Мээрим Жуманазарова өлкө тарыхында Айсулуу Тыныбековадан кийин чоңдор арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын алган экинчи кыз болуп калды.
Кыргызстандык белгилүү балбан Мээрим Жуманазарова Норвегияда чоңдор арасында дүйнө чемпиону болгон видео жарыяланды. Беттештин кызыктуу жерлерин Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram каналы жүктөдү.
Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта кыргызстандык Мээрим Жуманазарова алтын медал утту. Ал бүгүн, 7-октябрда финалда жапониялык Рин Мияжини 1-айлампада далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда жеңип алды (4:0). Рин Мияжи 21 жашта, 2019-жылы жаштар арасында Азия чемпионатында күмүш байге алган. Ал жарым финалда Токио Олимпидасынын чемпиону, Дүйнө чемпионатынын алтын жана коло байгесинин ээси, америкалык Тамира Менсаны жеңип чыккан эле. Читать дальше...
Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи мелдеш күнүндө кыргызстандык балбандар байгесиз калышты. Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, бүгүн, 7-октябрда байге үчүн Сардар Конушбаев (55 кг), Руслан Царев (72 кг), Кайрат Түгөлбаев (77 кг) жана Калидин Асыкеев (82 кг) күрөштү. Калидин Асыкеев менен Кайрат Түгөлбаев биринчи беттештеринде азербайжандык балбандарга жеңилсе, Сардарбек Конушбаев менен Руслан Царев биринчи беттештерин утуп... Читать дальше...
Орусиянын Оренбург облусунун бир нече шаар, кыштагында жасалма алкоголго ууланып он киши өлдү. Бул тууралуу аймак губернаторунун маалымат катчысы билдирди. Дагы бир киши ооруканада оор абалда жатканы кабарланды. Губернатор Денис Паслер жергиликтүү укук коргоо органдарына жасалма алкоголдун сатылышына тыюу салууга, ал эми тургундарды мындай ичимдиктерди ичпөөгө чакырды. "Оренбург облусунун баардык тургундарын лицензиясы жок ичимдиктери сатып алууну жана ичүүнү токтотууга чакырам. Өмүрүңөрдөн ажырап... Читать дальше...
Өзбекстандын Айыл чарба министрлиги Орусиядан бир миллион гектар жерди ижарага алып, соя жана буудай өстүрүүнү көздөп жатат. Тараптар азырынча 35 миң гектарды тесттен өткөрүүнү чечишти. Бул тууралуу Өзбекстандын айыл чарба министри Жамшид Хожаев менен Орусиянын айыл чарба министрилигинин өкүлдөрү менен өткөн онлайн жыйында маалым болду. Белгилүү болгондой, ал жерден алынган түшүм Өзбекстанга экспорттолот. Анткен менен ысымын атагысы келбеген айрым өзбекстандык адистер бул жараяндын ийгиликтүү болушунан күмөн санашат. Читать дальше...
Акыйкатчы Токон Мамытовго саясатчы Клара Сооронкулова, юрист Сания Токтогазиева жана активист Рита Карасартова жеке жашоого мыйзамсыз кийлигишүү маселеси менен кайрылган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Алар ачык кайрылуусунда, Кыргызстандын Конституциясынын 29-беренесине ылайык, ар бир адам кат алышуу, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрүн купуя сактоого укуктуу экенин, бул укуктарды чектөөгө соттун чечими менен гана жол берилерин белгилейт. Кайрылгандар 29-сентябрда Клара... Читать дальше...
Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциумунун сайтындагы карта “Пандора кагаздарында” кыргызстандык кеминде бир саясатчы бардыгын көрсөтөт. Кыргызстандык бизнесмендер же саясатчылар канчалык офшорлордун пайдасын көрөт? Назарбаевдин “бейрасмий жубайынын” миллиондору, Азербайжан лидеринин Лондондогу кымбат хансарайларытууралуу ачыкка чыккан маалыматтар эмнеси менен маанилүү? “Биз жана дүйнө” программасында айтып беребиз.
Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Кабулда Ооганстандагы "Талибан" өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Мутакки менен жолукту. Бул тууралуу 7-октябрда "Твиттерге" министрликтин өкүлү Абдул Каххор Балхи жазды. Өзбек министри "Талибандын" өкүлү менен транзит, энергетика жана соода маселелерин талкуулаганы кабарланды. Талибдер Ооганстанды өз көзөмөлүнө алган 15-августтан бери Өзбекстандын жогорку даражалуу өкүлүнүн алгачкы ирет Кабулга барышы. Абдула Каххор Балхи өзбек министри "эркин көчөлөрдү... Читать дальше...
