Российская авиакомпания S7 перейдет на летнее расписание полетов с 31 марта

Мосгортранс начал переводить парк «Ясенево» на электронные путевые листы для водителей

Жилой квартал с хоккейным центром появится на участке бывшей промзоны Грайвороново

Облачная погода и до 11 градусов тепла ожидаются в городе 28 марта



World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Сентябрь
2020

Новости за 24.09.2020

Azattyk.org 

Мушташтын айынан эки талапкер шайлоодон чыкты

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош облусунун Араван районунда «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыккан мушташка байланыштуу тизмедеги эки талапкерди шайлоодон четтетти. Ошондой эле жаңжалга катышты делген алты киши кармалды.

Azattyk.org 

COVID-19: Үгүт менен үлпөт ооруну унуткарды

Илдет жуккандардын бир күндүк көрсөткүчү 8-сентябрдан бери биринчи жолу 100 кишиден ашты. Шайлоо алдында бийликти «илдеттин алдын алуу боюнча жетиштүү чара көрбөй жатат» деген сындагандар көбөйдү.

Azattyk.org 

Нобелдин байге фонду көбөйдү

Нобель фонду ар бир сыйлыгы үчүн берилчү байгесине дагы 110 миң доллар кошууну чечти. Бул тууралуу фонддун төрагасы Ларс Хейкенстен швециялык "Dagens Industri" гезитине 24-сентябрда билдирди. Ошондо ар бир сыйлыктын акчалай байгеси 10 млн. швед кронуна, же 1,1 млн. долларга жетет. 125 жыл мурда швед окумуштуусу Альфред Нобель 31 миллион кронун, учурдагы курска айлантканда 1,8 млрд. крон мураска калтырып, илим чөйрөсүндө ийгиликке жеткендерге байге катары үлөштүрүү керектигин көрсөткөн.   1901-жылы Нобель сыйлыгы негизделип... Читать дальше...

Azattyk.org 

Шайлоого бараткан партиялар менен медиа уюмдар келишим түздү

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына шайлоого катышып жаткан саясий партиялар менен маалымат каражаттары “Сөз эркиндиги тууралуу келишим” түздү. 24-сентябрда өткөн келишим түзүүгө шайлоого аттанып жаткан 16 партиянын 14ү катышты. “Кыргызстан” жана “Республика” партияларынын өкүлдөрү келген жок. “Замандаш” партиясынын өкүлү кечигип жатканы айтылды. Иш-чарага келген партиялардын өкүлдөрү сунушка макулдугун билдирип, келишимге кол коюшту.  Келишимге демилгечи болгон “Медиа диалог” уюмунун маалыматына караганда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аравандагы жыйында имамдар партиялардын үгүтүнө катышпашы керек экени айтылды

23-сентябрда Оштун Араван районундагы борбордук мечитте имамдардын жыйыны өткөрүлүп, анда парламенттик шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын үгүн иштеринен оолак болуу зарыл экени айтылды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы маалымдады. Ошондой эле жыйында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, нике журналдары боюнча сөз болду. Жыйынга Ош облусунун казыятынын курулуш жана мечит адиси Абдималик Турсунбеков, казыяттын иш башкарма башчысы Раушан Жеңишбек уулу, Араван районунун башкы имам-хатиби Алибек ажы Жусупов жана имамдар катышты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Чет өлкөдөн добуш бериш үчүн 32 миңден ашуун кыргызстандык тизмеге турду

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова 24-сентябрда өткөн басма сөз жыйынында чет мамлекеттерден добуш берүүгө 32 миңден ашуун кыргызстандык каттоого турганын маалымдады. Анын айтымында башка мамлекеттерде жүргөндөр үчүн атайын 45 добушкана ачылды. «Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча дагы айтып кетейин. Чет өлкөдөгү 45 участокто акыркы маалымат боюнча 32 580 жаран катталды», - деди төрайым. 1-августта БШК Кыргызстандан сырткары мамлекеттерде шайлоо участокторун түзүү жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизип... Читать дальше...

