PandaDoc компаниясынын төрт кызматкери өтө чоң өлчөмдөгү уурулук кылган деген шек менен эки айга камалды. Башкы эсепчи Юлия Шардыко, директор Дмитрий Рабцевич, продукт боюнча директор Виктор Кувшинов жана HR-менеджер Владислав Михолап кармалганын "tut.by" сайты кабарлады. Аталган компания жетекчилерге коюлган айыптар чындыкка дал келбей турганын билдирди. Алардын камакка алынышын компаниянын негиздөөчүсүнүн демилгеси үчүн өч алуу аракети катары баалады. Маалыматка караганда, кармалгандар кызмат... Читать дальше...
Беларус мамлекеттик университетинин студенттери 5-сентябрда окуу жайдын башкы корпусунун алдына чогулуп, шаардын борбордук бөлүгүн көздөй жөнөшкөн. Акцияга миңден ашуун студент чыккан. Жергиликтүү маалымат каражаттары ондогон студенттерди полиция кызматкерлери жана белгисиз адамдар кармап, номери жок автобустарга салып кеткенин маалымдашты. "Весна" укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, жүрүштө он беш студент кармалды. Университеттин бир канча студент кыздары окуу жайдын жетекчилигинин дарегине видео кайрылуу жолдоп... Читать дальше...
Өткөн эки жума аралыгында, жол кырсыгынан 19 киши каза болду. Жол коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча реформалар эмнеге натыйжа бербей жатат? Коомчулук жол эрежесин сакташ үчүн эмне кылуу керек? Жазаны катаалдаштыруу эмне үчүн кырсыктын санын азайта алган жок?
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-сентябрда КТРКнын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегинде бир катар суроолорго жооп берди. Жээнбеков шайлоо жакындаган сайын көпчүлүк маселени саясий өңүттөн кароо аракети күч аларын белгиледи. «Бул -табигый көрүнүш. Добуш алуу үчүн ар кандай жолдорго барышат. Негизинен эле биздин коом ашкере саясатташкан десем жаңылбайм го. Бизде кимиси болсо да саясаттан кеп салып, эксперттик пикир билдирүүгө даяр. Эл арасында айтылат эмеспи, жарды өлкөнүн эли саясатчы, бардар өлкөнүн эли саякатчы деп». Читать дальше...
Күзүндө ааламга атагы чыккан ардагер боксчулар Майк Тайсон менен Рой Жонстун кичүүсү рингде күч сынашканы турат. Sputnik агенттиги Кыргызстандагы белгилүү спортчулар менен машыктыруучулардан болжолдуу жеңүүчүнү жана беттештин жүрүшүн сурады.
Президент Сооронбай Жээнбеков 5-сентябрда КТРКнын "Биринчи радиосу" менен болгон маегинде төкмө акын Аалы Туткучевдин ырын кандай кабыл алганы тууралуу суроого жооп берип, пикирин билдирди. Жээнбеков дүйнөнүн көптөгөн алдыңкы өлкөлөрү коррупция менен күрөштө санариптештирүү менен ийгиликке жетишкенин, Кыргызстанда да ошол аракет жүрүп жатканына токтолду. Аалы Туткучев ошол саясатты ырга салды деп айтты. "Менимче, Аалы мырза менин жүргүзүп жаткан саясатымды элибизге дагы жакындатты. Мен мына ушундай кабыл алдым. Читать дальше...
АКШ президенти Дональд Трамп орусиялык оппозициялык саясатчы Алексей Навальный Орусиядан чыккан "Новичокко" окшош зат менен ууландырылган деген Германиянын өкмөтүнүн бүтүмүнөн күмөн саноого негиз жоктугун айтты. Бул тууралуу Трамп Вашингтондо өткөн басма сөз жыйында билдирди. Анын айтымында, АКШ азырынча Навальныйдын ууланышы боюнча Берлинден тиешелүү документтерди ала элек. Документтер жакынкы күндөрдө келип, кылдат каралып чыгат. 4-сентябрда АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусиянын Америкадагы элчиси Анатолий Антоновду чакырган. Читать дальше...
