Орусия 23-сентябрда өлкөгө жана жарандарына каршы “кас кадамга” жооп иретинде европалык расмий адамдардын “кара тизмесин” кеңейтип жатканын билдирди. Тышкы иштер министрлиги кандай чаралар көрүлөрүн тактаган жок. Бирок Орусияга кирүүгө тыюу салынган Еврошаркеттеги расмий адамдардын саны биримдик “кара тизмеге” камтыган орусиялыктардын санына барабар болорун белгиледи. Москва Брюссель “конфронтация” саясатын уланта берсе, дагы чара көрөрүн эскертти. Тараптар Орусия Батыштагы шайлоолорго аралашкан болушу ыктымал деген дооматтардан... Читать дальше...
23-сентябрда сталиндик репрессиянын Кыргызстандагы жана башка советтик өлкөлөрдөгү кылмыштарын изилдеп, ачыкка чыгарган журналист жана сынчы Регина Хелимскаяны эскерген иш-чара өттү.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 23-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы Жалпы дебаттар алкагында видеокайрылуу жасады. Жээнбековдун кайрылуусу президенттин сайтында жарыяланды. Анда Жээнбеков Кыргызстан адам укуктарын бекемдөө принциптарин карманарын белгилеп, өлкөнүн өнүгүү жолун аныктаган стратегиялык документ 2040-жылга чейин түзүлгөнүн айтты. Ал стратегияда ар бир жарандын укугун коргоо каралганын билдирди. 4-октябрдагы парламенттик... Читать дальше...
Минскиде Александр Лукашенко Беларустун президентинин кызматына 5-ирет киришти. Оппозиция лидери Светлана Тихановская Лукашенко «бүгүн пенсияга кеткенин» айтты.
23-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы менен бирге ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерин (полковник) ири өлчөмдө баңгизат сатууга аракет кылган деген шек менен колго түшүрдү. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди. УКМК тараткан маалыматка ылайык, милициянын полковниги жалпы өлчөмү бир жарым килограмм баңгизатты 581 миң сомго сатууга аракет кылган. Читать дальше...
Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская президент Александр Лукашенконун ант беришин айыптап, аны «легитимсиз лидер» деп атады. Социалдык тармакта чыккан видеодо 9-августтагы шайлоодо президентке негизги атаандаш болуп чыккан Тихановская өзүн беларус эли шайлаган жападан-жалгыз лидер деп атап, Лукашенко «бүгүн пенсияга кеткенин» айтты. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) парламенттик ассамблеясында сүйлөгөн Тихановская Лукашенконун тымызын инаугурациясын «бийликти басып алуу аракети» деп баалады. Читать дальше...
Өкмөт башчы Кубатбек Боронов 23-сентябрдагы онлайн басма сөз жыйынында сүйлөп жатып саясий партияларга кайрылды. Боронов партияларды парламенттик жарышта элдин ынтымагына доо кетирбөөгө чакырды. «Жарандык позициябызды туура кармап, өз кызыкчылыктарыбызды өлкөнүн кызыкчылыгынан жогору койбой, бири-бирибизди сыйлап, эч кандай чагымчылыкка алдырбай, бардык иш-аракетиңерди мыйзам чегинде алып барганга чакырам. Айрыкча элдин ынтымагына доо кетирбегиле», - деди Боронов. Өкмөт башчы Аравандагы окуяга... Читать дальше...
Парламенттик шайлоого бараткан «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинен дароо тогуз киши чыгып кетти. Алардын ичинен сегизи аял. Ушуну менен Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) каттаган талапкерлердин арасынан баш-аягы 15 аял талапкер шайлоодон четтетилди. Бул партиялардын тизмесиндеги гендердик квота маселесин козгоду. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинен Хамракул Жаныкулов (тизмеде 57-орунда), Лунара Мамытова (тизмеде 112-орунда), Малика Ахметова (тизмеде 121-орунда), Сайкал Калиева (тизмеде 150-орунда)... Читать дальше...
