргыз өкмөтү Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолунун Жумгал районундагы тилкесин куруп жаткан италиялык «Todini Costruzioni Generali Company» менен келишимди бир тараптуу токтотту. Келишим бир тараптуу 2020-жылдын 1-декабрында токтоду. Транспорт жана жол министрлигинин маалыматы боюнча келишим жол курулушунда каржылык колдоо көрсөтүп жаткан Азия өнүктүрүү банкынын макулдугунун негизинде токтотулган. Аны мекеменин өкүлү Султан Сарбагышев мындайча түшүндүрдү: «2018-жылы транспорт министринин ошол... Читать дальше...
20 кишиси бар түштүк кореялык танкер 4-январда Ормуз кысыгында "мунай менен сууну булгап жатасыңар" деген негизде токтотулган. Расмий Сеул танкерди бошотууну Ирандан талап кылууда. АКШнын Мамлекеттик департаменти танкердин кармалышын Перс булуңундагы кемелердин эркин жүрүүсүнө коркунуч катары баалады. Муну Тегерандын экономикалык санкциялардан кутулуу аракети деп айыптады. Ирандын өкмөттүк маалымат каражаттары өлкөнүн Ислам революциясынын сакчылар корпусунун деңиздеги күчтөрү кемени кармаганын кабарлаган. Читать дальше...
Кыргызстандык экологдор, активисттер Бишкектин абасына байланыштуу өзгөчө абал киргизүүгө бийликти чакырышууда. Динара Аляева баштаган активисттер башкалаада абанын булганышы өтө кооптуу чекке жеткендиктен, элдин саламаттыгы коркунучка кептелгенин, бийлик буга чара көрүшү керектигин айтып жатышат. Дүйнөдөгү чоң шаарлардагы абанын сапатын иликтеген «World Air Quality» уюму орноткон жабдыктар көрсөткөн маалыматта Бишкек абанын булганышы боюнча ноябрдан бери дээрлик алдыңкы он саптан түшө элек.... Читать дальше...
Британ соту «ВикиЛикс» (Wikileaks) сайтынын негиздөөчүсү, тыңчылыкка айыпталган Жулиан Ассанжды АКШга экстрадициялоодон баш тартты. 2010-жылы бул чуулгандуу сайтта Бишкектеги «Манас» аскердик базасы жана мурунку президент Бакиевдин үй-бүлөсүндөгү чыр тууралуу да маалымат жарыяланган.
АКШ бийликтери Трамптын COVID-19 илдетинен набыт болгондордун саны боюнча айтканын төгүндөштү. Дүйнөдө коронавируска каршы эмдөө жүрүмү акырындап күч алууда.
Кытай Эл Республикасындагы миллиардерлердин бири, интернетте соода-сатык жүргүзгөн “Alibaba” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жэк Ма эки айдан бери дайынсыз жок болууда. Ал арада расмий Бээжин анын интернет аркылуу өзгөчө ири көлөмдө соода-сатык уюштуруп келген “Alibaba Group” компаниясын кысмакка алуусун улантып жатат. Жэк Ма (Ма Юн, 1964-жылы туулган) 2018-жылдын ноябрында “Форбс” журналы тарабынан 35,8 млрд доллардын наркы бар байлыктын ээси болгон ишкер катары жарыяланган. Ал дүйнөдөгү эң бай 18-киши болуп калган. Читать дальше...
КР Президенти Т.Т. Мамытовго
723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-
Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 493908)
АРЫЗ
Биз Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаровдун мыйзамсыз, коррупциялык схемалары жөнүндө көптөгөн арыздар менен Сиздин атынызга кайрылганбыз. Ошол арыздарыбызды текшеруу үчүн Ош шаары жана Ош областы УКМК башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Ал арыздарыбыз боюнча... Читать дальше...
Дүйшөмбү күнү (4-январда) кечкурун Сауд Арапстан өзүнүн Катар менен кургактыктагы, аба мейкиндигиндеги жана суудагы чек арасын кайрадан ачты. 2017-жылдан бери, б.а. үч жылдан ашуун убакыт коңшу өлкөлөрдүн чек арасы жабык бойдон келген. Эки өлкөгө арачылык кылган Кувейттин Тышкы иштер министри бул тууралуу расмий маалымдады. 5-январда Катардын эмири Сауд Арапстандын ал-Ула шаарында өткөрүлүп жаткан Булуңдагы арап өлкөлөрүнүн жана Египеттин саммитине катыша тургандыгы да кабардалды. Катар эмири... Читать дальше...
4-январдан тартып Улуу Британияда Оксфорд университети менен AstraZeneсa компаниясынын вакцинасы жапатырмак эмдөө жүрүмүндө колдонула баштады. Диализ алып жүргөн 82 жаштагы Брайан Пинкер (Brian Pinker) Оксфорд шаарындагы Черчилл ооруканасында алгачкы болуп дал ушул дары менен эмделди. Улуу Британия аймагында 4-январга карата Oxford/AstraZeneсa вакцинасынын жарым миллиондой дозасы даяр турду. Өлкөдө мындан тышкары Pfizer/BioNTech вакцинасы да сайылууда. Азырынча дарыгерлер, коомдук тейлөө кызматкерлери... Читать дальше...