Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов таза суу маселесин чечүүнү жазда баштай турганын билдирди. Ал таза сууга байланыштуу убада берген алгачкы мэр эмес. Анткени Ошто жамгыр жааган сайын Ак-Буура дарыясы булганып, шаардагы таза суу бир нече күнгө токтоп калат. Маселени чечүү үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 11 млн. доллар бөлүнгөнү менен, долбоор толук ишке ашпай калган. Бирок мамлекетке келтирилген чыгым кайтарылган эмес.
Тажикстанда «Ислам кайра жаралуу» партиясынын мүчөлөрүнүн укугун коргоп жүрүп, 28 жылга эркинен ажыратылган адвокат Бузургмехр Ёровдун абактагы мөөнөтү дагы төрт жылга кыскартылды. Мындай чечим Тажикстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган мунапыстын алкагында кабыл алынды. Бул тууралуу адвокаттын эжеси Хосият Ёрова 18-октябрда "Азаттыктын" тажик кызматына билдирди. Анын абактагы мөөнөтү ушуну менен экинчи жолу кыскартылып жатат. "2019-жылы Бузургмехрдин абак жазасы мунапыс менен 6,5 жылга кыскартылган. Читать дальше...
АКШнын алгачкы афро-америкалык мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл коронавирустан кийин ден соолугу начарлап, 84 жашында көз жумду. Бул тууралуу анын үй-бүлөсү 18-октябрда билдирди. "Биз мыкты жана сүйүктүү жолдоштон, атабыздан, чоң атабыздан жана улуу америкалыктан айрылдык", - деп айтылат билдирүүдө. Анда Пауэлл коронавируска каршы толугу менен эмдөөдөн өткөнү да белгиленген. Бирок кайсы вакцинаны алганы жана башка кандай оорусу бар экени так айтылган эмес. Жергиликтүү медиа кабарлагандай, Пауэлл... Читать дальше...
2020-жылдагы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык окуялары боюнча козголгон иш сотто карала баштады. Орусияда COVID-19га чалдыккандардын саны беш күн катары менен эң жогорку чегин көрсөтүүдө. Өзбекстандын Баткен облусунун ичинде жайгашкан Сох анклавында жаңы аэропорттун курулушу аяктады.
Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова 16-октябрда 84 жашында көз жумду. Акын менен коштошуу зыйнатына белгилүү коомдук жана саясий ишмерлер, калемдештери жана жакындары катышты. Анын сөөгү “Ала- Арча” көрүстөнүнө жерге берилди.
Европадагы бир катар депутаттар жана саясатчылар Грузиядан мурдагы грузин президенти Михаил Саакашвилини абактан бошотууну талап кылышты. Алар мындай мазмундагы кайрылуусун 18-октябрда Европа кеңешине, Еврокомиссияга жана Европа парламентине жолдошту. "Сакашвилини түрмөгө камоо чечими акыйкат сот процесси өткөнгө чейин убактылуу токтотулушу керек", - деп айтылат расмий кайрылууда. Бул кайрылууга Латвиянын мурдагы президенти Валдис Затлерс, Украинанын экс-президенти Виктор Ющенко сыяктуу 70тей мурдагы жана азыркы саясий ишмерлер... Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышууну көздөгөн партиялардан жана бир мандаттуу округдардан талапкер болууну каалагандардан документтерди кабыл алууну токтотту. Мыйзам боюнча, документ тапшырууга берилген убакыт 18-октябрда кечки саат 18:00де аяктады. БШК бул убакытка чейин имараттын ичине кирүүгө үлгүргөн талапкерлерден документтерди алууну улантып жатат. Айрым жергиликтүү басылмалар кайсы бир партиялар БШКга убагында жетишпей калганын жазышууда. Боршайкомдун... Читать дальше...
18-октябрда Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел жакынкы күндөрү шаркеттин дипломаттары Ирандын расмий өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрө турганын айтты. Бул жолугушуу Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимди жандантуу аракети катары мүнөздөлүүдө. "Мен кечээкиге караганда бүгүн көбүрөөк оптимистмин. Тастыктама жок, бирок абал жакшырып баратат. Алдыңкы күндөрдө Брюсселде даярдык көрүүчү жолугушуулар өтөт деп үмүттөнүп жатам. Бирок толук ишеним жок", - деп билдирди... Читать дальше...
2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча баштапкы соттук угуу жыйынтыкталды. Эки аптадан соң иштин өзү карала баштайт. Кылмыштын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана ал окуяга катышкан Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов баштаган бир нече киши айыпталууда. Коомчулукта айыптоо тандалма коюлган деген талаш пикирлер жаралууда. Анткени "Октябрь окуяларына" азыркы бийлик башындагылар да катышкан эле. Соттук иштин баяны Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы жараян 8-октябрда башталган. Читать дальше...
