27-сентябрда Азербайжан менен Армения чектешкен аймакта кырдаал кескин курчуп кетти.
Никарагуалык боксёр Мелвин Лопес каршылашы Йейсон Варгасты таймаштын биринчи раундунда эле таамай соккусу менен нокаутка кетирген.
Бишкек, Ош жана Каракол шаарында «Кул болбо!» деп аталган акция өттү. Митингдин катышуучулары «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун эгемендүүлүк боюнча сүйлөгөн сөзүнө каршы чыгышкан. Алар «Биримдиктин» шайлоодон четтетилишин жана Марат Аманкуловдун жоопкерчиликке тартылышын талап кылышты.
Беларуста Минск баштаган бир катар шаарларда күч органдары каршылык акциясына чыккан ондогон адамдарды кармап кетти. "Азаттыктын" беларус кызматы демонстранттар Минскиде Жеңүүчүлөр проспектисинде, Спорт ордосунун жана "Юбилейная" мейманканасынын жанына чогулганын, милиция кууп таратканын жазды. Ошондой эле Гродно шаарында акцияга чыккан ондогон адамдар кармалды. Ушундай эле окуялар Лида, Могилев, Гомел шаарларында да болду. Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы миңдеген жарандар 50 күндөн бери каршылык акцияларына чыгып жатат. Читать дальше...
Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Алмаш Алтымышева маалымдады. Анын айтуусунда 17-сентябрда көпүрө кулаганда жабыркагандардын ичинен ооруканага 51 адам жаткырылган. "51 адам ооруканада. Экөөнүн абалы оор деп жатышат. Биздин консулдар иштеп жатышат. Ишти элчи Аликбек Жекшенкулов толугу менен өз көзөмөлүнө алган",-деди Алтымышева. 27-сентябрда Москва облусунун Ступин районундагы «ФМ Сидорово» аттуу логистикалык ишканада жөө жүргүнчүлөр каттаган көпүрө кулап, анда иштеген кыргызстандык жарандар жабыркаган. Читать дальше...
Азербайжандын президенти Илхам Алиев 27-сентябрда Армения менен чек арасындагы соңку кырдаалдан улам Коопсуздук кеңешин жыйынга чогултту. Анда коргоо министри Закир Гасанов Тоолуу Карабакта Физули-Жабраил багытындагы жети айыл "бошотулганы" тууралуу маалымат берди. Алиев "азери элин, азери армиясын алгачкы жеңиши менен куттуктады" деп жазылат президенттин расмий сайтында. Армения Тоолуу Карабактагы "бошотулган" айылдар тууралуу азырынча комментарий бере элек. Мунун алдында Ереван азери аскерлери Тоолуу Карабакка чабуул койгонун айткан. Читать дальше...
Орусияда каттоодон өтпөгөн "Башка Орусия" партиясы өзүн өзү жойду. Бул тууралуу маалымат аталган партиянын расмий сайтына жарыяланды. "Башка Орусиянын" Москва шаардык бөлүмүнүн башчысы Ольга Шалина "Интерфакс" агенттигине анын ордуна аталышында Эдуард Лимоновдун ысымы бар жаңы партия түзүлөрүн билдирди. Ага ылайык эми "Э. В. Лимоновдун башка Орусиясы" деп аталган жаңы партияны каттоодон өткөрүүгө аракет кылышат жана партияны негиздөө боюнча курултай бир жылдан кийин өткөрүлөт. "Башка Орусияны"... Читать дальше...
Лондондун так ортосунда, Трафальгар аянтында ишембиде коронавирус пандемиясынан улам карантин чараларын кайталап киргизүүгө каршы жүздөгөн адамдар чогулду. Демонстранттардын көбү беткап тагынбай, эркиндиги чектелип жатканын айыпташты жана "Мен макулдук берген эмесмин" деген жазууларды көтөрүп турушту. Шаар полициясы аларды социалдык аралыкты сактоого чакырды жана күч органдарына акарат келтирип, кол көтөрүүгө жол берилбесин эскертти. Мындан бир апта мурун Лондондогу ушундай акцияда демонстранттар... Читать дальше...