Azattyk.org 

Трюдо: Канаданы коронавирустун экинчи толкуну каптады

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо анын өлкөсү коронавирустун жаңы толкунуна туш болгонун, бул ирет абал жаздагыга караганда оорураак болорун билдирди.  Ал 13-мартта өлкөдө обочолонуу режими алгач жарыяланганда болгону 47 адамга коронавирус жукканы аныкталганын, ал эми өткөн шейшембиде бир күндүк көрсөткүч миң кишиден ашканын салыштырды. «Биз бүгүнкү же кечээги, жада калса эртеңки сандык көрсөткүчтөрдү өзгөртө албайбыз. Алар эки жума мурда биз жасаган же жасабай койгон аракеттерден көз каранды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жээнбеков Түркиянын президенти Эрдоган менен телефондон сүйлөштү

24-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин жана мурда макулдашылган келишимдердин ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Түркияда жүздөгөн кыргыз мигранттары эмгектенет. Түркия 2016-жылы диниятчы Фетхуллах Гүленге жана анын жолун жолдоочуларга таандык деп эсептелген Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну талап кылган. Расмий... Читать дальше...

Azattyk.org 

БШК: «бюллетенге белгиленген калемдин сыясы өчүп калат» деген маалымат жалган

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Интернетте бюллетенге жазылган сыянын өчүп калганы жөнүндө тараган видео боюнча маалымат таратты. Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоо участкаларында сканерге ылайыктуу капиллярдык калем колдонуларын айтып, анын бюллетенге жазылган сыясын өчүрүүгө мүмкүн эмес экенин билдирди. «Шайлоочунун бюллетендеги койгон белгисин өчүрүш үчүн отту колдонуу мүмкүн эмес, анткени шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Беларуста шаршембиде жүздөгөн адамдар кармалды

23-сентябрда Беларустагы каршылык акцияларында 364 киши кармалганын, алардын 252си Минск шаарында кармалганын өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. Мекеме акциялар 59 жерде өтүп, ага беш миң киши катышканын маалымдайт. Ал эми эркин байкоочулар андан бир канча эсе көп адам митингге чыкканын белгилеп жатышат. Кезектеги митингдер Александр Лукашенко 23-сентябрда купуя инаугурация өткөрүп, Беларус президентинин кызматына киришкени жарыялангандан кийин башталган. Оппозициянын Координациялык кеңеши... Читать дальше...

Azattyk.org 

ЖАМК Исаковдун башка колонияга которулганы боюнча түшүндүрмө берди

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) мурдагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаков №8 түзөтүү колониясынан №27 түзөтүү колониясына которулганы боюнча маалымат таратты. Билдирүүдө «Жаза аткаруу кодексинин 72-беренесинин («Белгилүү бир мөөнөткө эркинен ажыратуу жана өмүр бою эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөчү жерлер») 5-бөлүмүнө («Кылмышка кошо катышкан соттолгондор эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөө үчүн жаза өтөөчү ар кандай жерлерге жиберилет») ылайык, соттолуучу Сапар Исаков жазасын... Читать дальше...




Azattyk.org 

Дүйшембиев: Добуш сатып алуу боюнча 40 кылмыш иши козголду

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев Жазык кодексинин 192-беренеси («Шайлоочулардын добушун сатып алуу») боюнча 40 кылмыш иши козголгонун билдирди. 24-сентябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында башкы көзөмөл органынын өкүлү мындай маалымат берди:  «82 кылмыш иши, жоруктар боюнча 46 иш бар. Берене боюнча айтсам, Жазык кодексинин 191-беренеси («Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу») боюнча эки, 192-беренеси («Шайлоочулардын добушун сатып алуу») менен 40, 193-беренеси («Шайлоо... Читать дальше...

Azattyk.org 

Шайлоо-2020: Кызыл-чеке болгон дебат

Коомдук телерадио корпорациясында (КТРК) жана башка телеканалдарда парламенттик шайлоого талапкер партиялардын дебаттары уланууда.

Azattyk.org 

Казакстан өлүм жазасынан баш тарткан протоколго кошулду

Казакстан өлүм жазасын толук жокко чыгарган протоколго кошулду. Бул тууралуу 24-сентябрда өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Анда тийиштүү документке Казакстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Кайрат Умаров кол койгону белгиленет. 2019-жылдын декабрында президент Касым-Жомарт Токаев Эл аралык жарандык жана саясий укуктар пактысынын экинчи факультативдик протоколуна кошулуу ишин баштоону буюрган эле.   2003-жылы Казакстанда өлүм жазасына мораторий киргизилген. Ошол... Читать дальше...