Офшордук аймактардан алынган миллиондогон документтерди камтыган “Пандора кагаздарында” кыргызстандыктар да бар. Бул тууралуу документтерди иликтөөгө катышкан "Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун” (OCCRP) улук редактору Илья Лозовский “Азаттыктын” “Биз жана дүйнө” программасына билдирди. “Ооба, ал жакта бар. Мен жарыялана элек маалымат тууралуу сөз кыла албайм. Бул кызматташтыктын эрежеси. Бирок биз Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан боюнча дагы бир топ материалдарды даярдап жатканыбызды айта алам. Читать дальше...
Европа Биримдигинин расмий делегациясы бул күндөрү Борбор Азияда жүрөт. Шаршембиде Алматыда "Евробиримдик - Борбор Азия" деген аталышта форум өттү. Аксыда кен казганы жаткан кытайлык “Ориел Голд” компаниясына байланыштуу нааразылык чыкты. Жергиликтүү айрым тургундар суу булганат деген тынчсыздануусун айтууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топ деген түшүнүк болбошу керектигин билдирди.
Ооганстандагы "Талибан" өкмөтүнүн өкүлү Рухулла Умар 6-октябрда "Толо ТВ" каналына берген маегинде, Тажикстанды "жакшы коңшу" деп атаганын "Азаттыктын" тажик кызматы жазды. "Тышкы иштер министрлиги баардык мамлекеттер менен байланыш түздү. Биз алар менен жакшы мамиле курганга аракет кылабыз. Буюрса, Тажикстан бийлиги менен да баардык суроолор боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз", -деген Рухулла Умар. Буга чейин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу Пакистандын өкмөт башчысы Имран Хан менен сүйлөшкөнү маалым болгон. Читать дальше...
Жер жамандап барбасын, бирок Султан Жумагулов устатымдын адам катары кемчилиги көп эле. Эң биринчиси, менменсинүү, текебердик мурдунун учунан байкалып турчу. "Мен минтип", "бул ишти мен жасап салып", "тигинтип айтып койдум"... Айткан сөзүнөн өзүнүн эң тууралыгын сездирүү байкалчу. Анан бийлик менен байлыкты дегеле көтөрө алчу эмес. Улам бир жерге редактор же директор болгон сайын башкаларга түгүл, бизге - шакирттерине дагы кадимкидей каадаланып калаар эле. Акча маселеси, агайды ансайын көптүрөр эле. Читать дальше...
Министрлер кабинети мамлекеттик мүлктү жеке колго берүү боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, менчиктештирүү процессине шарт түзүп баштады. Анда ишканаларды, заводдорду, имараттарды жана башка активдерди сатуу жолдору жаңыланып жатат. Мунун ичинде мүлктөрдү Улуттук банкка сатууга уруксат берүү нормасы да киргизилгени турат. Аталган чара жана менчиктештирүүнүн өзү түрдүү талаштарды жаратууда. Мыйзамды даярдоо “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү... Читать дальше...
Октябрь айында күндүн кескин сууп кетиши көмүр тартыштыгын жаратып, анын баасы да өскөнү байкалды. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында бир катар депутаттар Министрлер кабинетинин күз-кыш мезгилине карата даярдыгын сындады. Бишкек шаарында көмүрдүн тоннасы өткөн жылга салыштырмалуу 1400 сомго чейин кымбаттады. Учурда бир тоннасы 5 миң сомдун айланасында сатылууда. Пенсионер Дүйшөн Ибраев “Дордой” базарынын жанындагы Келечек конушунда турат. Бир күн мурда электр жарыгы өчүп, үйү муздаганда көмүр сатып алганы чыккан. Читать дальше...
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Европа өлкөлөрүндөгү абактарда жаза өтөп жаткан кыргыз жарандарын мекенине которуп келүү мүмкүнчүлүктөрүн иштеп чыгып жатканын маалымдады. Сентябрь айында Кыргызстандын башкы көзөмөл органы Тышкы иштер министрлиги аркылуу Европа Кеңешине 1983-жылы кабыл алынган Соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө Европа конвенциясына кошулуу өтүнүчү менен кайрылган. Европа Кеңеши Башкы прокуратуранын кайрылуусун карап көрүү макулдугун берген. Кыргызстан аталган конвенцияга кошулган... Читать дальше...
Евробиримдик иликтөөчү журналист Анна Политковскаянын өлтүрүлгөнүнө 15 жыл толгонун белгилеп, баардык күнөөлүүлөрдүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышын талап кылды. Орусиянын президенти Владимир Путинди сындап, жогорку деңгээлдеги коррупциянын бетин ачып, Чеченстандагы адам укуктарынын бузулушу тууралуу ачык айтып келген Политковская өз үйүнүн алдында 2006-жылдын 7-октябрында өлтүрүлгөн. Бул күнү Путиндин туулган күнү белгиленип жаткан. Адам укуктары боюнча Европа соту 2018-жылы орус бийлиги кылмышты... Читать дальше...