Кыргызстандын жогорку жана орто окуу жайларына 2020-2021-окуу жылында жалпы жонунан 98 136 адам кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Онлайн кабыл алуу боюнча беш турдун жыйынтыгында жогорку окуу жайларына 42 миңден ашуун, коллеждерге эки тур менен жалпысынан 41 миңдей жана кесиптик башталгыч окуу жайларына 15 миңдин тегерегинде абитуриент кабыл алынды. Быйыл пандемияга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги абитуриенттерди кабыл алууну онлайн форматта уюштурду. Читать дальше...
Өкмөт башчы Кубатбек Боронов Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып, «2020-жыл ичинде Ички иштер министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине жана Айыл чарба министрлигине элдин ишеними жогорулады» деди. Бул тууралуу өкмөт башчы 23-сентябрдагы онлайн брифингде билдирди. «Улуттук статистика комитети тарабынан дайыма чыгарылып туруучу калктын ишеним индексинин көрсөткүчүндө 2020-жылдын ичинде үч органга болгон элдин ишеними жогорулады. Элибиз ар бир органдын кандай иштеп жаткандыгын көрүп турат. Читать дальше...
Нурмагомедов менен Гэтжинин кармашы 24-октябрда өтүүчү UFC 254 мелдешинин башкы беттеши болмокчу.
Бүгүн Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна 31 жыл толду. Бул күндү утурлай “Азаттык” радиосунун кабарчысы көп улуттуу Кант шаарындагы жалгыз кыргыз тилдүү мектепке барып келди. Акыркы жылдары шаар тургундары арасында кыргыз тилдүү мектепте балдарын окуткандар көбөйгөн.
Кардарлардын укуктарын коргоо боюнча жеке менчик уюм Ишгль чаңгы (лыжа) курортундагы коронавирустун жайылышы боюнча Австриянын бийлигине каршы төрт жарандык доо арыз бергенин кабарлады. Бирок топ азырынча жамааттык арыз берүүдөн карманганын билдирди. Ишглдеги очоктон вирус бүт Европага тараган. Жергиликтүү тургундар жана миңдеген чет өлкөлүк туристтер дал ошол жактан, лыжа тепкенден кийин эл барларга, кафелерге топтолгондо вирус жугузуп алышканын айтууда. COVID-19 илдетинин биринчи учуру курортто 7-мартта... Читать дальше...
Башкы прокуратура массалык маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда шайлоодогу мыйзам бузуу жөнүндө жарыяланган маалыматтарга мониторинг жүргүзүп жатат. Учурда Интернетте жарыяланган 55 маалымат текшерилип, алардын 26сы боюнча факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу 23-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен өткөргөн кеңешмеде маалым болду. 26 иштин 18и жазык, сегизи жорук беренеси менен сотко чейинки териштирүүгө алынды. Читать дальше...
УЕФАнын мыкты футболчу сыйлыгы 2010-жылдан бери ыйгарылып келет. Анын тарыхында Криштиану Роналду менен Лионель Месси алгачкы жолу алдыңкы үчтүккө кирбей калды.
Парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн дарегин өзгөртүп, №2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 445 миңден ашканы белгилүү болду. Коомчулукта №2 форма добуш сатып алууга шарт түзгөн документ катары сыпатталып, шайлоонун легитимдүүлүгүнө шек жаратат деген пикирлерлер күчөдү. Көчмөн шайлоочулар көбөйдү Жогорку Кеңештин депутаты, «Бир Бол» партиясы менен шайлоого катышып жаткан Алмамбет Шыкмаматов №2 форма менен каттоодон өткөндөрдү жокко чыгарууну талап кылып, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылды. Читать дальше...
АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстандагы 1000ден ашуун мамлекеттик мектептерге жана китепканаларга 285 миң балдар китебин тапшырды. Кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыккан китептерде аңгемелер, жомоктор, ырлар, табышмактар бар. Китеп тапшыруу аземи 23-сентябрда Бишкекте К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында өткөнүн Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. USAID Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташтыкта «Окуу керемет!»... Читать дальше...
