Кыргызгидромет эскертет, 6-7-сентябрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Тоолуу райондордо өткүн өтүп, сел жүрүшү ыктымал. Күчү секундасына 22 метрге чейин жеткен шамал болот.
Эртең 6-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Катуу шамал болот.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 20...25;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 26...31;
Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25;
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 21...26;
Бишкек шаарында түнкүсүн 13...15, күндүз 23...25 градус болот.