Президент Садыр Жапаров мамлекет башына келгени өткөргөн алгачкы маалымат жыйынында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоого тоскоол болуп жаткан үч маселени атады. 23-октябрдага маалымат жыйында Баткенден келген журналист Мамажан Бердишев “май айындагы жаңжалда чечилбеген чек аранын айынан 36 кыргызстандык каза болду, эми дагы канчасы каза болушу керек?” - деген суроо узатты. Садыр Жапаров айтымында, чек ара маселелерин тез арада чечүүгө тоскоол болгон талаштуу үч маселе бар. “Мен чек араны бүгүн кол коюп чечкенге даярмын. Читать дальше...
24-октябрда Өзбекстанда парламенттик шайлоо өтүп, жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 5те жарандардын 72% чукулу добуш бергени маалым болду. Атаандаштык жок өткөн шайлоодо 64 жаштагы азыркы президент Шавкат Мирзиёев экинчи мөөнөткө шайланып келери күтүлүүдө. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы дүйшөмбүдө белгилүү болот. Жекшембиде Өзбекстандын эгемен тарыхында алтынчы ирет президенттик шайлоо өттү. Бул жолу азыркы президент Шавкат Мирзиёевге атаандаш болуп элге аты белгисиз, бийликчил көз караштагы төрт талапкер чыкты. Читать дальше...
24-октябрда өткөн шайлоого жарандардын 72% жакыны катышты. БШКнын төрагасынын орун басары Бахрам Кочкоров 14 миллиондон ашуун киши добуш бергенин билдирди. Өзбекстанда жалпысынан 20 миллионго жакын шайлоочу катталган. Өлкөдө 10 миң 760 шайлоо тилкеси ачылды. Ал эми чет өлкөдө 100дөй шайлоо тилкеси уюштурулду. Жалпысынан 37 өлкөдө добушканалар ачылды.
Бокс сүйүүчүлөрдүн эл аралык биримдиги Сербиянын Бокс федерациясы менен косоволук спортчуларды өлкөгө киргизүүнү сүйлөшүп жатканын билдирди. Серб бийлиги Белградда башталган бокс боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышууга Косовонун улуттук командасын киргизбей койду. Дүйнөлүк мелдеш 24-октябрдан 7-ноябрга чейин Белграддагы Штарк аренасында өтөт. Ишембиде Косовонун Олимпиада комитети спортчулары Сербиянын чек арасынан эки жолу тең өтө албай келгенин билдирди. Маалыматка караганда, биринчи жолу спортчулар... Читать дальше...
Жеңиш алып келген голду Арлен Шаршенбеков камсыз кылды. Ал согончогу менен тээп, атаандаштын дарбазасына топ киргизди.
Этностук хазарлардын саясий лидери жана ооган парламентинин мурдагы депутаты Кабулдун батыш тарабында ачкадан чарчап калган сегиз жетим баланын сөөгү табылганын билдирди. Мухаммад Мохакик 24-октябрда Facebook баракчасына жарыялаган билдирүүсүндө балдар Кабулдун 13-кварталынын айланасында үч жума мурун чарчап калганын жазды. Анын айтымында, балдардын сөөгүн жергиликтүү молдо жана райондун тургундары жерге беришкен. Мухаммад Али Бамиани аттуу жергиликтүү молдо балдардын өлүмү боюнча кеңири маалымат берип... Читать дальше...
Өзбекстанда жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 8де добуш берүү аяктаганын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. АКШда жана Европа өлкөлөрүндө жашаган өзбек жарандары үчүн добуш берүү уланууда. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы 25-октябрда белгилүү болот. Борбордук шайлоо комиссиясы кечки саат 5ке карай добуш берген жарандардын саны 71,8% жеткенин билдирди. БШКнын төрагасынын орун басары Бахрам Кочкоров брифингде билдиргендей, 14 млн. 258 миң 780 адам добуш берди. Жалпысынан 20 млн. жакын шайлоочу катталган. Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин төрагасы, "Ынтымак" партиясы менен парламенттик шайлоого бара жаткан Талант Мамытовду талапкер кылып каттоодон баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди. "Парламенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлигин койгон саясий мамлекеттик кызматты ээлеген адам кызматын өткөрүп бериш керек болчу. Талант Мамытов кызматын өткөрүп бербегендиктен, Боршайком жумушчу топтун сунушун колдоп, аны каттабоо чечимин кабыл алды", - деп билдирди Бекматов. Читать дальше...