Казакстанда Алматы шаардык тергөө соту блогер Ермек Тайчибековду эки айга камоо тууралуу өкүм чыгарды. "Азаттыктын" казак кызматы ага "улут аралык кастыкты козутуу" боюнча айып тагылганын, буга Орусиядагы "Россия сегодня" мамлекеттик холдингине кирген "Украина.ру" басылмасына берген комментарийи негиз болгонун жазды. Блогердин адвокаты Галым Нурпеисовдун билдиришинче, сот жараяны жашыруун өткөн жана Тайчибековдун каршы болгонуна карабай ага мамлекеттик адвокат берилген. Ермек Тайчибеков орусиячыл көз карашы, пикири менен таанымал. Читать дальше...
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөдө аскердик абал жарыялап, Азербайжан менен Тоолуу Карабактын айланасындагы куралдуу кагылыштын курчушуна байланыштуу резервдеги кызматкерлерди мобилизациялоону тапшырды. Пашинян мунун алдында эртең менен билдирүү таратып, Азербайжандын куралдуу күчтөрү Тоолуу Карабак багытында чабуул менен чыкканын билдирген. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шушан Степанян Карабактагы кармашта Азербайжандын куралдуу күчтөрүнө тиешелүү эки тик учак жана үч учкучсуз техника жок кылынганын кабарлап... Читать дальше...
«Кыргызгидромет» борборунун маалымдашынча, 28-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Читать дальше...
27-сентябрда Орусиянын Москва облусунун Ступин районундагы «ФМ Сидорово» аттуу логистикалык ишканада жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү кулап, 49 кыргызстандык жаракат алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Жаракат алган төрт кыргыз мигранты оор абалда ооруканага жеткирилди. Каза болгондор жок. Элчиликтен кабарлашкандай, кырсык болгон жерде Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, тергөө комитетинин, прокуратуранын, Тез жардам кызматынын жана башка органдардын кызматкерлери иштеп жатышат. Читать дальше...
27-сентябрда Орусиянын Москва облусунун Ступин районундагы «ФМ Сидорово» аттуу логистикалык ишканада жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү кулап, 49 кыргызстандык жаракат алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Жаракат алган төрт кыргыз мигранты оор абалда ооруканага жеткирилди. Каза болгондор жок. Элчиликтен кабарлашкандай, кырсык болгон жерде Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, тергөө комитетинин, прокуратуранын, Тез жардам кызматынын жана башка органдардын кызматкерлери иштеп жатышат. Читать дальше...
Армениянын Коргоо министрлиги Азербайжандын үч танкы жок кылынганын билдирди. Азербайжан менен Армения бири-бирин айыпташууда. Расмий маалымат боюнча эки тараптан тең адам курмандыктары бар.
«Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун эгемендикке байланыштуу сөздөрүнө каршы «Кул болбо!» деп аталган нааразылык акциясы Ош шаарында да уланды. Чогулгандар «Кул болбо!», «Маңкурт болбо!», «Бөтөн жерде султан болгуча, өз жериңде ултан бол» деген чакырыктар жазылган кагаздарды көтөрүп чыгышты. Оштогу акция Ак-Буура дарыясынын үстүндөгү подиумдан жүрүш менен башталып, Алымбек Датка эс алуу багында уланды. Ушунда эле аталыш менен 27-сентябрда Бишкек шаарынын борбордук аянтында нааразылык митинги өттү. Читать дальше...