Франциянын президенти Эммануэл Макрон Бирикккен Улуттар Уюмун (БУУ) Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном облусундагы жагдайга көңүл бурууга чакырды.
Бишкектин Ленин райондук салык инспекциясынын бөлүм башчысы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады. Кызматкерди иштен бошотууга 2018-жылы анын жарандарга мыйзамсыз негизде патент берүү фактысына байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) тарабынан кармалышы негиз болгон. Финполиция 21-сентябрда Мамлекеттик салык инспекциясынын Ленин райондук бөлүмүнүн биринин башчысы кармалганын билдирген. Читать дальше...
Түркмөн өкмөтү пандемиянын экономикалык кесепеттерине каршы чара көрбөй жатышы азык-түлүк кризисин ого бетер тереңдетти. Шейшембиде «Human Rights Watch» (HRW) укук коргоо уюму жана «Түркмөнстандын адам укуктары демилгеси» деген бозгундагы топ ушундай мазмундагы билдирүүнү таратышты. Күнүмдүк товарлардын кымбатташы жана субсидияланган азык-түлүктүн тартыштыгы 2016-жылдан бери өкүм сүрүп келатат. Сөз болгон уюмдар түркмөн бийлиги өлкөдө жакырчылык бар экенин четке кагып, каржалган катмарга экономикалык... Читать дальше...
Парламенттик шайлоого катышып жаткан «Республика» партиясынын Кадамжай районундагы штаб башчысы «добуш топтоо максатында адамдарга акча тараткан» деген шек менен милицияга суракка чакырылды. Ал 22-сентябрда Жолдошбек Мамажанов атындагы маданият үйүнүн алдында шайлоочулар менен жолугушуп, акча таратканы аныкталганын Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди: «Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин негизинде текшерүү иштери жүрүп жатат». Читать дальше...
Бүгүн, 23-сентябрь күнү сталиндик репрессиянын Кыргызстандагы жана башка советтик өлкөлөрдөгү кылмыштарын изилдеп, ачыкка чыгарган журналист жана сынчы Регина Хелимскаяны эскерүү болду. Иш-чара «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде, ачык асман алдында өттү. Анда Регина Хелимскаянын сталиндик репрессиянын бетин ачууга кошкон салымы, өткөн кылымдын 30-жылдарындагы кыргыз интеллигенциясынын репрессияланышы, анын курмандыктарын реабилитациялоо иштери алигиче аягына чыкпай турганы тууралуу сөз болду. Ошондой эле репрессияга кабылып... Читать дальше...
Орусия менен Казакстандын чек арасында калган эки миңге жакын өзбек мигранты мекенине жеткирилди, дагы үч миңдейи Самара облусунда калды. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Өткөн дем алыш күндөрү Новосибирск шаарынан жана Самара облусунан чыккан атайын поезд каттамдары Ташкентке жетишти. Келгендердин баары изоляцияга алынды. Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов «Азаттыкка» Орусиянын Оренбург аймагында калган кыргызстандыктарды... Читать дальше...
Минскиде президент Александр Лукашенконун кезектеги беш жылдык кызматтык мөөнөткө киришүү аземи өттү. Бул тууралуу мамлекеттик БелТА агенттиги маалымдады. Инаугурация тымызын даярдалып, анын датасы тууралуу алдын-ала айтылган эмес. 66 жаштагы Лукашенко өлкөдө 9-августтагы шайлоодон кийин нааразылык акциялары тынчыбай жаткан шартта ант берди. Ал Беларусту 26 жылдан бери башкарып келатат. Митингдер менен жүрүштөргө чыккандар Лукашенкону бийликтен кетүүгө, 9-августтагы добуш берүү бурмаланганын айтып... Читать дальше...
Трамп коронавирус үчүн Кытайга чара көрүүгө чакырса, Путин орусиялык вакцинаны БУУнун кызматкерлерине акысыз сунуш кылды.