Бишкекте кыргызстандык, казакстандык блогерлердин, тиктокерлердин, инфлюенсерлердин алгачкы курултайы болуп өттү. "Азаттык+" командасы дагы "Блогерлик курултайга" катышып кайтты.
Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер арасындагы күрөш командасындагы Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы алгач Токиодогу олимпиадада, андан кийин Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында жогорку ийгиликтерге жетишти. Ошол эле маалда спорттун бул түрүндө “көшөгө артында” көпчүлүккө билинбеген бир катар маселелер бар. Бул Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Дүйшөн Жуманазаровдун “Азаттыкка” берген интервьюсунан кийин ачыкка чыгууда.
Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө 43 мамлекет Кытайдын Шинжаңдагы саясатын айыптаган декларация кабыл алды. Кыргызстанда сасык тумоо күчөгөнү коронавирустун да көрсөткүчтөрү жогорулоодо. Бийлик Кыргызстанда билим алган тажикстандык студенттерге өлкөгө кирүүгө уруксат берди.
"Хьюман Райтс Уотч" талибдердин Ооганстанда жүздөгөн үй-бүлөлөрдү кодулап, жер которууга мажбурлап жатканын айыптады. Күч менен көчүрүлгөндөрдүн көпчүлүгүн диний-этникалык азчылыкты түзгөн хазар-шииттери менен мурдагы бийликте иштегендер түзөт. Буга чейин хазарлар намазга чогулган мечиттерде жардыруулар болуп, мурда армияда кызмат өтөгөн хазарлар өлтүрүлгөнү боюнча маалыматтар тараган эле. HRW: талибдер хазарлардын үйлөрүн тартып алышууда "Хьюман Райтс Уотч" адам укугун коргоо уюму 22-октябрда... Читать дальше...
Орусияда төрт күндөн бери коронавирустан каза болгондордун саны жогорку чекке жетип, миңден ылдый түшпөй жатат. Соңку 24 саат ичинде вирус 37 миң адамдан жаңы аныкталып, 1064 киши илдеттен көз жумду. Коронавирустун жайылышын ооздуктоо үчүн бийлик 30-октябрдан тартып бир жума дем алыш жарыялады. Москва мэриясы 28-октябрдан 7-ноябрга чейин баш калаадагы соода жайлар, кафе-ресторандар жана башка мекемелер жабыларын билдирди. Орусиядагы 146 миллион адамдын үчтөн бир бөлүгү гана коронавируска каршы вакцина алган. Читать дальше...
Бүгүн өткөн жарым финалдык таймашта Чүй облусу Ысык-Көлдү 6:1 эсебинде утса, Ош облусу Таластын командасын 1:0 менен жеңди.
Улуттук статистика комитеттин эсеби боюнча, 2020-жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кыргызстанда быйыл көмүрдүн баасы орто эсеп менен 18,8% кымбаттады. Көмүрдүн бир тоннасы Ноокат шаарында дээрлик 9500 сомдон, Баткенде 9000 сомдон сатылып жатат. Күн сууктап кыш жакындаган сайын баалар да улам-улам жогорулап баратат. Бишкекте көмүр тартыш Быйыл кургакчылыктын айынан Токтогул суу сактагычына суу аз топтолуп, Кыргызстан коңшулары Казакстан, Өзбекстан жана Түркменстандан буга чейинки жылдарга салыштырмалуу... Читать дальше...
Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Любовь Соболь президент Владимир Путиндин "кылмыштуу режимине" жана кеңири жайылган коррупцияга каршы күрөштү улантарын билдирди. Бул тууралуу ал 21-октябрда "Настоящее время" телеканалына видеобайланыш аркылуу курган маегинде айтты. "Мен өзүмдү коопсуздукта сезип жатамбы? Албетте, жок. Менимче Путиндин "кылмыштуу режими" менен күрөшкөн бир да адам өзүн толук коопсуздукта сезе албайт", - деди ал. Соболь өз маегинде Навальныйга Сахаров атындагы сыйлыктын берилишине комментарий берип жатып... Читать дальше...
21-октябрда президент Садыр Жапаров Чек ара кызматына зооттолгон 40 автоунаа тапшырып, кийинки жылы дагы жаңы аскердик техника сатып алынарын билдирди. Дубайдан сатып келинген аскердик техника толугу менен чек ара жаңжалы көп катталган Баткен облусуна жөнөтүлөрү айтылды. Бийлик өкүлдөрү биринчи жолу мамлекеттин акчасына аскердик техника сатып алынганын билдирүүдө. Президент Садыр Жапаров аскердик техниканы тапшырып жатып, Кыргызстан башка өлкөнүн аймагына кол салбай турганын, бирок өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө шек келсе... Читать дальше...