Ала-Бука районундагы кыргыз-өзбек чек ара тилкесинен оттоп жүрүп Өзбекстанга өтүп кеткен 20 жылкы кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Кош-Алмурут айылынын тургуну кыргызстандык чек арачыларга жылкылары Өзбекстанга өтүп кеткенин айтып, кайтарууга көмөктөшүүнү суранган. Эки тараптын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында Өзбекстандын чек арачылары өтүп кеткен жылкыларды ошол эле күнү кайтарып беришти. Читать дальше...
Төлөмүш Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы пленкага тартылган эски фильмдерди санариптөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бүгүн, 18-октябрда “Кыргызфильм” киностудиясына Blackmagic Cintel Scanner техникалык жабдуу комплекси берилди. Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмат Садык Доган, Түрк Кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) өкүлдөрү жана эки өлкөнүн кино ишмерлери катышты. Мындай жабдуу менен эми... Читать дальше...
Казакстан Кабулга атайын делегация жөнөттү. Анда казак аткаминерлер Ооганстанга гумжардам жеткирүү өнөктүгүн талкуулашканы кабарланды. Ошондой эле, "Талибандын" (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) өкмөт башчылары коңшу Өзбекстан жана Түркияга барып кайтышты. Дүйшөмбүдө казак дипломаттары гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн Ооганстанга барышты. Бул тууралуу КазТАГ маалымат агенттиги Казакстандын Тышкы иштер министрлигине шилтеме жасоо менен жарыялады. "Бүгүн Казакстандын президентинин эл аралык... Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоо алдында ыктыярчылардын командасын кызматташууга чакырат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, ыктыярчылар 15-ноябрдан 28-ноябрга чейин шайлоо өткөрүү тартибин жана добуш берүүгө катышуу эрежелерин калкка маалымдоо, түшүндүрүү, добуш берүү күнү майыптыгы бар адамдарга участокто добуш берүүгө катышууга жардам көрсөтүү иштерине көмөк көрсөтөт. Бул үчүн БШК 18 жаштан жогорку курактагы демилгечи топтордун документтерин кабыл алууну баштады. Читать дальше...
Бүгүн, 18-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы башаламандыктарга байланыштуу баштапкы соттук угуу болуп, ал жабык эшик артында өттү. Сот отурумуна "Замандаш" партиясынын мурдагы лидери, саясатчы Жеңиш Молдокматов, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов алынып келди. Атамбаевдин мурдагы жансакчылары, айыпталуучулар Канат Сагымбаев менен Дамир Мусакеев да сотто болду. Камактагы... Читать дальше...
17-октябрда Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Ударник айылында жол кырсыгы катталып, 16 жаштагы кыз, дагы бир бала көз жумду. Daewoo Nexia машинеси кырсыктап, анда бараткан беш өспүрүмдүн үчөө жаракат алган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Кырсык болгон жерге министрликтин куткаруучулары барып, жабыркагандарга жардам берген. Буга чейин Таласта 15-октябрдын түнүндө жол кырсыгынан сегиз адам набыт болду. Ички иштер министрлиги алардын бардыгынын тек-жайы такталганын билдирди. Читать дальше...
Президенттик администрацияда төрт негизги башкармалык түзүлүп, жетекчилер дайындалды. president.kg сайтында 18-октябрда жарыяланган маалыматка караганда, Чечимдерди даярдоо башкармалыгына Алтынбек Эргешов, Чечимдерди аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгына Кубатбек Кожоналиев, Укуктук камсыздоо башкармалыгына Мурат Укушев, Саясий жана экономикалык изилдөө башкармалыгына Алмаз Исанов жетекчи болуп дайындалды. Администрациядагы бөлүмдөрдү ушул төрт башкармалык башкарат. 13-октябрда Садыр Жапаровдун... Читать дальше...
Орусияда COVID-19га чалдыккан адамдардын саны беш күн катары менен эң жогорку чегин көрсөтүүдө. Соңку бир сутка ичинде өлкөдө 34 325 адамдан коронавирус табылса, 998 бейтап COVID-19дан көз жумду. Ушуну менен Орусияда коронавирусту жугузуп алган жарандардын расмий саны 8 миллиондон ашты. 220 миңден ашуун жаран өпкөнү сезгенткен илдеттен каза тапты. Коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү боюнча оперативдүү штабдын маалыматына ылайык, бир күн ичинде вирусту жугузуп алгандардын көбү (6823 адам) Москвага туура келет. Читать дальше...
