Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Оренбург аймагында ара жолдо калган кыргызстандыктарды мекенине өткөрүү боюнча казак, орус бийлиги менен сүйлөшүү жүрүп жатканын, маселе жакын ара чечилерин “Азаттыкка” маалымдады. “Орусиянын бийлиги орус-казак чек арасына чейин бекер ташып барат. Анда ары кыргызстандыктар автобусттар менен сүйлөшүп, өздөрү төлөп Кыргызстанга жетиши керек. Төртүнчү күнү бул маселе чечилип калат деп жатам”, - деди Жекшенкулов. Жекшенкулов пандемия башталгандан... Читать дальше...
22-сентябрда “Республика” партиясынан талапкер Тынчтыкбек Алтымышев “Фейсбуктагы” баракчасына Нарын районундагы Алыш айылында партиянын үгүтчүсүн “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тарапташы сабап салганын жазды. Алтымышев алардын ортосунда №2 форма менен катталган шайлоочулар боюнча чыр чыкканын билдирди. “Республика” партиясынан талапкер Тынчтыкбек Алтымышевдин посту боюнча “Мекеним Кыргызстан” партиясы билдирүү таратты. Анда партия жалган маалымат тараткандыгы үчүн Алтымышевге чара көрүү... Читать дальше...
22-сентябрда Бишкекте Кыргызстан менен Орусиянын өкмөт аралык комиссиясынын 22-жыйыны өттү. Анда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча маселелер каралды. Ошол эле маалда эки өлкө ортосунда ондогон келишим кагаз бетинде калган боюнча турат.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Аравандагы окуя боюнча маселени күч түзүмдөрүнүн териштирүүсүнөн кийин карайт. Мындай чечим БШКнын 22-сентябрдагы жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Боршайкомдун мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди: «Укук коргоо органдары териштире башташты. Менин пикиримде алар эртеңден калбай териштирүүнүн тыянагын бериши керек. Иштин чоо-жайы, үгүт маалында ким келип тополоң кылып элге зыяны тийгени боюнча маалымат берет. Ошонун негизинде ал партияга же талапкерге чара көрүлөт». Читать дальше...
АКШнын президенти Дональд Трамп 22-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 75-жыйынында видео кайрылуу жасады. Кошмо Штаттардын лидери анда Кытайды коронавирус пандемиясы, эл аралык макулдашууларды сактабаганы боюнча айыптады. Ал өз сөзүндө «Кытай вирусу» деген сөздү дагы колдонду. Эл аралык коомчулукту «ушундай чуманы» таратканы үчүн Бээжиндин жоопкерчилигин кароого чакырды. Трамп «Кытай оору жаңыдан жайыла баштаганда эл аралык каттамдарды жаппай коюп, илдеттин жайылып кетишине өбөлгө түзгөн» деп билдирди. Читать дальше...
Орусияда Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин ушул тушта коронавирус жуккан он депутат ооруканада жатканын билдирди. Ал мындан тышкары 50дөй эл өкүлү ооруп айыкканын айтты. Спикер коронавирус пандемиясынан улам депутаттар парламенттин ишин жабык режимде улантуу боюнча сунушту колдогонун маалымдады. Ага ылайык, Мамлекеттик Думага келген-кеткендерге чектөө киргизилет, комитеттердин жыйындары онлайн гана форматта өтөт. Володин жашы өйдөлөп калган депутат Владимир Борткого аралыктан иштөөнү сунуш кылды. Читать дальше...
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) чөп-чардан жасалган африкалык дарыны сыноонун үчүнчү баскычын өткөрүүнү жактырды. Африка мамлекеттеринде пандемия башталгандан бери коронавируска жана коронавирус козгогон пневмонияга каршы чөптөн жасалган суюктук жардам берип жатканы айтылууда. Ал суюктуктун негизин кадимки шыбак түзөт. Мадагаскардын президенти Андри Радзуэлина жаңы дары тууралуу расмий түрдө апрель айында эле жарыялаган. Мадагаскардын бул ачылышын Африкадагы башка мамлекеттер да колдошкон. Читать дальше...
Ош облусунун Араван районунда «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын өкүлдөрүнүн ортосунда калайман мушташ менен коштолгон чыккан чыр парламенттик шайлоо өнөктүгү учурундагы коопсуздук маселесин күн тартибине чыгарды. Эмне себептен күч органдары Араванда чатактын алдын алган жок? Шайлоодо партиялар таза атаандаштыктан оолактап, кара күчкө көбүрөөк ыктаганы кооптуу белгиби? Бул окуялардын өзү бул жолку парламенттик шайлоодогу кримчөйрөнүн таасирин ачык көрсөтпөйбү? Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты... Читать дальше...