7-октябрда "Кумтөр Голд" компаниясы "Центерранын" 5-октябрдагы кайрылуусуна жооп кайтарып, атайын билдирүү таратты. Анда "Центерра Голд" компаниясынын "Кумтөрдү жетектеп турганда айлана-чөйрөнү коргоо, коопсуздук жана экономикалык эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес" деген билдирүүсүнө каршы фактылар келтирилди. Далил катары экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Динара Кутманованын төмөндөгү сөзү берилген: “Центерра Голддун” эч кандай далилге негизделбеген, куру сөздөргө... Читать дальше...
Быйыл кыргыз авиациясынын түптөлгөнүнө 88 жыл болду. Бул аралыкта асманды сүйгөндөрдүн жоон топ мууну өсүп чыкты. Алардын бири - аскердик учкуч, учурда жарандык авиацияга жол тарткан Темир-хан Масейитов. 25 жаштагы Темир-хан Масейитовдун балалыгы Чүйдүн Кант шаарында өткөн. Апасы менен базарга чыгып, боконо сөөгү ката электе иштей баштаган бала эр жеткенде учкуч болууну кыялданчу экен. "Атамдан бир жаш, бир айга толгондо айрылган экем. “Сенин атаң учкуч болчу” деген сөздү угуп чоңойдум. Ошондонбу... Читать дальше...
66 жаштагы Швейцариянын атуулу Кристин Ингольд сегиз жылдан бери Кыргызстандагы майыптыгы бар, балдар үйлөрүндөгү кыймылдай албаган наристелерге физиотерапиялык жардам берип келет. Ал 2013-жылы өлкөгө эс алганы келип эле, бул жактагы көйгөйлөрдү көргөндөн кийин акысыз жардам берүүгө өткөн. Кристин Кыргызстандагы майыптыгы бар балдар тарткан кыйынчылыктар, аларга туура мамиле кылуу жана кыялдары тууралуу айтып берди.
Швед академиясы адабият боюнча Нобель сыйлыгынын быйылкы лауреатын 7-октябрда жарыялады. Абройлуу сыйлык Занзибарда туулган танзаниялык жазуусу Абдулразак Гурнага "анын оторчулуктан кийинки маалындагы качкындардын азабын сезип, туюп, жүрөгүнөн өткөрүп баяндаганы үчүн" ыйгарылды. Ал Занзибарда туулуп, Англияда жашайт. Гурна Кент университетинин профессору. Бул жылкы фавориттердин арасында француз жазуучулары Анни Эрно менен Мариз Конде, теги индиялык жазуучу Салман Рушди жана башкалар бар эле. Читать дальше...
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (Ош ШИИБ) кызматкери 4-октябрда опузалап пара алууга шек саналып кармалды. Бул тууралуу 6-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматында Ош ШИИБнын №5 шаардык милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү, милициянын лейтенанты А.Т. пара алып жаткан жеринен кармалган. "УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү ("Опузалап пара алуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүш иши баштаган. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтордун уюгун жок кылуу керек экенин билдирди. Ташиев бул тууралуу 6-октябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы атайын кызматтын жаңы имаратынын ачылышында айткан. "Мамлекетибиздин кайсы жеринде уюшкан кылмыштуу топтун уюгунун өзөгү болсо, демек ошол жерде УКМКнын кызматкерлеринин ишинин начардыгынан кабар берет. Мамлекеттин бардык булуң-бурчунда уюшкан кылмыштуу топтор болбош керек. Мындай түшүнүктү жоюшубуз керек. Читать дальше...
3-октябрда Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциуму дүйнө жүзүндөгү ондогон мурдагы жана азыркы лидерлердин офшордук аймактарга жашырган көмүскө байлыгын таап чыккан “Пандора кагаздары” аттуу баяндамасын жарыялады. Дүйнөдөгү 150 маалымат каражатынын 600дөн ашуун журналисти иликтеп чыккан документтерде орус президенти Владимир Путиндин “бейрасмий пропаганда министринин” жана Орусия, АКШ, Түркия сыяктуу өлкөлөрдөгү 130дан ашуун миллиардердин финансылык ишмердиги камтылган. Анын ичинде Орусиянын... Читать дальше...
Украин депутаттары парламент спикери Дмитрий Разумковду кызматтан кетирүүнү колдошту. Буга аны менен бийликтеги "Эл кызматчысы" партиясынын ортосундагы талаш-тартыш түрткү болду. 7-октябрда анын отставкасы үчүн 284 депутат, анын ичинде бийликтеги партиянын 215 өкүлү добуш берди. Разумков дагы 2019-жылы парламент спикерлигине келгиче "Эл кызматчысы" партиясынын мүчөсү болгон. Ал олигархтардын саясатка жана бизнеске таасирин чектөөгө чакырган мыйзамга ачык каршылык билдирип чыккан. 3-октябрда Зеленский Разумковду сынга алып... Читать дальше...