Кыргызстанда өткөн эки жумадан бери АКШ долларына карата сомдун наркы түшүп, валюта рыногунда олку-солкулук байкалды. Сомдун туруктуулугун камсыз кылыш үчүн Улуттук банк үч айдан бери биринчи жолу валюта рыногуна 11 млн. АКШ доллары өлчөмүндө акча чыгарып, интервенция жасады. Улуттук банк муну орус рубли менен казак теңгеси арзандап кеткен тышкы факторго байланыштырып, учурда жергиликтүү валюта рыногунда абал кайрадан турукташканын билдирди. Финансы жаатындагы аналитиктер улуттук валютанын олку-солку... Читать дальше...
Быйылкы окуу жылы 1-класстардан башка окуучулар үчүн онлайн башталды. Ушул күндөрү көптөгөн ата-энелер балдарын аралыктан окутууда дагы деле каржалып жатат. Балдардын онлайн окууга толук тартылбай жатканына айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү телефон менен телевизордун жетишсиздиги, кээ бир аймактарда Интернеттин жоктугу да себеп болууда. Андан сырткары сабактарга катышпай, кара жумуш менен алек болгон мектеп окуучулары да бар. “Азаттык плюс” бул жолу онлайн окуудан каржалгандарды көрсөтөт.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов 25-сентябрда өлкөнүн Конституциясына алымча-кошумчаларды киргизген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өкмөттүк «Түркмөнстан бүгүн» маалымат агенттиги кабарлады. Баш мыйзамды жаңылоону былтыр президент өзү сунуш кылып, аны иштеп чыгыш үчүн түзүлгөн комиссияны жетектеген. Конституциянын долбоору түркмөн парламенти Межлисте бир добуштан колдоо тапкан. Негизги мыйзамга кандай алымча-кошумчалар киргизилгени өлкө жарандарына так белгисиз. Белгилүүсү... Читать дальше...
Эл аралык Мунапыс уюму пандемия маалында Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин укуктары бузулганы тууралуу баяндама жарыялады. Орусияда миңдеген өзбекстандык мигранттар мекенине кайта албай чатырларда баш калкалап келишет. Финляндия аэропортунда коронавирус жугузуп алгандарды аныктоого атайын үйрөтүлгөн иттер жардам бермекчи.
Иликтөөчү журналист Болот Темиров өзүнүн «YouTube» каналына шайлоо өнөктүгүндөгү мыйзам бузулган учурлар боюнча иликтөөсүн жарыялады.
Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы "Тез жардам" кызматынын 37 жаштагы фельдшери Валерий Гаук 4-июлда коронавирустан каза болгон. Анын жесири Александра Гаук 20 күндөн кийин эле күйөөсүнүн ордуна иштей баштады. Валерий "Тез жардамда" 12 жылдан ашуун иштеген. Анын эки кичине баласы жетим калды, өзү бир үйдүн жалгыз уулу эле.
Үч акылман жолдо келатып, ушул тууралуу талашып калышат. Бири айтат: -Мени адам кылып жүргөн өткөн чагым. Азыркы билгендеримдин баарын Өткөн чактан алдым. Кандай ийгиликке жетсем, ошонун баары Өткөн чагымдан болду, мага ар дайым ошол кездеги кишилер менен сүйлөшкөн аябай жагат, ошол кездеги кишилер көбүрөөк болсо экен, ошолор узак жашаса экен деп тилейм, - дейт. -Эгер чын эле бул айткандарың туура болсо кошулат элем, бирок адам деген өзүнүн желесинен сыртка чыкпай, качан бирөө келип түшөр экен... Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Жаныбек Жоробаевдин ыйгарым укуктарын токтотту. БШКнын маалыматына караганда, депутаттын мандаты өзүнүн арызына ылайык алынды. Чоо-жайы маалым эмес. Жаныбек Жоробаев мандатты 2020-жылдын 13-майында алып, 14-майда алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты катары ант берген. Аны менен кошо аталган фракцияга Шаршенбек Абдыкеримов да депутат болуп келген. Экөө мурдараак өз арыздары менен депутаттыктан кеткен... Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, алдыдагы парламенттик шайлоодо саясий партиялардын талапкерлер тизмесинен чыккандардын жалпы саны 40тан ашты. Алардын 15и «Ыйман Нуру», алтоо «Чоң Казат», бешөө «Социал-демократтар», экөө «Мекенчил», экөө «Ата Мекен», бирөө «Кыргызстан», бирөө «Замандаш» партиясына тиешелүү. «Мекеним Кыргызстан» партиясынан БШКнын чечими менен Аравандагы мушташтан кийин тизмеден чыгарылган Илхом Маннановду кошкондо 10, ушул эле жаңжалдан улам жарыштан... Читать дальше...