Коомдук телерадио корпорациясындагы (КТРК) дебаттардын экинчи айлампасында айым талапкерлер чыга баштады.
Журналист, «Азаттыктын» баяндамачысы Бакыт Орунбековдун «Менин тагдырымдагы инсандар» аттуу китеби жарык көрдү. Автордун айтымында, китепте советтик доордогу, эгемендик жылдардагы саясатта, илимде, ишкердикте ийгиликке жеткен адамдардын, жалпысынан 24 каармандын тагдыры жөнүндө жазылган. Алардын арасында Жусуп Абдрахманов, Султан Ибраимов, Роза Отунбаева, Мелис Мырзакматов, Казат Акматов ж.б. бар. «Ар бир каармандын кыял-жоругун, баскан жолун, өтөгөн эмгегин кандай билсем, кандай туйсам ошого жараша жеке баамды жаздым. Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 16 партиянын шайлоо фондусуна келип түшкөн жана чыгымдалган каражаттары жөнүндө маалымат жарыялады. БШКнын 18-сентябрдагы маалыматына ылайык, 16 партиянын шайлоо фондуна жалпысынан 526 млн. 983 миң 770 сом түшүп, анын 504 млн. 787 миң 608 сому чыгымдалды. Үгүт иштерине көп каражат сарптагандардын сап башында «Мекеним Кыргызстан» партиясы топтолгон 108 млн. 215 миң 641 сомдун 105 млн. 53 миң 771 сомун коротту. Андан кийин «Биримдик» партиясы чогулган 97 млн. 408 миң 300 сомдун 89 млн. Читать дальше...
«Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов жеке кызыкчылыгын кечип, бул жолку шайлоодо саясатка жаңы жүздөрдү алып келүүгө аракет кыларын жарыялады.
Журналист Абдил-Ахат КУРБАН уулунун айтылуу кинорежиссер Төлөмүш Океев тууралуу эскерүүсү.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясына байланыштуу жабырлануучу-күбө катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» ыкчам бөлүгүнүн онго жакын кызматкери көрсөтмө берди. Айыпталуучулардын адвокаттарынын маалыматына караганда, жалпысынан 50дөн ашык аскер көрсөтмө бериши керек. Сот «Альфанын» Кой-Таш окуясына катышкан 54 кызматкерин жабырлануучу-күбө деп тапкан. Жараян ар аптанын дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү жабык каралууда. Өткөн жума күнү жана дүйшөмбүдө... Читать дальше...
Жазуучулар союзу эмнеге адабият чөйрөсүндө стимул берүүчү, авангард уюм боло албай жатат? «Азаттык» жүргүзгөн сурамжылоого бир катар акын-жазуучулар, окурмандар катышты.
Журналист Кудрет Тайчабаров Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айтты. Бул тууралуу ал 22-сентябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасынын түз эфиринде билдирди. Тайчабаров өлкөдөгү мыйзам бузуу, криминалдык чөйрөнүн жарандардын укугун бузган аракеттери тууралуу жазган маалыматтарынан улам опузага кабылганын белгиледи. Ал парламенттик шайлоого аттанган айрым партияларда кримчөйрөнүн таасири бар экенин кошумчалады. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда Камчы Көлбаев... Читать дальше...
Орусия төрт мамлекеттин - Беларустун, Кыргызстандын, Кореянын жана Казакстандын жарандарына өлкө аймагына кирүүдөгү чектөөлөрдү алды. Бул тууралуу Орусиянын өкмөтү билдирди. Маалыматка караганда, 20-сентябрдан тартып аталган өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына Орусиянын аймагына аба каттамдары аркылуу кирүүгө уруксат берилет. Аба каттамдары жумасына бир жолу жүргүзүлүп турат. Кыргызстан, Казакстан, Беларус менен аба каттамдары 21-сентябрда, Түштүк Корея менен 27-сентябрда калыбына келери айтылды. Читать дальше...
Кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын 22-жыйынында бир катар эки тараптуу долбоорлорго кол коюлду. Бул тууралуу 22-сентябрда жыйындан кийинки брифингде Кыргызстандын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди: «Өкмөт аралык комиссиянын жыйынында бир катар эки тараптуу долбоорлорго жетиштик. Алар: энергетика жаатында Кыргызстандын «Электр станциялары» ишканасы менен Орусиянын «ИнтерРАО» ишканасынын кызматташтык келишими. Ошондой эле күндөн энергия алуучу батарейкалардын пластинкаларын биргелешип өндүрүү боюнча долбоорго кол коюлду. Читать дальше...
Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Дөөлөталиев «Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүт жыйынына катышып, мыйзам бузганы тууралуу маалымат тарады. «Азаттыктын» аймактагы кабарчысы Дөөлөталиевге байланышканда, ал 20-сентябрда Жаш Ленин айылында партия өкүлдөрү суранышканы үчүн үгүт жыйынына катышканын ырастады. Бирок жыйында эч кимди партияга добуш берүүгө үгүттөбөгөнүн билдирди. «Элдин коопсуздугу үчүн катышкам, ызы-чуу чыгып кетпесин дегем»,-деген Дөөлөталиев... Читать дальше...
Өзбек элине белгилүү диктор жана ырчы Шухрат Каюмов 51 жашында көз жумду. Ал 22-сентябрда жүрөк оорусу кармап, жашоо менен кош айтышканын Өзбекстандын Маданият министрлиги кабарлады. Шухрат Каюмов 1969-жылы Ош шаарында төрөлгөн. 1991-жылы Ташкенттеги Мамлекеттик искусство институтун аяктап, Өзбек улуттук телерадиокомпаниясында көп жыл диктор болуп иштеген. Телевидениедеги жумушу менен катар ырчылык өнөрдү аркалап, Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти наамын алган.
Автокырсык 21-сентябрдын кечинде Бишкек-Ош жолунун 617-чакырымында, Кара-Суу районунда болгон. Кырсыктан он киши ар кандай жараат алып, ооруканага жеткирилгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, «Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган кичиавтобус менен жүк ташуучу машине кагылышып, бири өрттөнүп кеткен. Кыргызстан - киши өмүрүн алган жол кырсыгы көп катталган мамлекеттердин бири. Ички иштер министрлиги Кыргызстанда быйыл сегиз айдын ичинде 3 474 жол кырсыгы болуп... Читать дальше...
Владимир Бекчуриндин эки буту жок болгонуна карабай, 10 жылдан бери ширетүүчүлүк менен алектенип, үй-бүлөсүн багып, ал тургай башкаларга да жардам берип келет. Өз ишин мыкты билген темир устага буюртмалар көп түшөт. Жашоону жана эмгекти сүйгөн Владимирдин кыялын билгиңиз келсе, видеону көрүңүз.
21-сентябрдагы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мааракелик датасында 180 мамлекеттин лидерлери жана расмий өкүлдөрү ар бири үч мүнөттөн видео кайрылуу жасашты. Андан кийин БУУнун жетишкендиктери менен кемчиликтерин, алдыдагы максаттарды сөз кылган декларация боюнча макулдашты. Уюм жайгашкан өлкөгө – АКШга биринчи болуп сөз тийген, бирок президент Доналд Трамп кайрылуу жасаган жок. Анын ордуна уюмдагы өкүлдүн орун басарынын милдетин аткарган дипломат сүйлөдү. БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш көп тараптуулукту жандандырууга чакырып... Читать дальше...
Тажикстандын Дүйшөмбү шаарындагы аскер соту жоокер Варидун Зиевуддиновду аскердик милдетин өтөөдөн качкан деп таап, 2,5 жылга эркинен ажыратты. «Азаттыктын» тажик кызматы ал армияда жүргөндө төрт ийне жутуп алганын жазган. 21 жаштагы Зиевуддинов ушул жылдын апрель айында армияга чакырылган. Сот материалдарында ал ийнелерди атайын жутуп алганы, ооруканага жатып чыккандан кийин үйүнө кетүүнү көздөгөнү жазылган. Жоокердин жакындары болсо сот адилетсиз чечим чыгарганын, ал армиядан качыш үчүн мындай тобокелчиликке барбай турганын айтышууда. Читать дальше...
Түркияда коронавируска чалдыккандардын кескин көбөйүшү дарыгерлер менен бийликтин ортосунда чыңалууну күчөттү. Дарыгерлер расмий маалыматтарда илдетке кабылгандардын саны азайтылып көрсөтүлүп жатканына нааразы болуп жатышат. Түркияда ушул тапта күнүнө 1600дөй адамдан коронавирус аныкталууда. Бир суткада өлгөндөрдүн саны 60тын тегерегинде. Бул жума ичи медкызматкерлер коронавирустан каза болгон кесиптештерин эскерүү ирээтинде кара тасмаларды тагынып жүрүшөт. Алар социалдык тармактарда бийликке каршы акция жүргүзүп... Читать дальше...