Бириккен Улуттар Уюмунey эксперттери Беларустагы нааразылык акциялары учурунда кармалган демонстранттарга кыйноо колдонулган 450 окуяны документтештирди. Арасында аялдарга жана балдарга байланыштуу далилдер да бар. Бул тууралуу БУУнун адам укуктары боюнча улук комиссарынын башкармалыгынын сайтына 1-сентябрь күнү жарыяланды.
Маалыматта белгиленгендей, бери дегенде алты адамдын кайда экенинен жакындары кабарсыз.
БУУ кармалгандарды кыйноого алууну токтотууга, камакка алынгандарды мазактап, токмоктогон күч кызматкерлерин жоопко тартууга чакырды.
Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоодо өлкөнү дээрлик отуз жылга жакын убакыттан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко жеңип чыкканы жарыяланган. Андан бери элде нааразалык күчөп, каршылык акциялары токтой элек. Толкундоолор учурунда бир канча киши көз жумганы тууралуу маалымдалган.