Более 420 тыс. раз водители оплатили проезд по проспекту Багратиона в «Парковках России»

Оборот столичной обрабатывающей промышленности вырос в 1,5 раза в январе

Российская авиакомпания S7 перейдет на летнее расписание полетов с 31 марта

Самострой площадью почти 700 кв. м демонтировали в поселении Краснопахорском



World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Сентябрь
2020

Новости за 09.09.2020

Azattyk.org 

Дүйнөдөгү эң кымбат футболчу айым

Даниялык футболчу айым Пернилле Хардер «Челси» кыз-келиндер футбол клубу менен келишим түздү. Анын германиялык «Вольфсбург» клубунан англиялык «Челсиге» өтүшү 350 миллион еврого бааланган жана бул футбол тарыхындагы аялдар арасындагы эң кымбат трансфер болуп калды.

Azattyk.org 

Кенемте дарыгерлерге толук жете элек

Кыргызстанда коронавирус жуккан 3 158 медиктин жетөөнө эле 200 миң сомдон кенемте берилди. Каза болгон 70тен ашуун медкызматкердин 18инин гана жакындары бир миллион сомдук кенемте алышты. Ал эми «кызыл зонада» иштегендердин канчасы кошумча акы алганы белгисиз.

Azattyk.org 

Аскаровдун байбичеси Жогорку сотко кайрылат

Кыргызстанда абакта каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун жубайы үйүн өз наамына өткөрө албай жатат.  Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун Базар-Коргон районунун борборундагы үйүндө ал камакка алынган 2010-жылдан бери байбичеси Хадича Аскарова жалгыз жашап келет. Аскаров абакка кесилгенден кийин соттун чечими менен үй да камакка алынган. Хадича Аскарованын доо арызынын негизинде турак жайдын камактан чыгарылганына жарым жыл болгону менен кызыл китеп 9-сентябрда гана кайтарылып берилди. Азимжан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыздар катышкан «Мулан» тасмасы сынга кабылды

«Дисней» компаниясы «Мулан» фильми үчүн сынга кабылды. Тасмага кыргыз каскадерлеру катышкан. Казакстандын Интернет жакшы тартпаган айылдарында мектеп окуучулары сабакты чатырга чыгып окууга аргасыз. Грузиянын оппозициясы парламенттик шайлоодо жеңсе, өкмөт башына Михаил Саакашвили келерин жарыялады.

Azattyk.org 

Укук коргоочулар Бээжинге Олимпиада өткөрүүнү ыйгарган чечимди өзгөртүүгө үндөштү

Бир катар укук коргоочу уюмдар Эл аралык Олимпиада комитетин 2022-жылы кышкы Олимпиаданы Бээжинде өткөрбөөгө чакырышты. Алар Кытайдагы оюндар бул өлкөдөгү адам укуктарынын абалы начарлаган сайын Олимпиада кыймылына залакасын тийгизерин айтышат. Кытай бийлиги 160тан көп уюм кол койгон кайрылуунун авторлорун “спортту саясатташтырып” жатышканы үчүн айыптады. Авторлордун катарында кытайлардын, улуттук азчылыктардын, уйгурлардын, тибеттиктердин жана монголдордун укуктарын коргогон уюмдар да бар. ... Читать дальше...

Azattyk.org 

Саясий партиялардын шайлоо бюллетендеги орду аныкталды

Саясий партиялардын шайлоо тизмесиндеги орду Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 9-сентябрда түн жарымына жакын өткөн жыйынында чүчү кулак кармоо аркылуу аныкталды. Чүчү кулакты шайлоого бараткан 16 саясий партиянын ар биринин ыйгарым укуктуу өкүлү кармап, жыйынтыгы төмөнкүдөй болду: 1. «Биримдик» 2. «Мекенчил» 3. «Ыйман Нуру» 4. «Мекеним Кыргызстан» 5. «Реформа» 6. «Ата Мекен» 7. «Замандаш» 8. «Бүтүн Кыргызстан» 9. «Социал-Демократтар» 10. «Мекен Ынтымагы» 11. «Ооган жана... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ош шаарында текстиль фабрикасы курулуп жатат

Ош шаарында ири текстиль фабрикасы курулуп жатат. Ишкана 7 миңге чейин адамды жумуш менен камсыздайт. Фабриканын ээси, ишкер Нурбек Осмоновдун 9-сентябрда президент Сооронбай Жээнбековго берген маалыматына караганда, текстиль фабрикасы кийим-кече тигип, кездеме токуп чыгарат. Ишкананын жылдык кубаттуулугу 10 миллион даана кийим-кече тигип, 1,5 миң тонна пахта менен жүндөн 4,5 миллион метр кездеме чыгарууга эсептелген. Өндүрүштө Жапония менен Германиянын шаймандары колдонулат. Фабрикага жалпысынан 38 млн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Канткенде коррупциянын тамыры үзүлөт?

