Эстониянын премьер-министри Юри Ратас коррупциялык жаңжалдын фонунда кызматынан кетүүнү чечти. Бул тууралуу өкмөт башчы 13-январда "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.
Алдыңкы күнү коопсуздук полициясы Ратас жетектеген борборчул партиянын баш катчысы Михаил Корб, финансы министринин кеңешчиси Керсти Крахт, бизнесмен Хиллар Тедер жана аты аталбаган дагы эки киши кылмышка шек саналып жатканын билдирген.
Полиция Тедер менен Корб ишкер партияга 1 миллион евро берет деп макулдашкан деп эсептейт.
Ал үчүн Корб Таллин мэриясы аркылуу Тедер менен байланыштагы фирмага жакшы шартта курулуш долбоорун бермек.
Финансы министринин кеңешчиси да ал иштен пара алмак деп шек саналууда.