Түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Айрым аймактарда нөшөрлөгөн жаан жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 22…27;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 24…29;
Ысык-Көл облусунда 11…16, күндүз 14…19;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 14…19 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 24…26° ысыйт.