Бишкек шаарынын борбордук аянтында «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун эгемендикке байланыштуу сөздөрүнө каршы өткөн нааразылык акциясы эки саатка созулду. «Кул болбо!» аттуу акцияда «Аманкулов, чык эшикке», «Эгемен Кыргызстан», «Кыргыз жери кол тийгис», «Маңкурт болбо», «Эгемендүүлүк, элге!», «Саткындар кетсин!» деген ураандар жаңырды. Сөз сүйлөгөндөр Аманкуловдун сөзүндө жикчилдик бар экенин айтып, аны жоопкерчиликке тартууну өтүнүштү. Парламенттик шайлоого катышып жаткан «Ата Мекен»... Читать дальше...
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 27-сентябрда эртең менен билдирүү таратып, Азербайжандын куралдуу күчтөрү Тоолуу Карабак багытында чабуул менен чыкканын жарыялады. Бул тууралуу Пашинян "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шушан Степанян Карабактагы кармашта Азербайжандын куралдуу күчтөрүнө тиешелүү эки тик учак жана үч учкучсуз техника жок кылынганын кабарлады. Азербайжандын Коргоо министрлиги Армения азербайжандык аскерлерге жана калктуу конуштарга ок жаадырды деп кабарлады. Читать дальше...
Орусиялык укук коргоочулар уурдалып кетти деп эсептелип жаткан 19 жаштагы чечен активисти Салман Тепсуркаевди табууну орус бийлигинен талап кылууда. Бул тууралуу билдирүү Орусиядагы «Мемориал» укук коргоо уюмунун сайтында жарыяланды. Билдирүүдө Тепсуркаевдин жоголушуна байланыштуу кылмыш иши козголуп-козголбогону боюнча тергөө органдарына суроо узатылат. Укук коргоочулар чечен бийлигин сындагандарга карата кылмышка баргандарды жоопкерчиликке тартууну талап кылышат. «Чеченстандагы адам укуктарын... Читать дальше...
Бишкекте «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун эгемендикке байланыштуу сөздөрүнө каршы «Кул болбо!» аталышындагы акция өтүп жатат. «Эл, эрк, эркиндик!», «Эгемендүүлүк, элге!», «Саткындар кетсин!» деген ураандарды кыйкыргандар Эркиндик бульварынан жүрүш жасап, борбордук аянтка келишти. Митингде болжол менен 200-300дөн көп адам жүрөт. Чогулгандардын бир бөлүгү «Реформа» партиясынын желегин кармап жүрүшөт. 26-сентябрда Интернетте Марат Аманкуловдун сөзү жазылган кыска видео тараган. Читать дальше...
Кыргызстан Азимжан Аскаровдун өлүмүн түшүндүрө албай жатат. Шинжаңда түзөтүүчү лагерлер көбөйгөнү айтылууда.
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 161 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды. Бул тууралуу 27-сентябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады. Жаңы учурлардын көбү Баткен облусуна туура келет, аймакта 45 факт аныкталды. Андан кийин Ош облусунда - 33, Бишкек шаарында - 29, Жалал-Абад облусунда - 23 жана Ош шаарында - 13. Дагы тогуз учур Чүй облусунда, алты учур Ысык-Көл облусунда, эки учур Нарын облусунда жана бир учур Талас облусунда катталды. 27-сентябрга... Читать дальше...
Кремль кыргыз парламентинде кандай күчтөрдү көргүсү келет? Жогорку Кеңешке аттанган айрым партиялардын "Евразиячылык" идеясын алга сүрөгөнү эмнеден кабар берет? Орусиялык саясат талдоочу, Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов ой бөлүштү.
АКШ президенти Дональд Трамп Жогорку соттун судьялык кызматына талапкер катары 48 жаштагы, консервативдик көз карашты карманган судья Эми Кони Барретти сунуштаганын жарыялады. Талапкерди көрсөтүү аземи Ак үйдүн короосунда Барреттин өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн катышуусунда өттү. Мунун алдында Барретт Трамптын саясатын колдогон консерваторлор үчүн ыктымал талапкерлердин катарында аталып жаткан. Эми Кони Барретт АКШ сенатынын судьялыкка тандоо жана добуш берүү боюнча процедураларынан жана Жогорку соттун... Читать дальше...