Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат берген жок. БШКнын 3-сентябрдагы жыйынында жумушчу топ аталган партия "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, “Бүтүн Кыргызстанды” каттабоо жөнүндө сунуш берген. «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаров БШКны «саясий чечим чыгарды» деп сындады. БШК 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга документ тапшырган 17 партиянын 15ин расмий каттоодон өткөрдү.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламенттик шайлоого каттаган жок.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат берген жок. «Азаттык» партиянын лидери Адахан Мадумаров менен бул чечимге байланыштуу маектешти.
Кочкор районунда ММА жана эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш уюштурулду. Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган кезде мелдештин өткөнү талкуу жаратууда.
Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын бюллетендеги орду 4-сентябрда чүчүкулак аркылуу аныкталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. БШК 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга документ тапшырган 17 партиянын 15ин расмий каттоодон өткөрдү. Партиялар 24-августта документтерин тапшырып, БШК бир апта бою талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерди. Аларды расмий каттоодон өткөрүү боюнча жыйын 2-3-сентябрда өттү. 4-сентябрда үгүт башталат. Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат берген жок. 3-сентябрдагы жыйында ушундай чечим кабыл алынып, буга аталган партия талапкерлерди аныктоодо эреже бузганы негиз катары көрсөтүлдү. БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова 17:53тө партияны каттоого алуу тууралуу чечимдин долбоору жазылганын, бирок саат 18:45тен 20:00гө чейинки танаписте долбоор өзгөрүп калганын айтты. Абдрахматова өзгөрүүнүн негиздери жазылган документти көрсөтүүнү суранды. Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга документ тапшырган 17 партиянын 15ин расмий каттоого алды. Алар - «Мекен Ынтымагы», «Мекенчил», «Ыйман Нуру», «Чоң Казат», «Реформа», «Республика», «Социал-демократтар», «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Ордо», «Кыргызстан», «Бир Бол», «Замандаш», «Ата Мекен» партиялары жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы». Ал эми «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» партияларына... Читать дальше...
Жалал-Абад облусунда милиция кызматкерлери пандемияга байланыштуу мечиттерде түшүндүрүү иштерин жүргүздү. 2-3-сентябрь күндөрү Сузак жана Ноокен райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, участкалык милиционерлер мечиттерди кыдырып, жума намазга эл чогулганда санитардык талаптарды сактоо боюнча талаптарды сүйлөшүштү. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев «Азаттыкка» билдиргендей, милиция кызматкерлери имамдарга жашы жете электерге нике кыюунун жоопкерчилиги тууралуу да эскертишүүдө. Читать дальше...
Бийликчил деп саналган «Биримдик» партиясынын талапкерлеринин тизмеси, катар саны жазылган сүрөт социалдык тармактарга тарады. Парламенттик шайлоого аттангандардын арасында президенттин иниси Асылбек Жээнбеков, мурдагы жана азыркы мамлекеттик кызматкерлер бар.
Партияларды парламенттик шайлоого катыштыруу үчүн расмий каттоого алуу боюнча жыйында «Бүтүн Кыргызстан» партиясына байланыштуу маселе коюлду. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Атыр Абдрахматова 17:53тө партияны каттоого алуу тууралуу чечимдин долбоору жазылганын, бирок саат 18:45тен 20:00гө чейинки танаписте долбоор өзгөрүп, каттоого албоо тууралуу документ сунуш кылынганын айтып, жумушчу топко суроо салды. Абдрахматова өзгөрүүнүн негиздери жазылган документти көрсөтүүнү суранды. Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Актив» партиясынын парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат берген жок. 3-сентябрдагы жыйында ушундай чечим кабыл алынды. Буга аталган партиянын беш миллион сомдук күрөөнү убагында төлөбөгөнү жана талапкерлердин тизмесинде гендердик талап сакталбаганы себеп болду. Партия төрагасы чечимге макул эмес экенин билдирди. «Актив» партиясы 2012-жылдын 4-июлунда Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Саясий жарышка... Читать дальше...
Таласта төө буурчактын башталгыч баасы жылдагыдан 15 сомго жогору болууда. Жылына бир килограммы 50 сомдун тегерегинде башталса, быйыл 60 сомдон 65 сомго чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн агрардык өнүктүрүү секторунун башчысы Эмил Тууганбаев билдирди. Быйыл облус боюнча 59 118 гектар төө буурчак айдалган, бул былтыркыга салыштырганда миң гектарга көп. Расмий эсепте аймактагы дыйкандардын 55% төө буурчак багат. Учурда түшүмдү жыйноо кызуу жүрүп жатат. Таластын... Читать дальше...
Документ чырына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) менен соттошуп, утуп алган «Кыргызстан» партиясы 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо ат салышуу үчүн расмий каттоодон өттү. 3-сентябрдагы жыйында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул партияны каттоого каршы жалгыз добуш берди. БШК 24-августта парламенттик шайлоого аттанган партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок документ тапшырууда мыйзам бузган деген... Читать дальше...
