Чехиянын өкмөтү өлкөдө СOVID-19 вирусу жуккандар көбөйүп жатканына байланыштуу 5-октябрдан тартып кайрадан өзгөчө абал жарыяламак болду. Саламаттык сактоо министри Роман Примула өкмөттүн кезексиз жыйынынан соң алгачкы эки жумада имарат ичинде 10дон ашык, ачык жайларда 20дан ашык адамдын чогулушуна чектөө коюлуп, спорттук мелдештерди өткөрүүгө тыюу салынарын билдирди. Мындан сырткары мектептер жабылып, медициналык билим алган студенттер ооруканаларга жардам бериш үчүн жөнөтүлөт. Ал эми театрлар менен кинотеатрлар ачык болот. Читать дальше...
6-октябрдан тартып 1-6-класстардын окуучулары мектептерде окуусун улантышат. Мындай чечим бүгүн, 30-сентябрда Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, анда 1-6-класстын окуучуларын мектептерде окутуу боюнча санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо алгоритми иштелип чыкты. Ага ылайык, мектептерде балдар менен катар эле мугалимдердин да дене табы өлчөнөт, бет кап кийүү милдеттүү болот. Мындан тышкары кызматкерлер үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу... Читать дальше...
Башкы прокуратура Кадыр Атамбаевдин президент Сооронбай Жээнбековдун тууган-туушкандары жана алар ээлеген кызматтар боюнча иликтөөсүнө жооп берди.
Нью-Йоркто өтүп жаткан биологиялык ар түрдүүлүк боюнча саммитте Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун сөзү түз көрсөтүлөт. Президенттик аппараттын маалыматына караганда, мамлекет башчы өз кайрылуусунда өлкөнүн тышкы саясатынын маанилүү бөлүгүн «экологиялык» дипломатия жана жашыл экономика ээлегенин айтат. Ошондой эле президент Кыргызстандын айлана-чөйрөнү коргоо тармагында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилейт. Сооронбай Жээнбековдун сөзү 1-октябрга караган түндө түз көрсөтүлөт. Читать дальше...
Беларус оппозициясынын лидери, акыркы президенттик шайлоодо жеңгенин жарыялаган Светлана Тихановская атаандаш өкмөт түзө баштады. Ал 30-сентябрда өзүнүн адам укуктары боюнча өкүлү катары Гарри Погоняйлону жана экономикалык реформалар боюнча өкүлү кылып Александр Алехнович дайындаганы белгилүү болду. Погоняйло - тажрыйбалуу юрист жана укук коргоочу, 20 жылдан ашык Хелсинки комитетинин Беларустагы төрагасынын орун басары. Алехнович болсо «СASE-Беларус» аналитикалык борборунун вице-президенти. ... Читать дальше...
Кыргыз медиа сегментиндеги “Таң алдында” аттуу сериал коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурууда. Сериалдын сюжетинде пандемия маалындагы кыйналган эл, коррупция, аткезчилик жана шайлоого байланыштуу көйгөйлөр камтылган.
Пандемияда жакындарынан айрылган ондогон киши чогулуп, өлүмдүн себептери, июнь-июлдагы дарылоо протоколдорун Саламаттык сактоо министрлигинен талап кылууда.
4-октябрдагы парламенттик шайлоодо жарым миллионго жакын адам добуш бере албай турганы белгилүү болду. Буга алардын биометрикалык каттоого турбаганы себеп болууда. Кыргызстанда 2015-жылдан баштап жарандарга биометрикалык маалыматтар менен гана шайлоого катышууга уруксат бериле баштаган. Эмне себептен жарым миллионго жакын адам добуш берүүгө тартылбай калды? Мамлекеттик каттоо кызматы маалыматына ылайык, Кыргызстанда 437 384 жаран биометрикалык каттоого турбастан, эски үлгүдөгү ID-паспорт менен жүрөт. Читать дальше...
29-сентябрда АКШнын президенттигине талапкерлер Дональд Трамп менен Жо Байден алгачкы телетаймашта беттешти.
