Кошмо Штаттарда 30-августтан бери Түркмөнстандын жарандары митингге чыгып жатышат. Хьюстон, Питтсбург, Вашингтон шаарларында бир күндөн өткөрүлгөн акцияларда алар түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун саясатына, анын ичинде Конституцияны өзгөртүү аракетине каршылык билдиришти. Акциянын уюштуруучуларынын бири «Түркмөнстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын лидери Мырат Гурбанов "Азаттыктын" түркмөн кызматы менен болгон маегинде Баш мыйзамдын өзгөртүлүшү бийликти узурпациялоону мыйзамдаштырып... Читать дальше...
Түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Айрым аймактарда нөшөрлөгөн жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 22…27; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15... Читать дальше...
Орусиянын Нижний Новгород шаарында Тажикстанда тыюу салынган «Группа 24» кыймылынын мүчөсү Шобуддин Бадалов кармалды. Бул тууралуу аталган кыймылдын өкүлдөрү 2-сентябрда билдиришти. Маалыматка караганда, өздөрүн «ички иштер бөлүмүнүн кызматкерибиз» деп тааныштырган, жарандык кийим кийген бир нече киши шейшемби күнү Бадаловду автоунаага отургузуп алып кеткен. Азыр анын кайсы жерде экени белгисиз. «Группа 24» өз билдирүүсүндө Шобуддин Бадаловдун кармалышы анын саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу... Читать дальше...
Жапония Синзо Абенин премьер-министрлик кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетип жатканына байланыштуу жаңы лидерди тандоо алдында турат. 2-сентябрда азыркы министрлер кабинетинин баш катчысы, иш жүзүндө өлкөдөгү экинчи киши болуп саналган Ёсихидэ Суга бийликтеги Либерал-демократиялык партияны жетектеш үчүн талапкерлигин көрсөттү. 71 жаштагы Суга либерал-демократтардын жети фракциясынын бешөөнүн колдоосун алганы, ал буга чейинки саясий курсту улантууга убада бергени кабарланды. 1-сентябрда мурдагы коргоо... Читать дальше...
Коопсуздук кеңешинин 1-сентябрда өткөн жыйынындагы чечимге ылайык, алдыдагы парламенттик шайлоого мамлекеттик кызматкерлер кийлигишүүгө акысы жок. Коопсуздук кеңеши бул боюнча өкмөткө тапшырма берип, мамлекеттик кызматкерлер, аткаруу бийлигинин, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдары, муниципалдык аймактык башкаруу органдары шайлоого кийлигише албай турганын түшүндүрүүгө милдеттендирди. Ага ылайык, жетекчи кызматта отурган адамдарга: - шайлоо... Читать дальше...
28-августта Кара-Кечеде көмүр ташыган айдоочулар менен жумгалдыктардын ортосунда чыр чыкты.
«Associated Press» агенттигинин бул макаласы өкмөттүк маалыматтарга, социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөргө жана Шинжаңда карантинде жаткан үч адамдын айткандарына негизделди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги №1 тергөө абагына которула турганын анын адвокаты Замир Жоошев 2-сентябрда билдирди. Жоошев бул маалыматты «Фейсбуктагы» баракчасына да жазып, мыйзам боюнча мурдагы президент жок дегенде УКМКнын тергөө абагында кармалышы керек экенин айтты. Адвокат Атамбаевди №1 тергөө абагына которуу аракетин туура эмес деп баалап жатат. УКМК Атамбаевдин которулушу боюнча комментарий бере элек. Читать дальше...
Август айында чыгарылган статистикага ылайык, Кыргызстанда COVID-19 илдети 1120 баладан табылды. Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 2-сентябрдагы маалыматына караганда, алардын 117си бир жашка чейинки наристелер. 354ү бир жаштан 5 жашка чейинки балдар. 6-14 жашка чейинкилер 649 баланы түзгөн. Буга чейин Санжарбек Данияров атындагы Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча мамлекеттик медициналык институттун педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шүкүрова... Читать дальше...
Чечен лидери Рамзан Кадыровдун тун кызы, 21 жаштагы Айшат Чеченстандын маданият министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Кадыров мындай чечимин шейшемби күнү «Телеграм» аркылуу жарыялаганын «Азаттыктын» орус кызматы билдирди. «Ал жаш болгонуна карабай өтө татаал жана масштабдуу долбоорлорду, анын ичинде маданият тармагындагы долбоорлорду башкарууда бай тажрыйбасы бар», деп жазган Кадыров. Орусиянын курамындагы Чечен Республикасын көп жылдан бери жетектеп келе жактан Рамзан Кадыров быйыл... Читать дальше...
Кыргызстанда балдар арасында коронавирус менен байланышкан мультисистемалык сезгенүү учурлары кездешип жатат. Бул тууралуу Санжарбек Данияров атындагы Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча мамлекеттик медициналык институттун педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шүкүрова 2-сентябрдагы брифингде билдирди. Анын айтымында, учурда коронавирусту дарылоонун клиникалык протоколунун төртүнчү варианты бекитилди. Балдар арасында учурап жаткан илдетти аныктоо жана дарылоо боюнча аракеттер да ошол протоколго киргизилди. Читать дальше...
