Акаевдин 2005-жылдын 24-мартынан кийинки жашоосу Жаздан бери кайрадан талаш. Бул талаш 24-март менен 7-апрель талашы. Кайсы күн чыныгы революция күнү, кайсы күндү майрам деп белгилейбиз...
Читать дальше...
Бир кесиптешим жыл башында «жолборс жылы жоболоңдуу болду, коен жылында коркуп жүрүп өтөбүз го» деди эле. Оозуна сала бергендей болуп жыл башынан бери ар бир...
Читать дальше...
Камчыбек ТАШИЕВ, «Ата журт» фракциясынын лидери: «Исаев өзү коркуп жүрбөсүн…» — «Республика» фракциясынын жетекчиси ошондой интервью берсе, анда ал кайсы депутатты ким коркутуп атканын ачык...
Читать дальше...
Канат ИСАЕВ, «Республика» фракциясынын лидери: «Ата журттун» айрым депутаттарын криминал коркутуптур…» ЖоКедеги «Республика» фракциясынын жетекчиси Канатбек ИСАЕВ айрым «ата журтчу» депутаттарды Араб эмираттарында бөгүп жаткан...
Читать дальше...
Кубатбек БАЙБОЛОВ, экс-башпрокурор: «Роза Отунбаевага кылмыш ишин козгогом» Бийликтегилердин тиреши күчөп баратканын коомчулук көрүп турат. Өзгөчө Башкы прокуратура боюнча айтылган сөз көп. Экс-башпрокурор Кубатбек Байболовдун...
Читать дальше...
7-апрель келатат Аялча кийинип качкан погончондор болгон Өткөн жылдагы коогалаңда коомдук тартипти сактоого чыккан милиция кызматкерлери бийликтин буйругун аткарган деп көпчүлүк нааразы болуп, аларга өгөй...
Читать дальше...
Мелис МЫРЗАКМАТОВ: «Терроризмге куралды эмес, коомду каршы коюшубуз керек» Июнь алааматынан кийин деле түштүктө биртоп окуялар болуп келатканы жашыруун эмес. Майда деп маани берилбей жүрүп,...
Читать дальше...
Аксуубай Атабаев: Кыргыз музыка дүйнөсүндө үркөр жылдыздай бир учурда келип, ырчылык, обончулук өнөрүбүздү кылымдардын сересине жетерлик деңгээлге көтөрүп кеткен таланттар саналуу гана. Булар 30-40-жылдары келген...
Читать дальше...Кыргыз-кытай алакасы жана Бээжиндин чөлкөмдөгү кызыкчылыктары тууралуу эл аралык мамилелер боюнча эксперт, Борбор Азия университетинин Мамлекеттик башкаруу жана саясат институтунун улук илимий кызматкери Кемел Токтомушев «Азаттык» менен маектешти.
11-13-сентябрда Орусиянын аймактарында жергиликтүү бийликти шайлоодо «Бирдиктүү Орусия» партиясы татыктуу жеңишке жеткени жарыяланды.
Бүгүн, 14-сентябрда Сочиде Орусиянын жана Беларустун президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенко жолукту. Анда Путин Минскиге «ушундай кыйчалыш абалда» 1,5 миллиард доллар насыя бөлүүгө убада берди. «Биз Беларусту жакын өнөктөш катары карайбыз. Сиз биздин позициябызды билесиз: биз беларустар сырттан көрсөтмөсү жана басым-кысымы жок, тынч жагдайда, диалог аркылуу бул жагдайды өздөрү жөнгө салышына тилектешпиз», - деди Путин. Лукашенко өз кезегинде Путинге ыраазчылык билдирди. «Сиз өтө адамгерчиликтүү мамиле кылдыңыз. Читать дальше...
Чеченстандын муфтийи Салах Межиев ушул тушта Британияда качып жүргөн чечен оппозициячыл саясатчысы Ахмед Закаевге «Инстаграмдан» видео аркылуу кайрылды. Анда ал оппозициялык «Телеграм» каналдын модератору, 19 жаштагы Салман Тепсуркаевди кордогон адамдардын иш-аракетин кубаттаган. Межиев ошондой эле бул оппозициялык «Телеграм» каналдын модератору экенин айткан Ахмед Закаевди эртеби-кечпи табышарын айтып опузалаган. Өткөн аптада Закаев анын Чеченстанда жашаган төрт бир тууганын кармап, белгисиз тарапка алып кетишкенин билдирген. Читать дальше...
Парламенттик шайлоого аттанган партиялардын үгүт материалдарында каталар байма-бай кездеше баштады.