Кыргызстандыктар өлкөдөгү эң курч маселелердин сап башында дале болсо коррупция турат деп эсептешет. Бул тууралуу Эл аралык Республикалык институт жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгында белгилүү болду. Өлкө бийлиги коррупцияга каршы күрөш уланып жатканын айтканы менен Жемкордукка каршы күрөштүн жүрүшүн көзөмөлдөгөн Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев президент “айланасындагы адамдардын туткунунда” калганын айтып чыкты. Эмне себептен өлкөдө коррупцияга каршы күрөштөн жыйынтык чыкпай жатат? Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ Ирактагы аскерлеринин бир бөлүгүн ушул айда чыгарат

Пентагон үстүбүздөгү айда Ирактагы америкалык аскерлерди 40 процентке азайтып, жалпы санды 3 миң жоокерге жеткире турганын 9-сентябрда билдирди. Ушу маалда бул өлкөдө америкалык 5 миң 200 аскер жайгашкан. Аскерлерди чыгаруу күтүлгөн кадам болчу. Контингент “Ислам мамлекети” радикал тобуна каршы күрөшүү үчүн 2014-жылы жөнөтүлгөн. АКШ баштаган коалиция ирактык аскерлер эми өз алдынча күрөшө алат деп эсептейт. Кошмо Штаттар Иракта туруктуу аскердик база орнотуу планы жок экенин айтып келет. Вашингтон... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мадумаров: Соттун чечими саясий эмес, мыйзамдык чечим болду

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы доо арызын канааттандырган сот чечимин партиянын лидери Адахан Мадумаров «мыйзамдык чечим» деп атады. Ал «Азаттыктын» кабарчысынын: «Сиздин оюңузча, сотко бийлик аралаштыбы же жокпу?» деген суроосуна: «Бул ишке бийлик аралашып же аралашпаганы тууралуу айта албайм. Бирок Бишкектин административдик сотунун биздин доо арызды канааттандырган чечими мыйзамдуу чечим болгонун баса белгилеп айта алам», - деп жооп берди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Сот «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы арызын канааттандырды (видео)

Бишкектин административдик сотунун судьясы Анар Эгембердиева сот чечими менен тааныштырды. «"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимин жокко чыгаруу боюнча өтүнүчү канааттандырылсын. БШКнын чечими мыйзамсыз деп табылып, жокко чыгарылсын». «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы боюнча сот чечими 9-сентябрда, саат 19:48де чыгарылды. Партиянын лидери Адахан Мадумаров судьяга жана сот имаратынын сыртында адилеттикти талап кылып турган тарапкерлерине ыраазычылык билдирди. Читать дальше...




Azattyk.org 

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери жолугушту

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 9-сентябрь күнү Москва шаарында Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугушту. Жолугушуунун башында Айдарбеков кесиптешин Тажикстандын Көз каранды эместик күнү менен куттуктап, өлкөгө бакубаттык жана өнүгүү каалады. Андан тышкары тараптар өз ара кызматташуу, чек арадагы абал, чек арадагы кызматташтыкты бекемдөө жана түрдүү чагымчылдыктарга жол бербөө тууралуу сүйлөштү. Жолугушууда эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажикстан эгемендик күнүн пандемия шартында белгилеп жатат

Тажикстан бүгүн эгемендиктин 29 жылдыгын белгилеп жатат. Пандемияга байланыштуу иш-чаралар мурдагыдай масштабда уюштурлган жок. Жыл сайын 9-сентябрда концерт, оюн-зоок өткөрүлчү. Бирок өткөн жумада бийлик коомдук саламаттыкты коргош үчүн андай иш-чаралар уюштурулбай турганын билдирген. Тажикстан бийлиги өлкөдө коронавирус инфекциясы тараганын акыркылардан болуп моюнга алган. Шейшембиге карата COVID-19га чалдыккандар расмий статистикага караганда 8 860 болду, 70 киши илдеттен каза тапты. «Азаттыктын»... Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент Жээнбеков Тажикстандын элине куттуктоо жиберди