Эл аралык Республикалык Институт (ЭРИ - IRI) Кыргызстандагы шайлоо алдындагы маанайды иликтеген сурамжылоосун жарыялады. Ага катышкандардын көпчүлүгү өлкө туура эмес багытта баратканын билдирип, башкы көйгөйлөрдү тизмектешти. Изилдөөнүн жыйынтыгында калктын басымдуу бөлүгү өкмөттүн коронавируска каршы саясатына канааттанбаганы белгилүү болду. Партияларга карата каршы маанай күч экени көрүндү. Коронавирус жана башка көйгөйлөр "International Republican Institute" (IRI) – Эл аралык Республикалык Институт (ЭРИ) жүргүзгөн изилдөө саясат... Читать дальше...
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) билдиргендей, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) пара менен кармалган кызматкери убактылуу кармоочу жайга камалды. Финпол 4-сентябрда УКМКнын Ички коопсуздук башкармалыгы менен чогуу атайын кызматтын өкүлүн кармаганын билдирген. Кармалган кызматкер пара талап кылган деп кабарланган. Учурда иликтөө иштери уланып жатат. УКМК бул боюнча комментарий бере элек. Кыргызстанда укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн пара менен кармалган учурлары буга чейин да кездешкен.
"Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө бул жолу үй-бүлөдө зомбулук көргөн аялдардын аргасыз чечими тууралуу кеп курдук. Эмне үчүн аялдар кызыл муштум күйөөсүн кечирип турмушун улайт? Бул кечирүүнүн артында эмне жатат? Бир келген өмүрдү кызыл камчы эркекке коротуунун зарылдыгы барбы?
Сербия жана Косово республикасынын расмий өкүлдөрү 4-сентябрда Вашингтондогу жолугушууда экономикалык мамилелерди турукташтыруу боюнча келишимге жетишти. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп 4-сентябрда Сербия лидери Александр Вучич жана Косовонун премьер-министри Абдулла Хоти менен кездешүүдө билдирди. Келишимде Сербиянын Косовонун көз карандысыздыгын таанышы, тараптардын ортосундагы саясий макулдашуу жөнүндө сөз жок. Вучич келишим түздөн-түз Косово менен эмес, АКШнын ортомчулугу аркылуу түзүлгөнүн белгиледи. Читать дальше...
Кыргызгидромет эскертет, 6-7-сентябрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Тоолуу райондордо өткүн өтүп, сел жүрүшү ыктымал. Күчү секундасына 22 метрге чейин жеткен шамал болот. Эртең 6-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Катуу шамал болот. Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 20...25; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 26...31; Талас жергесинде түнкүсүн 7...12... Читать дальше...
Тун сүйүү тууралуу жазылган чыгармаларды чогулта келсе адабий китептердин теңинен көбүн түзөр эле.
Оштогу №36806 аскер бөлүгүн өзү билип таштап кетип калган жоокер 5-сентябрда кайра кайтып келди. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы билдирди. Маалыматка караганда, аскер бөлүктүн ефрейтору 4-сентябрда качып кеткен. Азыр анын кадамынын чоо-жайы иликтенип жатат. Жоокер менен Ош гарнизондук Аскер прокуратурасынын кызматкерлери иштеп жатканы кабарланды. (NT)
Орусиянын баш калаасы Москвада 4-сентябрда Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюму, Шанхай кызматташтык уюму жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин биргелешкен жыйыны өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди. Орусия төрагалык кылган жыйынга Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев башында турган делегация да катышты. Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына карата жыйынга чогулуу тууралуу демилге Орусияга тиешелүү. Читать дальше...
Кумтөр кени боюнча Канада бийлигин сындаган даректүү тасма чыкты, кыргызстандыктар кайсы партияга добуш берерин билишпейт, Кытай Тажикстанга аскерий база курабы?
Саламаттык сактоо министрлиги 5-сентябрда Интернеттеги социалдык тармактарда тараган балдардын оорусу тууралуу маалыматтар жалган экенин айтып, ага ишенбөөгө элди чакырууда. Буга чейин WhatsApp аркылуу Ысык-Көл облусундагы жана Бишкек шаарындагы саламаттык сактоо мекемелеринде оор абалда ооруп жаткан балдар жапырт катталып жатканы, аларды кабыл алууга бош орундардын жоктугу тууралуу маалымат тараган. Саламаттык сактоо министрлиги бул маалыматты төгүндөдү. Мекеменин билдирүүсүндө, азыр бардык... Читать дальше...