"Дордойчулар" чемпионаттын бүтөрүнө дагы бир тур калганда алдыга озуп, чемпиондукту камсыздады. Буга бүгүн "Нефтчи" менен беттештеги жеңиши жетиштүү.
Орусия башында турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) мүчөлөрү ноябрда тажик-ооган чек арасына чукул жерде төртүнчү аскердик машыгуу өткөрөт. Бул тууралуу ЖККУнун расмий өкүлү Владимир Зайнетдинов билдирди. Ага төрт миңдей аскер жана 500 атайын техника тартылат. Иш-чара чек арага жакын жердеги Тажикстандын Харбмайдон жана Момирак полигондорунда өтөт. 17-августта Орусия менен Тажикстан ооган чегине чукул аймакта бир нече айлык аскердик машыгууларды баштаган. Бир апта мурун орус, тажик... Читать дальше...
24-октябрда Пакистандын ашынган исламчыл партиясы өлкө бийлиги менен макулдашкан соң нааразылык жүрүштү үч күнгө токтотту. «Техрик-и-Лаббайк Пакистан» партиясынын лидери Саад Ризви 2020-жылы Францияда Мухаммед пайгамдарды шакабалаган сүрөт жарыялангандан кийин тутанган нааразылык акциясында кармалган. Ризвиге элди мыйзамсыз көчөгө чыгарган деген айып тагылган. Азырынча ал качан эркиндикке чыгары белгисиз. 22-октярбда партиянын жактоочулары Лахор шаарынан Исламабадды көздөй жөө жүрүшкө аттанып жатканда полиция менен кагылышкан. Читать дальше...
“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экономика илимдеринин доктору, профессор Роза Корчубекова болду. Ал маегинде колхоздун козусун бакканы, 30 жыл үч районду башкарган атасынын сыры, кантип министр болгону, “Аялдар” партиясына кошулганы, бийликтин “депутаттык тизмеси” жөнүндө кеп кылат.
Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 24-октябрдагы президенттик шайлоону өттү деп жарыялады. Расмий маалыматтар боюнча, саат 13:00гө карата шайлоочулардын 33% ашыгы добуш берди. Республикада жалпысынан 19 млн. 859 миңден ашуун шайлоочу катталган. Шайлоого 971 эл аралык байкоочу көз салууда, анын ичинен 631и эл аралык уюмдардан, 340ы чет өлкөлөрдөн. Мындан тышкары партиялардан 54 миңге жакын жана жарандардын өз алдынча башкаруу органдарынан 11 миңдей байкоочу катталган. БШКнын төрагасы... Читать дальше...
Коомдук саясий, мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы 25-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда салтанатуу белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Министрликтин маалыматына караганда, 27-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгына арналган иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районунда туулган. Читать дальше...
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) жетекчиси Рафаэл Гросси Ирандын өзөктүк программасына мониторинг жасоону чектөө эл аралык коомчулуктун кооптонуусун жаратып жатканын айтты. Анын билдирүүсүндө айтылгандай, 2015-жылы жетишилген макулдашууга кол койгон дүйнөлүк алты держава Ирандын өзөктүк программасы тууралуу “айкын картина” ала албай жатат. Ушул тапта Вашингтон шаарында иш сапар менен жүргөн Гросси 23-сентябрда NBC телеканалына берген интервью берген учурда Тегеранды макулдашуунун шарттарын аткарууга үндөдү. Читать дальше...
Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) менен Ички иштер министрлиги Gulagu.net долбооруна түрмөдөгү кыйноолор боюнча маалымат берген Сергей Савельевге издөө жарыялады. Аны камоо, Орусияга экстрадиция кылуу боюнча документтер даярдалууда. Gulagu.net долбоорунун жетекчилигинин Ички иштер министрлигине расмий кайрылуусу жана бул мекеменин кызматкеринин расмий жообу Сергей Савельевди Орусияга экстрадициялоо үчүн документтердин даярдалып жатканы тууралуу маалыматты тастыктайт. "Азаттык" радиосунун... Читать дальше...
Турнир облустук форматта өтүп, ага өлкөнүн жети облусу менен Бишкек, Ош шаарларынын командалары катышты. Оюндар Сокулуктагы "Белек" ат майданында өттү.