Azattyk.org 

БШК Аравандагы мушташтан улам эки талапкерди шайлоодон четтетти

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Араванда үгүт маалындагы мушташка байланыштуу талапкерлер Шүкүрулло Файзуллаев менен Илхом Маннановду шайлоодон четтетти. БШКнын 24-сентябрдагы жыйынында бул чечимди комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү колдошту. Файзуллаев «Биримдик», Маннанов «Мекеним Кыргызстан» партияларынан талапкер болуп катталган. Жыйында партиялардын да жоопкерчилигин кароону комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү колдогон жок. 20-сентябрда Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан»... Читать дальше...

Azattyk.org 

Дүйшөмбиев: шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча 27 факты реестрге катталды

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев 24-сентябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйында алдыдагы шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча жалпы 59 факты аныкталганын билдирди. Анын 34үн прокуратура, 25ин башка органдар аныктаган. Ал фактылардын ичинен 27 материал Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. "Кылмыштын белгилери менен 19, жоруктар белгилери менен сегиз, номенклатуралык ишке жазылганы 17.  БШКга жана аймактык шайлоо комиссияларына беш материал жиберилген. Үч прокурорлук чара көрүү актысы киргизилген. Читать дальше...

Azattyk.org 

БШКда «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын жоопкерчилигин кароо маселеси көтөрүлдү

Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) Араванда үгүт учурунда чыккан мушташ үчүн партиялардын жоопкерчилигин кароо боюнча маселе талашка түштү.  БШКнын мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Кайрат Осмоналиев, Гүлнара Журабаева партиялардын жоопкерчилигин карап, чара көрүүнү сунуш кылышты. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана анын орун басары Абдыжапар Бекматов партияларга эмес, ошол аймактан тизмеге кирген талапкерлер Шүкүрулло Файзуллаев («Биримдик») менен Илхом Маннановдун («Мекеним Кыргызстан») жоопкерчилигин кароону сунуш кылышты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Айтматовдордун китепке айланган өмүрү

23-сентябрда Бишкекте коомдук ишмер Роза Айтматованын "Өмүр белеси" аттуу эскерүүлөр топтолгон китебинин бет ачары болду. Айтматованын буга чейин чыккан "Тарыхтын актай барактары" китебинен айырмаланып, бул эмгекке өмүр баяны, апасы Нагима Айтматованын төркүндөрү, атасынын бир тууганы, репрессия маалында дайынсыз кеткен Рыскулбек Айтматов тууралуу маалыматтар камтылган.

Azattyk.org 

Араванда үгүт маалындагы мушташка байланыштуу дагы эки киши кармалды

Араван районунда шайлоо үгүтү маалында чыккан мушташка байланыштуу дагы эки киши кармалды. Алардын бөгөт чарасы 24-сентябрда каралат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жыйынында Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурдин Эшимкан уулу айтты. Мурдараак төрт адам колго түшүп, райондук соттун чечими менен эки айга тергөө абагына камалган. 20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чоң чатак чыгып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Августтагы кыз ала качуу боюнча иш сотко өтө элек

Түп районуна кыз ала качуу фактысы боюнча кылмыш иши сотко өтпөй, тергөө иштери создугуп жатканын «Кылым шамы» укук коргоо уюму 23-сентябрда «Азаттыкка» билдирди. Маалыматка караганда, ишти Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергеп жатат. Кыз ала качууга шектүү адам камакка алынган. Бул иш боюнча тергөө качан аяктай турганын райондук милиция кабарлай элек. Кыз ала качуу фактысы быйыл 7-августта болгон. Бишкектен Түп районуна 23 жаштагы кызды ала качуу аракети үчүн шектүү катары үч киши кармалган. Читать дальше...