Кыргызстандык Роман Сарыбаев Грециянын Лутраки шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду. Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка ылайык, Сарыбаев 21-октябрда эркин күрөштөн 36 жаштан 40 жашка чейинкилер арасында (А категориясы) 88 килограмм салмакта финалда орусиялык Булат Дашинимаевге жеңилип, 2-орунду ээледи. Сарыбаев финалга чейин алгач өзбекстандык Усмонжон Юсуповду (9:2), казакстандык Абай Смагуловду (7:1), жарым финалда америкалык Жеймс Роберт Медейросту жеңип (7:1) алган. Читать дальше...
Кыргызстандын бийлиги Кумтөр кениндеги башаламан көмүлгөн таштандылар боюнча канадалык “Центерра Голд” компаниясына экологиялык санкция салып, алардын үстүнөн сотко кайрылууга даярданып жатат. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. “1995-жылдан 2015-жылга чейин таштандылардын баарын ар кайсы жерге көмө беришиптир. Анын арасында техникаларды, тагыраагы 25 автоунааны, көөмп салышыптыр. Азыр ошонун жарым-жартысын таптык. Читать дальше...
Американын Нью-Мексико штатында «Раст» деген фильмди тартуу учурунда белгилүү актер Алек Болдуин мылтык менен операторду жана режиссерду атып алды. Украин тектүү оператор Галина Хатчинс ооруканага жетпей көз жумду. Ал эми кинорежиссер Жоэл Соуза жарадар болуп, ооруканага жеткирилди. Болдуин жана башка фильмдин катышуучулары полицияга сурак беришти. Азырынча ага эч кандай айып тагыла элек. Азырынча окуя кокустан болгон-болбогонун териштирүү жүрүп жатат. 42 жаштагы Галина Хатчинстин сайтында Украинада төрөлүп... Читать дальше...
Орусиянын Ыраакы Чыгыш аймагынын соту актриса Лариса Кривоносованы сатиралык сериалда Ички иштер министрлигинин маалымат катчысынын ролун ойногону үчүн үч айга эркинен ажыратты. Көрүүчүлөрдүн көбү анын ролун Ички иштер министрлигинин чыныгы пресс-катчысы Ирина Волкко окшоштурган. Приморский крайынын полициясы 21-октябрда билдиргендей, 43 жаштагы актриса Лариса Кривоносова буга чейин соттолгондуктан, мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуунун шарттарын бузганы үчүн түрмөгө камалган. Полициянын маалыматына ылайык... Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркагандардын көйгөйлөрү толук чечилбей турат. Бул тууралуу 22-октябрда Баткенде уюштурулган тегерек үстөлдө айтылды. Аны уюштурган “Интербилим” уюмунан кабарлашкандай, учурда тургундардын төмөнкүдөй чечилбеген маселелери бар: Жаңы курулган үйлөрдүн сапаты; Коопсуздук маселеси: электр энергиясынын тез-тез өчүшү; Талап-тонолгон баалуу буюмдарга жана мал-жандыктар үчүн мамлекет тараптан берилчү кенемтенин кечиктирилиши; Чечим кабыл алуу жараянында... Читать дальше...
Кыргызстандын билим берүү уюмдарында окуп жаткан, окууга өткөн, же окутуучу, мугалим болуп иштеп жаткан Тажикстандын жарандарын Кыргызстандын аймагына киргизүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу 22-октябрда Министрлер кабинетинин сайтында кабарланды. Кыргызстандын өкмөтү быйыл 21-майда тилкелерди тактоодо олуттуу маселелер чечилмейинче кыргыз-тажик чек арасындагы кыймылды толук токтотуу тууралуу чечим кабыл алган. Натыйжада жарандарды ары-бери өткөрүүгө, автоунаалардын кирип чыгышына чектөө коюлган. Читать дальше...
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Шереметьево аэропортунда кармалып тургандардын жагдайына байланыштуу орус Тышкы иштер министрлигине нота жиберди. Бул тууралуу "Азаттыкка" элчиликтен кабарлашты. Маалыматка караганда, ФСБ аты-жөнүн өзгөрткөн кишилерди аныкташ үчүн аэропортто текшерүү өткөрүп жатат. Элчилик азырынча канча адам аэропортто экени жөнүндө маалымат берген жок. Алар Кыргызстандан учуп баргандар, же кайтып келаткандар экени да белгисиз. 22-октябрда "Твиттерде" айрым колдонуучулар кыргызстандык... Читать дальше...
Казакстанда 23-октябрда оппозиция уюштурууну көздөп жаткан каршылык акциялардын алдында Орол шаарындагы активисттерге басым күч алды. 22-октябрда Орол шаардык соту Амангелди Орозбаевди өткөн айда уруксатсыз митинг өткөрүү менен «тынч демонстрациялар боюнча мыйзамды бузду» деген айыпка жыгып, 20 суткага камоо чечимин чыгарды. Орозбаев өзү дооматтарды четке кагып, Казакстандын ар бир жараны коомдук иш-чараларды өткөрүп, өз оюн ачык билдирүүгө конституциялык укугу бар экенин билдирди. Ошол эле... Читать дальше...
Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) өзбек бийлигин "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кызматкерлерине болгон коркутуп-үркүтүүлөрдү токтоосуз иликтөөгө чакырды. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кызматкерлеринин дарегине соңку күндөрү түшкөн "акылга сыйгыс жана жийиркеничтүү" коркутуп-үркүтүүлөргө бийлик так реакция жасашы зарыл", - деп жазылат баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм 21-октябрда тараткан билдирүүдө. 16-октябрда радионун өзбек кызматынын ("Озодлик" радиосу) "Телеграм" каналы анонимдүү колдонуучулардын чабуулуна кабылган. Читать дальше...
Перизат Тойчубекова алты жыл мурда атайын төшөк көктөй турган чакан цех ачкан. Азыр анын цехинде ондон ашык кыз-келин иштейт. Күз келип той-топур күч алып, кызга сеп камдагандар арбын. Андыктан азыр тигүү цехинде иш кызып турган чак. Бул цехте негизинен жууркан, жер төшөк, эт төшөк жана жаздык жасалат. Курактан жасалган буюмдардын баасы да ар кандай. Ишканада жумуш таң эрте башталат. Перизат Тойчубекованын (солдон экинчи) кардарлары көбүнесе жергиликтүү жарандар. Бирок акыркы жылдары... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдындагы Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Курсанбек Бекташев, Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башчысы Чынарбек Насиев жана "Достук" өткөрмө пунктунун башчысы Аскарбек Эрмекбаев 20-ноябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык соту ырастады. Бекташев менен Насиевдин бөгөт чарасы 22-октябрда, Эрмекбаевдин бөгөт чарасы 21-октябрда каралды. Аларды камакка алуу өтүнмөсүн Мекемелер аралык тергөө тобунун жетекчиси... Читать дальше...
Ондогон мамлекеттер Кытайды адам укуктарына көз салган байкоочуларга Шинжаң районуна кирүүгө уруксат берүүгө чакырышты. 21-октябрда 43 мамлекет кол койгон декларацияда көз карандысыз байкоочуларга, анын ичинде Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча башкы комиссарына Шинжаңга "токтоосуз жана тоскоолдуксуз" кирүүгө уруксат берүү чакырыгы камтылган. Ошондой эле, документте мамлекеттер ишенимдүү маалыматтарга таянуу менен Шинжаңдагы кырдаалга тынчсызданып жатканы белгиленет. Улуттар Уюмунда Франциянын... Читать дальше...
Тогуз-Торонун Сары-Кыр ашуусунда бир жеңил машине жана эки жук ташуучу автоунаа айдоочулары жана жүргүнчүлөрү менен кар алдында калды. Арасында балдар да бар. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан басма сөз кызматкери Ислам Жолборсбек уулу билдирди. 22-октябрда түш ченде куткаруучулар тийиштүү техникалар менен окуя болгон жерге жөнөп кетишкен. Жалал-Абад - Казарман жолу жылына суук түшкөндө беш ай жабык болуп, Тогуз-Торо районунун тургундары башка аймактарга Нарын аркылуу катташат. Читать дальше...
Президенттик администрациянын жетекчиси, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын бийлиги күйүүчү-майлоочу майлардын баасын туруктуу кармоо механизмдерин караштырып жатканын билдирди. Бул тууралуу пикирин ал 22-октябрда Бишкектеги “AгроТехЭкспо2021” көргөзмөсү учурунда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты. “Тилекке каршы, биз Орусиядагыдай салык манёврун жасай албайбыз. Биздин колубуздан эмне келет? Акцизди азайтуу жана кошумча нарк салыгын азайтуу, же мөөнөтүн жылдыруу. Читать дальше...
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматынын ("Свобода") радиосунун штаттан тышкаркы кабарчысы, камактагы Владислав Есипенко АКШ президенти Жо Байден менен америкалык мыйзам чыгаруучуларды Крымдагы ишмердүүлүгү үчүн камалган Орусиядагы жүздөн ашуун саясий туткунду бошотуу үчүн көбүрөөк аракет көрүүгө чакырды. Орусия аннексиялап алган Крымда марттан бери камакта жаткан Есипенко өз кайрылуусун кат аркылуу жолдогон. Катты 21-октябрда Вашингтондогу Украинанын элчилигинде өткөн брифингде анын жубайы окуп берди. Читать дальше...
Нарын шаардык кеңеши 22-октябрдагы VII сессиясында калаа жетекчисин шайлоо маселесин карап, жаңы мэр катары Арслан Сталбек уулун бекитти. Бул тууралуу аталган шаардык мэриясы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, талапкерликке эки киши чыккан. Жарышта Арслан Сталбек уулу 16 добуш алган, экинчи талапкер Эмилбек Чымылдаков 14 добуш алып жеңилип калган. 1 депутат экөөнө тең каршы добуш берген. Шаардык кеңеште жалпы 31 депутат бар. Арслан Сталбек уулу 1990-жылы 2-апрелде Нарын шаарында туулган. 2008-2013-жылдары... Читать дальше...