Октябрь окуяларына толук бир жыл толду. 2020-жылдын 4-октябрында талаштуу парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашып, өлкөнүн Баш мыйзамы 10-ирет өзгөртүлүп, Кыргызстан президенттик башкарууга кайтты.
Кыргызстандык балбан Алибек Осмонов Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло медал тагынды. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Осмонов 4-октябрда эркин күрөштөн 65 килограмм салмакта 3-орун үчүн беттеште польшалык Кристов Биенковскини 4:1 эсебинде жеңди. Алибек Осмонов буга чейин төрт беттеш өткөргөн. Ал 3-октябрда алгач 1/16 финалда франциялык Маруан Ахмед Йеззаны 11:0 эсебинде, 1/8 финалда бразилиялык Маркос Де Брито Сикуеираны 12:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңген. Читать дальше...
Осмонов жарым финалда ирандык Амирмохаммад Язданичератиге жеңилген. Ага чейинки этапта кыргыз балбаны Франция, Бразилия жана украиналык балбандарды уткан.
“Улуттук энергохолдинг” мамлекеттик ишканасы Бишкектин түнкү жарыктандыруусуна чектөө киргизбөө чечими кабыл алынганын маалымдады. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды. Буга чейин бийлик электр энергиясын үнөмдөө максатында көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, кафе-ресторан, дүкөн жана башка оюн-зоок, соода борборлорунун жарнактык жарыктары белгилүү убакытта өчүрүлө турганын билдирген. “Улуттук энергохолдингдин” маалыматына ылайык, 3-октябрда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12,2 млрд. куб болду. Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясына бир мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеӊешке шайлоого катышуу ниетин 80 адам билдирип, арыз берди. Алардын ичинен үчөө гана аял. "Пандора кагаздары" дүйнө жүзүндөгү ондогон лидерлер байлыгын офшордук аймактарга жашырганын ашкереледи. Документтер Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин үй-бүлөсү офшордук компания аркылуу Лондондо жалпы баасы 700 миллион долларлык кыймылсыз мүлк сатып алганын көрсөттү. Кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова жана Эрназар Акматалиев... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 4-октябрдагы отурумунда Министрлер кабинетинин атынан Экономика жана каржы министрлиги менен Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча макулдашуунун долбоорун карап, макулдук берди. Экономика жана каржы министринин орун басары Руслан Татиков долбоордо тышкы карыздын 51,1 млн. долларын төлөөнү жылына 2% менен 6 жылга жылдыруу сунушталганын билдирди. Башкача айтканда аталган суммага кошумча 3,8 млн. Читать дальше...
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Тыныбекова 4-октябрда 62 килограмм салмакта жарым финалда украиналык Илона Прокопевнюк менен күрөшүп, 5:2 эсебинде жеңишке жетти. Айсулуу Тыныбекова бул Дүйнө чемпионатында жарым финалга чейин эки беттеш өткөрдү. Алгач 1/8 финалда жапониялык Нонока Озакини 6:4 эсебинде, чейрек финалда... Читать дальше...
Октябрь окуяларына толук бир жыл толду. 2020-жылдын 4-октябрында талаштуу парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашып, өлкөнүн Баш мыйзамы онунчу ирет өзгөртүлүп, Кыргызстан президенттик башкарууга өттү. Алдыда кайрадан парламенттик шайлоо күтүлүүдө. Кыргызстан Октябрь окуяларынан эмне сабак алды, өлкөнүн алдыдагы багыты кандай болот? Бийликти алмаштырган жагдайлар Өткөн жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоо ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун алдындагы биринчи олуттуу саясий өнөктүк эле. Читать дальше...
Айсулуу буга чейин беларустук Вераника Иванованын далысын жерге тийгизип уткан. Тыныбекова турнирдин 1/8 финалынан тарта күрөшүп, алгачкы беттешинде япониялык Ноноко Озакини жеңген.
Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 4-октябрда эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта килемге чыккан Акматалиев жарым финалда орусиялык Евгений Жербаевди 9:5 эсебинде жеңип алды. Жарым финалдык беттешке чейин Акматалиев төрт беттеш өткөргөн. Алгач шри-ланкалык балбан Анил Нирошан Мунасинье Каруна Пели Гедераны 10:0 эсебинде уткан. 1/8... Читать дальше...
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 4-октябрда бул аймакка келгенине байланыштуу анын жеке коопсуздугуна байланыштуу аталган жол эрте мененки жетиден баштап кечке чейин жабылган. Жүздөгөн адам жолдун ачылышын күтүп, эртеден кечке турууга аргасыз болду. Бул автожол Хатлон облусунун борбору Кулябдын райондору менен Дүйшөмбү шаарын байланыштырган магистрал. Ооруканага шашылып бара жаткандарды дагы жолдон өткөрбөй койгон учурлар катталганы кабарланды. Өз ысымын ачык атагысы келбеген жол коопсуздугун... Читать дальше...
Кыргызстандык балбан Шри-Ланка жана Армениядан келген эки балбанды ишенимдүү жеңип, кийинки этапка өттү.
Кабулдагы жардыруудан көп өтпөй талибдер "Ислам мамлекети" радикал тобунун уюгун жок кылганы кабарланды. 3-октябрда мечиттин жанында болгон жардырууда эки киши мерт болгон. Ооганстанда талибдер бийликке келгени "Ислам мамлекетинин" чабуулдары күч алды. "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылы "Ислам мамлекети" (Кыргызстанда тыюу салынган) террордук тобунун уюгун жок кылганын билдирди. Окуя Кабулдагы мечиттин жанындагы жардыруудан бир нече сааттан кийин жүргүзүлгөн рейд маалында болгон. Талибдердин... Читать дальше...
Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов АКШнын мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары Уэнди Шерман менен жолугушту. Анда Ооганстандагы кырдаал жана чөлкөмгө тийгизген таасири талкууланды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. "Тараптар Ооганстандагы улуттук жарашууга, инклюзивдик өкмөт куроого жана адам укугун сактап, өлкөдө гуманитардык кризиске жол бербөөгө өбөлгө түзүү зарылдыгын белгилешти", – деп жазылган Өзбекстандын тышкы саясат мекемеси тараткан билдирүүдө. Читать дальше...
Оштун Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылынын тургундары мамлекеттик органдардын алардын үйүн бузуу боюнча чыгарган чечимине каршы болуп, Оштон Бишкекти көздөй жөө келе жатышат. Нааразы болгондордун бири Кыял Арстанов Оштон 1-октябрда чыгып, учурда Жалал-Абаддын Сузак районуна жеткенин билдирди. Ал мамлекет тарабынан жер тилкесин албаганын, азыр жашап жаткан үйүн кыйынчылык менен салганын, бала-чакасын эптеп багып жатканын айтат. "Жогорку жакка үнүбүз жетпей жатат. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылып келебиз. Читать дальше...
Футболчу Новогорск шаарында машыгып жаткан команданын сабына келип кошулду. Россия 8-октябрда Словакия жана 11-октябрда Словения командалары менен беттешет.
Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков “Пандоранын архиви” деген аталыш менен чыккан офшордук документтерде реалдуу далилдер жок экенин айтканын РБК басылмасы кабарлады. Ошондуктан Кремл муну текшерүүгө негиз бере турган жагдай катары карабайт. Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциуму 3-октябрда дүйнөдөгү саясий лидерлердин офшорлордо катталган көмүскө байлыгын таап чыккан “Пандоранын архиви” аттуу баяндамасын жарыялады. Анын ичинде Орусиянын президенти Владимир Путиндин... Читать дальше...
Орусия Түркстан аймагын басып алган соң ак падышанын иниси үчүн Ташкентте курулган Романовдор сарайын оңдоо үчүн мамлекеттик казынадан каражат бөлүнөт. “Газета.уз” басылмасынын жазышынча, бул тууралуу маданиятка байланыштуу уюштурулган республикалык жыйында чечим кабыл алынган. Эки кабаттуу имарат ондолгон соң Өзбекстандын көркөм-сүрөт музейинде турган беш жүздөн ашуун экспонат коюлат. Бул имаратты кооздоп турган мармар жана коло айкелдерден тышкары ага эми 120 көркөм-сүрөт эмгеги, 75 айкел жана 20дан ашуун эмерек кайтарылат. Читать дальше...