Дүйнөнүн бир топ өлкөсүндө тил ааламдашууну артынан кубалап, жетпей турган учуру. Кыргыз тилинде дагы англицизмдер, эл аралык сөздөр көбөйүүдө. Аларды тансаңар - өз эркиңиз, бирок билип алсаңар зыяны тийбейт. Эйджизм – курак-жашка карап дискриминациялоо. Негизинен 50 жаштан ашкан адамдардын карыганын айтып, кемсинтүү. Сексизм – жыныстык дискриминация. Мисалы, эркектердин айымдарга салыштырмалуу артыкчылыктарын белгилөө. Жыныска байланыштуу стереотиптерди козгоо. Феминизм – кыз-келиндердин жеке жана социалдык укуктарын... Читать дальше...
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 5-сентябрдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде дагы төрт медициналык кызматкер коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Алардын экөө Баткен облусунда, дагы экөө Жалал-Абад дубанында. Коронавирус жугузуп алгандан кийин ооруканада дарыланып жаткан эки медкызматкер айыгып чыкты. Үйдө карантинде отурган он беш кызматкер сакайганы айтылды. COVID-19 пандемиясы башталган март айынан бери коронавирус жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны 3149га жетип... Читать дальше...
Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдети лабораториялык жол менне дагы 89 кишиден табылды. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 5-сентябрда билдиргендей, вирус жугузуп алгандардын 14ү Бишкекте катталды. Ош шаарында бир, Чүй облусунда – 9, Ош облусунда - 13, Талас облусунда - 4, Нарын облусунда бир, Ысык-Көл облусунда – 18, Жалал-Абад облусунда – 10, Баткен облусунда - 19 кишиден вирус аныкталды. Өлкөдө пандемия башталган март айынан бери коронавируска чалдыккандар 44316 кишиге жетти. Читать дальше...
Бишкек шаарында жаңы инфекциялык оорукананын курулушу 65% бүтүп калды. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, 100 орунга эсептелген объекттин курулушу төрт блоктон турат. Курулушта 105 жумушчу иштеп жатат. Имараттын курулушуна тез тургузулуучу каражаттар колдонулууда. Аны курууга Аймактарды өнүктүрүү фондунун эсебинен 60 миллион сом бөлүнгөн. COVID-19 пандемиясы күчөгөн июнь-июль айларында Кыргызстандын ооруканаларында орун жетишпей, өкмөт, ыктыярчылар... Читать дальше...
Түркмөнстандын борбору Ашхабаддын ооруканаларынын кызматкерлери 3-сентябрда журналисттерге акыркы үч жумадан бери кырдаал өтө оорлоп кеткенин, каза болгондор да көбөйүп жатканын билдирген. "Азаттыктын" түркмөн кызматынын маалыматына караганда, бийлик вирустун жайылышын азайтуу аракетин көргөнү менен бейтапканалар толуп калганы айтылып жатат. Медкызматкерлер бийлик өздөрүн эки жума бою карантинге алынган зоналарда иштөөгө мажбурлаганын, коргонуу каражаттарын өз чөнтөгүнөн сатып алышканын айтышты. Читать дальше...
Быйылкы жарым жылда Кыргызстандын сыртка товар ташуусу 2,4% көбөйдү. Дүйнөлүк кризис шартында бул өзү кубана турган көрүнүш. Тебетейди көккө ыргытыштан мурда бир жагдайга абай сала кетели - экспорттун көбөйүшү алтындын эсебинен болду. Анын баасы жыл башынан бери 30% кымбаттап кетти. Кыргызстандын экономикасы болсо Кумтөр алтын кенинен мурункудан да көбүрөөк көз каранды болуп калды. Алгач азыноолок сандар: 2020-жылдын январь-июнунда Кыргызстандын жалпы товар жүгүртүүсү 2 млрд. 557 млн. долларды түздү. Читать дальше...