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында дарыгер менен төрт медайым коронавируска каршы вакцинанын жасалма сертификатын берүүгө шектелип кармалды. Тергөө комитетинин 23-октябрдагы билдирүүсүнө караганда, бешөө Павлов атындагы мамлекеттик медициналык университеттин медициналык клиникасында иштешет. Алар пайдаланылбай калган вакциналарды жок кылып жатып, адамдарга эмдөө тууралуу кагаз жана онлайн күбөлүк берген деп айыпталууда. Расмий маалыматка караганда, медицина кызматкерлери 100 миң рублдан ашык акча... Читать дальше...
25-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыш тараптан жел согуп турат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 11...17, Талас жергесинде түнкүсүн -1...+4, күндүз 12...17, Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз 10...15, Нарын облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 7...12, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19...-14, күндүз 0...-5°. Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3... Читать дальше...
Санкт-Петербург шаарынын бийлиги 30-октябрдан 7-ноябрга чейин карантин киргизилерин жарыялады. Бул маалда шаарда кафе-ресторандар жабылып, азык-түлүк саткандан башка дүкөндөр жабык болот. Мамлекеттик мекемелерге кирүүгө болбойт. Бул тууралуу шаар бийлигинин башчысы Александр Бегловдун токтому чыкты. Мамлекеттик билим берүү мекемелеринин 70% чукулу аралыктан иштөөгө өткөрүлөт. Шаардагы мейманканалар коронавирустан эмделген же ден соолугуна байланыштуу вакцина сайдыра албаган кардарларга гана орун берет. Читать дальше...
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Бишкекте 23-24-октябрь күндөрү Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамакка ууланган 12 киши кайрылды. Алардын үчөө жаш балдар. Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашевдин белгилешинче, ооруканага кайрылгандар "Империя пицца" кафесинен суши-роллы алып жешкен. Учурда үч аял ооруканада дарыланып жатат, абалдары канааттандырарлык. Калгандары медициналык жардам көрсөтүлгөндөн... Читать дальше...
Өзбекстандын президентин шайлоого байланыштуу Кыргызстанда алты добушкана ачылды. Анын төртөө Ош шаарында, бири Жалал-Абад шаарында, дагы бири Өзбекстандын Бишкектеги элчилигинде. Элчиликтен "Азаттыкка" билдиришкендей, Ош менен Жалал-Абадда алдын ала 3,5 миң киши добуш берди. Бул аймакта добушканалар шайлоо башталганга он күн калганда ачылып, соңку үч күндө добуш берүү жүрдү. Ушул тапта Бишкектеги өзбек жарандары шайлоого катышууда. Ушул убакка чейин 200 киши добуш берди. Элчиликтин маалыматы боюнча... Читать дальше...
Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 23-октябрда "Ак Асаба" партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы жазган арызын карап, канаттандырган жок. Бул тууралуу партиянын лидери Табылды Акеров "Азаттыкка" билдирди. "Сотто имаратка кирип барган саатты карап эле ушундай чечим чыгарды. Биз эки партия болчубуз. "Ак Асаба" 17:36да документти алып келдик, Токтайым Үмөталиеванын "Жашасын Кыргызстан" 17:42де кирген. Биз ал жерде беш саат күткөндөн кийин Шайназаров (БШК мүчөсү Тынчыкбек Шайназаров - ред.) келип документтерибизди көрүп... Читать дальше...
Кыргызстанда кен иштетүүгө алган лицензияны кармап тургандар үчүн жыйымдын наркы 10 эсеге өстү. Мунун аркасы менен учурунда чалгындоо үчүн уруксат кагазын сатып алып, бирок иш баштабаган ишкерлер аны кайра мамлекетке кайтара баштады. Министрлер кабинети 27-сентябрда Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо, жыйымды эсептөө, төлөө, чогултуу жана карызды өндүрүү тартибин бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды. Ага ылайык, кен чалгындоого жана өндүрүшкө деп сатылган лицензия ээлери ишти баштабаса... Читать дальше...
Бишкек-Ош жолунун 145-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) 24-октябрга караган түнү катталган жол кырсыгында эки киши каза болду. 10 адам жараат алды, арасында жаш бала бар. Кырсыкта жабыр тарткандар "Тез жардам" менен Кара-Балта шаардык ооруканасына жеткирилгенин 24-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, жолдо Toyota Estima менен Toyota Camry үлгүлөрүндөгү автоунаалар кагылышкан. Куткаруучулар каза болгон адамдардын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. ... Читать дальше...