“Полис Азия” аналитикалык борбору жана “Эсимде” талкуулоо аянтчасы “Касташуу тили жана бөлүп-жаруу көрүнүштөрү” аттуу изилдөөнүн бет ачарын өткөрдү.
Ооган өкмөтү «Талибандын» туткундагы калган 400 жоочусунун дээрлик баарын бошотуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн башталышын күтүп жатканын билдирди. Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Жавид Файсал 3-сентябрда «Твиттердеги» баракчасына: «Дипломатиялык аракеттер уланып жатат. Биз түз сүйлөшүүлөр чукул арада башталат деп күтүп жатабыз», деп жазды. Буга чейин Австралия менен Франция 400 талиб туткунунун арасында Ооганстанда чет өлкөлүк аскерлердин өлүмү үчүн айыпталган кеминде жети адамды бошотууга каршы чыккан. Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга документ тапшырган бардык 17 партияны расмий каттоодон өткөрүп жатат. 3-сентябрда саат 19:00гө чейин «Мекен Ынтымагы», «Мекенчил», «Ыйман Нуру», «Чоң Казат», «Реформа», «Республика», «Социал-демократтар», «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» партияларынын маалыматтары угулуп, саясий жарышка уруксат берилди. Жыйын уланууда. 2-сентябрда «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы»... Читать дальше...
Парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталганы жаткан Кыргызстанда административдик ресурстун колдонулушу жөнүндө билдирүүлөр көбөйдү.
Келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотууда жаралган татаал жагдайлардан улам ушундай вариант каралып жатканы айтылат.
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев бийликке келгенден бери 2-жолу элине кайрылды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Антикоррупциялык кызматы «Унаа» мамлекеттик ишканасынын директорунун жардамчысын пара алып жаткан жерден кармады. УКМКнын басма сөз кызматы 3-сентябрда билдиргендей, эмгек келишиминин мөөнөтү узартылат деген шылтоо менен бул ишкананын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринен акча талап кылган коррупциялык схема иликтенген. 3-сентябрда иш бөлмөсүндө 2000 доллар алып жаткан жеринен мекеменин жетекчисинин жардамчысы Ы.Р. кармалган. Атайын кызматтын маалыматына караганда... Читать дальше...
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынан шайлоого аттанып, бирок жыйындан кийин тизмеден алынган Турсунбай Бакир уулу Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) сотко бере турганын «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, арыз 4-сентябрда Бишкектин административдик сотуна берилет. «БШКнын менин «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын үстүнөн жазган арызыма карата чыгарган чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, сотко кайрылып жатам. 2-сентябрда БШК менин арызымды карап, «сотко кайрылсын» деген чечим чыгарды. Алар менин маселемди чечиштин ордуна сотко түртүп коюшту», - деди ал. Читать дальше...
2-сентябрь күнү «Достук», «Кызыл-Кыя», «Кадамжай», «Маданият» жана «Баймак» чек ара көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде чектөөлөр алынды. Алардын эң ириси «Достуктан» алгачкы күнү эле миңдеген адамдар өттү.
Германия Кремлдин сынчысы Алексей Навальныйдын нервди шал кылчу зат менен ууландырылганын билдиргенден кийин Батыш өкмөттөрү Орусияга каршы биргелешип чара көрүүнү караштырып жатат. 2-сентябрда немис канцлери Ангела Меркел Берлин Еврошаркет жана НАТОдогу өнөктөштөрдү маселе тууралуу кабардар кылганын айтты. "Алексей Навальныйды «Новичок» тобуна кирген нервди шал кылчу зат менен ууландырышкан. Ал уулу агентти тест жасап аныктаса болот. Ошентип Навальный кылмыштын курмандыгы болуп калганын так айта алабыз. Читать дальше...
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соңку билдирүүсү, кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушунун чоо-жайы, Кремлдин Атамбаевге азыркы мамилеси тууралуу Орусиядагы КМШ өлкөлөрүнүн институтунун Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчиси, саясат таануучу Андрей Грозин маек курду. - Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев кылмыш төбөлү Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча билдирүү таратты. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевди Кыргызстанга алып келиш үчүн Батукаевди... Читать дальше...
Премьер-министр Кубатбек Боронов 3-сентябрда Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык ыкчам штабдын жыйынында дарыгерлердин консилиуму коронавирус инфекциясы менен катуу ооруп жаткандардын ар бирин карап чыгышы керек экенин билдирди. Бороновдун айтымында, учурда республика боюнча COVID-19 менен ооругандар азайды. Бирок дагы эле илдетти оор көтөргөндөр жана жандандыруу бөлүмүндө жаткандар бар. Бишкек шаарында эле 18 бейтап оор абалда жатат. «Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигине дарыгерлердин консилиумун жеринен өткөрүп... Читать дальше...