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду жана тажикстандыктарды эгемендик күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында: «Көз каранды эместикке ээ болгон күндөн тартып, Тажикстан сиздин акылман жетекчилигиңиз астында социалдык-экономикалык багытта олуттуу ийгиликтерге жетишти. Кыргыз-тажик мамилелерин өнүктүрүүгө багытталган күч-аракеттерибиз эки мамлекеттин ортосундагы пайдалуу кызматташтыктын мындан ары да кеңейишине олуттуу түрткү берет деген ишенем. Читать дальше...

Azattyk.org 

Хадича Аскарова: Азимжандын наамын акташ үчүн күрөшөбүз

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун жакындары аны актоо үчүн күрөшүн улантышат. Бул тууралуу 9-сентябрда «Азаттык» радиосуна маркумдун байбичеси Хадича Аскарова билдирди: «Азимжан он жыл бекерден бекер өмүрү өтүп, түрмөдө өлүп кетти, күнөө кылбай, күнөөкөр болуп… Наамын акташ үчүн күрөшөбүз. Күчүбүз жеткен жерге чейин барабыз». Июнь окуясы боюнча айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаров быйыл 25-июлда түрмөдө каза болгон. Маркумдун сөөгү өзүнүн керээзине ылайык Өзбекстанда жерге берилген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ооганстандын вице-президентине кол салуу болду

Ооганстанда 9-сентябрда өлкөнүн биринчи вице-президенти Амрулла Салехке кол салуу болду. Кабулда саясатчы бараткан кербенге коюлган чабуулда кеминде он адам көз жуумп, дагы 15и жарадар болду.

Azattyk.org 

Интернеттеги пикири үчүн суралгандар

Социалдык тармактардагы пикири үчүн күч түзүмдөрүнө суракка чакыруу токтой элек. Мындай кырдаалга пикирин ачык билдирген активисттер эмес, айылдардагы карапайым дыйкандар да туш болгон.

Azattyk.org 

Европада коронавирус жуккандар кайрадан көбөйүүдө

Европада коронавирустун учурлары көбөйүп жатат. Чехияда шейшембиде вирусту 1 164 киши жугузуп алганы аныкталып, пандемия башталгандан бери рекорд болду. Мурунку күнү мындан эки эсе аз катталган. 10-сентябрдан тартып бардык жабык коомдук жайларда кайрадан маска тагынып жүрүү эрежеси, башка чектөөчү чаралар киргизилүүдө. Англияда 14-сентябрдан баштап алтыдан көп кишинин чогулушуна тыюу салынмакчы. Мектептерге, иш орундарына, үйлөнүү үлпөттөрүнө жана тажияларга андай тыюу жок. Буга чейинки чектөө 30 киши болчу. Читать дальше...

Azattyk.org 

Быйыл Путин менен «түз байланыш» уюштурулбайт

Быйыл орус президенти Владимир Путин менен «түз байланыш» уюштурулбайт. Бул тууралуу ТАСС агенттигине Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Коронавирус пандемиясына байланыштуу июнь айына пландалган иш-чара кийинкиге жылдырылган. Песковдун айтымында, шартка жараша президент «түз байланышты» акыркы бир нече айдан бери өткөрүп келатат. Анын үстүнө ал форматтын элементтери Путиндин жылдык басма сөз жыйынында пайдаланылып жатат.   Путин 2001-жылдан бери түз эфирде эки басма сөз жыйынына катышып келатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Асрандиев: Бюджетте бир топ жоготуу болду, пенсия жана айлык акы сырттан келген акчадан төлөндү