Кыргызгидромет 19-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөй турганын кабарлады. Батыштан жел согуп турат. Абанын температурасы: Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4...9, күндүз 20...25, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 17...22, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20, Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 15...20, Нарын облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 15...20, Бийик тоолордо түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...5 градус жылуу болот. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина бүгүн, 18-октябрда Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо комитетинин жыйынында Орхан Инандынын атуулдугуна байланышкан маселени көтөрдү. Ал Тышкы иштер министрлигинен Инандынын укугуна байланыштуу абалды талдоону талап кылды. "Инанды Кыргызстандын атуулдугун алганына 10 жыл болгон. Азыр биз Түркия менен кызматташтыктын күн тартибин карасак, жалаң эле концерт, көргөзмөлөрдөн башка эч нерсе жок. Эмнеге Инандынын жарандыгы, укугуна байланыштуу маселени Тышкы иштер министрлиги көтөрбөй жатат? Читать дальше...
Кыргыз өкмөтү Баткенде ишкерлик кылгандарга бир катар жеңилдиктерди убада кылды. Салыктардан тышкары экономикалык мыкты долбоорлорго салынган инвестиция үчүн мамлекеттик кепилдик берилери айтылды. Ишкерлерге түзүлө турган шарттар жана жеңилдиктер чек ара айылдарындагы жумушсуздукту кыскартып, тышкы миграциянын агымын басаңдатат деп үмүт арткандар болууда. "Ишкерликти баштап жаткандар үчүн жергиликтүү бийлик жана өкмөт тарабынан тоскоолдуктар толугу менен жоюлуп, эл аралык талаптарга дал келе... Читать дальше...
Түндүк Македонияда оппозициядагы ВМРО-ДПМНЕ ("Македониянын ички революциялык уюму – Македония элинин биримдиги үчүн демократиялык партиясы") саясий партиясы жергиликтүү шайлоолордун биринчи айлампасында жеңишке жеткенин жарыялады. Партия кеминде 20 шаардагы мэр шайлоодо утуп чыкканын билдирди. Бирок жекшембидеги шайлоонун расмий жыйынтыгы, анын ичинде баш калаа Скопьеде ким утканы белгилүү боло элек. Скопьеде учурдагы мэр, "Македониянын социал-демократиялык биримдиги" (СДСМ) партиясынын талапкери... Читать дальше...
Сокулуктун Новопавловка айлынын 15 жаштагы өспүрүмү жараат алган окуяга байланыштуу сотко чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу 18-октябрда “Азаттык” радиосуна Чүй облустук милициясынан билдиришти. Кылмыш иш Жазык кодексинин “Бейбаштык” деген беренесинин негизинде козголду. Бала Бишкектеги ооруканалардын бирине дарыланууда. Ушул эле күнү интернетте Новопавловка айылында өспүрүм балдар “топтошуп урушуп жатат” деген видео тараган. Андан көчөдө 20-30 чакты бала топтошуп жүргөнүн көрүүгө болот. Читать дальше...
Өзгөн районунда 60 жаштагы жаранды милиция кызматкерлери "сабап, сексуалдык зомбулук менен коркутканын" Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор кабарлады. Улуттук борборго Ооган согушунун катышуучусу, экинчи топтогу майып, 60 жаштагы жаран 11-октябрда кайрылган. Аны милиция кызматкерлери 85 жаштагы айылдашынын өлүмүнө шектүү катары суракка чакырышкан. “Алар мени сабай баштаганда “Эмнеге уруп жатасыңар? Мен 60 жаштамын, токтоткула” деп сурандым. Бирок алар токтогон жок. Менден кошунамды өлтүргөнүмдү мойнума алууну талап кылып... Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 18-октябрда Нарын облусуна жумушчу сапары менен барып, Кара-Кече көмүр кениндеги иш менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Өкмөт башчы кеңешме өткөрүп, күз-кыш мезгилинде көмүр менен биринчи кезекте калк, социалдык объектилер жана энергетикалык тармактын ишканалары камсыздалууга тийиш деп эскертти. Ошондой эле коопсуздук, тартип меселесин көтөрдү. "Көмүр кендеринде коопсуздук жана тартип камсыздалышы абдан маанилүү. Читать дальше...
18-октябрда Орусиянын Пермь аймагындагы Сарс кыштагында мектепке аңчылык мылтык көтөрүп келип, шыпты көздөй эки жолу ок аткан 12 жаштагы өспүрүм кармалды. Жергиликтүү полиция кабарлагандай, өспүрүм бала атасынын карабин мылтыгын мектепке алып келип, класста сабак башталар алдында ок аткан. Окуяда эч ким жабыркаган жок. 300дөн ашуун окуучу жана 30 мугалим эвакуацияланды. Пермь облусунун жергиликтүү бийлиги билдиргендей, 6-класста окуган өспүрүм менен мектептин директору сүйлөшүп, куралын таштоого көндүргөн. Читать дальше...