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан саясий партиялардын программалары жана убадалары тууралуу экономист Сапар Орозбаковдун ой толгоосу.
Рекордду ардагер-футболчу "Кавасаки Фронтэйл" клубу менен беттеште жасады. Чабуулчу негизги курамда оюнга чыгып, беттештин 56-мүнөтүндө алмаштырылган.
Орусиянын президенти Кошмо Штаттарга кайрылып, маалымат-коммуникациялык технологиялар боюнча кызматташтыкты кайра жандандырууну сунуш кылды. Сунуштардын ичинде маалымат коопсуздугун камсыз кылыш үчүн диалогду калыбына келтирүү, маалымат коопсуздугун караган мекемелердин ортосунда үзгүлтүксүз байланышты колдоо, бири-биринин ички иштерине, анын ичинде шайлоо процесстерине кийлигишпөөгө кепилдик берүү тууралуу сунуштар камтылган. «Бул чаралар мамлекеттерибиздин ортосунда ишеним деңгээлин көтөрүүгө... Читать дальше...
«Реформа», «Чоң Казат» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партияларынын өкүлдөрү 25-сентябрда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу, шайлоочуларды ташуу сыяктуу мыйзам бузууга каршы туруш үчүн күч-аракеттерин бириктиргенин билдиришти. «Чоң Казат» партиясынын өкүлү Замир Абдыкадыров басма сөз жыйынында шайлоо күнү бардык добушканаларда оппозициялык партиялардын байкоочуларынын бирдиктүү иш жүргүзүшү үчүн сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты. Жыйында аталган... Читать дальше...
25-сентябрда Түркиянын Карс аймагында аскердик кызматын өтөп жаткан лейтенант Ибрагим Улуу шейит кеткени кабарланды. Ван аймагындагы Улуу Памир айылынан чыккан Ибрагим Улуу 2018-жылында аскер академиясын бүтүргөн соң Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн катарына кабыл алынган. Буга чейин Улуу Памирден чыккан алты жоокер Түркиядагы аскердик операцияларда шейит кеткен. Улуу Памир айылы Ван облустук борборунан 132 чакырым алыстыкта жайгашкан. Анда 2 500гө жакын кыргыз жашайт. Жергиликтүү калк негизинен айыл чарбасы менен алектенет. Читать дальше...
Коронавируска байланыштуу кырдаал күн сайын начарлап бараткандыктан, Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата пландалган веложүрүш өтпөй турган болду. Иш-чара 27-сентябрда болмок. Мэриянын басма сөз кызматы 25-сентябрда билдирүү таратып, шаардык администрация аргасыздан кабыл алынган чечимден улам элден кечирим сурады. Кыргызстанда 25-сентябрга карата 175 адамдан коронавирус табылды. Бул соңку эки-үч жумадагы эң жогорку көрсөткүч. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 142и айыкты. Читать дальше...
Коронавирус пандемиясынан бери Кыргызстанда 83 медицина кызматкери каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова 25-сентябрда «Азаттыкка» билдирди: «Электрондук саламаттык сактоо борборунун соңку маалыматына ылайык, 83 медицина кызматкери көз жумду. Арасында мамлекеттик жана жеке бейтапканаларда иштеген дарыгерлер, орто жана кичи кызматкерлер да бар». АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, 25-сентябрга карата Кыргызстанда COVID-19... Читать дальше...
Кыргызстандын президенти сентябрдын этегинде Орусияга жана Венгрияга барат. Расмий маалыматка ылайык, 28-сентябрда Орусияга жумушчу сапар менен, ошол эле күнү Венгрияга эки күндүк расмий сапар менен барат. 25-сентябрда Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен онлайн кеңешме өткөрүп, алдыдагы сапарларды талкуулады. Жээнбеков Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат. Венгрияда премьер-министр Виктор Орбан, президент Янош Адер жана Улуттук Жыйындын спикери Ласло Кёвер менен жолугуп... Читать дальше...
