Жыл башынан бери Кыргызстанда 5437 жол кырсыгы катталды. Бул былтыркыдан 29,2% көп. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) жетекчиси Азамат Исраилов билдирди. Анын айтымында, жол кырсыктарынын көбөйүүсүн өлкөдө автоунаалардын саны өскөнү жана жолдордун ага ылайык келбегени себеп. "Көпчүлүк жолдордун параметри кыймылдын көптүгүнө жана тездигине туура келбейт. Көп учурда мунун арты адам фактору менен коштолгон кайгылуу окуя менен аяктайт"... Читать дальше...
Грузия прокуратурасы мурдагы президент Михаил Саакашвили өлкөгө кантип киргени тууралуу маалымат таратты. Анда Саакашвили Украинанын Черноморск шаарынан Грузиянын Поти деген портуна "Вильнюс" деген паром менен келгени айтылат. Кеме портто токтогондо, "ичинен сүт азыктарын ташыган чоң машине чыккан". Маалыматка ылайык, Саакашвили дал ошол автоунаанын ичинде жашырынган. Прокуратура бул маалыматты Саакашвилинин телефонундагы маалыматтар дагы ырастаганын билдирди. Мурдагы президентке "чек араны мыйзамсыз кесип өткөн" деген айып тагылды. Читать дальше...
Кыргызстанда парламенттик шайлоого даярдык кызуу жүрүп жатат. Жогорку Кеңешке депутат болууну каалагандардан арызды кабыл алуу токтоду. Былтыр шайлоодогу чырдан соң бийлик алмашкан Кыргызстанда бул жолу саясий өнөктүккө даярдык кандай? Бийлик, коомчулук жана саясий күчтөр өткөндөн сабак алдыбы? Бул суроолорду «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө талкуулайбыз. Талкуубузга Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков, БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов, депутаттыкка талапкер болууну каалаган саясатчылар Алмамбет Шыкмаматов... Читать дальше...
UFC Russia уюмунун YouTube каналы алдыдагы UFC 267 турнирине чыга турган россиялык мушкерлердин атаандаштарын нокаутка кетирген учурларын бир видеого топтоду.
Кыргызстандык ардагер балбан Чынарбек Изабеков Грециянын Лутраки шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпионатында алтын медал тагынды. Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Изабеков 20-октябрда эркин күрөштөн 51 жаштан 55 жашка чейинкилер арасында (D категориясы) 100 килограмм салмакта күч сынашты. Изабеков алгач 1-айлампада ирандык Фарзад Хоссейн Хеллалини 8:4 эсебинде жеңди. 2-айлампада америкалык Эрик Отис Хинклини 8:0 эсебинде таза утту. 3-айлампада... Читать дальше...
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Чек ара кызматынын бир катар жогорку кызмат адамдары жемкорлукка шектелип кармалганын маалымдады. Кармалгандардын арасында Чек ара кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары, Ош облусу боюнча башчысы жана "Достук" өткөрмө бекетинин башчысы бар. Атайын кызмат шектүүлөр чек арадан өткөн кишилерди, негизинен өзбек жарандарын опузалап такай акча алып турганын билдирүүдө. Алардын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин “Адамдардын тобу тарабынан пара алуу” беренеси боюнча иш козголуп... Читать дальше...
Ал польшалык атаандашка туш келип, 5:0 эсебинде утуп алды. Ага чейин ал ирандык жана АКШлык спортчуларды жеңген.
Өкмөттүн Бишкек жылуулук электр борборун тейлөөнү чет мамлекетте катталган жеке менчик компанияга берүү планы кызуу талкуу жаратты. Президенттик аппарат атайын билдирүү менен чыкты. "Талибан" кыймылынын делегациясы Москвага барды.
Кытай бийлиги Бээжинде февраль айында өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына даярдык көрүп, калкка коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын сунуштап жатат. Үчүнчү доза 18 жаштан жогору, алты ай мурда эмделген жарандарга сайыларын 20-октябрда Beijing News мамлекеттик басылмасы жазды. Ошондой эле Олимпиадага катыша турган спортчулардын баары эмдөөдөн өтүшү керек же Кытайга барганда 21 күн карантинде отурат. Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча улуттук комиссиясынын маалыматына ылайык, өлкөдө... Читать дальше...