Берлиндеги «Шарите» ооруканасы орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын абалы кыйла түзүк болуп, керебетинин турганга жарап калганын билдирди. Клиника тараткан расмий билдирүүдө ал жакын арада өпкөнү жасалма дем алдырган аппараттан ажыратылары айтылган жана оорулуунун абалы тууралуу маалымат анын аялынын уруксаты менен жарыяланганы белгиленген. Буга чейин бир катар немис басылмалары Навальный толук өзүнө келгенин, ууланып, эстен танганга чейинки абалынын баарын эстегенин жазышкан. ... Читать дальше...
Браконьерлердин торуна толгон Ысык-Көл тазаланды. Ыктыярчы суучулдар бул жолу кыргыз берметинин тескей жээгин таштандыдан арылтып, көл ичинен ташталган торлорду алып чыкты. Бул акция бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында өттү.
Соцтармактарда «Ала-Букада "Биримдик" партиясынан депутаттыкка талапкер добуш сатып алууда» деген видео тарады.
Кара-Кече көмүр кенинде тоо көчтү. Көмүр кени жайгашкан Жумгал районунун акими Адыл Сапаровдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча көчкү 14-сентябрь күнү, саат 12 чамасында түшкөн. Тоо кулап, Жумгал - Кара-Кече автожолунун бир чакырымдан ашуун жери бөгөлүп калды. «Көчкөн тоонун көлөмү болжол менен миллион куб метрден ашуун. Учурда көчкү дагы эле түшүп жатат»,- деди аким. Баштапкы маалыматтар боюнча көчкүдөн жапа чеккендер жок. Ушул тапта Жол оңдоо башкармалыгынын (ДЭУ) жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин... Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Кытайга карыз төлөмдөрүн жеңилдетүү мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу ал Бишкекте Кытайдын тышкы иштер министри Ваң Ини кабыл алган учурда маселе көтөрдү.
Жекшембиде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавируска бир күндө чалдыккандардын эң жогорку көрсөткүчүн каттады. 24 саатта вирус жугузуп алгандар 307 930 болду.
Кен казуучу компаниялар иштеп жаткан аймактарда жергиликтүү тургундар инвесторлорго көбүрөөк түшүнүү менен мамиле кыла башташты. Бул тууралуу 14-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков менен өткөн онлайн кеңешмеде өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, өкмөт башчы Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондорун кыдырып чыкканын, тоо-кен тармагында иштеген инвесторлордун каражатына социалдык багыттагы долбоорлор жүзөгө ашырылып жатканын жана... Читать дальше...
Кыргызстанда мыйзамсыз аңчылык тыйылмак турсун, кийинки күндөрү браконьерлер Кызыл китепке кирген жаныбарларга кол салган фактылар катталууда. 12-сентябрда Таласта аюу аткан адам кармалса, ушул эле күнү Нарында кайберенди канжыгага байлап келе жаткан тургун колго түштү.
Кыргызстанда парламенттик шайлоого мамлекеттик жогорку кызматтагы жетекчилердин талапкер катары катышуусу кайрадан талкууга жем таштады.
Түркиянын Миграция департаменти мигранттардын виза алуу жараянын жеңилдеткен токтом чыгарды. Быйыл январдан бери борбор азиялык мигранттарга кыска мөөнөткө туруктуу жашоого уруксат берилбей жаткан. Эми мекеме 10-сентябрдан баштап виза берилерин кабарлады.
Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Шухрат Сабировдун уулу Аброр Сабиров эки айга камалды. 11-сентябрда Чүй облустук соту ушундай чечим чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Милициянын маалыматына караганда, ал 7-сентябрда автотоктотмонун 74 жаштагы кароолчусун байлап коюп, эки машинени айдап качкан. «Toyota» жана «Honda» үлгүсүндөгү автоунаалар аткезчилик жол менен алынып келгендиктен айып токтотмосуна коюлган болчу. Шектүү кармалган соң машинелер кайра ордуна жеткирилген. Читать дальше...
Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин алдында 14-октябрда беларус элин колдогон акция өттү. Он чакты адам катышкан жыйынды «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюму уюштурду. Алар Беларуста тынч акцияларга чыккандарды куугунтуктап, камакка алууну токтотууну талап кылышты. «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова башка мамлекеттердин активисттерин да тилектештик билдирүүгө чакырды. Ошондой эле парламенттик шайлоого камылга көрүп жаткан кыргыз өкмөтү Беларустагы окуялардан тыянак чыгарышы керек экенин белгиледи. Читать дальше...