Польшанын шахтёрлору өкмөттүн көмүр казууну азайтуу планына каршылык билдирип жер үстүнө чыгуудан баш тартышты. Нааразылык акциясы 23-сентябрда башталган. Бейшембиге карата алар эки эсе көбөйүп, 400гө чамалады. Польша Еврокомиссиянын басымы астында 2040-жылга чейинки энергетикалык стратегиясын жаңылаган. Уюм Варшава климат боюнча милдеттенмелерин аткарган шартта гана 750 миллиард евро бөлүүгө убада берген. Польшанын көмүр шахталарында 100 миңдей адам иштейт. Профсоюздардын бийлик менен сүйлөшүүсү шаршембиде 11 саатка созулуп... Читать дальше...
Сот аткаруучулар орус оппозиционери Алексей Навальныйдын Москвадагы батирин жана банктагы эсептерин камакка коюшту. «Бул Путиндин ашпозчусу Евгений Пригожинге таандык «Московский школьник» компаниясынын доосуна байланыштуу. Навальный ууландырылгандан бир жумадан кийин, 27-августта сот аткаруучулар Марьинодогу анын батирин каттоо ишмердигине тыюу салышкан. Бул батирди сатууга, белекке берүүгө же күрөөгө коюуга болбойт дегенди билдирет. Ошондо Алексейдин банк эсептери да камакка коюлган», - деп... Читать дальше...
Жалал-Абад шаарынын курорт аймагындагы алты турак жайды бошотуу туурасында шаардык соттун чечими чыкты. Ага нааразы болгон тургундар мэриянын алдына 22-сентябрда чыгышкан. Алардын үйлөрү көчкү коркунучу бар аймакта жайгашкандыктан, башка жакка көчүү сунуш кылынган. Үй ээлерине 50 миң сомдон, айрымдарына жер тилкелери берилгенин калаа башчысы Мураталы Тагаев билдирди. Бирок алар макул болбогондуктан, мэрия аларды шаардык сотко берген. Тургундар эми облустук сотко кайрылышмакчы. Нааразы болгон... Читать дальше...
26-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Талас жана Нарын облустарында -2...-3 градуска чейин үшүк жүрөт. Батыштан жел согуп турат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25, Нарын жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 17...22... Читать дальше...
Кочкор-Атадагы «Кыргызмунайгаз» ишканасы банкрот абалына туш болгон Майлуу-Суудагы электр лампа заводун өз карамагына алат. Маселе буга чейин өкмөттө каралганын, азыр даярдык иштери жүрүп жатканын «Кыргызмунайгаздын» жетекчиси Рашит Бостонов билдирди. Майлуу-Суу шаарындагы лампа заводу 1967-жылы ишке кирген. Кезинде 7-8 миңге чейин адам эмгектенген мекемеде, азыр 1,5 миң жумушчу калган. 1974-жылы бир млрд. электр лампаларын өндүрүүгө жетишкен. Быйыл болсо 90 млн. гана лампочка чыгаруу планы бар экени айтылган. Читать дальше...
Москвада бир суткада коронавирус жукканы аныкталгандар июндан берки эң жогорку көрсөткүчкө жетип, акыркы суткада миңден ашты. Бир апта ичинде ооруканага түшкөндөр 30% көбөйдү. Ошондон улам калаанын жетекчилиги 28-сентябрдан тартып карантин чараларын киргизе турганын жарыялады. Мэр Сергей Собянин 65 жаштан ашкандарды жана өнөкөт оорусу барларды олуттуу себеп болбосо үйдөн чыкпоого чакырды. Мэрия ошондой эле баш калаадагы беш миңдей ишкананын жетекчилигинен кызматкерлеринин көбүн болушунча аралыктан иштөөгө жиберүүнү суранды. Читать дальше...
«Эл аралык мунапыс» уюму («Amnesty International») пандемия маалында Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин укуктары бузулганы тууралуу баяндама жарыялады.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 25-сентябрда Түштүк Кореянын аткаминерин өлтүрүп алышканы үчүн кечирим сурады. Түштүк кореялык маалымат каражаттары бул кадамды абдан сейрек көрүнүш катары баалап жатышат. «Төрага Ким Чен Ын күтүүсүз жана кайгылуу окуядан улам президент Мун Чжэ Инди жана Түштүк Кореянын калкынын көңүлүн иренжитип алганына абдан өкүнөт» деген Түндүк Корея тараптын билдирүүсүн Мун Чжэ Индин кеңешчиси Сух Хун окуду. Бейшембиде Сеул түндүгүндөгү коңшусун түштүк кореялык аткаминерди атып өлтүрүп... Читать дальше...