Azattyk.org 

БШКда Аравандагы үгүт маалындагы мушташ талкууланып жатат (видео)

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Араванда шайлоо үгүтү маалындагы мушташка байланыштуу маселени 24-сентябрда карай баштады. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова күч түзүмдөрүнөн тийиштүү маалыматтар алынганын билдирген. 20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жаракат алган. Мушташ «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Масктын билдирүүсү «Тесланын» акциясын кескин арзандатты

«Тесла» компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Илон Маск үч жыл ичинде электромобилдерди эки эсе арзандатып, 25 миң долларга чейин түшүрүүгө убада берди. Ошол эле учурда автоунаанын батарейкасынын кубаты жогорулай турганын 23-сентябрда компания акционерлеринин жылдык жыйынында жарыялады. Учурда «Тесланын» эң арзан машинеси «Model 3» 38 миң доллар турат. Адатта электромашинелер үчүн батарейканы жасоодо эң кымбат саналган материалдардын бири кобальт колдонулат. Маск бааны арзандатыш үчүн автоунаа... Читать дальше...

Azattyk.org 

3,5 миллиондон ашуун шайлоочунун тизмеси такталды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоодо добуш берүүгө укуктуу 3 523 532 кишинин тизмесин тактады. Бул тууралуу 24-сентябрда Бишкектеги басма сөз жыйынында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн саны 2 761 297 киши болгон. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо 3 025 770 шайлоочу катталган. Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия катышат. Шайлоо өткөрүш үчүн 2474 шайлоо тилкеси даярдалары айтылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жээнбековдун БУУдагы сөзү жана баа

Кыргызстан БУУнун Адам укуктарын коргоо кеңеши менен Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болууга талапкерлигин койду. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 23-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы кайрылуусунда билдирди. Кыргыз президентинин БУУдагы сөзү жана демилгелери ар кандай талданууда. Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы кайрылуусунда Кыргызстан адам укуктарын бекемдөө принциптерин карманарын белгиледи. Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Ru24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Ru24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Ru24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

В Ленинском районе Ижевска расчистили 25 км ливневки

В Улан-Удэ по мастер-плану проектируют 2 из 9 путепроводов

Вопрос сообществу. Поиск автомобиля для межгорода в современных реалиях.

Семилетняя Вероника Красаускайте из Ульяновска отправится за короной красоты в Москву

Музыкальные новости

Новые цены на жилье утвердили в России

Продвижение Песен и Музыки в Плей-листах Яндекс.Музыка.

Эксперты КА «Главный Советник» приняли участие в форуме «Тренды и антитренды корпоративного видео сегодня»

Лавров заявил, что сфер сотрудничества России и Запада практически не осталось

Новости России

Вечерние рейсы из Томска в Москву летом 2024г станут ежедневными

Басманный суд арестовал топ-менежера «Росатома» Сахарова на два месяца

Пассажир рейса Москва — Пермь попал в реанимацию

Татьяна Навка появилась на арт-выставке в центре Москвы

Экология в России и мире

Не выбрасывайте миндальный жмых: доктор Кутушов рассказал как его применять

Крупный российских туроператор сделал заявление о турах в Таиланд на лето-2024

Какие ювелирные украшения будут в моде весной 2024 – мнение эксперта «585*ЗОЛОТОЙ»

«Наука в школе: реальность или иллюзия»: в Технопарке Физтех-лицея им. П. Л. Капицы эксперты выяснили, могут ли школьники заниматься наукой

Спорт в России и мире

Теннисист Медведев вышел в полуфинал турнира в Майами, обыграв Харри

Рыбакина о том, что не играла в Индиан-Уэллс из-за болезни: «К сожалению, восстановление заняло много времени»

Битые корты: Медведев и Александрова вышли в четвертьфинал Miami Open

Янник Синнер поделился впечатлениями от общения с игроками сборной Италии по футболу

Moscow.media

Сегодня свой 75-летний юбилей отмечает Заслуженный спасатель Российской Федерации, Спасатель международного класса - Зиявдин Никомагомедов!

Проект развития малой авиации в Сибири оценили в 8 млрд рублей

В Москве начали тестировать самокаты с номерами, а в Саратове ввели запрет на передвижение

Система управления доступом RooX UIDM совместима с ОС Astra Linux











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Аэропорт Якутск с 31 марта перейдет на весенне-летнее расписание

Юрист Феттер: в регионах есть специализированные ОСП по взысканию алиментов

"Катастрофический исход": Психиатр предупредил об опасности самолечения антидепрессантами

Вопрос сообществу. Поиск автомобиля для межгорода в современных реалиях.