ЭлТР телеканалы «Азаттык» радиосунун «Биримдик» саясий партиясынын лидеринин Кыргызстандын эгемендигине байланыштуу билдирүүсүн талдоого алган телекөрсөтүүсүн эфирге чыгаруудан баш тартты. Каналдын жетекчиси Керим Калыкулов мындай чечимин көрсөтүүгө «Биримдик» партиясынын өкүлү катышпаганы менен байланыштырды: «Ал жерде бир партиянын дарегине аябай кескин билдирүүлөр айтылыптыр. Бирок алар тараптан өкүл болбоптур». «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасы Интернет аркылуу түз эфирге 28-сентябрда чыккан. Читать дальше...
Ош облусунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин бузулушу боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы 30-сентябрда билдирди. Маалыматка караганда, 27-сентябрдан тартып Ош облусунун жетекчилиги ички иштер органдары, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана санитардык-эпидемиологиялык станциянын кызматкерлери менен бирге коронавируска байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык талаптардын аткарылышына көзөмөлдү күчөткөн. Коомдук жайларда жана эл көп чогулган жерлерде рейддер жүргүзүлгөн. Читать дальше...
Кара-Кече көмүр кенин электр энергиясы менен камсыздоо иши калыбына келтирилди. Бул тууралуу 30-сентябрда «Азаттыкка» «Чыгышэлектр» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 29-сентябрда көмүр кенине барган электр тарамынын орду которулуп, жарык берилди. «Себеби, 14-сентябрда бир катар зым мамы жана аба чубалгысы жер көчкүнүн астында калып, электр жарыгы үзгүлтүккө учураган. Мындан тышкары дагы 38 зым мамынын жер көчкү астында калуу коркунучу пайда болгондугуна... Читать дальше...
Спортчу аскердик кызмат өтөөгө кечээ жиберилген. Азербайжан бийлиги буга чейин Армения менен Тоолуу Карабахта болгон аткылашуунун тушунда мобилизациялоо жарыялаган.
«LinkedIn», «DropBox» жана башка интернет-компанияларга хакерлик чабуул койду деп айыпталган орусиялык хакер Евгений Никулин жети жылга кесилди. Өкүмдү Сан-Францискодогу федералдык судья 29-сентябрда чыгарды. Ишти караган судья Уильям Алсуп Никулинди акылдуу адам катары мүнөздөп, бирок өз жөндөмүн мыйзамдуу иштерге колдонууга чакырган. Айыпталуучуну 88 айга эркинен ажыратуу боюнча өкүм Никулиндин Орусияда 10 жашар кызы, оорулуу энеси бар экенин эске алуу менен чыгарылды. Буга чейин америкалык прокурорлор... Читать дальше...
Кой-Таш окуясы боюнча 30-сентябрдагы жараянда айыпталуучулардын бири, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев кат менен кайрылды. Бул тууралуу дагы бир айыпталуучу Кундуз Жолдубаева «Азаттыкка» билдирип, Сагымбаевдин катынын көчүрмөсүн жарыялады. Анда Сагымбаев 2019-жылдын 7-августунда экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда тартылган видеоматериалдар жоголуп кеткенин айтып, муну окуяда каза болгон УКМКнын «Альфа»... Читать дальше...
Беларустагы таанымал спортчулардын бири, баскетболчу Алёна Левченко Александр Лукашенкого каршы нааразылык акцияларына катышканы үчүн кармалды. «Спортчулардын эркин ассоциациясы» кыймылынын мүчөсү болгон Левченко 30-сентябрда дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кетер алдында Минск аэропортунда кармалды. Анын адвокаты Михаил Кирилюк спортчу уруксатсыз акцияга катышканы үчүн Ленин райондук милициясына жеткирилгенин билдирди. Минск шаардык администрациясынын басма сөз катчысы Алёна Левченконун кармалганын ырастаганын ТАСС агенттиги жазып чыкты. Читать дальше...
Бишкек шаарындагы Жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы имаратынын курулушу кечеңдеди. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, 30-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов оорукананын курулушу менен таанышып чыгып, жумуштун белгиленген мөөнөттө бүтпөй, создугуп жатканына нааразы болду. Премьер курулуштун сапатына байланыштуу бир нече арыз түшкөнүн билдирип, бардык иштерди мүмкүн болушунча ыкчам аяктоо боюнча тапшырма берди. Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба... Читать дальше...