Кыргызстандын Бишкек жана Ош шаарларынан Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларына учактар каттайт. Каттам 1-сентябрдан 15-сентябрга чейин, күнүнө бир же эки жолудан болот. Орусияга Кыргызстандан орус жарандыгы барлар, алардын балдары, ата-энелери, жубайлары бара алышат. Орусиядагы ооруканага дарыланыш үчүн бараткан жарандын колунда клиниканын чакыруусу болууга тийиш. Мындан тышкары туруктуу жашоо укугун алган кыргызстандык жарандар, оорукчан тууганын караш үчүн бараткан адамдар да Орусияга кире алышат. Читать дальше...
Беларустун баш калаасы Минскиде 1-сентябрда миңдеген студенттер катышкан акцияда кеминде 55 адам кармалды. Бул тууралуу «Весна» укук коргоо уюму өз эсебине таянып кабарлады. Милиция шейшембидеги жүрүштү чагылдырып жүргөн сегиз журналистти да кармап кеткени белгилүү болду. Аларга «мыйзамсыз митингге катышкан» деген айып коюлуп жатканын Беларустун Журналисттер биримдиги маалымдады. Буга чейин Беларус бийлиги 17 журналисттин аккредитациясын жокко чыгарган эле. 1-сентябрда Минскинин Эгемендик аянтында жүздөгөн кыз-келиндер чогулуп... Читать дальше...
1-сентябрь күнү милицияга кыздын апасы кайрылып, 30 жаштагы бир тууган иниси 12 жаштагы кызын зордуктап жүргөнүн билдирген. Жабырлануучунун адвокаты Мухайо Абдураупованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, шектүү кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилген. Адвокаттын маалыматына караганда, соттук-медициналык экспертиза кыз зордукталганын тастыктады. Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 161-беренеси («Зордуктоо») боюнча сотко чейинки териштирүү башталды. Адвокаттын айтымында, учурда зомбулукка кабылган... Читать дальше...
Кыргызстандын Улуттук статистика комитети Интернеттеги Социалдык тармактарда калкты каттоо жүрүп жатканы тууралуу туура эмес маалымат тарап жатканын билдирди. Мекеменин маалыматында эл каттоо боюнча эч кандай иш жүргүзүлбөгөнү айтылат. Буга чейин Интернетте белгисиз адамдар эл каттоо деген шылтоо менен үймө-үй кыдырып, алдыдагы шайлоого маалымат чогултуп атышат деген билдирүүлөр тараган. Улуттук статистика комитети жарандарды өздөрүн калкты каттоочу кызматкер катары тааныштырып, эл каттоо... Читать дальше...
Кыргызстанда күз-кыш айларында сасык тумоо жана респиратордук оорулар күчөйт деген божомол бар экенин саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 2-сентябрдагы брифингде билдирди. Анын айтымында, мындай божомолго байланыштуу коронавирустун алдын алуу боюнча бир катар пландар иштелип чыгып, даярдыктар көрүлүп жатат. «Көптөгөн жарандар вирус менен ооруп, дарыланып жатышат. Коронавирустун жайылышы дагы деле уланып жатат. Анын азайганы байкалып жатат, бирок эс алууга азырынча эрте. Читать дальше...
Кыска убакыт ичинде кытайлык «ТикТок» платформасы кеңири жайылып, ал тургай эл аралык чырга да себеп болду. АКШнын коопсуздук кызматы Кытай бул тиркемени америкалык жарандардын жеке маалыматтарын топтош үчүн пайдаланат деп кооптонууда. Кытай бул кадамды кысым катары сыпаттайт.
Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган оппозициялык саясатчы жана мурдагы депутат Равшан Жээнбеков “Азаттык” менен маектешти. Анын маеги адвокаты аркылуу жазуу түрүндө алынды.
Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону калыс өткөрөрүн айтып келет. Ага карабай жер-жерлерде бийлик органдары айрым партияларга иштеп жатканы жарандык коомдун акцияларында айтылууда.
Коронавирус менен күрөшүүдөгү эмгеги үчүн ондогон дарыгерлерге мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды.
1-сентябрда Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) «Кыргызстан» партиясы боюнча Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы кассациялык арызын карап, күчүндө калтырды. Чечим дароо күчүнө кирет, үстүнөн арызданууга болбойт.
Токсонунчу жылдары эл арасында популярдуу болгон "I like to move it" ырынын автору, америкалык диджей жана продюсер Эрик Морилло көз жумду. Анын денеси Майами-Бич шаарындагы үйүнөн табылганын жергиликтүү WPLG телеканалы полицияга таянып 1-сентябрда кабарлады. Өлүмдүн чоо-жайы маалым эмес. Күбөлөрдүн айтымында, полиция далил зат катары бир канча мүшөктө буюмдарды алып кеткен. Эрик Морилло быйыл августтун башында зордуктоого шек саналып кармалып, күрөөнүн эсебинен бошотулган. 4-сентябрда алгачкы сот отуруму болмок. Читать дальше...
Бириккен Улуттар Уюмунey эксперттери Беларустагы нааразылык акциялары учурунда кармалган демонстранттарга кыйноо колдонулган 450 окуяны документтештирди. Арасында аялдарга жана балдарга байланыштуу далилдер да бар. Бул тууралуу БУУнун адам укуктары боюнча улук комиссарынын башкармалыгынын сайтына 1-сентябрь күнү жарыяланды. Маалыматта белгиленгендей, бери дегенде алты адамдын кайда экенинен жакындары кабарсыз. БУУ кармалгандарды кыйноого алууну токтотууга, камакка алынгандарды мазактап,... Читать дальше...
«Европадагы акыркы диктатор» атыккан Лукашенко кошуналардын санкцияларына нааразы болду.