Кыргызстандык ишкерлер инвесторлор үчүн атайын аянтча түзүп, алардын келишине шарт түзүү муктаждыгы бар экенин айтып чыгышты. Алардын мындай ою Казакстандагы “Астана” эл аралык финансылык борборуна барып келгенден кийин күчөгөн. Анткени аталган борбор 2018-жылы “ЭКСПО-2017” эл аралык көргөзмөсүнүн базасында түзүлүп, инвесторлор менен ишкерлердин ортосунда байланыш түзүүдө. Кыргызстандагы ишкерлер бирлигинин төрагасы Аскар Сыдыков финансылык борбордун зарылдыгын мындай деп түшүндүрдү: “Мындай... Читать дальше...
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, тогуз айдын ичинде балдар арасындагы кылмыштуулук 25% өстү. Министрлик буга коомдогу социалдык-экономикалык абал таасир этип жатканын, балдарга үйдөн тиешелүү тарбиянын, ата-эне көзөмөлүнүн жетишсиздиги себеп экенин белгилөөдө. Маалыматка караганда, быйылкы тогуз айда ошондой эле балдарга карата зомбулук күч алган. Жашы жете электерге күч колдонуу боюнча 404 факт катталган. Зомбулуктан 432 бала жабыркаган, алардын 255и кыздар. Жыл башынан бери педофилия фактысы катталган эмес. Читать дальше...
Акыйкатчы институту "Кыргызстан коммерциялык банкынын" мурдагы кызматкери, учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган Гүлмира Асанбекованын абалына байланыштуу сотко кайрылды. Омбудсмендин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кылмыш кодексинин 205-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) боюнча шектелген келин кармалган учурда кош бойлуу экени, түйүлдүктүн абалы кооптуу болгону тууралуу дарыгердин корутундусу бар. Мындан тышкары анын 9 жаштагы кызы жана күйөөсү... Читать дальше...
Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраевди “Керемет банкка” карызын төлөөнү милдеттендирди. Банк менен 2020-жылдан бери соттошуп келе жаткан депутат бул чарбалык иш экенин айтып жатат. Андан тышкары Ибраевдердин үй-бүлөсүнө акчасын алдатып жибергенин билдирип, ондогон кишилер пикет өткөрүп, бийликке кайрылышты. Саматбек Ибраевдин ысымы акыркы кездерде Финтех (Финансылык технологиялар) түшүнүгүн киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбооруна байланыштуу көп аталып жүрөт. Депутаттын... Читать дальше...
БУУ глобалдык жылуулуктун кооптуу чекке жетишин алдын-алуу үчүн зыяндуу газдарды бөлүп чыгарууну жарымына чейин кыскартуу сунушун берди. Изилдөөдө өндүрүштүк кубаттуулукту арттыруу максатында дүйнөдө мунай, газ жана көмүр өндүрүү эки эсе өскөнү айтылып, муну чектебесе климаттын өзгөрүшүнө кескин таасир этери, ошондуктан токтоосуз чараларды кабыл алуу боюнча демилге көтөрүлдү. Энергетикалык кризистин кесепети Бириккен Улуттар Уюмунун айлана-чөйрөнү коргоо программасы өнөр-жай тармактары газ... Читать дальше...
Жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын (ЖККК) Ош облустук башкармалыгынын кызматкерлери 20-октябрда Кара-Суу районунун аймагында кыз ала качып бараткан эки кишини кармады. Облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, жол боюнда турган кызматкерлер унаанын ичинен жардам сураган үндү угуп, аны токтотушкан. "Ош шаарынан кызды унаага күчтөп салып кеткени тууралуу кабар алгач шаардык ички иштер башкармалыгына (ШИИБ) түшкөн. Кызды салып... Читать дальше...
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун өз булактары билдиргендей, Сахаров атындагы сыйлык быйыл камактагы орус оппозициясынын лидери Алексей Навальныйга ыйгарылат. Европадагы мыйзам чыгаруучулар ушундай тандоо жасашканын радиого эки башка булак билдирди. Буга чейин Алексей Навальный Сахаров атындагы сыйлыктын талапкерлеринин кыска тизмесине киргени маалым болгон. Финалисттердин арасында өз укуктары үчүн күрөшкөн оогандык 11 аялдан турган топ жана Боливиянын мурдагы президентинин милдетин аткаруучу, камакта отурган Жанин Аньес да бар эле. Читать дальше...