Нур-Султан шаарында 4-октябрда Кытайдын Шинжаң аймагындагы түрмөлөрдө жана кайра тарбиялоо лагерлеринде отурган туугандарын бошотууну талап кылган жарандардын тобу Казакстандын Акыйкатчысы Элвира Азимова менен жолукту. Бул тууралуу акциянын катышуучуларынын бири Байболат Кунболатулы жолугушуудан чыгып баратып, "Азаттыктын" казак кызматына кабарлады. "Биз Элвира Азимовага 4-5 жылдан бери Кытайдын элчилигинин алдына чогулуп, туугандарыбызды бошотуп, Казакстанга келишине мүмкүнчүлүк берүү боюнча даттанып келе жаткан арыз-арманыбызды айттык. Читать дальше...
Украин президенти Владимир Зеленский Михаил Саакашвилинин камалышына тынчсызданып жатканын анын маалымат катчысы Сергей Никифоров маалымдады. Расмий Киев украин жаранына карата мындай мамиле үчүн Тбилисиден түшүндүрмө сурап кайрыларын кошумчалады. Президент Зеленский Саакишвилини кайтаруу боюнча бардык чаралар көрүлөрүн айтты: "Михаил Саакашвили украин жараны болуп саналат. Биз бардык мамлекеттик институттарды колдонобуз. Анын ичинде Тышкы иштер министрлиги, Грузиядагы биздин элчи жана Украинадагы грузин элчиси... Читать дальше...
Спортчу Айсулуу Тыныбекова Ослодо япониялык балбан кыз Ноноко Озаки менен тер төгө күрөшүп жатып, күйөрмандарын бир топ толкундатып, тынчсыздандырып, акыркы мүнөттөрдө жеңишке жетти.
Кыргызстанда коронавирустун мутацияланган нигериялык штаммы катталып калышы ыктымал. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 4-октябрда "Биринчи радиодогу" маегинде билдирди. "Дүйнөдө коронавирустун 4-5-толкуну жүрүп жатат. Буга чейин "дельта" штаммынан коркуп жаттык эле. Азыр Кыргызстанда ооругандардын 70% ушул штамм менен катталып жатат. Бирок азыр эң эле коркунучтуусу нигериялык мутацияланган формасы чыкты. Ал "дельтадан" да, башкасынан да агрессивдүү экен. Читать дальше...
Быйылкы медицина тармагы боюнча Нобел сыйлыгы “дене табынын рецепторлору жана теринин сезгичтиги боюнча ачылышы” үчүн америкалык окумуштуулар Дэвид Жулиус менен Ардем Патапутианга ыйгарылды. Швециянын Каролин институту 4-октябрда билдирүү жасап, эки окумуштуунун жасаган жаңы ачылышы дене табынын өзгөрүүсүнүн өзгөчөлүгүн жана ага айлана-чөйрөнүн таасир этүүсүн түшүнүүгө мүмкүндүк бергенин белгиледи. “Күндөлүк турмушта бул сезимдерди биз кадимки көрүнүш катары кабыл алабыз. Бирок басым менен дене... Читать дальше...
Кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова жана Эрназар Акматалиев Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында жарым финалдык беттешке чыгышты. Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта чейрек финалда белорусиялык Вераника Иванованы мөөнөтүнөн мурда таза жеңип (6:6), мындай мүмкүнчүлүктү алды. Тыныбекова буга чейин 1/8 финалда жапониялык Нонока Озаки менен күч сынашып, 6:4 эсебинде жеңишке жеткен. Алдыда жарым финалда украиналык Илона Прокопевнюк менен күрөшөт. Читать дальше...
Кыргызстандык балбан Шри-Ланка жана Армениядан келген эки балбанды ишенимдүү жеңип, кийинки этапка өттү.