Беларустун баш калаасы Минскиде 1-сентябрда миңдеген студенттер катышкан акцияда кеминде 55 адам кармалды. Бул тууралуу «Весна» укук коргоо уюму өз эсебине таянып кабарлады.
Милиция шейшембидеги жүрүштү чагылдырып жүргөн сегиз журналистти да кармап кеткени белгилүү болду. Аларга «мыйзамсыз митингге катышкан» деген айып коюлуп жатканын Беларустун Журналисттер биримдиги маалымдады. Буга чейин Беларус бийлиги 17 журналисттин аккредитациясын жокко чыгарган эле.
1-сентябрда Минскинин Эгемендик аянтында жүздөгөн кыз-келиндер чогулуп, тынч жыйын өткөрүштү. Алардын айрымдары ырдап, бийлеп жатышты. Милиция бул акцияга тоскоолдук кылган жок.
Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 9-августтагы шайлоодон кийин жеңишти өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенкого ыйгарган. Бирок оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская шайлоону өзү жеңгенин билдирип келет. Шайлоонун расмий жыйынтыгына каршылык билдирген түмөндөгөн эл дээрлик күн сайын көчөгө чыгып жатат.