Орусияда коронавирустан өлгөндөрдүн саны өсүп жатканына байланыштуу карантин чаралары киргизилет. Акыркы суткада өлкөдө коронавирустан 1028 киши көз жумду. Вирус 34 миң кишиден жаңы аныкталды. Орус президенти Владимир Путин өкмөттүн сунушу менен 30-октябрдан тартып бир жумалык дем алыш жарыялаганы турат. Айрым аймактарда ал эки аптага чейин узартылышы мүмкүн. Маалыматтарга караганда, бул маалда соода борборлору, кафе-ресторандар, сулуулук салондору жана фитнес-клубдар жабылат. Массалык иш-чараларга тыюу салынат. Читать дальше...
20-октябрда "Талибан" түзгөн ооган өкмөтүнүн делегациясы Орусияга келди. Алар Москвада бир нече өлкөнүн өкүлдөрү чакырылган сүйлөшүүлөргө катышууда. Мунун алдында орус президенти Путин Ооганстандагы террорчулар чөлкөмгө коркунуч жаратып жатканын эскерткен.
Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин мурдагы орун басары Жылдыз Бакашованы Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) байкоочулар кеңешинин мүчөлүгүнөн бошотту. Бакашова байкоочу кеңештин курамында парламенттин квотасынан мүчө болчу. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекованын айтымында, Бакашова мүчөлүктөн кетүү тууралуу 5-майда арыз жазган. Ошол күнү ал Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Читать дальше...
Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте 97-орунда. Аталган индексте 170 өлкөдөгү аялдардын абалы камтылган. Аялдардын абалы боюнча изилдөөнү Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен Жоржтаун институтунун Гендердик маселелер, коопсуздук жана тынчтык борбору ишке ашырган. WPS индекси боюнча Финляндия, Норвегия, Дания менен Люксембург аялдар үчүн эң коопсуз, Ооганстан, Сирия, Йемен, Пакистан жана Ирак абдан кооптуу өлкө болду. Борбор Азия... Читать дальше...
Талас районунун Кара-Суу айылынын 38 жаштагы тургуну өзүнөн бир жаш кичүү аялын өлтүргөн деген шек менен кармалды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кандуу окуя 17-октябрга оогон түнү болгон. Райондук милициянын ыкчам тергөө тобу каза тапкан аялдын бычакталганын аныктаган. Ушул эле күнү окуя Жазык кодексинин 130-беренеси "Атайлап киши өлтүрүү" боюнча катталып, тиешелүү соттук экспертиза дайындалган. Шектүү Талас облустук милициясынын убактылуу кармоочу жайына эки айга камалып, тергөө жүрүп жатканы кабарланды. Читать дальше...
Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде жана Касымалы Баялинов атындагы китепканада 15-16-октябрь күндөрү “Социалдык китеп форуму” аттуу иш-чара өтүп, анда китеп базары, изилдөө көргөзмөсү, түрдүү лекциялар жана талкуулар уюштурулду. 1951-1990-жылдары чыгып турган “Кыргызстан аялдары” журналынын негизинде көргөзмө уюштурулуп, азыркы сүрөтчү кыз-келиндердин чыгармачылыгы талкууланды. 16-октябрда К.Баялинов атындагы китепканада "Ачылбаган сандыкта бычылбаган кундуз бар: Кыргызстандык... Читать дальше...
Жогорку Кеңеш Токон Мамытовдун акыйкатчы кызматынан кетүү тууралуу арызын 20-октябрда канааттандырды. Мамытов парламенттик шайлоого байланыштуу кызматтан бошоду. Ал депутаттыкка талапкер болуп жатканын Борбордук шайлоо комиссиясы 19-октябрда кабарлаган. 2018-жылдан бери акыйкатчы болуп иштеген Мамытов "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмесинде Жогорку Кеңешке ат салышмакчы. Шайлоо 28-ноябрда болот.
69 жаштагы Алтыбай Турдубаев Ат-Башыда асыл тукум мал баккан чакан чарбанын ээси. Ал гисар жана меринос койлорунан аргындашкан айкол аттуу асыл тукум породаны көбөйтүп өстүрүүдө. Бул мал суукка байымдуу келип, салмагы чоң болот.
Үч аптадан бери камакта ачкачылык кармап жаткан Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили дарыланууга макул болуп, каршылык акциясын улантарын убада кылды. Анын адвокаты Дито Садзаглашвили 20-октябрда Саакашвилинин катын журналисттерге окуп берди. Анда саясатчы "өз иши үчүн өлүмгө да даяр экенин" айткан. Бир күн мурда дарыгерлер тобу түрмө администрациясына Саакашвилини ооруканага которууну сунуштаган. Ал 1-октябрда Грузияга кайтып келерин жарыялагандан көп өтпөй камалган. Мурдагы президент дароо ачкачылык жарыялаган. Читать дальше...