Кыргызстандын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, жазуучу Темирбек Жолдубаевдин «Бүркүт» аңгемеси «Евразия чыгармачыл гилдиясы» уюмуна караштуу сынакта байгелүү орунга татыды. Аңгеме эл аралык адабий порталдын «Чыгыш-Батыш» басылмасынын 3-чыгарылышынын эң мыкты чыгармасы аталды. Аны орус тилине котормочу Гүлнар Эмилова которгон. Эмилова 30-сентябрда «Азаттык» радиосуна билдиргендей, карантин убагында Санкт-Петербургдагы жазуучу Гумер Каримов менен онлайн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында адабий журнал ачылган. Читать дальше...
Журналисттер арасында шайлоонун каржылык ачыктыгы боюнча сынак жарыяланды. Бул тууралуу 30-сентябрда «Азаттыкка» сынакты өткөрүп жаткан «Кыргыз Республикасынын журналисттеринин көз каранды эмес бирикмеси» уюмунун жетекчиси Азамат Касыбеков билдирди. Анын айтымында, сынак шайлоонун каржылык ачык-айкындуулугу жана инклюзивдүүлүгү деген эки теманы камтыйт. «Негизги максаттары – шайлоочулардын укуктук маданиятын, медиа материалдардын сапатын жогорулатуу жана журналисттерге дем берүү», - деди ал. Читать дальше...
Коронавирус пандемиясынан улам АКШдагы «Walt Disney» компаниясы 28 миңден ашык жумушчуларды кыскартууга аргасыз болду. Буга чейин компаниянын Калифорниядагы көңүл ачуу борборлору, парктары пандемиядан улам алты айга жабылууга аргасыз болгон. Компаниянын өкүлү Жош Д'Амаро жумушчуларды кыскартуу боюнча чечим коронавирус дагы канчага уланары белгисиз экенин эске алуу менен кабыл алынганын түшүндүрдү. «Walt Disney» компаниясынын Кытайдагы, Франциядагы, Жапониядагы жана Флоридадагы көңүл ачуу борборлору... Читать дальше...
Шайлоочулардын добушун сатып алуу жана документ жасалмалоо тууралуу маалыматтарга байланыштуу жалпысынан 83 материал иликтенүүдө. Бул тууралуу 30-сентябрда Башкы прокуратура кабарлады. Мекеменин Маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Эрмек Асанов “Азаттыкка” билдиргендей, материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган: “Жарандардын добушун сатып алуу боюнча 56, ал эми шайлоо документтерин жасалмалоо боюнча 27 материал катталган жана мыйзамда каралган... Читать дальше...
АКШда президенттик талапкерлердин алгачкы телетаймашы өттү. Республикалык партиянын талапкери, учурдагы президент Дональд Трамп менен Демократиялык партиядан талапкер Жо Байдендин дебаты Огайо штатындагы Кливленд шаарында өттү. Коронавируска байланыштуу аз гана адам киргизилген жайда өткөн дебатта АКШ Жогорку сотунун судьясын шайлоо, шайлоо мыйзамдарын сакталышы, пандемиядагы кабыл алынган чечимдер, экономикадагы абал боюнча талкуу жүрүшү керек болчу. Телетаймаштын жүрүшүндө бул көйгөйлөр үстүртөн талкууланып... Читать дальше...
Камактагы оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков 30-сентябрда мугалимдерге, дарыгерлерге жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылды. Анда Жээнбеков бийликчил деген партиялар “Форма №2” аркылуу добуштарды ачык эле сатып алып жатканын, бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин – мугалимдерди, дарыгерлерди жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин пайдаланып, административдик ресурсту колдонуп жатканын жазган. Бийликчил партиялар мамлекетке көз каранды бюджеттик кызматкерлердин абалынан пайдаланып жатканын айткан. Читать дальше...
Эл аралык коомчулуктун ок атууну токтотуу чакырыктарга карабай, Тоолуу Карабак аймагында Азербайжан менен Армения ортосундагы куралдуу кагылыш төрт күндөн бери уланууда. 30-сентябрда эки тарап тең чектешкен аймактарда атыштар уланып жатканын бышыкташты. Ошол эле учурда Азербайжан менен Армениянын ортосундагы жаңжал талаштуу аймактын чегинен чыгып, толук кандуу согушка айланып кетиши мүмкүн деген коркунучтар айтылууда. Азербайжандын Коргоо министрлиги “фронттун бардык тарабында аскердик аракеттер, атышуу токтобой жүрүп жатканын” кабарлады. Читать дальше...
1-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...