Бюджеттик абал пандемияга байланыштуу оорлогондуктан кыргыз өкмөтү айлык акы менен пенсияны сырттан келген акчадан төлөп берип жатты. Бул тууралуу 9-сентябрда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди. Анын айтымында, жалпысынан сырткы булактардан 338 миллион доллар келип түштү, анын 207 миллиону сарпталды. Бул акча саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаал системаларын каржылоого, буудай жана ун сатып алууга, муктаждарга азык-түлүк таратууга жана бюджеттик төлөмдөргө жумшалды.  «Акыркы 6-7 айда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Зилалиевдин иши боюнча соттук отурум 11-сентябрда уланат

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча соттук отурум 11-сентябрда уланат. Бул тууралуу иш каралып жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, 7-сентябрдагы жараянда күбө Кутманов суракка алынды. Түштөнүү убактысы болуп калгандыгына байланыштуу сот саат 14:30га чейин тыныгуу жарыялаган. Белгиленген убакытка айыпталуучунун адвокаттары келбегендиктен соттук отурум 11-сентябрга жылдырылды. Башкы прокуратура... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чек арада токмок жеген карыя

80 жаштагы Лейлек районунун тургуну Махмуд Бабажанов аны эки жолу тажик күч кызматкерлери токмоктоп, кыйноого алганын айтып, “Азаттык” радиосуна кайрылды. Бабажанов тажик коопсуздук кызматы анын паспортун да алып койгондуктан Тажикстанда жашаган 106 жаштагы апасынан беш айдан бери кабар ала албай отурат.

Azattyk.org 

Кыргызстан эл аралык донорлордон 338 млн. доллар алды

Кыргызстан COVID-19 пандемиясы башталган учурдан тартып 9-сентябрга чейин эл аралык донорлордон 338 млн. АКШ долларын алды. Анын басымдуу бөлүгү - насыя. Алынган каражаттын ичинен 207 млн. доллары сарпталды. Калган 131 млн. доллар Улуттук банктын эсебинде турат. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев донорлордон алынган акчанын канчасы насыя, канчасы грант экени жана анын сарпталышы боюнча толук маалымат берген жок. Өкмөт буга чейин тараткан маалыматка ылайык, чет өлкөдөн алынган каражаттын көбү социалдык төлөмдөрдү... Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Ru24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Ru24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Ru24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Судья соревнований в Crocus Expo подала в суд из-за травли после теракта

Чернышенко: в создание морских курортов инвестируют около 1,5 трлн рублей

Лавров заявил, что сфер сотрудничества России и Запада практически не осталось

Казанский ТЮЗ предложил зрителям самим вернуть деньги за отмененные спектакли

Музыкальные новости

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

На Алтае подвели итоги работы центра одаренных детей за 2023 год

Выставка военных фотокорреспондентов и художника Росгвардии «СВОй VZгляд» открылась в Москве

Песков: в РФ безостановочно ведут работу по борьбе с коррупцией

Новости России

Казанский ТЮЗ предложил зрителям самим вернуть деньги за отмененные спектакли

В Госдепе заявили, что США неоднократно предупреждали Россию об угрозе теракта

В производственно-инжиниринговой компании ПСМ заявили о готовности инвестировать в сторонние организации

Фильм Джонни Деппа о Модильяни покажут в России

Экология в России и мире

Jean Paul Gaultier весна-лето 2024

На Сейшелы к новорожденным черепахам

ООО «РСХБ-Страхование жизни» приняло участие в конференции InsurSelling-2024

«Радио Зенит» – информационный партнер форума «Мы вместе. Спорт»

Спорт в России и мире

Битые корты: Медведев и Александрова вышли в четвертьфинал Miami Open

«Бомж» Дарья передает всем привет»: Касаткина ответила на слова Винер

Рыбакина о том, что не играла в Индиан-Уэллс из-за болезни: «К сожалению, восстановление заняло много времени»

Хачанов: хочу вернуться в топ-10 ATP

Moscow.media

Система управления доступом RooX UIDM совместима с ОС Astra Linux

Минфин Челябинской области и БФТ-Холдинг произвели миграцию информационных систем на отечественное ПО

Utrace выходит на рынок цифровой маркировки консервной продукции

Производство автомобилей европейской марки возобновилось в России











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Россия заблокировала резолюцию США по санкциям против Северной Кореи в СБ ООН

Благотворительный фонд «Свет в руках» проведет Всероссийскую акцию «Росток памяти»

Легко и быстро: Скачать программы для Windows

Картины в кассу: юбилейная ярмарка ART RUSSIA стартовала на Ильинке