"Биримдик" партиясынын талапкери Марат Аманкуловдун Орусиянын делегациясы менен жолугушуу учурунда сүйлөгөн сөзү коомчулукта кызуу талкууга алынды. Ал эми талапкер Аманкулов Интернетке тараган видеодо сөзү бурмаланып калганын, ал чагым болуп саналарын билдирди.
Токтош Абдиеванын төмөндө кеп болчу аңгемесинде азыркы турмуш, көнүмүш жашоо ыргагынын таптакыр башка нукка түшүп, кескин өзгөрүлүп кеткен заман ырайы баяндалган.
Майлуу-Суу шаарындагы банкроттук абалга кептелген лампа заводун «Кыргызмунайгаз» ишканасы карамагына алмай болду.
Беларустун борбору Минск шаарында милициянын өзгөчө багыттагы отрядынын (ОМОН) кызматкерлери аялдар маршынын ондогон катышуучуларын кармады. Кармалгандардын арасында каршылыктардын символуна айланган пенсионер жана активист Нина Багинская да бар. Кийин аны кайра кое беришкени кабарлады. Акция Жеңиш аянтында башталышы керек эле. Анын жанындагы метро жабылып, аянтка коомдук транспорт токтобой калгандыктан жүрүш Комаров аттуу районго жылган. Акциянын катышуучулары жүрүш оппозициянын атынан Беларустун... Читать дальше...
50 млн. евро капиталы менен Кыргыз-венгер өнүгүү фонду түзүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациянын «Биринчи радиосуна» берген маегинде айтты. Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, кыргыз-венгер мамилелери жаңы деңгээлге чыгып жатат. Мамлекет башчысы интервьюсунда 28-29-сентябрда Венгрияга боло турган өзүнүн расмий визитинин алкагында пландалган иш-чаралар тууралуу кеңири айтып берди. Президент эске салгандай, Кыргызстанга... Читать дальше...
Латвиянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) санкция салынган беларус аткаминерлеринин тизмесин узартып, 101 адамдын фамилиясын көрсөттү. Бул тууралуу мекеменин сайтында жарыяланды. Өлкөнүн сырткы саясатты жүргүзгөн министрлиги анда "беларустун бийлиги тынчтык акцияларынын катышуучуларына карата мамилесин өзгөрткөн эмес, демонстрацияларды дискредитациялоо, митингчилерге карата зомбулук жана кылмыш ишин козгоо уланууда" деп белгилеген. Латвиянын узартылган тизмесине «Белтелерадиокомпаниясынын жетекчиси Иван Эйсмонт... Читать дальше...
Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Кыргызстандын аймагына мамлекеттик чек арадан учак же транспорт менен өтүү үчүн иштелип чыккан алгоритм кабыл алынды. Бул тууралуу 26-сентябрда өкмөттүн аппараты кабарлады. Алгоритмге ылайык, эл аралык жана ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрү учуу алдындагы процедуралардын бардык этаптарында беткап тагынып, аралыкты сактоого тийиш. Ошондой эле алардын дене табы өлчөнөт жана анкета толтурулат. Чет өлкөлөрдөн автотранспорт менен келген Кыргызстандын жарандарында... Читать дальше...
«Кыргызгидромет» борборунун кабарлашынча, 27-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен... Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда КТРКнын «Биринчи радиосуна» курган кезектеги маегинде бир катар суроолорго жооп берди. Анын ичинде келе жаткан парламенттик шайлоого байланыштуу да ойлорун айтты. Журналисттин «бийликчил партия, оппозициячыл партия» деп берилип жаткан мүнөздөмөлөр жөнүндөгү суроосуна мамлекет башчы бул башка өлкөлөрдө нормалдуу көрүнүш экенин айтты. «Партиялык системасы өнүгүп, парламенттик демократия жолуна көп жылдар мурун түшкөн өлкөлөрдө, сиз айткандай, бийликчил партия деп ачык айтышып, ачык күрөшөт. Читать дальше...
Парламенттик шайлоого бараткан «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинен дароо тогуз киши чыгып кетти. Алардын ичинен сегизи аял. Ушуну менен Борбордук шайлоо комиссиясы каттаган талапкерлердин арасынан баш-аягы 15 аял талапкер шайлоодон четтетилди. Бул партиялардын тизмесиндеги гендердик квота маселесин козгоду. “Азаттык” келе жаткан шайлоого партиялардан аттанган аял талапкерлердин санына кызыкты.
Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык билим берүү колледжи 1966-жылы ачылган. Окуу жай мектеп жана бала бакчада сабак берүүчү мугалимдерди даярдап чыгарат. Учурда бул билим уясынын абалы кейиштүү абалда. Окуу куралдары, музыкалык аспаптар тартыш. Анысы аз келгенсип курулуш компанияларынын бири менен жер маселесине байланыштуу соттошуп келет.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы «Терек-Сай» кениндеги алтын чыгаруучу фабриканын курулушу башталды. Өкмөттөн 26-сентябрда кабарлашкандай, анын капсула салуу аземине премьер-министр Кубатбек Боронов катышты. Азем учурунда өкмөт башчы коронавирус пандемиясына карабай, ишканалар өндүрүшүн улантып жатканын кубаттады. «Региондорду өнүктүрүү – президенттин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири. Бул багыттагы кадамдардын бири катары аймактарга чет элдик инвесторлорду тартуу болуп саналат. Ал үчүн өкмөт бардык зарыл шарттарды түзүүдө. Читать дальше...
Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын саны арбыганын ырастады. 25-сентябрда министрликтин басма сөз катчысы Эмомали Мирзоев ооругандардын саны «аз-маз» өскөнүн айтып, мурда күнүнө 32 адам катталып жатса, азыр күнүнө 42 адам илдетке кабылып жатканын билдирди. Расмий статистикага ылайык, коронавируска кабылгандар акыркы аптада Тажикстанда 10% өскөн. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин кабарлашынча, апрелдин аягынан тарта 25-сентябрга чейин 9562 адам коронавируска кабылып... Читать дальше...
«Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкулов Интернетте тараган чуулгандуу видеосу тууралуу билдирүү таратты. Анда Аманкулов сөзү бурмаланып калганын, видео чагым болуп саналарын билдирет. Мындан мурдараак социалдык тармактарда партия лидеринин чет элдик делегация менен жолугушууда “Биздин 30 жылдык көз карандысыздыгыбыз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү” деген мааниде сүйлөгөнү тартылган тасманы ушу тапта кыргыз коомчулугу кызуу талкуулап жатат. Эксперттер болсо саясий партиялар... Читать дальше...
Украинанын Харьков облусунда «Ан-26Ш» аскердик-транспорттук учагы кырсыкка кабылып, 25 адам каза болду. 25-сентябрдын кечинде кулап түшкөн учак окутуу милдетин аткарып жүргөн, анын бортунда Украинадагы Иван Кожедуб атындагы Улуттук университетинин курсанттары жана экипажы, жалпы 27 адам болгон. Аман калган эки студент оор абалда бейтапканага түштү. Учак Чугуев шаарындагы аэродромуна жакын жерде, Киев-Харьков трассасынын жээгинде кырсыктаган. Конордун алдында экипаждын командири сол кыймылдаткыч... Читать дальше...
«Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкулов өзүнүн мурдагы сөзү боюнча Интернетте тараган чуулуу видео тууралуу билдирүү таратты. Анын сөзүн партиянын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев «Фейсбуктагы» баракчасына койду. «Бул видео чагым болуп саналат. Ал 2019-жылы Кыргызстан менен Орусиянын кайчылаш жылын өткөрүүнүн алдындагы Москвадагы маданий иш-чара болчу. Ошол иш-чарада жалпы цивилизациялык Евразиялык мейкиндикти жана калктардын тарыхый-маданий байланыштарын эске алуу менен тарыхый-маданий... Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) каттаган талапкерлердин арасынан баш-аягы 15 аял талапкер шайлоодон четтетилди. Бул партиялардын тизмесиндеги гендердик квота маселесин козгоду. "Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө бул жолу саясаттагы аялдардын ордун талдадык.
Кыргыз өкмөтү «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасын орусиялык тарапка сатуу жөнүндө айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган кабарларды төгүндөдү. Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү тараткан билдирмеде, бул кабарлар «чындыкка дал келбейт жага ойлонуп табылганы» белгиленет. «Биринчиден, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасын акционерлештирүү маселеси каралган эмес жана каралбайт дагы. Экинчиден, «Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» улуттук... Читать дальше...
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигиндеги (КМШ) өлкөлөр ортосундагы кылмыштуулукка каршы күрөшүү программасынын алкагында «Издөө» аттуу операциясы өткөрүп, издөөдө жүргөн 154 кишини кармады. Бул тууралуу ИИМдин сайтында кабарланды. Анда айтылгандай, жасаган кылмыштары, анын ичинде оор кылмыштар үчүн шектүүлөр 92. Атайылап адам өлтүрүүгө шектүү жети, каракчылыкка шектүү үч, зордуктоого шектүү үч, талап-тоноого шектүү колго түштү. Башка кылмыштар үчүн шек саналгандар 75. Читать дальше...
Улуттук банк 25-сентябрда валюта рыногунда интервенция жасап, 19,6 миллион АКШ долларын сатыкка чыгарды. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды. Башкы каржы көзөмөл мекемеси акыркы жолу 23-сентябрда 11,2 миллион доллар саткан. Бул аракет улуттук валюта – сомду колдоо максатында ишке ашууда. 2020-жылдын башынан бери валюта рыногунда ушуну менен жалпы 12 интервенция жасалып, сатылган доллар 258,2 миллионду түздү. Акыркы кезде Кыргызстанда доллардын сомго карата курсу жогорулап жатат. 26-сентябрда... Читать дальше...
Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 158 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды. Бул тууралуу 26-сентябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады. Анда айтылгандай, жаңы катталган учурлардын 43ү Баткен облусунда, 34ү Жалал-Абад облусунда, 22си Бишкек шаарында, жана дагы 22си Ош облусунда. Чүй облусунда 12, Ысык-Көл облусунда 11, Ош шаарында 9, Нарын облусунда 3 жана Талас облусунда 2. 26-сентябрга карата соңку бир күндүн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар... Читать дальше...
Кыргызстанда медиа коомчулук парламентке бараткан партиялар менен сөз эркиндиги боюнча меморандумга кол коюп, партиялардын «сөз эркиндигин коргойбуз» деген убадаларын алды.